Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 токтому менен бекитилген |
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси (мындан ары - "Ата-Бейит" комплекси) - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизги этаптары тууралуу тарыхый эс тутумду калыбына келтирүү жана сактоо максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы мамлекеттик мекеме.
2. "Ата-Бейит" комплекси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Маданият жөнүндө", "Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Уставды жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
3. "Ата-Бейит" комплекси юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган мөөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттарына ээ.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Ата-Бейит" комплексинин уюштуруучусу болуп саналат.
5. "Ата-Бейит" комплекси республикалык бюджеттен каржыланат, негизги жана жүгүртүүдөгү каражатка, өз алдынча баланска, банкта улуттук валютадагы алыш-бериш эсебине ээ.
6. "Ата-Бейит" комплекси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын максаттарына карама-каршы келбеген өз алдынча экономикалык иш жүргүзө алат.
7. "Ата-Бейит" комплексинин аймагында маданий мурас объектилерине зыян келтире турган жана "Ата-Бейит" комплексинин максаттарына жана милдеттерине төп келбеген ар кандай иштерге тыюу салынат.
8. "Ата-Бейит" комплексинин юридикалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси";
- расмий тилде: "Национальный историко-мемориальный комплекс "Ата-Бейит" при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Юридикалык дареги: 724329, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы.
2. "Ата-Бейит" комплексинин негизги максаттары жана милдеттери
10. "Ата-Бейит" комплексинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизги этаптары жөнүндө эс тутумду түбөлүккө калтыруу;
- Кыргызстандын эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн жанын берген улуттун уул-кыздары тууралуу эс тутумду түбөлүккө калтыруу;
- тарыхтын ар түрдүү этаптарында мамлекеттүүлүк идеясын көтөргөн жана аны турмушка ашырган элдин бекемдигин жана эрдигин эскерүү.
11. "Ата-Бейит" комплексинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жаштардын жарандык жана тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, тарыхый эс тутумду сактоого жана маданий-агартуучулук иштери аркылуу муундардын байланышын жакындаштырууга көмөк көрсөтүү;
- тарыхый жана жарандык аң-сезимди калыптандыруу үчүн маданий-агартуучулук иштерди жүргүзүү.
12. "Ата-Бейит" комплекси:
- митинг-реквиемдерди өткөрүүнү уюштурат;
- жалпы жана тематикалык экскурсияларды өткөрөт;
- мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен бирдикте тематикалык, коомдук-тарбиялык иш-чараларды өткөрөт;
- фонддун, ошондой эле "Ата-Бейит" комплексинин түзүмдүк курамына кирген маданий мурас объектилеринин сактоо режимин жана сакталышын камсыздайт;
- өз ишинде колдонуу үчүн архивдерде, китепканаларда жана башка мекемелерде сакталып турган материалдардын маалыматтарын изилдейт;
- Кыргызстан элдеринин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө максатында конференцияларды, семинарларды уюштурат;
- илимий иштерди, монографияларды, жыйнактарды, буклеттерди, жол көрсөткүчтөрдү, проспекттерди, альбомдорду, ошондой эле "Ата-Бейит" комплексинин жарнамалык продукциясын басып чыгарат.
3. "Ата-Бейит" комплексинин аймагы
13. "Ата-Бейит" комплексинин аймагынын жалпы аянты 3,087 гектарды түзөт.
14. "Ата-Бейит" комплексинин курамына төмөнкүлөр кирет:
- скульптуралык композициялар;
- 1937-1938-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына эстелик-мемориал;
- Ч.Т.Айтматовдун эстелиги жана көрүстөн үстүндөгү курулмасы;
- 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган музей;
- 2010-жылдагы апрель окуяларынын курмандыктарына эстелик-мемориал.
15. "Ата-Бейит" комплексинин аймагындагы имараттар, курулмалар, ошондой эле экономикалык иштердин натыйжасында алынган башка мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат жана "Ата-Бейит" комплексинин ыкчам башкаруусунда болот.
16. "Ата-Бейит" комплексинин түзүмдүк курамы анын аймагында жаратылуучу жаңы бөлүктөрдүн (мемориалдар, эстеликтер, музейлер ж.б.у.с.) эсебинен өзгөрүүсү мүмкүн.
4. "Ата-Бейит" комплексин башкаруу
17. "Ата-Бейит" комплексин башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ишке ашырылат.
18. "Ата-Бейит" комплексинин жогорку органы болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (мындан ары - жогорку орган) эсептелет.
19. Жогорку органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- "Ата-Бейит" комплексинин негизги багыттарын аныктоо жана анын ишин координациялоо;
- "Ата-Бейит" комплексинин директорун кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- "Ата-Бейит" комплексинин түзүмүн аныктоо жана штаттык бирдигин бекитүү.
20. Директордун орун басары бар, ал директордун сунушу менен жогорку орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
21. Директор:
- "Ата-Бейит" комплексин жетектейт жана иши үчүн жоопкерчилик тартат;
- бардык каржылык-чарбалык документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ, буйруктарды чыгарат;
- бардык мамлекеттик, коомдук, сот органдарында "Ата-Бейит" комплексинин атынан чыгат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде келишимдерди түзөт, ишеним каттарын берет;
- "Ата-Бейит" комплексинин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана алардын функционалдык милдеттерин, ички күн тартибин аныктайт;
- чыгармачыл-өндүрүштүк иштин, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн комплекстүү, келечектүү жана жылдык пландарын иштеп чыгууну жетекчиликке алат жана аларды бекитет;
- "Ата-Бейит" комплексинин чарбалык ишин пландуу жүргүзүүнү уюштурат, аймакты жашылдандыруу, тазалоо, кайтаруу боюнча уюштуруу иштерин алып барат, көмөкчү чарбаны жүргүзөт, ошондой эле объектилерди капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөөдөн өткөрөт.
5. "Ата-Бейит" комплексинин финансылык иши
22. "Ата-Бейит" комплексин каржылоо булактары катары төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- "Ата-Бейит" комплексине кирүү үчүн сатылган билеттерден, басма жана башка чыгармачыл-өндүрүштүк иштерден түшкөн кирешелер;
- эл аралык жана коомдук фонддордун гранттары;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү жана белектери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр.
23. "Ата-Бейит" комплекси чыгармачыл-өндүрүштүк жана социалдык колдоо фонддорун түзүүгө укуктуу.
6. Отчет берүү жана контролдоо
24. "Ата-Бейит" комплекси белгиленген тартипте:
- өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын иштерин контролдоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
25. "Ата-Бейит" комплексинин ишин финансылык текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. "Ата-Бейит" комплексин кайра уюштуруу жана жоюу
26. "Ата-Бейит" комплексин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.