Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты № 123
"Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына;";
б) 2-бөлүгү "кошпогондо" деген сөзгө чейин "жана ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарды (жетим балдар)" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо принциптери
Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо төмөнкү принциптерге негизделет:
даректүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулдарды конкреттүү алуучуларга алардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (жашы, ден соолугунун абалы, жыйынды орто жандык кирешенин өлчөмү, багуучусунун жоктугу, мамлекеттик социалдык колдоого өтө муктаждык, оор турмуштук кырдаал) эске алуу менен берүү;
кепилдик - ага укугу бар адамдарга мамлекеттик жөлөкпулду милдеттүү түрдө дайындоо;
ачыктык/айкындык - мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө ачыктык механизмдерин жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк түзгөн байланыш инструменттерин түзүү;
коллегиялуулук - мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү жөнүндө коллегиялуулуктун негизинде чечимдерди кабыл алуу;
жоопкерчилик - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын бузулушуна мамлекеттин таасир этүү механизмдерин түзүү.";
3) 4-беренесинде:
а) 1-пункту "адамдарга" деген сөздөн кийин "жөлөкпулдар жана бир жолку төлөмдөр түрүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-пунктундагы "медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан эмгекке жөндөмсүз деп таанылган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр "медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 5-пунктундагы ", асырап алган үй-бүлөдө" деген сөздөр алып салынсын;
4) 5-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:
1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм;
2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;
3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул.";
5) 7-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм
1. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм бала төрөлгөндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жайында турган аял төрөгөн балага төлөм алуу үчүн кайрылган учурда дайындалат.
Бир убакта эки жана андан көп бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм ар бир балага дайындалат.
2. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү дайындоого кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдан ашпашы керек.
Бала төрөлгөндө бир жолу төлөм берүүнүн өлчөмүн жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолу төлөм бала (балдар) менен алуучу бирге жашаган учурда дайындалат.";
6) 8-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 9-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо
1. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жөлөкпулдун бул түрүнө муктаж болгон учурда дайындалат.
2. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт жана бекитет.";
8) 11-беренесинде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул бала (балдар) алуучу менен бирге жашаган учурда дайындалат.";
б) 5-бөлүгү "мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү" деген сөздөрдөн кийин ", бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөн башкалары" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 14-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) жөлөкпул дайындалган бала 16 жашка чыкканда (16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) "үй бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган учурда);";
в) 9-пунктундагы "балага жөлөк," деген сөздөр алып салынсын;
г) 10-пункту "мамлекеттик камсыз кылуу" деген сөздөргө чейин ", ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдардан (жетим балдардан) башка" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 16-августу, № 71-72) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 71-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "аларга тиешелүү алименттерге" деген сөздөргө чейин "18 жашка чыкканга чейин өздүк депозиттик топтоо эсебине которулуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 77-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Ушул Кодекстин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери жашы жетпегендер көзөмөлгө алынган менчигинин формасына карабастан карамагындагы мекемелердин пайдасына пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү түшүрүү максатында камкордукка алынгандар үчүн 18 жашка чыкканга чейин өздүк депозиттик топтоо эсебин ачат.".
3-берене.
"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 5-июну, № 43) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-беренесинде:
а) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жарандардын муктаждыктарын аныктоону эске алуу менен аларга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөкпулдарды;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- эмгекке жөндөмдүү жана эмгекке жөндөмсүз жарандар каза болгон учурда расымдык (сөөк коюу) жөлөкпулдарды.".
4-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) оор турмуштук кырдаалда кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын мамлекеттик социалдык колдоого муктаждык даражасын алгачкы аныктоо.";
2) 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2015-ж., № 7, 1017-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин 20-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ишкердик менен алектенүү маселелери боюнча консультация алуу;";
3) 8-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "ай сайын, бирок 3 жылдан ашык эмес мезгилдин ичинде" деген сөздөр "3 жылдын ичинде, бирок 12 айдан ашпаган мезгилде ай сайын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 9-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пункту "каралган тартипте" деген сөздөрдөн кийин "жаш курагы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 11-беренесинде:
а) беренесинин аталышы "Жумушсуз жарандарды" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы "жумушсуздарды" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту "жумушсуздардын" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту "жумушсуздун" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандардын" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүгү "Жумушсуздарды" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 3-бөлүгү "Жумушсуз жарандарды" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издеген жарандарды" деген сөздөр менен толукталсын;
д) 6-бөлүгү "жумушсуздар" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандар" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 12-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 13-беренесинин 4-пункту "белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн кийин "жаш курагы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 13-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды жумушсуз же жумуш издеген катары кайрадан каттоо ушул берененин 4 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары каттоодон чыгарылган учурдан тартып 6 айдан кийин жүргүзүлөт.";
9) 14-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Эмгек рыногунун маалыматтык системасы
1. Эмгек рыногунун маалыматтык системасы - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
2. Эмгек рыногунун маалыматтык системасын түзүү, калыптандыруу жана эксплуатациялоо тартиби, анын ичинде маалыматтык системадагы маалыматтарды коргоо боюнча талаптар, маалыматтардын тизмеси жана системада колдонулуучу документтердин формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
10) 16-беренесинде:
а) 3-бөлүгү "тартылган жумушсуздардын" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издеген жарандардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 8-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмү "жумушсуздар" деген сөздөн кийин "же жумуш издеген жарандар" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмү "эмгек келишими жумушсуз" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандар" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 9-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "жумушсуздардын" деген сөз "жарандардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "жумушсуздарга" деген сөз "жарандарга" деген сөз менен алмаштырылсын.
6-берене.
1. Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 2018-жылдын 1-январынан тартып төрөлгөн балдарга дайындала тургандыгы;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарда ар айлык жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдө 2017-жылы төрөлгөн балдарга "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм, жөлөкпул дайындоо жөнүндө кайрылуу 2018-жылдын 30-июнунан кечиктирбестен берилген учурда дайындала тургандыгы;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарда жөлөкпул алган башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын бюджеттик же контрактын суммасы кайрымдуулук ишинин алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланган контракттык негизде күндүзгү формада окуган студенттерине ар айлык жөлөкпул алар 18 жашка чыкканга чейин дайындала тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти