Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июну № 271
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 18-июну, № 51) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы "Жаныбарларды" деген сөздөн кийин "жана жаныбарлардан алынган азыктарды" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам жаныбарларды, ошондой эле жаныбардан алынган азыктарды идентификациялоо, каттоо, байкоо жүргүзүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана финансылык негиздерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын аймагында бул ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилейт жана идентификацияланган жаныбарлар жана жаныбардан алынган азыктар боюнча так маалыматтарды алууну камсыздоочу шарттарды түзүүгө багытталган.";
3) 1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
идентификациялоо үчүн көмөкчү материалдар - аппликатор, чиптер үчүн инъекторлор, идентификациялоо каражаттарын таануучу жабдуулар (сканерлер);
топтук идентификациялык номер - чарба жүргүзүүчү субъекттин бир түрдөгү идентификацияланган жаныбарларынын тобуна берилген, аларды өндүрүштүк пайдалануунун мезгилинде топту таратканга жана жойгонго чейин алмашылбаган номер;
Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматтарды эсепке алуунун маалыматтык-талдоо тутуму;
жаныбарлар - айыл чарбасындагы, үйдөгү, зоопарктагы, цирктеги, лабораториядагы жана жапайы жаныбарлар, ошондой эле териси баалуу айбанаттар, канаттуулар, балыктар, аарылар, фаунанын башка түрлөрү, инкубациялык жумурткалар, урукташылган икра, өндүргүчтөрдүн уругу жана эмбриондор;
жаныбарларды идентификациялоо - жаныбарды окшоштуруу процесси, башкача айтканда жаныбардын жашын, жынысын, өңүн, тукумун жана башка зарыл көрсөткүчтөрүн аныктоо;
жеке идентификациялык номер - идентификацияланган жаныбарга визуалдык, электрондук жана аралаш маалыматтык каражаттарды пайдалануу менен берилүүчү, анын өмүрүнүн аягына чейин алмаштырылбай турган жана жаныбардын бир түрүнүн чегинде уникалдуу болуп саналган номер;
жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо - жаныбарлардан алынган азыктардын мүнөздөмөлөрүнүн анын олуттуу белгилери менен окшоштугун белгилөө;
жаныбарлардан алынган азыктардын компоненттери - жаныбар, өсүмдүк, микробиологиялык же минералдык тектеги зат, ошондой эле тамак-аш азыктарын өндүрүүдө колдонулуучу табигый же синтезделген тамак-аш кошулмалары (пищевые добавки);
жаныбарлардан алынган азыктарды маркировкалоо - жаныбардан алынган азыктар жөнүндө жазуулар, сүрөттөр, белгилер, символдор, башка белгилер жана (же) алардын комбинациялары түрүндөгү керектөө таңгагына, ташуучу таңгакка же керектөө таңгагына жана (же) ташуучу таңгакка тиркелген же алардын ичине салынган же болбосо аларга тиркелген маалыматтын башка түрдөгү алып жүрүүчүсүнө түшүрүлгөн маалымат;
идентификациялоо объектилери - ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн жаныбарлар, ошондой эле жаныбарлардан алынган азык, чийки зат;
жаныбардан алынган азыктар - идентификация жана байкоо жүргүзүүнүн объектиси болгон жаныбарлардан, канаттуулардан, балыктардан, аарылардан алынган ар кандай азык жана чийки зат;
жаныбарга (топторго) байкоо жүргүзүү - жаныбардын (жаныбарлардын тобунун) келип чыгуусун, жайгашкан жерин, жер которуштуруусун, жеке маалыматтарын бүткүл жашоо циклинде, ошондой эле алардын союулушуна жана өлүшүнө байкоо жүргүзүү жана белгилөө мүмкүнчүлүгү;
жаныбардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү - жүгүртүүдөгү жаныбардан алынган азыктардын алгачкы өндүрүүчүсүн жана кийинки ээлерин (акыркы керектөөчүдөн сырткары), ошондой эле алардын өндүрүлгөн жерин документ түрүндө (кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүдө) аныктоо мүмкүнчүлүгү;
каттоо - Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматты киргизүү;
чарбанын каттоо номери - чарба жүргүзүүчү субъекттин чарбасына берилүүчү жана анын өндүрүштүк ишинин мезгилинде алмаштырылбай турган номер;
чарба жүргүзүүчү субъект - жаныбарлардын ээси болуп саналган, аларды өндүрүү, багуу, көбөйтүү, сатуу, ташуу менен алектенген, жаныбарларды сойгон, союлган жаныбарлардын азыктарын кайра иштеткен, сатып өткөргөн, жаныбарды сойгондон кийин пайдаланууга жараксыз азыктарын жана өлүк жаныбарларды утилдештирген, жаныбарлардан алынган азыктарды кайра иштеп чыгарган жана саткан, жаныбарларды катыштыруу менен көргөзмөлөрдү өткөргөн менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак жана жеке жак;
идентификациялоо каражаттары - жаныбарларды идентификациялоого мүмкүндүк берген жана идентификациялык номер жана анын айкалышы жөнүндө маалыматты камтыган, ошону менен катар аны автоматтык иштеп чыгуу үчүн визуалдык (бирка, каргы), электрондук (чиптер) каражаттар;
товар коштоочу документтер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу документ;
чарба - өлкөнүн аймагындагы жаныбарлар өстүрүлгөн, багылган, көбөйтүлгөн же турган имараттар, курулмалар жана жайлар, сатуу, союу, санитардык утилдештирүү жайлары, көргөзмө өткөрүүчү жайлар жана ветеринардык-санитардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн объектиси болуп саналган жаныбарлар чогуу кармалган башка жайлар.";
4) 4-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар багылган жана көбөйтүлө турган чарбалар каттоодон милдеттүү өткөрүлүүгө, ал эми жаныбарлар, табигый эркин абалында жүргөн (жапайы) жаныбарларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө идентификациядан жана каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.";
5) 5-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 6-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү
1. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, идентификацияланган жаныбарларды жана алардын кыймылын эсепке алуу, аларга белгиленген үлгүдөгү документтерди тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бодо мал (топоз), жылкы, эшек, качыр, төө, ошондой эле башка жаныбарлар (ит жана мышык) жеке идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
3. Чочко, кой, эчки, коён, үй канаттуулары, аары, балык, териси баалуу айбанаттар чарбалары жаныбарлардын ар бир түрүнө топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
Асыл-тукум баалуулукка ээ чочколор, койлор, эчкилер жеке идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
Чочколорду, койлорду, эчкилерди экспорттоо учурларында импортоочу-өлкөнүн талабы боюнча жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
4. Расмий идентификация жана каттоо тутуму жок өлкөдөн импорттолгон жаныбарлар, ошондой эле үй шартында, зоологиялык бактарда, цирктерде, кармоо үчүн, эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдаланууга ташып киргизилген идентификацияланбаган жаныбарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, дайындалган чарбага келип түшкөн убакыттан баштап 30 күндөн ашпаган мөөнөттө идентификациялануусу жана каттоодон өтүүсү керек.
5. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо азыкты идентификациялоого керектүү болгон маалыматтарды камтыган маркировка жана (же) товар коштоочу документтердин негизинде камсыздалат. Жаныбарлардан алынган азыктардын маркировкасы жана (же) товар коштоочу документтери жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүдө жана сатууда (жүгүртүүгө чыгарууда) анын ичинде аларды кайра иштетүүдө жана утилдештирүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ишке ашырылат.
6. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жаныбарлардын ээлери, жаныбарлардан алынган азыктардын өндүрүүчүлөрү кагаз түрүндөгү же (жана) электрондук алып жүрүүчү менен берилген, өндүрүлгөн же сатып өткөрүлгөн азык, азык-түлүк чийки заттары, алардын компоненттери, колдонулган тоюттар, тоют кошулмалары жана ветеринардык дары-дармек каражаттары алынган жана берилген ар бир субъектти аныктоого мүмкүндүк берүүчү товар коштоочу документтердин негизинде камсыздалат.
Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган документтер азыктар сатып өткөрүлгөндөн кийин 1 жылдан кем эмес мөөнөттө жаныбарлардан алынган азыктардын ээлери жана өндүрүүчүлөрү тарабынан сакталууга тийиш.
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
7) 7-беренесинин 2-бөлүгү "жана мазмуну" деген сөздөрдөн кийин ", жүргүзүү эрежелери" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 8-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:";
9) 9-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
", ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жана жаныбарларды идентификациялоого керектүү болгон башка көмөкчү материалдарды бирдиктүү сатып алууну камсыздоого;";
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаныбарларды идентификациялоо, каттоо жана чарбаларды каттоо боюнча өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын тийиштүү мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жеке ветеринардык иш жүргүзгөн жактарга келишимдин негизинде өткөрүп берет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти