Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты № 170
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 7-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин полиграфологиялык изилдөөдөн өтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди полиграфологиялык изилдөөдөн өткөрүүнү уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- 2018-жылга полиграфологдун кызматтарын мамлекеттик сатып алууну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынан каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча 2019-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте полиграфологдун кызматтарын мамлекеттик сатып алуу үчүн акча каражаттарын карасын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 170 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин полиграфологиялык изилдөөдөн өтүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди сынактык тандоодогу полиграфологиялык изилдөөдөн өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Ушул жободо колдонулган түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) полиграф - сурамжылоо учурунда адамдын психофизиологиялык параметрлерин бир эле учурда каттай турган (анын ичинде дем алуунун, жүрөк кан тамырларынын активдүүлүгүнүн, терисинин каршылыгын жана башка физиологиялык процесстердин параметрлерин) жана каттоонун натыйжасын аналогдук жана (же) санариптик түрдө бере турган техникалык каражат;
2) полиграфологиялык изилдөө - ушул жобо менен каралган учурларда жана тартипте өткөрүлгөн, сурамжылоо жолу менен суралып жаткан адамды полиграфта тестирлөө;
3) полиграфолог - полиграфта тестирлөөнү өткөргөн адис;
4) суралып жаткан адам - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине жыйынтыктарды көрсөтүү үчүн полиграфиялык изилдөөдөн өтүү ниетин билдирген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө талаптанган талапкер.
5) уюм - полиграфологдун кызматтарын көрсөткөн юридикалык жак;
6) полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун натыйжасы (сурамжылоонун жыйынтыктары) - сурамжылоонун жүрүшүндө алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн сурамжылануучу билдирген маалыматтардын тууралыгы жөнүндөгү полиграфологдун жазуу жүзүндөгү корутундусу.
3. Полиграфологиялык изилдөө төмөнкүдөй принциптерди сактоо менен өткөрүлөт:
1) мыйзамдуулук;
2) ыктыярдуулук;
3) гумандуулук;
4) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, курагы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынбоо.
4. Полиграфологиялык изилдөө үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талаптанган талапкердин арызы саналат.
Талапкердин арызы полиграфта сурамжылоодон өтүүгө суралып жаткан адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу катары таанылат.
5. Полиграфологиялык изилдөөдөн кош бойлуу аялдар, баш сөөгү мертинген, дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары бар адамдар өтө албайт.
6. Полиграфологиялык изилдөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын заказы боюнча уюм тарабынан өткөрүлөт. Уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Уюмга болгон талаптар:
1) юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген каттоо жөнүндө күбөлүктүн болушу;
2) ишинин негизги түрү - полиграфологдун кызматтарын көрсөтүү.
8. Уюм полиграфологдун кесиптик компетенттүүлүгү үчүн, полиграфтын коопсуздугу жана полиграфологиялык изилдөөдө колдонулган башка техникалык каражаттар үчүн жана сурамжылоонун жүрүшүндө алынган маалыматтын жана сурамжылоонун жыйынтыгынын купуялуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суралып жаткан адамдын макулдугу менен полиграфологиялык изилдөө процессине байкоо жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сурамжылоонун жыйынтыктарын жеке жактарга жалпыга маалымдоо каражаттарынын органдарына, ошондой эле башка уюмдарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын өкүлдөрүнө берүүгө укугу жок.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган полиграфологиялык изилдөөнү өткөрүү процессин контролдойт.
2. Полиграфологиялык изилдөөнүн тартиби
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сурамжыланып жаткан адамга берилүүчү суроолордун тизмегин түзөт.
12. Суроолорду түзүүгө төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) суроолордун саны 20дан ашпайт;
2) суроонун туюндурмасы "ооба" же "жок" деген кыска жоопту болжоого тийиш;
3) суроо эки башка чечмелөөгө жол бербеген кыска, так, түшүнүктүү, жөнөкөй болушу керек жана "жагабы" же "жакшы көрөсүзбү" деген түшүнүктөрдү камтыбашы керек;
4) суроо саясий жана диний мүнөздө болбошу керек;
5) суроо кесиптик сапаттарды аныктоого, сурамжыланып жаткан адамдын билимин жана көндүмдөрүн тактоого багытталбашы керек;
6) суроолор мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт;
7) суроо төмөнкүлөрдү аныктоого багытталышы керек:
- судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн терс мотивацияны;
- судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн мааниси бар маалыматтарды жашыргандыгын жана анкетадагы маалыматтардын бурмаланышын;
- жүрүм-турумунун байкалбай жүргөн начар жактарын, терс көз карандылыкты, психикалык жана физикалык көз карандылыкка алып келген баңги, психотроптук жана психоактивдик заттарды колдонуусун;
- мурда бөтөн адамдарга жашыруун же кызматтык маалыматты берүү, коррупциялык укук бузууларды жасоо фактыларын;
- тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартуу, анын ичинде коррупциялык укук бузган фактыларды;
- кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланууну.
13. Полиграфологиялык изилдөөнүн алдында полиграфолог суралып жаткан адамга полиграф жана анын иши менен тааныштырат, суроолорду талкуулайт жана оңдоп-түзөйт.
14. Полиграфолог ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган суроолор боюнча сурамжылайт.
Сурамжыланып жаткан адамды сурамжылоо мамлекеттик же расмий тилдерде өткөрүлөт.
Сурамжылоонун узактыгы 100 мүнөттөн ашпоого тийиш.
15. Полиграфологиялык изилдөө, ушул жобонун 9-пунктунда каралган учурду кошпогондо, бөтөн адамдар кирбеген жайда өткөрүлүшү керек.
16. Полиграфологиялык изилдөө төмөнкү учурларда токтотулат:
1) сурамжылоонун жүрүшүндө суралып жаткан адамдын ден соолугу начарлаганда;
2) суралып жаткан адам сурамжылоону улантуудан баш тартканда;
3) суралып жаткан адам полиграфологдун нускамасын атайылап сактабаганда.
17. Полиграфологиялык изилдөөдөн өтүүнүн жыйынтыктары боюнча берилген суроолорго текшерилип жаткан адамдын жоопторунун ырастыгы жөнүндө тыянак берүү менен корутунду чыгарылат.
Корутундуда өткөрүлгөн изилдөөнүн маңызын болушунча ачып берген кошумча маалыматтар чагылдырылышы керек.
Полиграфологиялык изилдөөдөн өткөндүгү жөнүндө корутундуну уюм тарабынан бекитилген форма боюнча полиграфолог даярдайт.
18. Изилдөөнүн жүрүшүндө алынган маалымат болжолдуу жана сунуштоочу мүнөздө болот.
19. Полиграфологиялык изилдөөдөн өткөндүгү жөнүндө корутунду суралып жаткан адамга берилет, анын көчүрмөсү арызга көктөлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.
20. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бурмалоо үчүн полиграфолог административдик жоопкерчилик тартат.