Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 121
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6., 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 328-статьясынын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыймылсыз мүлктүн күрөөсү жөнүндө келишим мамлекеттик катталууга тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.";
2) 335-статьясынын 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "нотариалдык жактан ырасталган" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4., 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
47-2-статьясында:
а) аталышындагы "келишимдердин" деген сөз "бүтүмдөрдүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы жүзөгө ашырат.";
в) 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш аракеттерге ыйгарым укуктуу жергиликтүү каттоо органынын адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
5. Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерге ыйгарым укуктуу жергиликтүү каттоо органынын адистери жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүгө; жеке жана юридикалык жактарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө; юридикалык жактан маалыматсыздык аларга зыян келтирбеши үчүн жасалып жаткан иш-аракеттердин кесепеттери тууралуу эскертүүгө; мыйзамда каралган учурлардан тышкары, кесиптик ишин жүргүзүүгө байланыштуу өздөрүнө маалым болгон маалыматтарды жашырууга, анын ичинде ыйгарым укуктары токтогон же жумуштан кеткенден кийин да; милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда алардын негизинде пайда болгон иш-аракеттерди жасоодон баш тартууга милдеттүү.
Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерге ыйгарым укуктуу жергиликтүү каттоо органынын адистери өз милдеттерин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарышат. Эгерде адиске каршы милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде келип чыккан иш-аракеттерди жасоого байланыштуу жазык иши козголсо, сот жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адисти жашыруун сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн.
Жогорку юридикалык билими бар, каттоочу кызматында 1 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда окуу курсунан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу жергиликтүү каттоо органынын адиси боло алат.";
г) 12-пунктундагы "келишимдердин" деген сөз "бүтүмдөрдүн" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-статьясынын 2-пунктунун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 60-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60-статья. Күрөөнү өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби
1. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөөнү соттон тышкары тартипте өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда ырааттуу келген үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгон учурда демилгеленет.
Күрөөнү соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) күрөө жөнүндө келишимдин же кыймылдуу мүлккө карата күрөөнү өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби тууралуу шарттар камтылган макулдашуунун;
күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда күрөө жөнүндө келишим же мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы белгилеген башка келишим менен бир учурда түзүлгөн жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган кыймылсыз мүлккө карата күрөөнү соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуунун тартиби тууралуу же күрөө жөнүндө келишимдин же мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы белгилеген башка келишимдин колдонуу мөөнөтүнө түзүлгөн макулдашуунун;
2) күрөө жөнүндө келишимде же мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы белгилеген башка келишимде күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартипте күрөөнү өндүрүп алуу тууралуу укугу болгон учурда нотариустун аткаруу жазмасынын.
2. Күрөө кармоочу нотариустун аткаруу жазмасын алуу үчүн ушул Мыйзамдын 58-статьясына ылайык билдирүү түзүлгөндөн кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 58-1-статьясына ылайык күрөө кабарлоосуна жазылгандан кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу ниети болбогон учурда кайрылууга укугу бар.
Нотариустун аткаруу жазмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салынат.
3. Күрөө жөнүндө келишим же күрөө берүүчүнүн талаптарын соттон тышкары тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу боюнча күрөөнү өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 58-статьясында каралган билдирүү жиберилгенден кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 58-1-статьясында каралган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу катталган учурда күрөө кабарлоосуна жазылгандан кийин жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тууралуу макулдашуу күрөө жөнүндө мурдагы келишимдер боюнча күрөө кармоочулардын катышуусу менен түзүлсө, ал макулдашуу кийинки келишим боюнча жарактуу болот. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкары тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу кимисинин укуктары ушул макулдашуу менен бузулса, ошонун койгон доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкары тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда макулдашууну укук белгилөөчү документ катары таануучу шарттар каралууга тийиш эмес.
5. Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда түзүлгөн келишимде (макулдашууда) күрөөнү өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби белгиленсе, тараптардын бири да бир беткей тартипте өндүрүп алуунун тартибин өзгөртө албайт же келишим (макулдашуу) менен белгиленген күрөөнү өндүрүп алуу тартибинен башкача жол менен баш тарта албайт.
Мында күрөөнү өндүрүп алуу үчүн негиз пайда болгондон кийин тараптар кошумча макулдашуу менен күрөө жөнүндө баштапкы келишимден жана/же макулдашуудан айырмалаган күрөөнү өндүрүп алуунун соттон тышкаркы башка тартибин кароого укуктуу.
6. Эгерде күрөөнү сатуудан кийинки алынган акчанын суммасы күрөө кармоочунун күрөө менен камсыз кылуу талаптарынын өлчөмүнөн жогору болсо, анда айырма күрөө кармоочуга кайра кайтарып берилет.
Эгерде келишимде башкача көрсөтмө берилбесе, күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө кармоочунун талаптарын жабууга жетишсиз болгон учурда ал күрөөдө негизделген артыкчылыктан пайдаланбастан карызкордун башка мүлкүнөн жетпеген сумманы алууга укуктуу.".
4-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьясынын 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл чарба багытындагы жер үлүшүнө укуктар менен жасалуучу бүтүмдөр үчүн;".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|