Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июну № 264
Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө
Алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди тартипке салуу боюнча чараларды камсыздоо, "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу ЭРЕЖЕСИ
1. Киришүү
Бул, Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежеси (мындан ары - Эреже) алгыр жырткыч куштар менен аң уулоонун салттуу улуттук түрлөрүн сактоого, ошондой эле алар менен көргөзмөлөргө, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышууну колдоого багытталган жана алгыр жырткыч куштарды кармоонун, күтүүнүн жана пайдалануунун тартибин жөнгө салат.
2. Терминдер жана аныктамалар
Лимит - республиканын аң уулоочу жерлеринин бардык аймагында же айрым бир аң уулоочу жерлерде жаныбарларды алуунун максатына карабастан, популяциялардын туруктуу жашоого жана көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн жаныбарларды олжолоонун жол берилген сандык чеги;
аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастама алган жеке адам, же болбосо аңчыга теңештирилген адам;
мамлекеттик мергенчилик ырастама - жеке адамдын аңчынын статусун алгандыгын ырастоочу мамлекеттик документ;
мамлекеттик экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы айлана-чөйрөнүн же жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр таасир этүүчү чечимдердин экологиялык опурталынын жана коркунучунун деңгээлин аныктоо жолу менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу экологиялык экспертизанын түрү;
алгыр жырткыч куштарды багуучу - жырткыч куштарды багып көбөйтүү жана/же алгыр куш катары пайдалануу максатында колдо кармаган юридикалык же жеке жак.
3. Жалпы жоболор
1. Алгыр жырткыч куштарды олжолоочу жана күтүүчү баардык юридикалык жана жеке жактар бул Эрежени сактоого милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасында жырткыч куштарды олжолоо, колдо кармоо жана алгыр куш катары пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мергенчинин статусу бар адамдар же аларга теңештирилген адамдар гана укуктуу.
3. Жырткыч куштарды жаратылыш чөйрөсүнөн олжолоонун, күтүүнүн жана алгыр куш катары пайдалануунун тартибин аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жөнгө салат.
4. Алгыр жырткыч куштарды олжолоп алуунун лимиттери
4. Алгыр жырткыч куштардын түрлөрүн/түрчөлөрүн олжолоонун лимити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге жана талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жыл сайын белгиленет.
5. Алгыр жырткыч куштарды олжолоонун лимити ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен, алгыр жырткыч куштар боюнча атайын комиссиянын (мындан ары - Комиссия) чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча бекитилет.
6. Алгыр жырткыч куштарды кармоого акынын ставкаларынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.
7. Алгыр куш катары багуу жана пайдалануу үчүн жырткыч куштарды кармап олжолоого арыздарды Комиссия кабыл алат жана алгыр жырткыч куштардын идентификациялык карталарын (паспортторун) берет.
Арыздын формасы жана арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
8. Комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнөн (Комиссиянын төрагасы), илимий мекемелердин, алгыр жырткыч куштарды кармоочулардын ассоциацияларынын, коомдук экологиялык уюмдардын, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле аңчылыкты пайдалануучулардын ассоциацияларынын бирден өкүлүнөн турган 5 адамдан кем эмес курамда (негизги курам) түзүлөт.
Комиссиянын курамында Комиссиянын ишине добуш берүү укугусуз катышуучу секретарь болот.
Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдетин Төраганын орун басары аткарат. Комиссиянын ишинин регламентин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
9. Документтер тиркелген арыздарды Комиссиянын секретары кабыл алат жана Комиссиянын чечимдерин тариздейт.
10. Комиссиянын жыйындары каралуучу маселелердин мазмунуна жараша Комиссиянын секретары тарабынан протоколдонот. Протоколго Комиссиянын жыйынына катышкан баардык мүчөлөр кол коюшат.
11. Эгерде Комиссиянын курамына кирген мүчөлөрдүн кеминде 2/3си катышса Комиссиянын жыйыны мыйзамдуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими катышкан мүчөлөрдүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын саны бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасы же аны алмаштырган адам чечүүчү добуш укугуна ээ болот.
12. Комиссиянын мүчөлөрүнүн кворуму болбогон учурда Комиссиянын жыйынын өткөрүү башка күнгө жылдырылат жана бул жөнүндө Комиссиянын секретары Комиссиянын мүчөлөрүнө жана арыз берүүчүлөргө билдирилет.
13. Комиссияда арыздар тиркелген документтери толук жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болсо каралат.
14. Комиссиянын жыйындары арыздардын түшкөнүнө жараша айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
15. Алгыр жырткыч куштарды олжолоо уруксат берилген сандын чегинде гана, жана Кыргыз Республикасынын белгиленген аймактарында, аймагында алгыр жырткыч куштар олжолонуучу аңчылыкты пайдалануучулар менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
16. Алгыр жырткыч куштарды кармоого Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уруксат берилет.
Уруксаттардын формасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
17. Жеке жана юридикалык жактар жол берген алгыр жырткыч куштарды карман олжолоо мөөнөтүн бузуунун жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү башка эреже бузуулардын фактыларынын аныкталышы алгыр жырткыч куштарды олжолоп кармоого берилген уруксаттын жарактуулугунун токтотулушуна негиз болот.
5. Алгыр жырткыч куштарды күтүүгө карата талаптар
18. Жырткыч куштарды көбөйтүү жана/же алгыр куш катары пайдалануу үчүн күтүүгө уруксат айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жасалуучу мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана Комиссиянын тиешелүү чечими бар адамдарга гана берилет.
19. Алгыр жырткыч кушту кармоочу алгыр жырткыч кушун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине ылайык каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган колдо багылган алгыр жырткыч куштарды каттоо журналын жүргүзүү жолу менен каттоого алат.
Алгыр жырткыч куштарды багуучу колдо багылган алгыр куштарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү идентификациялык карта (паспорт) алууга милдеттүү.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган колдо багылган, олжолоп кармалган (же сатып алынган) жана жумурткадан басып чыгарылган ар бир алгыр жырткыч кушка аны багуучунун арызынын негизинде идентификациялык картаны (паспортту) тариздейт, ошондой шакекче тагуу жана/же эн салуунун (чип орнотуу) процедураларын жүргүзөт.
Белгиленген тартипте таризделбеген алгыр жырткыч куштар мыйзамсыз деп эсептелет да, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып коюлат (конфискацияланат).
Алгыр жырткыч куштардын реестринин формасы жана Алгыр жырткыч куштардын идентификациялык карталарын (паспортторун) берүүнүн, шакекче тагуунун жана/же эн салуунун (чип орнотуунун) эрежеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
22. Колдо кармалып турган алгыр жырткыч куштар түрүнө, жынысына, физиологиялык абалына, биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
- кыймылдоо жана табигый эс алуу үчүн мейкиндиктин көлөмү (калканч, чатыр, уя ж.у.с.);
- акырлар, суу бергичтер, туурлар жана башка жабдуулар;
- санитардык-ветеринардык жана иш-чаралар;
- турган жерин жашоонун калдыктарынан тазалоо тутуму;
- турган жерин желдетүүчү жана сууну аэрациялоо тутуму, ашыкча сууну агызуучу жабык дренаж тутуму.
23. Колдо багылган алгыр жырткыч куштар башка жаныбарларга зыян келтирбегидей алдын алуучу чараларды көрүү жана коопсуздук шарттарын камсыздоо менен багылат.
24. Жайлар алардын өзүнөн өзү ачылып жана алгыр жырткыч куштардын жайдан сыртка чыгып кетишин болтурбоочу фиксаторлору бар, оңой ачылуучу кулпулар, тээктер, илгичтер жана башка изоляциялоочу түзүлүштөр менен жабдылат.
25. Капастар жана вольерлер, жайлардын ички жана тышкы тосмолору алгыр жырткыч куштардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбегидей болууга тийиш.
26. Ар бир алгыр жырткыч кушту кармоо үчүн туурасы 3x4 метр жана бийиктиги 3 метр болгон өзүнчө жайлар (капас, вольер) болууга тийиш.
27. Алгыр жырткыч кушту багуучу жайларды жасоо үчүн материал кыштан, жыгачтан, чоподон болууга жана Г же П формасында конструкцияланууга тийиш.
Жайдын ачык жагы 2 сантиметрден ашпаган металл тор менен конструкцияланат.
28. Жай мезгилинде имарат-жайдын температурасы плюс 25 градус Цельсийден ашпоого, кыш мезгилинде минус 15 градус Цельсийден төмөн түшпөөгө тийиш.
6. Алгыр жырткыч куштар менен аң уулоого карата талаптар
29. Алгыр жырткыч куштар менен аң уулоого укук жеке адамда "аңчынын" статусу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү алгыр жырткыч куштун идентификациялык картасы (паспорту), ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүүчү жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомосу жана атып алуу карточкасы болгон учурда пайда болот.
30. Алгыр жырткыч куштар менен аң уулоодо белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана тиешелүү идентификациялык картасы (паспорту) бар, үйрөтүлгөн алгыр жырткыч куштарды гана пайдаланууга уруксат берилет.
31. Алгыр жырткыч куштарды таптоо жана талаада сыноо аңчылыкты пайдалануучу атайын бөлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аңчылыктын мөөнөтү келгенге чейин эки апта мурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган участоктордо ишке ашырылат.
32. Алгыр жырткыч куштарды маданий, оюн-зоок, демонстрациялык жана кызматтык максаттарда пайдаланган адам алгыр жырткыч куштун түрүнө жана жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү, аны иштетүүдө күч келүүсүн, эс алуусун, тамактануусун жана анын ден соолугуна зыян келтирилбешин караштырган пайдалануу режимин сактоого, ошондой эле жаныбарлардын башка түрлөрүнө жана адамдын саламаттыгына зыян келтирүүсүн болтурбоочу комплекстүү чараларды көрүүгө тийиш.
Алгыр жырткыч куштарды маданий, оюн-зоок жана демонстрациялоо максатында пайдалануунун көрөсөндүүлүгүн арттыруу максатында алардын ден соолугунун абалын начарлатуучу дары жана башка препараттарды колдонууга тыюу салынат.
33. Алгыр жырткыч куштардын урушун уюштурууга, алгыр жырткыч куштардын жарадар же майып болушуна, өлүмүнө дуушарлантуучу, алардын кыйналышын, анын ичинде өлүм алдында жан талашуусун, алгыр жырткыч кушту башка алгыр жырткыч куштарды пайдалануу менен өлтүрүүнү кароо менен коштолуучу башка оюн-зоок иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
34. Эгерде кушту арналган максаты боюнча андан ары пайдалануу мүмкүн болбосо, алгыр жырткыч кушту багуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алгыр жырткыч кушту табигый жаратылыш чөйрөсүнө коё берүү, жапайы жаныбарлардын реабилитациялык борборуна же зоопаркка берүү боюнча маселени кароо жөнүндө кайрылууга милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашып чечим кабыл алат.