Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 137
"Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1997-жылдын 9-июлу, № 52-53) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьясында:
а) сегизинчи жана тогузунчу абзацтарындагы "бажылык чек арасынан" деген сөздөр "мамлекеттик чек арасынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) ар кандай жөндөмөдөгү "бажылык" деген сөз алып салынсын;
2) 4-статьясынын 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 5-статьясынын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында бажы бирлигине катышкан өлкөлөрдө эгерде мамлекеттер аралык бажы макулдашууларында башкача каралбаса, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүгө карата бирдиктүү бажы тарифи белгиленет.";
4) 9-статьясынын 4) пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык алып кетүү бажы алымдарынын ставкасын белгилейт;";
5) 10-статьясынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик тышкы соода саясаты эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана башка укуктук актыларына ылайык тышкы соода ишин бажылык-тарифтик жөнгө салуу (алып келүү жана алып кетүү бажы алымдарын колдонуу) жана тарифтик эмес жөнгө салуу (атап айтканда квоттоштуруу жана лицензиялоо жолу менен) аркылуу ишке ашырылат
6) 17-статьясынын тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
204-статьясындагы "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү - буга уруксаты бар мамлекеттик органдардын, жеке жактардын, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар менен мекемелердин баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, салып жиберүүгө, берүүгө, өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө, алууга, пайдаланууга, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүүгө, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып кетүүгө байланышкан иштери;";
2) 5-статьясынын биринчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын органы" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 19-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 28-статьясынын биринчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын органы" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 33-статьясынын биринчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын органынын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1998-жылдын 31-июлу, № 101-102) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 16-статьясынын 1-бөлүгүнүн 11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 63-главасында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 499-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"499-статья. Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын алып келүүдө Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынан өтүү жөнүндө билдирбөө
Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүүдө ташуучунун Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынан өтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирүү жөнүндө бажы мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу -
эскертүү берүүгө же болбосо эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үчкө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.";
3) 500-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы аймагы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 504-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 504-1-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 504-9-статьясынын биринчи абзацында:
а) "бажы режимдеринин" деген сөздөр "бажы жол-жоболорунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) "алымсыз соода дүкөнү" деген сөздөр "алымсыз соода" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) "бажы контролунда кайра иштетүү" деген сөздөр "ички керектөө үчүн кайра иштетүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 504-14-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы аймагы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 504-17-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 504-18-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 504-19-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 504-20-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 504-21-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 504-22-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 504-23-статьясындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлигинин бажы аймагы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 504-38-статьясынын биринчи абзацындагы "Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында" деген сөздөр "эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16) 614-статьясында:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммалары республикалык бюджетке чегерилет.".
6-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-статьясынын 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7-берене.
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, № 3, 2003-ж., 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьясынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдонуучу продукцияны экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттөөдө бажы операцияларын жүргүзүү;".
8-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9 (1151), 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-статьясында:
а) ар кандай жөндөмөдөгү "бажы аймагында" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "аймагында" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияны товарды ээсинен ажыратуу же аны Кыргыз Республикасынын аймагында анын багытына ылайык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караган бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу үчүн бажы органдарына бажы декларациясы менен бирге ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык таанылган шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация берилет.";
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна ылайык аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү жана аны ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн карабаган бажы жол-жоболоруна жайгаштырылуучу продукция Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайкештик жөнүндө документтерди берүүсүз чыгарылат.".
9-берене.
"Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Мыйзам менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставында:
1) 11-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"товарлардын жана транспорт каражаттарынын Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүү эрежелери бузулганда күчөйт.";
2) 12-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10-берене.
"Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясында:
а) 2-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге" деген сөздөр "бажылык укуктук мамилени жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-статьясынын он экинчи абзацындагы "Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-1-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1-статья. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай инструменттерди которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай инструменттерди которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, бажылык укуктук мамилени жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.".
11-берене.
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьясынын сегизинчи абзацындагы "Бажы бирлигине" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 9-1-статьясында:
а) аталышындагы "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) "Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүгө жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүгө" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүүгө жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 10-статьясынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Озонду бузуучу заттарды жана жабдууларды конфискациялоо Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.".
