Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты № 169
Электр энергетика чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 82-беренесине, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 3-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |