Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 130
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
экинчи абзацындагы "10" деген цифралар "5" деген цифра менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызматы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан шашылыш тартипте акы төлөөнүн негизинде, 2 жумуш күндүн ичинде документтер мыйзамдаштырылышы мүмкүн.";
- 12-пунктундагы "штампы коюлат" деген сөздөр "консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунун экинчи абзацындагы "штампы коюлат" деген сөздөр "консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтерди консулдук мыйзамдаштырууда ушул Жобонун 16 жана 25-пункттарынын негизинде документке ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык толтурулган мыйзамдаштыруу жазуусу менен консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат жана эгерде ушул Жободо башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин мөөрү басылат.";
- 19-пунктунун экинчи абзацындагы "штамп коюлат" деген сөздөр "консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-пунктунда:
биринчи абзацындагы "керектүү штамп коет" деген сөздөр "консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасын чаптайт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
33-пунктундагы "керектүү штамп коет" деген сөздөр "консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасын чаптайт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 34-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 40-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын консулдук мыйзамдаштыруу чаптамаларынын баяндамасы жана алардын үлгүлөрү 6-тиркемеге ылайык.";
- ушул Жобонун 1-4-тиркемелери, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 6-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
|
| "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALIZATION |
|
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти
Department of Consular Services of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic
20__-жылдын/year "___"-___________ | Бишкек/Bishkek |
| ||
Баасы/Amount _______________ KGS |
|
| ||
|
|
| ||
_________________________________________ | __________________ |
| QR- код |
|
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature | № LAXXXXXX |
| |
|
| Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALIZATION |
|
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти
Department of Consular Services of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic
Кызмат адамынын кол тамгасынын жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык
өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин мөөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт.
This is to certify the authenticity of the signature of the officer and the seal of the Diplomatic
Mission or Consular Institution of the Kyrgyz Republic.
20__-жылдын/year "___"-___________ | Бишкек/Bishkek |
| ||
Баасы/Amount _______________ KGS |
|
| ||
|
|
| ||
_________________________________________ | __________________ |
| QR- код |
|
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature | № LB XXXXXX |
| |
|
| Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALIZATION |
|
__________________________________________________________ ырасталды
Attested in ___________________________________________________________
20__-жылдын/year "___"-___________ |
|
| ||
Баасы/Amount _______________ USD |
|
| ||
_________________________________________ | __________________ |
| QR- код |
|
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature | № LC XXXXXX |
| |
|
| Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALIZATION |
|
__________________________________________________________ ырасталды
Attested in ___________________________________________________________
Кызмат адамынын кол тамгасынын жана Тышкы иштер министрлигинин Консулдук
кызмат департаментинин мөөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт.
This is to certify the authenticity of the signature of the officer and the seal of the Department
of Consular Service of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic.
20__-жылдын/year "___"-___________ |
|
| ||
Баасы/Amount _______________ USD |
|
| ||
_________________________________________ | __________________ |
| QR- код |
|
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature | № LD XXXXXX |
| |
".
2-тиркеме
|
| "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын консулдук мыйзамдаштыруу чаптамаларынын баяндамасы жана алардын ҮЛГҮЛӨРҮ
Кыргыз Республикасынын консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасынын бланкы 79 мм х 105 мм көлөмдөгү, чаптама карточкадан турат, бет жагында кыргыз жана англис тилдериндеги төмөнкүдөй текст камтылган:
1. Ыйгарым укуктуу органдын Консулдук кызматынын колдонуусу үчүн арналган консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы төмөндөгү жазууну камтыйт:
"- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC
МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALIZATION
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти
Department of Consular Services of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic
20__-жылдын/year "___"-___________ | Бишкек/Bishkek |
Баасы/Amount _______________ KGS |
|
_________________________________________ | __________________ |
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature |
| № LA XXXXXX; |
Үлгүсү тиркелет.
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC
МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALISATION
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти
Department of Consular Services of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic
Кызмат адамынын кол тамгасынын жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин мөөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт.
This is to certify the authenticity of the signature of the officer and the seal of the Diplomatic Mission or Consular Institution of the Kyrgyz Republic.
20__-жылдын/year "___"-___________ | Бишкек/Bishkek |
Баасы/Amount _______________ KGS |
|
_________________________________________ | __________________ |
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature |
| № LB XXXXXX". |
Үлгүсү тиркелет.
2. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин колдонуусу үчүн арналган консулдук чаптамалар төмөндөгү жазууну камтыйт:
"- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC
МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALIZATION
_____________________________________________________ ырасталды
Attested in ______________________________________________________
201__-жылдын/year "___"-___________ |
|
Баасы/Amount ________________ USD |
|
_________________________________________ | __________________ |
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature |
| № LC XXXXXX; |
Үлгүсү тиркелет.
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/KYRGYZ REPUBLIC
МЫЙЗАМДАШТЫРУУ/LEGALIZATION
_____________________________________________________ ырасталды
Attested in ______________________________________________________
Кызмат адамынын кол тамгасынын жана Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин мөөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт.
This is to certify the authenticity of the signature of the officer and the seal of the Department of Consular Service of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic.
20__-жылдын/year "___"-___________ |
|
Баасы/Amount _______________ USD |
|
_________________________________________ | __________________ |
Кызмат адамынын аты-жөнү/Name of Officer | колу/signature |
| № LD XXXXXX". |
Үлгүсү тиркелет.
Кириллицадагы сөздөр стандарттуу шрифт менен басылган жана латиницадагы сөздөр карартылган тамгалар менен берилген.
Консулдук мыйзамдаштыруу чаптама бланкы мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо колдонулуучу, жасалма документтерден өзгөчө коргоону талап кылуучу коргоо элементтери бар атайын кагазда басылат.
Консулдук мыйзамдаштыруу чаптама бланкынын бет жагы декоративдүү кооздоо түрүндөгү айырмаланган өзгөчөлүктөргө ээ. Тексттер жана кооздук элементтери туурасынан жайгашкан.
Консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасынын бланкы сол жагында Хан-Тенгри тоосунун кар баскан чокусун жана оң жагында - ак илбирс, ачык-күңүрт градациядагы түстөрдү камтыйт.
Консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасынын жогорку сол бурчу анын чегинен сыртына чыгып турган тордолгон сызыктарды жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн коргоочу голограмманы камтыйт.
Жогорку оң бурчу "KGZ" аббревиатурасын, ал эми коргоочу голограмманын жана аббревиатуранын ортосунда орнаменттүү күү сызыктарын камтыйт.
Консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасынын төмөнкү оң бурчунда чарчы QR-код жайгашкан.
Консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасынын номери эки компоненттен турат: эки латын тамгаларынан турган сериялык номерден (LА жана LВ серияларын ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызматы пайдаланат жана LС жана LD Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери пайдаланышат) жана алты цифрадан турат.".