12-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигинин бажы кодекси" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 4-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 21-23-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21) "товарларды импорттоо" - төмөнкүлөрдү ташып келүү:
а) Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна коюлган чет элдик товарларды;
б) Евразия экономикалык бирлигинин:
- Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына;
- Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналардын жана эркин кампалардын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына реимпорттоо бажы жол-жобосуна коюлган товарларын;
в) Евразия экономикалык бирлигине мүчө - башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына:
- жеке менчикке сатып алынган;
- финансылык ижара келишими боюнча пайдаланууга алынган;
- иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүнүн продуктулары болуп саналган Евразия экономикалык бирлигинин товарларын;
г) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналардын, эркин кампалардын жана бажы кампалардын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик товарларды;
д) Евразия экономикалык бирлигине мүчө - башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки заттарды Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү үчүн ташып келүү, эгерде чийки затты ташып кирүү датасынан 24 ай өтпөсө жана кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташылып чыкпаса.
22) "Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдер жана актылар" - 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 6-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын эл аралык келишимдери жана актылары.
23) "кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу" - Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо алынуучу кошумча наркка салык жана акциз салыгы боюнча салык отчеттуулугу.";
3) 44-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 12-пунктта "Бажы бирлигине" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4) 52-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52-берене. Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндө салык жана бажы органдарынын ыйгарым укуктарын ажыратуу
1. Товарларды импорттоодо жана экспорттоодо, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз-ара соодалашуусуна кызмат көрсөтүүдө, жумуштарды аткарууда КНС менен акциз салыгын администрациялоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бажы органдары КНС жана акциз салыгын администрациялоону төмөнкү учурларда жүзөгө ашырат:
а) Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө;
б) товарларды эркин бажы зонасынын, эркин кампанын же бажы кампасынын бажы жол-жоболоруна коюуда, ошондой эле эркин бажы зонасынын, эркин кампанын же бажы кампасынын бажы жол-жоболору аяктаганда.
3. Эркин бажы зонасынын, эркин кампанын жана бажы кампасынын бажы жол-жоболорун аяктоодо салыктарды администрациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
5) 70-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 79-беренесинин 12-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 88-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 100-беренесинин 5-бөлүгүндөгү 2-пункттун е) пунктчасында "Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 153-беренесиндеги:
а) 47-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 48-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48) "Товарларды экспорттоо" - Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгуу менен байланышкан салык төлөөчүнүн товарды төмөнкүдөй жеткирүүсү:
а) экспорт же реэкспорт бажы жол-жоболору астында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары;
б) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагына.
Иштетип алма чийки заттарын кайра иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгуу товарлардын экспорту болуп саналбайт.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 52-пункт менен толукталсын:
52) "Товарды коштоочу документтер" - эл аралык автомобилдик коштомо кагаз, темир жол транспорттук коштомо кагаз, товардык-транспорттук коштомо кагаз, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагаз, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж квитанциясы, авиа коштомо кагазы, коносамент, өткөргүч түтүк транспорту менен жана электр берүү линиялары боюнча товарларды алып өтүүдө колдонулуучу документтер жана акциздик товарлардын айрым түрлөрүн алып өтүүдө колдонулуучу, ошондой Эле ташууларда товарларды жана транспорт каражаттары коштоочу башка документтер, эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу баракчалар, ошондой эле товарлар жөнүндө маалыматты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын транспорт жөнүндө мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган товарлардын наркын ырастаган башка документтер.";
10) 224-беренесинде:
а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) "Салык салынуучу импорт" - товарларды импорттоо, ушул Кодекске ылайык КНСтен бошотулган импортту кошпогондо.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) "Беримдер" - акыга товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү.
Төмөнкүдөй учурларда товарларды өткөрүп берүү беримдер болуп саналбайт:
а) кадимки шериктештик келишими боюнча;
б) ишенимдүү башкаруу келишими боюнча;
в) эгерде товарга карата менчик укугу башка субъектке өткөрүлүп берилбесе.";
г) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) "Салык салынуучу беримдер" - Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган беримдер, буга:
а) товарлардын;
б) акыга көрсөтүлгөн же аткарылган жумуштардын же кызматтардын бошотулган беримдери кирбейт.
