Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 172
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
1. Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө иши, тергөө жана алгач текшерүү аркылуу экономикалык түрдөгү кылмыштарды, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга, бетин ачууга жана териштирүүгө багытталган аткаруу бийлигинин мамлекеттик укук коргоо органынын статусуна ээ.
2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдеринде өзүнүн толук аталышы жазылган мөөргө ээ.
3. Ыйгарым укуктуу органдын желеги жана символу бар. Желектин жана символдун сыпаттамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин укуктук негизи
Ыйгарым укуктуу органдын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
Ыйгарым укуктуу органдын системасы, ишин уюштуруу, функциялары, укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын максаты жана милдеттери
1. Ыйгарым укуктуу органдын негизги максаты Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү экономикалык жана кызматтык кылмыштардын деңгээлин азайтуу жана коррупцияга каршы күрөшүү болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган төмөнкү милдеттерди ишке ашырат:
1) өзүнүн компетенциясынын чегинде экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу;
2) өлкөнүн экономикалык коопсуздугун божомолдоо жана мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын алуу;
3) экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) жогорку кызматтагы адамдардын кылмышын иликтөөдөн тышкары мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү;
5) ишкер субъекттердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
6) экономикалык түрдөгү кылмыштарды, кызматтык жана коррупциялык, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун курамында жасалган кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашыруу; кылмыш жасаган же аны жасоого шектелген адамдарга карата ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү, алгач текшерүү жана тергөө;
7) мамлекеттик түзүмдөрдөгү кызмат адамдарынын өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен экономикалык ишке мыйзамсыз кийлигишүүсү же ишкердик ишке тоскоолдук жараткан фактыларын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
8) ыйгарым укуктуу органдын карамагына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташуу;
9) мамлекетке зыян келтирүү менен байланышкан экономикалык түрдөгү кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды жасоого жөндөм түзүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү; мамлекетке зыян келтирүү менен байланышкан экономикалык түрдөгү кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды жасоонун, ага түрткү берүүнүн жана колдоо көрсөткөн себептерди жана шарттарды талдоо, ошондой эле аларды жоюуга жана алдын алууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
4-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин принциптери
Ыйгарым укуктуу орган өз ишин төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырат:
- мыйзамдуулук;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо;
- укук бузгандыгы үчүн жоопкерчилик;
- гумандуулук жана адилеттүүлүк;
- укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, уюмдар жана жарандар менен кызматташуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурдан башка ишкер субъекттердин ишине кийлигишпөөнү камсыздоо.
5-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз милдеттерин аткарууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле жарандардын көмөктөшүүсү
1. Ыйгарым укуктуу орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле жарандар менен өз ара аракеттенүү менен аткарат.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле жарандар өзүнүн компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүшөт.
6-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоо кепилдиги
1. Ыйгарым укуктуу орган өз ишин аткарууда адамдардын жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоого милдеттүү.
2. Ушул Мыйзам менен башка максатта жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан жогору даражада укуктар жана эркиндик чектелиши мүмкүн эмес.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин аракеттери жана аракетсиздиги жогору турган органга, прокуратурага жана сотко Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Ыйгарым укуктуу органдын тартиптик уставына ылайык даттанылышы мүмкүн.
4. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарып жатканда жарандардын укуктарын жана эркиндигин бузган учурда ыйгарым укуктуу орган ошол укуктарды жана эркиндикти калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу чараларын көрүүгө милдеттүү.
5. Ишкер субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыйгарым укуктуу органдын компетенциясынын чегинде текшерүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте прокуратура органдарында катталууга тийиш.
7-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди кабыл алышат жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына жана Ыйгарым укуктуу органдын тартиптик уставына ылайык өзүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартышат. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине мыйзамга каршы келген буйрук же тапшырма берилсе, ал мыйзамдарга таянат.
2. Негиздүү кесиптик тобокелдикке баруу абалында (коргонуу зарылдыгы, өтө зарылчылык, кылмыш жасаган адамды кармоодо зыян келтирүү, мыйзамдуу буйрукту же башка тапшырманы аткаруу, негиздүү тобокелдик) жасалган ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин аракети жазык, жазык-процесстик мыйзамдарда каралган учурларда кылмыш болуп эсептелбейт.
2-глава. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин эмгегин укуктук жөнгө салуу жана анын укуктук абалы
8-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин эмгегин укуктук жөнгө салуу
1. Ыйгарым укуктуу органга кызматка кирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте конкурстук негизде жүргүзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу органда кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын эркин жалданма курамынын эмгек иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана анын негизинде чыгарылуучу ведомстволук актылар менен жөнгө салынат.
9-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин укуктук абалы
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары бардык жарандар жана кызмат адамдары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине анын ким экендигин жана ыйгарым укуктарын ырастоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүк жана жетон берилет.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерин коркутуу же анын өмүрүнө кол салуу жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
4. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин кызматтык ишине Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары менен түздөн-түз ыйгарым укуктуу адамдардан сырткары эч ким кийлигишүүгө укуксуз. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү жазык, жазык-процесстик, жарандык, жарандык-процесстик мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
5. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ага жарандар же кызмат адамдары даярдалып жаткан же жасалган кылмыш же укук бузуу жөнүндө арыз же билдирүү менен кайрылганда же мындай нерсени түздөн-түз тапкан учурларда, мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан экономикалык түрдөгү кылмыштарга, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча өзүнө берилген бардык толук укуктарды колдонууга жана ыйгарым укуктуу органдын жакынкы бөлүмүнө маалымдоого милдеттүү.
6. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери өзүнө карата кабыл алынуучу чечимдерге жана аракеттерге карата жогору турган кызмат адамына, прокуратурага же сотко даттанууга укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуу менен келтирилген зыян үчүн, эгерде анын аракеттери жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга, ошондой эле кызматтык куралды жүгүртүү чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылган болсо, эгерде кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуу чектен чыгып кетпесе жоопкерчилик тартпайт.
8. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана абийирин, ошондой эле мүлкүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралат.
9. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери атайын багыттагы бөлүмдүн кызматкерлеринен тышкары бет кап менен жүрүүгө укугу жок.
10. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тарткан учурда жаран ушул берененин 9-бөлүгүнө ылайык бет кап пайдалануу учурларынан тышкары анын талаптарына баш ийбегенге укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иш таштоолорду уюштуруу жана аларды өткөрүүгө катышууга;
2) ишкердик иштин кандай болбосун түрлөрү менен алектенүүгө;
3) илимий, окутуучулук жана чыгармачылык иштен башка, ошондой эле ыкчам зарылчылык учурларынан тышкары ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда ишти айкалыштырууга;
4) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө, алардын иштерине кандайдыр бир формада катышууга же көмөктөшүүгө; кызматтык иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;
5) өзү менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же контролунда болгон кызматтарда турууга;
6) ыйгарым укуктуу болбогон милдеттенмелерди өзүнө алууга жана анын кызматы менен байланышкан убадаларды берүүгө;
7) кызматкердин өзүнүн жана анын жакын туугандарынын түздөн-түз жеке кызыкчылыгын козгогон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
8) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган, мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда ачыкка чыгарууга же пайдаланууга;
9) кызмат убагында референдум жана шайлоо кампанияларынын мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенүүгө;
10) эгерде эл аралык келишимдерде жана мыйзамдарда башкача каралбаса, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын башкаруу органдарынын, көзөмөлчүлүк же байкоочу кеңештеринин, башка органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында алардын иштеп жаткан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;
11) мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарлардан тышкары, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш сапарларга чыгууга;
12) мамлекеттик, жергиликтүү же коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирилгендиги далилденген учурлардан тышкары, жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин эл алдында сынга алууга;
13) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишеним берилген же башка өкүл болууга;
14) маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана башка кызматтык иш үчүн гана арналган мүлктөрдү кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга;
15) кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга.
12. Ушул беренеде каралган чектөөлөрдүн сакталбаган фактысынын аныкталышы кызматчыга карата, ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болот.
13. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ээлеген кызмат орду жана кызматтык милдеттерин аткарышынын сапатын баалоонун критерийлери боюнча анын укугун жана милдетин аныктаган документтер менен таанышууга;
2) кызматтык милдеттерин аткаруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга;
3) өздүк көктөмөсүндөгү бардык материалдар, кесиптик иши жөнүндө пикирлер жана башка документтер менен өздүк көктөмөгө киргизгенге чейин таанышууга, ошондой эле өздүк көктөмөгө анын жазуу түрүндөгү түшүнүк каттарын кошууга;
4) жогору турган жетекчинин оозеки буйругунун мыйзамдуулугуна күмөндүү болсо анын жазуу түрүндө тастыкталышын талап кылууга.
10-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (ажыратуу) тартиби
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун, кичирейтүүнүн, ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
11-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйгарым укуктуу органга өз ыктыяры менен жашырын негизде (ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоодо жана өткөрүүдө) көмөк көрсөткөнү тууралуу маалымат мамлекеттик сырды түзөт.
2. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу орган менен жашыруун кызматташтык тууралуу келишим түзүүгө;
2) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринен өзүнүн тапшырмалары, укуктары жана милдеттери тууралуу түшүндүрмө алууга;
3) конспирация максатында ким экендигин шифрлөөчү документтерди пайдаланууга;
4) контракт белгиленген учурларда акы алууга.
3. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын милдеттери:
1) ыйгарым укуктуу органдын алдыда турган маселени чечүүгө багытталган тапшырмаларын аткаруу;
2) ыйгарым укуктуу орган менен контракт түзүлгөн учурда контракттын шарттарын аткаруу;
3) атайын жалган же каралаган маалыматтарды бербөө;
4) ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүү учурунда алынган, мыйзам тарабынан корголгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоо.
4. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөткөн адамдар атайын жалган же ушак маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликке тартылат.
5. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөткөн адамдардын укуктарын жана социалдык жактан коргоо кепилдиги оперативдүү-издөө иши тууралуу мыйзамга ылайык камсыздалат.
3-глава. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызматкердин) күч, атайын каражаттарды жана дүрмөттүү куралды колдонушу
12-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызматкердин) күч, атайын каражаттарды жана дүрмөттүү куралды колдонушу
Ыйгарым укуктуу органга (кызматкерге) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте физикалык күч, атайын каражаттарды жана дүрмөттүү курал колдонуу чараларын көрүү укугу берилет.
13-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызматкердин) күч колдонуусу
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кылмыштарды жана башка мыйзам бузууларды болтурбоо, токтотуу, аларды жасаган адамдарды кармоо, өзүн-өзү коргоо, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин мыйзамдуу таламдарына каршы жасалган аракеттерди токтотуу үчүн, эгерде күч колдонбой турган ыкмалар аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, күч колдонушат, анын ичинде кармаштын атайын согуштук ыкмаларын жана колдо болгон каражаттарды колдонушат.
14-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызматкердин) атайын каражаттарды колдонуусу
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ыйгарым укуктуу органдын куралдануусунда турган атайын каражаттарды эгерде кылмыш кылган адамдар ыйгарым укуктуу органдын өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткарып жаткан кызматкерлерине баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, аларды ыйгарым укуктуу органга жеткирүүдө, кармалгандарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда колдонушат, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине өздөрүнө мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарга карата колдонушат.
Өмүргө коркунуч келтирип кол салгандан, тобу менен кол салгандан же куралдуу каршылык көрсөткөндөн башка учурларда аялдарга, жаш балдарга, майып экендиги ачык көрүнүп турган адамдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
Атайын каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
15-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызматкердин) дүрмөттүү куралды колдонуусу жана пайдалануусу
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине табелдик дүрмөттүү куралды сактоого жана алып жүрүүгө укук берилет.
Куралды колдонуунун алдында, эреже катары, аны колдоно тургандыгы жөнүндө эскертилүүгө тийиш.
Капыстан же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, дарыя кемелерин пайдаланып кол салганда, барымтадагыларды куткарууда, кайтарыктан курал менен же транспорт каражаттарын пайдаланып качканда, ошондой эле кайтарыктагы адамдар транспорт каражатынан ал жүрүп баратканда качкан учурда курал эскертүүсүз колдонулат.
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери төмөнкүдөй учурларда дүрмөттүү куралды колдонууга укугу бар:
1) эгерде айдоочу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабына баш ийбей, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе транспорт каражаттарын бузуу жолу менен токтотуу үчүн;
2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;
3) коогалаң белгисин берүү же жардам чакыруу үчүн, ошондой эле эскертип ок чыгаруу үчүн.
Алар куралдуу кол салгандан, куралдуу каршылык көрсөткөндөн, кишилерди, транспорт каражаттарын барымталагандан же өмүргө коркунуч келтирип топтошуп кол салгандан башка учурларда аялдарга же жашы жете электерге карата курал колдонууга тыюу салынат.
Эгерде ыйгарым укуктуу органдын кызматкери түзүлгөн жагдайда курал колдонуу мүмкүндүгү бар деп эсептесе, куралды кабынан чыгарып, даярдап коюуга укуктуу. Кармалган адамдардын ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине кол салуусу жана башка капыстан жасалган атайын аракеттери, кызматкерге ал көрсөткөн аралыктан жакын келүүгө, анын буйругусуз өз кийиминен бир нерсе алып чыгууга, анын куралына тийүүгө аракеттениши, ошондой эле башка кооптуу аракеттери менен кыймылдары ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан күч колдонуу коркунучу катары бааланышы мүмкүн жана ага ушул Мыйзамга ылайык дүрмөттүү куралды колдонууга укук берет.
Курал колдонулган жана пайдаланылган ар бир учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, жабыр тарткандарга медициналык тез жардам көрсөтүлүшү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери дүрмөттүү куралды колдонгон ар бир учур жөнүндө ал колдонулган учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзү кызмат өтөгөн жердеги же дүрмөттүү курал колдонулган жердеги ыйгарым укуктуу органдын башчысына рапорт берүүгө милдеттүү.
4-глава. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо
16-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин социалдык кепилдиктери жана корголушу
Ыйгарым укуктуу орган кызматкерлерине социалдык кепилдик, коргоо, турак-жай менен камсыз кылуу жана медициналык тейлөө укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктерди камсыздоо тартибин аныктаган мыйзамга ылайык ишке ашырылат.
17-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын кызматкерлерин эмгек акы төлөө, пенсиялык жана башка камсыздоо
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5-глава. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин баалоо, финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо жана анын документтери
18-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин баалоонун негиздери
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши ага ушул Мыйзам менен коюлган максаттарды жана милдеттерди аткаруунун натыйжалуулугуна жараша бааланат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин баалоо мыйзамдуулук, тууралык, калыстык, максаттуулук, жеткиликтүүлүк жана өз убагында аткаруу принциптерине негизделет.
3. Ыйгарым укуктуу органдын отчету ишти баалоонун көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет жана сапаттуу көрсөткүчтөргө негизделүүгө тийиш.
4. Ишти баалоонун жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчилик белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине жүктөлөт.
19-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды каржылоо
1. Ыйгарым укуктуу орган республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен, борборлоштурулган тартипте каржыланат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга аяктаган кылмыш иштери боюнча өндүрүлгөн акча каражаттардын Кыргыз Республикасынын укук ченемдик актыларында белгиленген бөлүгүн алууга укук берилет.
20-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды материалдык-техникалык камсыздоо
1. Ыйгарым укуктуу органды материалдык-техникалык камсыздоонун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жана жеке жактардан мыйзамдуу негизде алып коюлган жана конфискацияланган мүлктөрдү жумушта пайдалануу үчүн аларды алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте артыкчылыктуу укукка ээ.
21-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мүлкү жана документтери
1. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү мамлекеттин менчигинде болот жана коюлган маселелерди чечүү үчүн пайдаланылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын мекемелеринин оперативдүү башкаруусунда кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, анын ичинде социалдык-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттер болушу мүмкүн.
3. Ишканалардын, уюмдардын, илимий-изилдөөчү, долбоордук, дарылоочу, окутуучу жана башка мекемелердин, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ишин камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн уюмдардын мүлкү аларга чарба жүргүзүү укугу менен бекитип берилет же Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга берилет.
4. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкүн өндүрүүгө чегерүүгө болбойт.
5. Ыйгарым укуктуу органдын документтери жана документтик материалдары Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө мыйзамга ылайык сакталат жана пайдаланылат.
6-глава. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
22-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин контролдоо
Ыйгарым укуктуу органдын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролдонот.
23-берене. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын мыйзамды сактоосун көзөмөлдөө
Ыйгарым укуктуу органдын ишинде мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор көзөмөлдөшөт.
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 172
"Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу