Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген) |
Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын
электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн
электр тармактарына технологиялык туташтыруунун
эрежеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 440 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Эреже Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруу процессинде болуучу мамилелерди жөнгө салат жана технологиялык туташтыруудагы иштердин иретин аныктайт.
2. Бул Эреже төмөнкүдөй учурларга карата колдонулат:
- арыз ээсинин объектилеринин биринчи жолу эксплуатацияга киргизилип жаткан электр түзүлүштөрүн технологиялык туташтырууга;
- арыз ээсинин мурда кошулган жана реконструкциялануучу объектилеринин электр түзүлүштөрүнүн кубаттуулугун жогорулатууда;
- арыз ээсинин мурда кошулган объектилеринин электр түзүлүштөрүнүн электр менен камсыздоо боюнча ишенимдүүлүк категориясынын өзгөртүүдө;
- арыз ээсинин объектилеринин мурда кошулган электр түзүлүштөрүнүн электр тармактарына туташуучу чекиттери өзгөртүлгөн учурда.
3. Бул Эреже электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун процедураларын жөнгө салат:
- 35 кВ чейин - бардык электр камсыздоочу уюмдар үчүн кошулуучу кубаттуулуктун бирдиги үчүн бирдей төлөмдү колдонуу;
- 35 кВ жана андан жогору - жеке долбоор боюнча, кошулуучу кубаттуулуктун бирдигине төлөм алынбайт.
4. Бул Эреже технологиялык туташтыруунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн бар же жогу тууралуу критерийлерди аныктайт.
5. Бул Эрежеде төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
убактылуу технологиялык туташтыруу - электр түзүлүштөрүн электр менен камсыз кылуу үчүн ченемдүү мөөнөткө жасалуучу, электр камсыздоонун энергия кабыл алуучу түзүлүштөрүнүн 35 кВ чыңалуудан төмөнкү деңгээлдеги технологиялык туташтыруусу;
генерация - электр станцияларынын ар түрдүү кубаттуулуктагы электр энергиясын чыгаруусу;
электр тармактарынын жеке менчигинин (баланстык таандыгынын) чеги - менчиктөө, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу белгиси боюнча ээлик кылуучулардын ортосунда электр тармактарынын элементтерин бөлүүчү чек;
арыз ээси - объектти курган, реконструкциялаган, профилин өзгөрткөн, планын өзгөрткөн жана жаңы кубаттуулуктагы электр тармактарына кошулууга жана/же туташуу чекитинин өзгөргөнүнө байланыштуу уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан технологиялык туташтыруу жөнүндө арыз менен кайрылган жеке же юридикалык;
жеке долбоор - конкреттүү заказчынын тапшырмасы менен анын конкреттүү шарттарын, талаптарын жана иштерин эске алып түзүлгөн долбоордук-сметалык документтер;
электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүк категориялары - керектөөчүлөрдү алардын электр түзүлүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүнүн иштөөсүнө жараша бөлүштүрүү системасы, аны энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу орган аныктайт;
лицензиат - уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан электр энергиясын чыгаруу, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү же сатуу боюнча ишкердик жүргүзүүчү субъект;
тармактарга кошуу - иштеп жаткан тармакка кошулуучу чекитте туташтыруу боюнча жумуштарды аткаруу;
электр менен камсыздоочу окшош уюм - электр менен камсыздоочу башка уюм сыяктуу эле чыңалуунун бирдей деңгээлине ээ, бирок электр энергиясын берүү жана/же бөлүштүрүү кызматын бекитип берилген аймакта жүргүзүүчү электр менен камсыздоочу уюм;
технологиялык кошулуу - электр тармагына кошулуучу чекитте керектүү кубаттуулукту камсыздоо үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплекси;
техникалык шарттар - техникалык шарттардын иштөө мөөнөтү бүткөнчө лицензианттын электр тармактарына уруксат берилген кубаттуулукта кошулууга арыз ээсине кепилдик берүүчү, лицензиаттын электр тармактарына уруксат берилген кубаттуулукта кошуу үчүн арыз ээси аткарууга тийиш болгон, ал кубаттуулукту, электр камсыздоо булагын, кабыл алгычтын же алып жүрүүчүнүн параметрлерин, жөнгө салуу ыкмасын жана графигин, негизги параметрлерин жана талаптарын аныктоочу документ;
кошуу точкасы - арыз ээсинин электр тармагынын лицензиаттын электр тармактарынын элементтерине кошулуучу жери, аларга жаңы курулуштун, реконструкциянын, профилин өзгөртүүнүн, өзгөртүп пландоонун объекттери кошулат;
энергия берүүчү борбор - арыз ээси кошулуучу электрдик түзүлүш;
электр түзүлүш - электр энергиясын өндүрүүгө, жаңылоого, трансформацияга, өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө жана энергиянын башка түрлөрүнө айлантууга арналган машиналардын, аппараттардын, линиялардын жана көмөкчү жабдуулар (алар орнотулган имараттар жана курулуштар менен кошо).
6. Арыз ээлери өздөрү курган электр түзүлүштөрүн лицензиаттын электр тармагына бул Эрежеде аныкталган тартипте технологиялык туташтырууга укуктары бар.
7. Арыз ээси технологиялык туташтыруу үчүн электр тармагы жакын жайгашкан лицензиатка кайрылат.
Электр тармагынын түрү кошулуучу кубаттуулукка жараша тандалат:
1) кошулуучу кубаттуулук 10 кВт чейин болсо - 0,23 кВ чыңалуудагы электр өткөрүүчү линия;
2) кошулуучу кубаттуулук 3төн 50 кВтка чейин болсо - электр өткөрүү линиясын куруу мүмкүндүгүн эске алуу менен 0,4 кВ чыңалуудагы электр өткөрүүчү линия;
3) кошулуучу кубаттуулук 50 кВттан 2 МВт чейин болсо - 6-10 кВ чыңалуудагы электр өткөрүүчү линия;
4) кошулуучу кубаттуулук 500дөн 10000 кВт чейин болгондо 6-10 кВ чыңалуудагы 35-110 кВ чыңалуудагы көмөк чордон;
5) кошулуучу кубаттуулук 1ден 20 МВт чейин болсо - 35 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү линиясы;
6) кошулуучу кубаттуулук 20 МВт чейин болсо - 35 кВ чыңалуудагы 35-110 кВ чыңалуудагы көмөк чордон;
7) кошулуучу кубаттуулук 10дон 70 МВт чейин болсо - 110 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү линиясы;
8) кошулуучу кубаттуулук 25тен 150 МВт чейин болсо - "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун 220 кВ чыңалуудагы электр тармагынан.
8. Бул Эреженин 7-пунктунда айтылган талаптар арыз ээсинин объекттеринин мурда кошулган электр түзүлүштөрүнүн электр менен камсыздоодогу ишенимдүүлүгү боюнча категориясы өзгөргөн учурга колдонулбайт. Бул учурда электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү боюнча категорияны өзгөртүү үчүн арыз ээси келишим боюнча электр менен камсыздап жаткан лицензиатка же башка лицензиатка кайрылып жана учурдагы келишим боюнча электр менен камсыздап жаткан лицензиатка милдеттүү түрдө билдирүүсү зарыл.
9. Технологиялык туташтырууга техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин аныктоонун критерийлери:
- арыз ээси технологиялык туташтырууга арыз берген учурда электр түзүлүштөрү лицензиаттын же ошого окшош электр менен камсыздоочу уюмдун электр тармагына кошулган башка керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр менен камсыздоонун шарттарын сактоо (электрдик түзүлүштөрдүн суралган категориясын жана электр энергиясынын талапка жооп берген сапатын камсыз кылуу);
- лицензиаттын электр тармактарында кошулуучу кубаттуулукка чектөөлөрдүн жоктугу;
- арыз ээсинин муктаждыгын канааттандыруу үчүн электр менен камсыз кылуучу окшош уюмдардын электр түзүлүштөрүн реконструкциялоого же кеңейтүүгө (жаңыларын курууга) зарылдыктын жоктугу;
- "Кыргыз Республикасынын энергетикалык кубаттуулугу" электрондук картасынын маалымат базасында чектөөлөрдүн жоктугу.
"Кыргыз Республикасынын энергетикалык кубаттуулугу" электрондук картасынын үзгүлтүксүз ишин онлайн режимде камсыздоо, аны квартал сайын жаңылоо жана администрациялоо энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылат.
Жогоруда айтылган критерийлердин бирөө эле аткарылбаса технологиялык туташтырууга техникалык мүмкүнчүлүк жок деп саналат.
10. Конкреттүү аймакты тейлеген лицензиаттардын электр тармактарында аткарылып жаткан же пландалган курулуш, реконструкция, кеңейтүү технологиялык туташтырууга техникалык мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирет жана бул Эреженин 9-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге карабастан эле технологиялык туташтырууга келишим түзүү үчүн негиз болот.
11. Технологиялык туташтырууга техникалык мүмкүнчүлүгү жок учурда, технологиялык туташтыруу лицензиат тарабынан берилген техникалык шарттардын негизинде жеке долбоор боюнча ишке ашырылат.
12. Технологиялык туташтыруу төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) туруктуу, объектти электр менен камсыздоого жана/же иштеп жаткан объекттин пайдаланууга. уруксат берилген кубаттуулугунун ишенимдүүлүгүн арттырууга арналган;
2) убактылуу, объектти куруу мезгилинде же бир жолку жумуштарды аткаруу үчүн.
13. Курулуш жүрүп жаткан мезгилдеги убактылуу технологиялык туташтыруунун кубаттуулугу 1,5 МВт ашпашы керек.
Бир жолку жумуштар үчүн убактылуу технологиялык туташтыруунун кубаттуулугу 0,1 МВт ашпашы керек.
14. Объекттерди электр тармактарына технологиялык туташтыруу үчүн акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
15. Технологиялык туташтыруу үчүн акы жаңы кубаттуулукту туташтыруу үчүн лицензиаттын электр тармагын күчөтүүгө арналат.
Колдонуп жаткан керектөөчүлөр үчүн уруксат берилген кубаттуулукту жогорулатууда технологиялык туташтыруу үчүн акы жаңы кубаттуулук үчүн гана алынат. Бул учурда лицензиат жаңы техникалык шарттарды берүүгө жана электр менен камсыздоо боюнча жаңы келишим түзүүгө милдеттүү. Мында буга чейинки келишим күчүн жоготот жана техникалык шарттар жокко чыгарылат.
Электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүк боюнча категориясы өзгөрүлгөндө технологиялык кошулуу үчүн акы алынбайт.
16. Технологиялык туташтырууда лицензиаттын жана арыз ээсинин милдеттери.
1) Лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
- технологиялык туташтырууга арыз алгандан кийин 20 жумуш күндүн ичинде ушул Эреженин 9-пунктуна ылайык техникалык технологиялык туташтырууга мүмкүнчүлүк бар же жок экенин аныктоого;
- өзүнө тиешелүү электр тармактарына электр түзүлүштөрүн технологиялык туташтыруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүк бар же жок экендигине карабастан суроо-талаптарды кабыл алууга;
- ушул Эреженин 7-пунктунун талаптарына ылайык арыз ээсине туташтыруучу чекитке чейинки аралыкты билдирүүгө, ошондой эле эгерде баштапкы түшкөн суроо-талаптарга ылайык технологиялык туташтыруу үчүн пайдаланууга мүмкүн болсо башка лицензиаттардын электр тармактары тууралуу маалымат берүүгө;
- ушул Эрежеге ылайык арыз ээсине технологиялык туташтыруу үчүн акы төлөнөрүн же акысыз экендигин маалымдоого;
- техникалык мүмкүнчүлүк бар болсо технологиялык туташтырууга келишимдерди түзүүгө;
- технологиялык туташтыруу боюнча иштерди аткарууга (жеке долбоор боюнча технологиялык туташтыруудан башкаларын);
- 1000 кВт ашкан кубаттуулуктагы технологиялык туташтырууну тармагына ушул туташуу кошула турган, чыңалуусу жогорураак деңгээлдеги электр камсыздоочу уюм менен макулдашууга;
2) арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- технологиялык туташуу үчүн лицензиатка акы төлөөгө;
- технологиялык туташуу жөнүндө келишимде жана техникалык шарттарда аныкталган иш-чараларды аткарууга.
17. Лицензиатка арыз ээсине ушул эрежеде каралбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылууга жана милдеттерди аткарууну талап кылууга тыюу салынат.
18. Электр менен камсыздоочу бир уюмдун электр тармактарын электр менен камсыздоочу экинчи уюмдун электр тармактарына технологиялык туташтырууда технологиялык туташтыруу жөнүндө арыз электр тармагына туташтыруучу чекитинде чыңалуусунун деңгээли жогорураак болгон электр менен камсыздоочу уюмга берилет.
19. Электр менен камсыздоочу уюмду чыңалуусу бирдей деңгээлдеги окшош электр менен камсыздоочу уюмга технологиялык туташтырууда технологиялык туташтыруу жөнүндө арыз электр тармагы кубаттуулукту көбөйтө алуучу электр менен камсыздоочу уюмга берилет.
20. Технологиялык туташтыруу лицензиат менен арыз ээсинин ортосундагы технологиялык туташтыруу жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырылат жана технологиялык туташтыруу жөнүндө келишимде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аткарылат.
Лицензиат технологиялык туташтыруу боюнча келишим түзүүдөн негизсиз баш тартса же качса ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга болот.
21. Лицензиаттар өздөрүнүн милдеттерин аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык жооп беришет.
22. Арыз ээси техникалык шарттарды өз убагында аткарбаса, лицензиат арыз ээсинин суранычы боюнча, иш жүзүндө аткарылган жумуштарды эске алуу менен мурда берилген техникалык шарттардын мөөнөтүн узартат.
Техникалык шарттарды узартуу үчүн акы алынбайт.
23. Эгерде долбоорлоо учурунда арыз ээсинде техникалык шарттардын айрымдарын өзгөртүү зарылдыгы пайда болсо, мындай өзгөртүүлөр лицензиат менен макулдашылууга тийиш.
Лицензиат түшкөн кайрылууну 15 жумуш күндүн ичинде карап чыгууга жана сунушталган өзгөртүүлөргө макулдук берүү же жүйөлүү баш тартуу тууралуу чечим чыгарууга милдеттүү. Техникалык шарттарды өзгөртүүдө кошумча акы төлөнбөйт.
24. Мурда берилген техникалык шарттар жоголгон учурда арыз ээси лицензиатка техникалык шарттардын дубликатын берүү тууралуу кайрылса болот. Мындай учурда лицензиат мурда берилген техникалык шарттардын дубликатын берет, эгерде лицензиатта алардын оригиналы жок болсо - электр менен камсыздоонун колдо болгон схемасына жараша, уруксат берилген кубаттуулукту көрсөтүү менен жаңы техникалык шарттарды берсе болот. Арыз ээси лицензиатка жаңы технологиялык шарттарды даярдоого кеткен чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
25. Лицензиат техникалык шарттарды жана технологиялык туташтыруунун келишимдерин электрдик түзүлүштөр электр тармагына иш жүзүндө туташтырылган күндөн тартып арыз ээсине кызмат көрсөтүлүүчү бүткүл мөөнөттө сактайт.
26. Электр түзүлүштөрүн иштетүүгө уруксатты арыз ээсинин кайрылуусунун негизинде энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет.
2-глава. 0,23-0,4-6-10-кВ чыңалуудагы электр түзүлүштөрүн электр
тармактарына технологиялык туташтыруу учурунда арыз ээси менен
лицензиаттын өз ара мамилесинин тартиби
27. Кубаттуулугу 10 кВт чейинки, чыңалуусу 0,23-0,4 кВ деңгээлдеги керектөөчүлөрдү технологиялык туташтырууда технологиялык туташтырууга келишим түзүлбөйт жана акы алынбайт.
Мурда кошулган керектөөчүлөрдүн кубаттуулугун 10 кВт ашык жогорулатканда, технологиялык туташтыруу үчүн акы кошумча кубаттуулуктун ар бир бирдиги үчүн алынат.
28. Уюмдар же жеке адамдар тарабынан кайрымдуулук үчүн курулган маданият объекттерин, спорт курулуштарын жана социалдык багыттагы имараттарды электр тармактарына технологиялык туташтырууда акы толугу менен алынат жана бул объекттер мамлекеттик же муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берилгенде арыз ээсине төлөгөн акысы толугу менен кайра берилет.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана материалдарды пайдаланып курулган жана имараттын энергетикалык сертификаты бар жаңы билим берүү, саламаттыкты сактоо объекттерин, балдар үйлөрүн жана карылар үйлөрүн электр тармактарына технологиялык туташтырууда (имараттын энергетикалык натыйжалуулугу "в" классынан төмөн эмес шкала боюнча) акы алынбайт.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттеринин электр тармактарына кошуу кийин сүрөттөрдү отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына чыгарып берүү аркылуу визуалдык байкоо системасын орнотуу менен жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 440 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Эгерде лицензиат технологиялык туташтыруу боюнча милдетин аткарса жана арыз ээси берилген техникалык шарттарды же технологиялык туташтыруу жөнүндө келишимди аткарбаса, арыз ээсинин технологиялык туташтыруу үчүн төлөгөн акысы кайтарылбайт.
30. Арыз ээси белгиленген тартипте техникалык шарттарды алат жана ушул Эреженин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча технологиялык туташтыруу жөнүндө арыз берет.
Лицензиат технологиялык туташтыруу жөнүндө арызды алган күндөн тартып 20 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине техникалык шарттарды жана ушул Эреженин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кол коюлган технологиялык туташтыруу жөнүндө келишимди жиберүүгө милдеттүү.
Арыз ээси лицензиат тарабынан кол коюлган технологиялык туташтыруу келишимин алган күндөн тартып 20 жумуш күндүн ичинде ага кол коюуга же кол коюудан баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жиберүүгө тийиш.
31. Техникалык шарттарды аткаргандан кийин арыз ээси лицензиатты жана энергетика тармагындагы көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарымдуу мамлекеттик органдын өкүлүн техникалык шарттардын жана технологиялык туташтырууга келишимдин аткарылганын текшерүү үчүн чакырууга милдеттүү, алар текшерүүнүн жыйынтыгында ушул Эреженин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча электр түзүлүштү кароонун (текшерүүнүн) актысын түзүшөт.
Эгерде лицензиат тарабынан жеке жактын турак жайын 0,23-0,4 кВ чыңалуусундагы электр тармактарына кошуу точкасы жакынкы таянычында аныкталса, туташтырууну лицензиат жүргүзөт.
32. Технологиялык туташтыруу боюнча иш-чаралар аяктаган соң, лицензиаттын электр тармактарына арыз ээсинин электр түзүлүштөрү кошулганга чейин, арыз ээси менен лицензиат технологиялык туташтыруу жөнүндө актыны жана тараптардын баланстык таандыгын бөлүштүрүү актысын ушул эрежелердин 4 жана 5-тиркемелерине ылайык түзүшөт.
33. Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишке киргизүү нарядын арыз ээси бергенден тартып, лицензиат 5 жумуш күндүн ичинде объектти электр тармактарына туташтырат жана арыз ээси менен электр камсыздоого келишим түзөт.
34. Арыз ээси лицензиатка технологиялык туташтыруу үчүн лицензиат тарабынан кошулуучу кубаттуулуктун бирдиги үчүн бардык электр камсыздоочу уюмдар үчүн бирдей төлөмдүн негизинде аныкталган суммасын жана электр тармактарына арыз ээсинин электр түзүлүштөрүн туташтыруу үчүн сумманы төлөйт.
3-глава. 35-110-220 кВ чыңалуусундагы электр түзүлүштөрүнүн
электр тармактарына технологиялык туташтыруудагы арыз ээси
менен лицензиаттын өз ара мамилелеринин тартиби
35. Ушул эрежелердин 7-пунктунун 4-8-пунктчаларында көрсөтүлгөн электр тармактарына тиешелүү кошуу точкасына электр түзүлүштөрүн туташтыруу ниети бар арыз ээси лицензиатка жазуу жүзүндө алдын ала суроо-талапты жөнөтөт, анда электр түзүлүштөрүнүн түрү, параметрлери, пландалган жайгаштыруу орду, жүктөмдүн мүнөзү, каалаган туташтыруу точкасын жана электр тармактарына пландалган кошуу убактысын камтыган маалыматты, ошондой эле өзү каалаган башка керектүү алдын ала маалыматты жөнөтөт.
36. Арыз ээси тарабынан бир эле электр түзүлүштөрүн технологиялык туташтыруу, анын ичинде электр тармактарына эки же андан ашык кошуу точкаларын колдонууну караган электр камсыздоонун туруктуу категориясы боюнча өзгөчө талаптар коюлган электр түзүлүштөрүн технологиялык туташтыруу боюнча алдын ала суроо-талапты бир убакта эки же андан ашык лицензиатка жөнөтө алат.
37. Арыз ээси электр камсыздоонун эки же андан көп булактарын колдонууну караштырган электр камсыздоонун ишенимдүүлүк категориясын колдонгон электр түзүлүштөрүнүн технологиялык туташтыруусу боюнча эки же андан ашык алдын ала суроо-талапты ар башка лицензиатка жөнөткөн учурда, бул жөнүндө лицензиаттарды билдириши керек.
38. Лицензиат арыз ээсинин технологиялык туташтыруусу боюнча алдын ала берген суроо-талабына жооп берүүгө даярданууда ушул эрежелердин 9-пунктун жетекчиликке алууга милдеттүү.
39. Лицензиат алдын ала берген суроо-талабын алгандан кийин арыз ээсин 20 жумуш күндүн ичинде технологиялык туташтыруу жол-жобосу жөнүндө маалымдоого жана анын варианттарын сунуштоого милдеттүү.
40. Технологиялык туташтыруунун тандаган вариантына жараша арыз ээси белгиленген тартипте техникалык шарттарды алат.
41. Арыз ээси техникалык шарттарды алдын ала суроо-талапты жөнөтпөй деле алганга укугу бар.
42. Техникалык шарттар аткарылгандан кийин арыз ээси лицензиатты жана энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүн чакырууга милдеттүү, алар ушул эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча техникалык шарттардын аткарылышын текшеришип, электр түзүлүштөрүн кароо (текшерүү) актысын түзүшөт.
43. Электр тармактарына туташтыруу иш-чаралары аяктаган соң, арыз ээси жана лицензиат электр түзүлүштөрүн туташтырууга чейин тараптардын менчиктерин (электр тармактарынын баланстык таандыгын) чектөө жөнүндө ушул эрежелердин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча акт түзүшөт.
44. Арыз ээси энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген туташтыруу нарядын көрсөткөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде лицензиат объектти электр тармактарына туташтырат жана арыз ээси менен келишим түзөт.
4-глава. Генерациялоочу булактардын, ошондой эле бөлүштүрүү
электр камсыздоочу уюмдардын электр тармактарын Улуттук электр
тармактарына же чектеш электр камсыздоочу уюмдардын электр
тармактарына технологиялык туташтыруусу
45. Жаңы генерациялоочу булакты технологиялык туташтыруу же кошуу точкасында уруксат берилген кубаттуулукту жогорулатуу ниети бар генерациялоочу булактын ээси технологиялык туташтырууга өтүнмөнү электр камсыздоочу уюмга берүүгө милдеттүү.
Өтүнмө берилгенге чейин генерациялоочу булактын менчик ээси электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматтык системасы менен аларды электр энергиясынын санын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасына интеграциялоо аркылуу эсепке алуу приборун орнотууга милдеттүү:
– генераторлор тарабынан иштелип чыккан;
– жеке жана чарбалык муктаждыктар үчүн керектелген;
– булактын шиналарынан түздөн-түз керектөөчүлөргө кеткен линиялар боюнча керектөөчүгө берилген.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 440 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Генерациялоочу булактын бөлүштүрүү түзүлүштөрүнө технологиялык туташтыруу ниети бар бөлүштүргөн электр камсыздоочу уюму технологиялык туташтырууга өтүнмөнү ушул генерациялоочу булактын ээсине берүүгө милдеттүү.
47. Бөлүштүргөн электр камсыздоочу уюму, эгерде анын тармактарына кошулган электр түзүлүштөрүнүн иш жүзүндөгү кубаттуулугу уруксат берилген кубаттуулуктун белгилеринен ашып кеткен учурларда, Улуттук электр тармактарына же чектеш электр камсыздоочу уюмунун тармактарына технологиялык туташтырууга өтүнмөнү берүүгө милдеттүү.
48. Электр камсыздоочу уюм уруксат берилген кубаттуулугун жогорулатуу үчүн же жаңы технологиялык туташтыруу максатында технологиялык туташтырууга өтүнмөнү берүү ушул эрежелердин 2 жана 3-главаларында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
49. Технологиялык туташтыруу ушул эрежелерге ылайык жеке долбоор боюнча ишке ашырылат.
50. Бөлүштүргөн электр камсыздоочу уюмдун электр түзүлүштөрүн бөлүштүргөн башка электр камсыздоочу уюмдун электр тармактарына технологиялык туташтырууда электр тармактарынын чыңалуу деңгээли жогору болгон электр камсыздоочу уюмга технологиялык туташтырууга өтүнмө белгиленген тартипте берилет.
51. Бөлүштүргөн электр камсыздоочу уюмдун электр тармактарына ушундай эле чыңалуу деңгээли бар бөлүштүргөн чектеш электр камсыздоочу уюмдун электр тармактарына технологиялык туташтырууда, электр энергиясынын (кубаттуулугун) агымын жогорулатуу талап кылынган электр камсыздоочу уюм тарабынан технологиялык туташтырууга өтүнмө белгиленген тартипте берилет.
52. Бөлүштүргөн электр камсыздоочу уюм квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна - Системалык операторуна төмөнкү маалыматтарды берүүгө милдеттүү:
- подстанциялар боюнча берилген техникалык шарттарына жараша жалпы кубаттуулугу жөнүндө;
- өздөрүнүн тармактык объектилерине техникалык шарттардын негизинде берилген жана иш жүзүндө кошулган кубаттуулуктун көлөмү жөнүндө, техникалык шарттар берилген кошулуунун диспетчердик аталышын жана подстанциялардын аталыштарын көрсөтүү менен;
- өткөн кварталда өздөрүнүн электр түзүлүштөрүнө технологиялык туташтырууга арыз ээлеринен түшкөн өтүнмөлөрүндө көрсөтүлгөн жалпы кубаттуулук жөнүндө жана технологиялык туташтырууга түзүлгөн келишимдер тууралуу, техникалык шарттар берилген кошулуунун диспетчердик аталышын жана подстанциялардын аталыштарын көрсөтүү менен.
53. Системалык оператор бөлүштүргөн электр камсыздоочу уюм тарабынан берилген техникалык шарттар тууралуу маалыматты жалпылайт жана квартал сайын "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүдөй маалыматты берет;
- берилген техникалык шарттар боюнча кубаттуулуктун көлөмү жөнүндө;
- берилген техникалык шарттар боюнча кошулган кубаттуулуктун көлөмү жөнүндө.
54. Жаңы же кошумча кубаттуулукту кошууга техникалык мүмкүнчүлүктөр калбай калганда Системалык оператор бул тууралуу бөлүштүргөн электр камсыздоочу уюмга билдирет.
5-глава. Колдонулбаган кубаттуулукту кайрадан бөлүштүрүүдө электр
түзүлүштөрүн технологиялык туташтыруунун тартиби
55. Электр түзүлүштөрү ушул эреженин 7-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн электр тармактарына кошулган арыз ээлери электр түзүлүштөрүнүн башка ээлери менен сүйлөшүп алып, башка электр түзүлүштөрүнүн ээлеринин пайдасына бир энергия берүү борборунун чегинде кошулган кубаттуулуктун төмөндөтүү көлөмүн бир мезгилде кайра бөлүштүрүү менен өзүнүн кошулган электр түзүлүшүнүн кубаттуулугунун көлөмүн төмөндөтүүгө укугу бар.
56. Уруксат берилген кубаттуулукту кайра бөлүштүрүүдө келип чыккан арыз ээлеринин жана башка электр түзүлүштөрүнүн ээлеринин ортосундагы мамилелер алардын жазуу жүзүндө түзүлгөн, уруксат берилген кубаттуулукту кайра бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.
57. Уруксат берилген кубаттуулукту кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда арыз ээлеринин жана электр түзүлүштөрүнүн башка ээлеринин аталыштары жана маалым даректери, арыз ээлеринин электр түзүлүштөрү кошулган энергия берүү борбору, электр түзүлүштөрүнүн жайгашкан орду жана кайрадан бөлүштүрүлүүчү кубаттуулугу көрсөтүлөт.
58. Уруксат берилген кубаттуулукту кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну түзгөн арыз ээлери жана электр түзүлүштөрүнүн башка ээлери анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн электр тармактарына мурда технологиялык кошулган же арыз ээлеринин электр түзүлүштөрүн кошкон лицензиатка жөнөтүшөт.
59. Уруксат берилген кубаттуулукту кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө түшкөн макулдашуунун негизинде лицензиат уруксат берилген кубаттуулукту кайрадан бөлүштүрөт жана арыз ээлери менен кубаттуулукту кайрадан бөлүштүрүүгө кайрылган электр түзүлүштөрүнүн башка ээлерине жаңы техникалык шарттарды берет.
60. Уруксат берилген кубаттуулукту кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун негизинде электр түзүлүштөрүнүн башка ээлерин технологиялык туташтырууда ушул технологиялык туташтыруу үчүн акы алынбайт.
| Генерациялоочу булактардын, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруу эрежелерине 1-тиркеме |
Форма
Технологиялык туташтырууга өтүнмө ____________________________________________________________________________________ электр (лицензиаттын аталышы) тармактарына технологиялык туташтырууга келишимдин долбоорун жөнөтүүнү өтүнөмүн
1. Арыз ээсинин маалым даректери: фамилиясы, аты, атасынын аты, өзүн күбөлөндүргөн документи __________________________ ______________________________________________________________________________________
2. Арыз ээсинин жашаган жери (почта дареги): ____________ ______________________________________________________________________________________
3. Кошулуучу объектке укук белгилөөчү документтери: ______ ______________________________________________________________________________________
4. Талап кылынган кубаттуулукту: _________________________________________________________ кВт, анын ичинде электр энергиясы менен жылытууга ___________________________________________ кВт.
20___-ж. "___" ________________
Арыз ээсинин колу (арыз ээсинин өкүлү): _____________________________
Өкүлдүн ишеним катынын номери жана датасы _______________________
Байланышуучу адам: толук аты-жөнү ________________________________
тел.: ____________________________________________________________ |
| Генерациялоочу булактардын, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруу эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
Технологиялык туташтырууга келишим | |
№ ____________________ | 20___-ж. "___" __________________ |
Лицензиат _______________________________________________________________, ___________________________________________________________________________________ атында (кызмат орду, лицензиаттын ыйгарым укуктуу жагынын фамилиясы, аты, атасынын аты) _________________________________________________________________ негизинде аракеттенген, (лицензиаттын атынан аракеттенген жактын ыйгарым укуктарын белгилеген документтин аталышы жана маалым даректери) бир тараптан, жана ____________________________________________________________, (жеке жактын толук аты-жөнү; же юридикалык жактын аталышы, юридикалык жактардын мамлекеттик реестрдеги жазуусунун номери, юридикалык жактын атынан аракеттенген жактын фамилиясы, аты, атасынын аты жана укуктарын белгилеген документтин аталышы жана маалым даректери; же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке ишкерлердин мамлекеттик реестриндеги жазуусунун номери жана реестрге киргизген датасы) мындан ары Арыз ээси деп аталып экинчи тараптан, чогуу Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
I. Келишимдин предмети
1. Ушул Келишим боюнча Лицензиат Арыз ээсинин электр түзүлүштөрүн _____________________________________________________________________________________ (кошуу точкасы) технологиялык туташтырууга (мындан ары - технологиялык туташтыруу), анын ичинде электр түзүлүштөрүнүн кошулууга даярдыгын камсыз кылуу боюнча милдеттенмени төмөнкү мүнөздөмөлөрдү эске алуусу менен өзүнө алат: кошулуучу электр түзүлүштөрүнүн __________ кВт максимумдук кубаттуулугун; _______ ишенимдүүлүк категориясын; ______ кВ технологиялык туташтыруу ишке ашырылган электр түзүлүштөрүнүн чыңалуусунун классы; кошуу точкасындагы мурда кошулган кубаттуулугу _____________________ кВт. Арыз ээси ушул Келишимдин шарттарына ылайык чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттенет. 2. Технологиялык туташтыруу _________________________________________________ (арыз ээсинин объекттеринин жайгашкан орду) жайгаштырылган (жайгаштырыла турган) _______________________________________, (керектүүсүнүн алдын чийгиле) (арыз ээсинин объекттеринин аталышы) электр энергиясы менен жабдуу үчүн зарыл. 3. Техникалык шарттар ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана тиркемеде келтирилген.
II. Тараптардын милдеттери
5. Лицензиат төмөнкүлөргө милдеттенет: - ушул Келишим боюнча, анын ичинде Лицензиатка жүктөлгөн туташтыруу точкасына чейин технологиялык туташтыруу иш-чараларын аткаруу боюнча (башка жактар менен мамилелерди жөнгө салууну кошуп) милдеттерин талаптагыдай аткарууга; - Арыз ээсинен техникалык шарттарын аткаруу жөнүндө билдирүүнү алгандан тартып 5 жумуш күндүн ичинде Арыз ээси техникалык шарттарды аткарышын текшерүүгө жана текшергенден кийин Арыз ээси техникалык шарттарды аткаргандыгын, ырастаган документти тариздөөгө, же техникалык шарттарды аткаруунун сапатына (толуктугуна) эскертүүлөрдү жоюу боюнча тапшырмасын Арыз ээсине тапшырууга; - Арыз ээсинен техникалык шарттарды аткаруунун сапатына (толуктугуна) эскертүүлөрдү жоюу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Арыз ээси техникалык шарттарды аткаргандыгын текшерүүгө жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Арыз ээси техникалык шарттарды аткаргандыгын ырастаган документти тариздөөгө, же техникалык шарттарды аткаруунун сапатына (толуктугуна) эскертүүлөрдү жоюу жөнүндө жаңы тапшырмасын Арыз ээсине тапшырууга; - Арыз ээсинин электр орнотмосун электр тармактарына иш жүзүндө кошуу энергетика чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген электрди жагууга нарядды алгандан тартып 5 иш күндөн кечиктирбей жүзөгө ашырууга. Арыз ээсинин катышуусунда электр тармактарынын баланстык таандыгын бөлүштүрүү актысын же технологиялык туташтырууну жүзөгө ашыруу боюнча актыны түзүүгө. 6. Лицензиат макулдашылган мөөнөттө Арыз ээси тарабынан техникалык шарттар аткарылбаганда, Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча техникалык шарттарды колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Мында кошумча төлөм алынбайт. 7. Арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - техникалык шарттарда белгиленген милдеттерди талаптагыдай аткарууга; - техникалык шарттарда каралган иш-чараларды аткаргандан кийин, алардын аткарылгандыгы жөнүндө Лицензиатка билдирүүгө; - лицензиат тарабынан Арыз ээсинин электр түзүлүштөрүн электр тармактарына иш жүзүндө туташтырууга чейин электр тармактарынын баланстык таандыгын бөлүштүрүү актысына, технологиялык туташтыруу жөнүндө актысына кол коюуга; - ушул Келишимдин III бөлүмүндө белгиленген технологиялык туташтырууга сумманы төлөө боюнча милдеттерди тиешелүү түрдө аткарууга; - Лицензиатка 2 же андан көбүрөөк электр менен камсыздоочу булактарын пайдаланууну кароочу электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүк категориясы колдонулган электр түзүлүштөрүн технологиялык туташтыруусунда чектеш электр менен камсыздоочу уюмдарга өтүнмөлөрдү жибергендиги жөнүндө билдирүүгө.
III. Технологиялык туташтырууга төлөм жана эсептөө тартиби
8. Технологиялык туташтырууга төлөм __________________________________________________ (ТЭК жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын чечиминин аталышы) кубаттуулугуна кошулуучу бирдик үчүн белгиленген өлчөмгө ылайык аныкталат жана ________ сомду (НДС жок) түзөт. 9. Арыз ээси тарабынан технологиялык туташтырууга төлөмдү төмөнкүдөй тартипте берет: - технологиялык туташтырууга төлөмдүн 50 пайызы Келишим түзүлгөн датадан тартып 60 күндүн ичинде берилет; - технологиялык туташтырууга төлөмдүн 40 пайызы арыз ээси тарабынан техникалык шарттарды аткаргандыгы жөнүндө актысына, ошондой эле электр тармактарынын баланстык таандыгын бөлүштүрүү жөнүндө актыга тараптар кол койгон күндөн тартып 15 күндүн ичинде берилет; - технологиялык туташтырууга төлөмдүн 10 пайызы иш жүзүндө кошулган күндөн тартып 15 күндүн ичинде берилет. 10. Арыз ээси тарабынан технологиялык туташтырууга төлөө милдеттерин аткаруу датасы болуп акча каражаттарынын кассага же Лицензиаттын алыш-бериш эсебине түшкөн дата саналат. 11. Арыз ээси тарабынан технологиялык туташтырууга төлөө милдеттерин аткаруу мөөнөттөрү бузулса, Арыз ээси ар бир мөөнөтүн өткөрүп жиберген күн үчүн төлөнбөгөн суммасынын 0,1% өлчөмүндө, бирок технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн 10% ашпаган өлчөмдө үстөк айып төлөйт.
IV. Электр тармактарынын баланстык таандыгын бөлүштүрүү
11. Арыз ээси өзүнүн менчигинде турган тармактарынын чектеринде жооптуу болот, Лицензиат - өзүнүн тармактарын Арыз ээсинин тармактарына туташтыруу точкасына чейин. Арыз ээси туташтыруу точкасында контакттык туташтырууну тейлейт жана ага жооп берет.
V. Келишимди өзгөртүү, күчүн жокко чыгаруу шарттары жана Тараптардын жоопкерчиликтери
12. Ушул Келишим Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча же соттук тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн. 13. Келишим Тараптардын биринин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган негиздер боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн. 14. Ушул Келишим боюнча милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 15. Эгерде бул Келишим Тараптар кол койгондон кийин келип чыккан жана ушул Келишим боюнча милдеттерин Тараптардын аткарышына түздөн-туз таасир тийгизген ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен Келишим боюнча милдеттерин жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
VI. Талаштарды чечүү тартиби
16. Ушул келишимди аткарууда, өзгөртүүдө, күчүн жокко чыгарууда келип чыгышы мүмкүн талаш-тартыштарды Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечишет.
VII. Корутунду жоболор
17. Ушул келишим Лицензиатка ушул келишимдин Арыз ээси тарабынан кол коюлган нускасы келип түшкөн күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана Тараптар өз милдеттерин аткарганга чейин колдонулат. 18. Ушул Келишим эки нускада, ар бир Тарапка бирден түзүлдү жана кол коюлду.
Тараптардын маалым даректери | |
Лицензиат |
| Арыз ээси |
_____________________________________________ |
| ______________________________________________ |
(Электр менен камсыз кылуу кызматынын аталышы) |
| (юридикалык жактар үчүн - толук аталышы, |
_____________________________________________ |
| юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик |
(жайгашкан жери), ИНН/КРР, а/с, е/с |
| реестринде номери, ИНН |
_____________________________________________ |
| ______________________________________________ |
(лицензиаттын атынан иш-аракет кылган |
| (юридикалык жактын атынан иш-аракет |
адамдын кызмат орду, аты-жөнү |
| кылган адамдын аты-жөнү, кызмат орду) |
|
| ______________________________________________ |
_____________________________________________ |
| (жайгашкан жери, жеке жактар үчүн: аты-жөнү, |
(Колу) Мөөр |
| Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде жазылган номери жана аны реестрге киргизген датасы, паспортунун же ким экендигин ырастаган документтин сериясы, номери жана берилген датасы, ИНН, жашаган жери) |
|
|
|
|
| ______________________________________________ |
|
| (Колу) |
|
| Мөөр |
| Генерациялоочу булактардын, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруу эрежелерине 3-тиркеме |
Форма Электр түзүлүшүн кароо (текшерүү) акты | |
№ ____________________ | 20___-ж. "___" __________________ |
Биз, лицензиаттын кызмат адамы ___________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, телефону, уюмдун аталышы, дареги) арыз ээси (арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү) _________________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, уюмдун аталышы, дареги, кызматы, телефону)
энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү _________________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, уюмдун аталышы, дареги, кызматы, телефону)
20___-ж. "___" _____________ тартып 20___-ж. "___" _____________ чейин ______________________ № ____________________________ Технологиялык туташтыруу келишиминин "___" _________________ № ________________________________ техникалык шарттарынын алкагында курулган (реконструкцияланган) _____________________________________________________________ (электр түзүлүштөрүнүн тизмеси, дареги) электр түзүлүштөрүн кароо жүргүзүлгөндүгү тууралуу ушул актты түздүк.
Техникалык шарттарга ылайык технологиялык туташтыруунун мүнөздөмөлөрү:
- буга чейин туташтырылган (иштеп жаткан) _______ кВт максималдуу кубаттуулукту эске албагандагы максималдуу кубаттуулук; - буга чейин туташтырылган (иштеп жаткан) _______ кВт максималдуу кубаттуулукту эске алуу менен максималдуу кубаттуулук.
Туташтыруучу чекиттердин тизмеси: | |
Туташтыруу чекити | Энергия берүү булагы (энергия берүү линияларынын аталышы) | Туташтыруу чекитинин баяндамасы | Чыңалуу деңгээли (кВ) | Максималдуу кубаттуулук (кВт) | Электр камсыздоонун ишенимдүүлүк категориясы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кароодо төмөнкүлөр белгиленген:
1. Кароого көрсөтүлгөн электр түзүлүштөрүнүн тизмеси жана мүнөздөмөлөрү:
____________________________________________________________________________________________
(кабелдердин, зымдардын тиби, кубаттуулугу, чыңалуусу, саны, узундугу,
____________________________________________________________________________________________
маркасы жана кесилиши, линиялардын мүнөздөмөлөрү ж.б.)
2. Орнотулган эсепке алуу приборлору (өлчөө комплекстери, эсепке алуу системалары):
____________________________________________________________________________________________
(орнотулган орду, эсепке алуу приборлорунун жана өлчөө трансформаторлорунун тиби,
____________________________________________________________________________________________
тактык класстары, трансформация коэффициенттери, акыркы текшерүү датасы ж.б.)
3. Релейлик коргоо, аварияга каршы жана режимдик автоматика орнотмолору:
____________________________________________________________________________________________
(коргоо жана автоматика түрлөрү, жабдуулардын түрлөрү ж.б.)
4. Энергия берүүнүн автономдуу резервдик булагы:
____________________________________________________________________________________________
(орнотуу орду, тиби. кубаттуулугу, чыңалуусу ж.б.)
5. Кароо учурунда берилген документтер:
____________________________________________________________________________________________
(документтердин аталыштары жана реквизиттери)
____________________________________________________________________________________________
6. Аныкталган сын пикирлер:
Кароо жыйынтыктары боюнча корутунду:
____________________________________________________________________________________________
Башка белгилер:
Лицензиаттын кызмат адамы "________________________________________________________________"
____________________________________________________
(кызматы)
____________________________________________________
Колу (аты-жөнү)
Арыз ээси
____________________________________________________
(кызматы)
____________________________________________________
Колу (аты-жөнү)
Энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү
____________________________________________________
(кызматы)
____________________________________________________
Колу (аты-жөнү)
| Генерациялоочу булактардын, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруу эрежелерине 4-тиркеме |
Форма Технологиялык туташтыруу жөнүндө акт | ||
№ ____________________ | 20___-ж. "___" __________________ | |
Лицензиат _______________________________________________________________ __________________________________________________________________ атынан, ____________________________________________________ негизинде аракеттенген _________________________________________________________________________ жана ____________________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын аты-жөнү) мындан ары - "Арыз ээси" _________________________________________________ __________________________________________________________________ атынан, ____________________________________________________ негизинде аракеттенген экинчи тараптан мындан ары чогуу Тараптар деп аталып, ушул Технологиялык туташтыруу жөнүндө актты (мындан ары - Акт) түзүштү жана ага кол коюшту.
1. Ушул Актта Тараптар Лицензиат тарабынан Арыз ээсинин электр түзүлүштөрүн электр тармагына туташтыруу боюнча төмөнкүдөй белгилер менен мүнөздөлүүчү милдеттеринин аткарылышын ырасташат: Келишимдин №: ____________________________________ ________________ Техникалык шарттардын №: _________________________ _________________ Объект: ____________________________________________________________ Объекттин дареги: ___________________________________________________ Уруксат берилген кубаттуулук (кВт) _____________________________________ Туташтырылган кубаттуулугу (ток алуучулардын белгиленген кубаттуулугу (кВт менен) же трансформатордук кубаттуулугу (кВА менен): _________________ Негизги энергия берүү булагы: __________________________________________ Резервдеги энергия берүү булагы: _______________________________________ 2. Ушул Акт менен Арыз ээсинин электр түзүлүштөрүн Лицензиаттын ("__________") электр тармагына технологиялык туташтыруу толук көлөмдө аткарылгандыгы ырасталат. 3. Арыз ээсинин энергия алуучу түзүлүштөрдү туташтыруу боюнча милдеттерди аткаруунун сапатына жана мөөнөтүнө байланышкан Лицензиатка карата эч кандай дооматтары жок. 4. Акт 2 нускада түзүлдү жана кол коюлду.
| ||
Лицензиат тарабынан: | Арыз ээси тарабынан: | |
_______________/_______________/ ________________/________________/ | ||
|
|
|
| Генерациялоочу булактардын, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруу эрежелерине 5-тиркеме |
Форма Баланстык таандыгын бөлүштүрүү акты
| |
№ ____________________ | 20___-ж. "___" __________________ |
_______________________________________________________________________________ (Лицензиаттын толук аталышы) мындан ары "________________________________________________________" деп аталып, ___________________________________________________________________ атынан (Тармактык уюмдун өкүлүнүн аты-жөнү) __________________________________________________________ негизинде аракеттенген (уставдын, ишеним каттын, башка документтердин)
бир тараптан жана ______________________________________________________________, (юридикалык жактын - арыз ээсинин толук аталышы, арыз ээсинин - жеке жактын аты-жөнү) мындан "Арыз ээси" деп аталып, ____________________________________________ атынан (арыз ээсинин өкүлүнүн аты-жөнү) __________________________________________________________ негизинде аракеттенген, (уставдын, ишеним каттын, башка документтердин)
экинчи тараптан, мындан ары Тараптар деп аталып, Тараптардын электр түзүлүштөрүнүн баланстык таандыгынын чегин аныктоочу ушул Актты түзүштү жана ага кол коюшту. Ушул акт менен баланстык таандыгынын чеги белгиленүүчү Тараптардын электр түзүлүштөрү төмөнкү даректе жайгашкан:
Технологиялык туташтыруу жөнүндө акт ___№ ____________________ Туташтыруу мүнөздөмөлөрү: максималдуу кубаттуулугу _____________________________________ кВт; Электр тармагына туташтырылган трансформаторлордун номиналдуу кубаттуулугунун жыйынды чоңдугу __________ кВА.
Туташтыруу чекиттеринин тизмеси: | |
Туташтыруу чекити | Энергия берүү булагы (энергия берүүчү линиялардын аталышы) | Туташтыруу чекитинин баяндамасы | Чыңалуу деңгээли (кВ) | Максималдуу кубаттуулук (кВт) | Туташтырылган трансформаторлордун номиналдуу кубаттуулугу (кВА) | Электр камсыздоонун ишенимдүүлүк категориясы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Тараптардын баланстык таандыгынын чегинде электр тармагынын төмөнкүдөй технологиялык бириктирилген элементтери жайгашкан:
Электр түзүлүшүнүн (жабдууларынын) аталышы "________________________________" | Арыз ээсинин электр түзүлүшүнүн (жабдууларынын) аталышы |
|
|
|
|
Тараптардын баланстык таандыгынын чеги төмөнкүдөй белгиленген:
_______________________________________________________________________________
(баланстык таандыгынын чегинин баяндамасы)
|
Тараптардын баланстык таандыгынын чеги төмөнкү электр түзүлүштөрүн туташтыруунун төмөндө келтирилген схемасында көрсөтүлгөн.
Арыз ээсинин электр алуучу түзүлүштөрүн жана/же электр түзүлүштөрүн тышкы тармакка (Арыз ээсине таандык эмес) бир сызыктуу туташтыруу схемасы, Тараптардын менчигин чек ара схемасына көрсөтүү менен.
Бир сызыктуу схемада электр түзүлүштөрүнүн (жабдуулардын) ээлери, коммерциялык эсепке алуу приборлорунун жайгашышы, зымдардын (кабелдердин) узундугу жана маркасы, электр тармагынын түзүлүштөрүн (электр кубаттуулугунун реакторлорун, статикалык конденсаторлордун батареяларын) компенсациялоочу трансформаторлордун тиби жана кубаттуулугу көрсөтүлүшү керек.
Башка маалыматтар:
Тараптардын колу
__________________________________________________
(кызмат орду)
__________________________________________________
Колу (аты-жөнү)
__________________________________________________
(кызмат орду)
__________________________________________________
Колу (аты-жөнү)