Эгерде иштетип алма чийки затты ташып чыгуу датасынан 24 айдан ашуун өтсө жана кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасына ташып киргизилбесе, Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жерде кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затын ташып чыгуу салык салынуучу беримдерге теңделет.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) "Бошотулган беримдер" - Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жердеги беримдер, ошондой эле ушул Кодекстин 238-256-3-беренелери менен аныкталган беримдер.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 226-1-берене менен толукталсын:
"226-1- берене. КНС боюнча салык агентинин милдеттери
Салык салынуучу беримдерден КНСти бюджетке эсептөө, кармап калуу жана төлөө милдеттерин төмөнкүдөй субъекттен товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алган салык төлөөчү аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы иши туруктуу мекеме түзүлүшүнө алып келбеген чет өлкөлүк уюм;
2) КНС төлөөчү болуп саналбаган туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм.";
12) 227-беренесинин 2-бөлүмүндөгү "261-263-1-беренелеринде" деген сөздөр "261, 263-1 жана 375-беренелеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13) 233-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"233-берене. Товарларды, жумуштарды, кызматтарды агент жүзөгө ашырган беримдер
1. Башкасы ушул берене менен каралбаса, принципалдын атынан товарларды, жумуштарды, кызматтарды агент жүзөгө ашырган беримдер принципалдын беримдери болуп таанылат.
2. Башкасы ушул берене менен каралбаса, товарларды, жумуштарды, кызматтарды агент өзүнүн атынан жүзөгө ашырган беримдер агенттин беримдери болуп таанылат.
Принципалдын ушул бөлүмдүн максатында товарды агентке өткөрүп берүүсү салык салынуучу беримдер болуп саналат.
3. Товарларды, жумуштарды, кызматтарды агент жүзөгө ашырган беримдер мындай агенттен товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатып алган субъектте төмөнкүдөй учурларда ушул Кодекстин 226-1-беренесине ылайык КНС боюнча салык милдеттенмесинин пайда болушуна алып келет:
1) агент - чет өлкөлүк уюм, анын иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбейт, же өзүнүн атынан аракеттенген резидент эмес жеке жак;
2) агент принципалдын - иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюмдун, же резидент эмес жеке жактын атынан аракеттенет.";
14) төмөнкүдөй мазмундагы 233-1-берене менен толукталсын:
"233-1-берене. Агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту
1. Башкасы ушул берене менен каралбаса, принципалдын атынан агент тарабынан жүзөгө ашырылган товарлардын импорту, принципал тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.
2. Башкасы ушул берене менен каралбаса, агент өзүнүн атынан жүзөгө ашырган товарлардын импорту, агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.
Ушул бөлүмдүн максатында агент КНС төлөөчү болуп саналса, импортко КНС агенттен эсептелүүгө тийиш.
3. Иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген агент - чет өлкөлүк уюм, ошондой эле резидент эмес жеке жак тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту принципалдын өзү - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү жүзөгө ашырган импорт деп таанылат.
4. Агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту, эгерде импорт принципалдын - иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резидент эмес жеке жагынын пайдасына жүргүзүлсө, агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.";
15) 234-беренесинде:
а) 2-бөлүмдүн 1-пунктундагы "керектөөчүгө" деген сөз "сатып алуучуга" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Товарларды импорттоодо КНС боюнча салыктык милдеттенменин датасы, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоону кошпогондо, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салган Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.":
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-бөлүмдөр менен толукталсын:
"7. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык милдеттенмесинин датасы болуп, эгерде башкасы ушул бөлүм менен каралбаса, төмөнкү даталардын акыркысы саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоонун датасы;
2) салык төлөөчүнүн бухгалтердик эсебинде товарларды чагылдыруу үчүн бухгалтердик эсепке алуунун эрежелери менен аныкталган дата.
Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына импорттун датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарларды аба кемелери менен ташууда - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аэропортко ташып кирүү датасы;
2) эл аралык автомобиль каттамдарында товарларды ташууда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү датасы.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү датасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын белгиси коюлган мамлекеттик чек арадан өтүүнү ырастаган документтин негизинде белгиленет. Бул документтин формасын, тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт;
3) темир жол транспорту менен эл аралык каттам аркылуу товарларды ташууда-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чек арадагы биринчи өткөрмө пунктуна ташып кирүү датасы;
4) магистралдык түтүк өткөргүч системалары же электр берүү линиялары боюнча товарларды транспорттоодо - товарларды өткөрүү пунктуна ташып кирүү датасы;
5) эл аралык почта жөнөтүүлөрү боюнча товарларды жибергенде - Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын почта жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген почта штемпелин коюу датасы;
6) ЭЭЗ жана эркин кампалардын аймагынан товарларды ташып чыгууда - бул аймактан аларды ташып чыгуу күнү.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин товарларды импорттоодо, ушул Кодекстин 233-1-беренесине ылайык агентте боло турган салык милдеттенмесинин датасы катарында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү датасы саналат.
8. Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө, эгерде кайра иштетүү продуктулары 24 сааттын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгарылбаса, салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы катарында иштетип алма чийки затты ташып кирүүнүн датасы саналат.
9. Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагына кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затты ташып чыгууда, эгерде кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасынын аймагына 24 айдын ичинде ташып келинбесе, салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы катарында иштетип алма чийки затын ташып чыгуу датасы саналат.";
16) 235-беренесинде:
а) бөлүмү "1" цифрасы менен белгиленсин;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүм менен толукталсын:
"2. Евразия экономикалык бирлигине биринчи мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан Евразия экономикалык бирлигине экинчи мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнө товарды жеткирүүдө, товарларды ташуу (транспорттоо) Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары башталып жана Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекетте аяктаганда, товарды жеткирүүнүн жери болуп товар ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна кайсы аймакта коюлса, Евразия экономикалык бирлигине ошол мүчө-мамлекеттин аймагы таанылат.";
17) 236-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"236-берене. Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду
Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылат, эгерде:
1) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк менен түздөн-түз байланышкан болсо.
Ошондой эле ушул пунктчанын жоболору ижара, жалдоо жана кыймылсыз мүлктү башка негиздерде пайдаланууга бергенде колдонулат;
2) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылдуу мүлк менен түздөн-түз байланышкан болсо;
3) маданият, искусство, окутуу (билим берүү), туризм, дене тарбия, эс алуу жана спорт чөйрөлөрүндөгү кызматтар Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлсө;
4) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү төмөнкүлөрдү сатып алат:
а) консультациялык, юридикалык, бухгалтердик, аудитордук, инжиниринг, жарнама, дизайнердик, маркетинг тейлөөлөрүн, маалыматты иштетүү боюнча кызматтарды, ошондой эле илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык (технологиялык) жумуштарды;
б) программалык камсыздоолорду жана маалымат базаларын (эсептөөчү техниканын программалык каражаттарын жана маалыматтык продуктуларын) иштеп чыгуу, аларды адаптациялоо жана модификациялоо, мындай программаларды жана маалымат базаларын коштоо боюнча жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү;
в) эгерде персонал сатып алуучунун иш жүргүзгөн жеринде иштесе, персоналды сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү.
Ушул пункттун жоболору төмөнкү учурларда да колдонулат:
г) патенттерди, лицензияларды, мамлекет тарабынан корголуучу өнөр жай менчигинин объектилерине укуктарды күбөлөгөн башка документтерди, соода маркаларын, товардык белгилерин, фирмалык аталыштарды, тейлөө белгилерин, автордук, чектеш укуктарды же башка ушул сыяктуу укуктарды өткөрүп берүүдө, берүүдө, алардан баш тартууда;
ижара, лизинг жана кыймылдуу мүлктү башка негиздерде пайдаланууга берүүдө, транспорт каражаттарын ижарага, лизингге жана башка негиздерде пайдаланууга берүүнү кошпогондо;
д) ушул пункт менен каралган жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө келишимдин (контракттын) негизги катышуучусу үчүн өзүнүн атынан же келишимдин (контракттын) негизги катышуучусунун атынан башка тартылган жактын кызмат көрсөтүүсүндө;
5) эгерде башкасы ушул берененин 1-4-пункттары менен каралбаса, Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштар аткарылат, кызматтар көрсөтүлөт.
Ошондой эле ушул пункттун жоболору транспорт каражаттарын ижаралоодо, лизингдөөдө жана башка негиздерде пайдаланууга берүүдө колдонулат.";
18) 237-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 249-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"249-берене. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүнүн жана товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган иштетип алма чийки затты кайра иштетүү
Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген жана товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн жана товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.";
20) төмөнкүдөй мазмундагы 249-1-берене менен толукталсын:
"249-1-берене. Кепилдүү оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген негизги каражатты кепилдүү оңдоо, анын ичинде аны калыбына келтирүү, түзүмдүк бөлүктөрүн алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.";
21) 257-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пунктундагы "Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажы укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 8-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-1) ушул Кодекстин 256-3-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим боюнча;";
22) 259-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү "9406 00 310 0" деген цифралар "9406 90 310 0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-бөлүк менен толукталсын:
"6-1. Импорттоо же реимпорттоо датасынан 60 айлык мезгил өткөнгө чейин Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагынан ушул беренеге ылайык ташып келинген негизги каражатты ажыратуу учурунда мындай ажыратуу салык төлөнүүчү импортко же реимпортко барабар болот. Импортко КНС боюнча салык милдеттенме мындай негизги каражатты импорттоо же реимпорттоо датасынан тартып пайда болот.";
23) 260-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"260-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден ташып келинген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү
1. Кайра иштетүү продуктуларын андан ары башка мамлекеттин аймагына ташып чыгуу менен Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарга КНС ушул Кодекс менен каралган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү сакталганда нөлдүк ставка боюнча алынат.
2. Кайра иштетүү продуктуларын андан ары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгуу менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштарды Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү аткаргандыгын тастыктоочу документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
24) 261-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"261-берене. Товарларды экспорттоо
1. КНСтен бошотулган товарлардын беримдерин кошпогондо товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкасы менен беримдер болуп саналат.
2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекетке товарларды экспорттоодо, ошондой эле иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктыларын ташып чыгууда КНСти төлөөчү көрсөтүлгөн товарлар жүктөлгөндөн кийин 180 күндүн ичинде салык органына КНС боюнча салык отчету менен бир убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тизмекке ылайык КНС боюнча документтерди тапшырууга тийиш.
3. КНСти төлөөчү тарабынан салык отчету менен бир убакта берилүүчү документтердин тизмегин жана Товарлардын экспортун тастыктоочу документтердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
25) 262-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Эл аралык ташууну тастыктоочу документтердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
26) 264-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"264-берене. Салыктык база
1. Салык салынуучу беримдер боюнча КНСтин салыктык базасы ушул Кодекстин 265-беренесине ылайык аныкталган беримдердин салык салынуучу наркы болуп саналат.
2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттерден ташып келинген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча КНСтин салыктык базасы ушул Кодекстин 265-беренесине ылайык аныкталуучу импорттолгон салык салынуучу наркы болуп саналат.
3. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден ташып келинген салык салынуучу импорту боюнча КНСтин салыктык базасы ушул Кодекстин 267-беренесине ылайык аныкталуучу импорттолгон товарлардын салык салынуучу наркы болуп саналат.";
27) 265-беренесинде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбестен иштеген чет элдик уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүзүүчү беримдерине карата КНСти эсептен чыгаруудан кийин төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма беримдердин салык салынуучу наркы болуп саналат.
1-2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу иштеген КНС боюнча салык төлөөчү болуп саналбаган чет элдик уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүзүүчү беримдерине карата КНСти эсептен чыгаруудан кийин төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма беримдердин салык салынуучу наркы болуп саналат.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салык салынуучу нарк рыноктук баалардын же мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу баалардын деңгээлине ылайык келүүчү нарк боюнча беримдерди кошпогондо, эсептик нарктан төмөн болбошу керек.";
в) 10-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
28) 266-беренесинин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Алынган материалдык ресурстар үчүн, анын ичинде салык мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу КНСтин суммасы төмөнкүдөй түзөтүлөт:
1) салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн сатып алынбаган материалдык ресурстарды колдонууда мурда кириштелген КНСтин суммасы боюнча;
2) салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн сатып алынган материалдык ресурстарды колдонууда алардын наркына мурда киргизилген КНСтин суммасы боюнча.
Ушул пунктча менен каралган түзөтүү салык мыйзамынын аталган өзгөртүүлөрү күчүнө кирген датадан кийин салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн колдонулган материалдык ресурстарга карата колдонулат.";
29) 267-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"267-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерден ташып келинген товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы
Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерден ташып келинген товарлардын салык салынуучу наркы алардын бажы наркынын, бажы алымдарынын жана бул товарларды импорттоодо төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын КНСтен тышкаркы суммасы болуп саналат.";
30) төмөнкүдөй мазмундагы 267-1 жана 267-2-беренелер менен толукталсын:
"267-1-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы
1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы келишимдин шарттарында каралган сатып алынган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.
2. Эгерде келишимдин шарттары боюнча бүтүмдүн баасы сатып алынган товарлардын, ошондой эле башка чыгымдардын наркынан түзүлсө жана бул учурда сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өзүнчө көрсөтүлсө, сатып алынган товарлардын наркы гана салык салынуучу импорттун наркы болуп саналат.
3. Эгерде келишимдин шарттары боюнча бүтүмдүн баасы сатып алынган товарлардын, ошондой эле башка чыгымдардын наркынан түзүлсө жана бул учурда сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өзүнчө көрсөтүлбөсө, келишимде көрсөтүлгөн бүтүмдүн баасы салык салынуучу импорттун наркы болуп саналат.
4. Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркына импорттолуучу акциздик товарларга карата акциз салыгынын суммасы кирет.
5. Иштетип алма чийки заттын кайра иштетилген продуктулары болуп саналган товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы ошол иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркынын негизинде аныкталат.
267-2-берене. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампаларынын аймагынан ташылып келүүчү товарлардын салык салынуучу наркы
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампаларынын аймагынан ташылып келүүчү товарлардын салык салынуучу наркы алардын бажы наркынын, бажы алымдарынын жана бул товарларды импорттоодо төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын КНСтен тышкаркы суммасы болуп саналат.";
31) 270-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде бул бөлүктө башкалар каралбаса, салык салынуучу субъектке салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн колдонулуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын кириштөө укугу берилет.";
б) 3-бөлүгүнүн 4 жана 5-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекет болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо салык салынуучу субъект тарабынан:
а) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажы укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажы жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө;
б) импорттолуучу товарлар боюнча КНС бюджетке төлөнгөндө;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо салык салынуучу субъект тарабынан:
а) кыйыр салыктар боюнча салыктык отчет берилгенде; жана
6) импорттолуучу товарлар боюнча КНС бюджетке төлөнгөндө.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекемеси жок чет элдик уюмдан же Кыргыз Республикасында катталган туруктуу мекеме аркылуу иштеген жана КНСти төлөөчү болуп саналбаган чет элдик мекемеден Кыргыз Республикасынын аймагында материалдык ресурстарды сатып алган салык салынуучу объект тарабынан:
а) бюджетке КНСтин суммасын төлөө боюнча салык агентинин милдети аткарылганда; жана
б) бул беримдерге карата белгиленген үлгүдөгү эсеп-фактурасы жазып берилсе.";
32) 274-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Бажы бирлигинин мыйзамдарында" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажы укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
33) төмөнкүдөй мазмундагы 274-1-берене менен толукталсын:
"274-1-берене. Товарларды импорттоодо салыктык отчетту берүү жана КНСти төлөө
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо салык төлөөчү кыйыр салык боюнча салыктык каттоодо турган жердеги салык органына товарларды импорттоо жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбей салыктык отчетту берүүгө милдеттүү.
Салык төлөөчү салык органына ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салыктык отчет менен бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык документтерди берет.
2. Импорттолгон товарлар боюнча КНС салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча товарлар импорттолгон айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбей төлөнөт.
Кыйыр салыктар боюнча салыктык отчетко ылайык төлөөгө эсептелген кыйыр салыктардын суммасы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына дал келүүсү керек.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды жана импорттолгон товарларга кыйыр салыктар боюнча салыктык отчетту толтуруунун формасын жана тартибин бекитет.
4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолгон товарларга кыйыр салыктар боюнча КНСти төлөө фактын салык органдары тарабынан тастыктоо товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарга тиешелүү белгилерди коюу менен же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган башка тартипте ишке ашырылат.
5. Импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөнбөгөн жана толук төлөнбөгөн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда салык кызматынын органы импортко КНСти төлөө фактын тастыктоодон жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекет болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан ташып келинген товарлардан импортко КНСти төлөө Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө ишке ашырылат";
34) 275-беренесинде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"275-берене. Салыктык отчетко жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү";
б) төмөнкүдөй редакциядагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар ташып келинген салыктык мезгил аяктаганга чейин кайтарылган учурда импорттолгон товарларга кыйыр салыктар боюнча салыктык отчетто, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда мындай товарлар боюнча маалыматтар чагылдырылбайт.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлар ташып келинген ай аяктагандан кийин кайтарылган учурда мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарларга кыйыр салыктар боюнча такталган салыктык отчетто, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылууга тийиш.
5. Ушул берененин максаттарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлардын кайтарылгандыгын тастыктаган документтердин тизмегин КР Өкмөтү белгилейт";
35) 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) товар төмөнкү жактарга экспорттолгон учурда:
а) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекетке, - бажы декларациясы;
а-1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерге - Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык товарлар экспорттолгон Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө же анын реквизиттери жөнүндө арыз;";
36) 40-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 282-21-берене менен толукталсын:
"28-21-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүүдө, Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда, ошондой эле бажы контролу каралган бажы жол-жоболорундагы товарлардын беримдеринде КНСти салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүүдө тандалган бажы жол-жобосуна жараша салык салуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырууда импортко КНС жана акциздик салык толук көлөмдө төлөнөт;
2) товарларды реимпорт бажы жол-жобосуна жайгаштырууда Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында бажылык укук мамилелерин жөнгө салуу каралган тартипте акциздик салыкты төлөөдөн бошотулган салык төлөөчү тарабынан КНС жана ошондой эле ушул Кодекске ылайык ага кайтарып берилген суммалар төлөнөт;
3) товарларды транзит, бажы кампасы, алымсыз соода, эркин бажы зонасы, эркин кампа, жок кылуу, мамлекеттин пайдасына баш тартуу жана атайын бажы жол-жобосуна жайгаштырууда импортко КНСтен бошотулат;
4) товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырууда кайра иштетилүүчү продуктулар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан белгиленген мөөнөттө ташып чыккан шартта КНСтен бошотулат;
5) товарларды убактылуу ташып кирүү бажы жол-жобосуна жайгаштырууда бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте импортко КНСти төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулат;
6) бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларын ташып кирүүдө Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте импортко КНСти төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулат;
7) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырууда импортко КНС толук көлөмдө төлөнөт.
2. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда салык салуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) экспорт бажы-жол жобосуна ылайык товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда КНСтин чени ушул Кодекстин 261-беренеси менен белгиленет;
Ушул пунктта көрсөтүлгөн КНСтин чени товарларды эркин бажы зонасы жана эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырууда да колдонулат;
2) реэкспорт бажы жол-жобосунда Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда КНСтин чени ушул Кодекстин 261-беренеси менен белгиленет, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө КНСтин суммасы бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте салык төлөөчүгө кайтарып берилет;
3) Кыргыз Республикасынын аймагынан камдамдарды, ошондой эле атайын бажы жол-жобосун аяктоо максатында товарларды ташып чыгуу КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда ушул бөлүктүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөндөргө салыштырмалуу башка бажы жол-жоболорго ылайык КНСти төлөөдөн бошотуу жана (же) КНСтин төлөнгөн суммасын кайтаруу, эгерде бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында башкача каралбаса, жүргүзүлбөйт.
3. Төмөнкүлөр КНС салынууга жатпайт:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый зыяндардын ченемдеринин чегинде салык төлөөчүлөр тарабынан товарлардын жоготууларга учурашы;
б) күч жеткис жагдайлардын натыйжасында пайда болгон товарлардын бузулушу.
4. Эркин бажылык зонанын, бажы кампасынын, эркин кампанын, убактылуу сактоочу кампанын, алымсыз соода дүкөнүнүн аймагында чет өлкөлүк товарларды жеткирүү КНСтен бошотулган берим болуп саналат.";
37) 283-1-беренесиндеги "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
38) 40-1-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
39) 286-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"акциздик товардын Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга, жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталуучу бажылык наркы; жана/же";
б) 3-бөлүгүндөгү "Бажы бирлиги" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
40) 288-беренесиндеги "Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
41) 290-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик жыйым маркасы менен белгилөөгө жатпаган акциздик товарлар боюнча - Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга, жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык төлөмдөрдү төлөө үчүн аныкталуучу күнү;
3) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик салык маркасы менен белгилөөгө жатпаган акциздик товарлар боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кеч эмес.";
б) 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү "Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
42) 290-1-беренесиндеги "Бажы бирлиги" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
43) 291-беренесиндеги "Бажы бирлиги" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
44) 292-беренесиндеги "жүктүк" деген сөз алып салынсын.
45) 293-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Евразия экономикалык бирлигинин чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө акцизди төлөө өзгөчөлүктөрү Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдер менен актылар жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.";
46) 297-беренесинде:
а) ар кандай жөндөмөдөгү "Бажы бирлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Евразия экономикалык бирлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) "жүктүк" деген сөз алып салынсын;
47) 372-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"372-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул главада каралган салык режими Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлган талаптарга ылайык иш-аракетти жүзөгө ашырган, акциздик товарларды өндүргөндөн жана саткандан башка ЭЭЗ субъектилеринин ишине карата гана колдонулат.
2. ЭЭЗ субъектилеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын калган аймагында жалпы салык режими колдонулат.
3. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бажы жана салык жеңилдиктери 2018-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.";
48) 375-беренесинде:
а) 1-4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. ЭЭЗдин субъекттери тарабынан товарларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгуу менен аларды сатуу салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.
2. ЭЭЗдин субъекти болуп эсептелбеген субъекттин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектине берүүсүнөн ушул Кодекстин 227-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген чен боюнча КНС алынат.
3. ЭЭЗдин субъекти болуп эсептелбеген субъектке товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда ЭЭЗдин субъекттерине жалпы салык режимине ылайык салык салынат.
4. Товарларды ЭЭЗ чек арасы аркылуу алып өтүүдө алынуучу салыктарды администрациялоо Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга, ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.";
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
14-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 7-августу, № 68-69) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-1-беренесинин алтынчы абзацындагы "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15-берене.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 16-октябры, № 88) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-беренесинин 7-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ички керектөө үчүн чыгаруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "жүктүк бажы декларациясы" деген сөздөр "товарларга декларация" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 10-беренесинде:
а) 3-5-бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмөлөрдөгү "бажылык" деген сөз алып салынсын;
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Маркалоодо жана упаковкалоодо интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдардын бузулушуна жол берилген алкоголдук продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.".
16-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 28-февралы, № 17) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажылык укук мамилелерин жөнгө салууну караган эл аралык келишимдер менен актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди жана/же кийинкиге калтырууларды жана/же бөлүп-бөлүп төлөөлөрдү берүү;".
17-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 455-беренесинде белгиленген эркин бажы зонасы бажы жол-жобосунун өзгөчөлүктөрүн колдонуу максатында Кыргыз Республикасында "Нарын" эркин экономикалык зонасы белгиленсин.";
2) 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тосмолоо жана мындай аймактын периметрин видео байкоо тутуму менен жабдуу боюнча талаптарды кошуп алганда, ЭЭЗ аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
ЭЭЗдин аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга карата талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдарды киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
3) 13-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "жеңилдетилген" деген сөз "атайын" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Региондорду тездик менен өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ субъекттерине Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөрдү жана салык төлөмдөрүн төлөө боюнча кошумча жеңилдиктер берилиши мүмкүн.";
4) 14-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. ЭЭЗде колдонулуучу бажы жол-жобосу
1. Товарларды ЭЭЗдин аймагына ташып кирүүдө алар эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылат.
2. Товарларды эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун аякташы Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү жана бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдер менен актыларга жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажы контролун камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган ЭЭЗ аймагында же ЭЭЗ аймагынын бир бөлүгүндө (ЭЭЗ субъектинин жайгашкан жеринде) колдонулат.
4. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырууга жатпаган товарлардын тизмеги жана (же) товарлардын категориялары Евразия экономикалык комиссиясы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймагында жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында бажы контролун ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5) 18-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
18-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 13-январы, № 2) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте бажылык тариздөө жайларында уюштурулат.";
б) 3-бөлүгүндөгү "жана терминалдардын" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарлардын Евразия экономикалык бирлигин бажы аймагы аркылуу өтүүсү, милдеттүү ветеринардык контролдон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.";
г) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ветеринардык көзөмөлгө алынууга тийиш болгон товарлардын тизмеги Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.".
19-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 16-январы, № 3) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" 1998-жыл, № 22);
2) "Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" 1998-жыл, № 22);
3) "Реабилитациялык борборлор, балдар үйлөрү, майыптар үйлөрү жана кары-картаңдар үйлөрү үчүн ташып келинүүчү товарларды бажы алымдарын, төлөмдөрдү жана жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2003-жылдын 18-марты, № 19).
21-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти