Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 175
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бажылык жөнгө салуу жөнүндө
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Бажылык жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор
1-берене. Бажылык жөнгө салуу жана бажы иши. Бажылык жөнгө салуунун укуктук негиздери
1. Бажылык жөнгө салуу - бул Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы (мындан ары - бажы чек арасы) аркылуу товарларды өткөрүү, алардын Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында (мындан ары - бажы аймагы) же анын чегинен тышкары болуусу жана аны пайдалануу тартиби менен шарттарын, товарлардын бажы аймагына келүүсү жана бажы аймагынан чыгуусу, товарларды убактылуу сактоо, аларды бажылык декларациялоо жана чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын, башка бажы операцияларын аткаруу тартибин, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө жана бажы контролун жүргүзүү тартибин белгилөө менен байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуу, ошондой эле бажы органдары менен бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ишке ашырган адамдардын ортосундагы укуктук мамилелерди регламенттөө.
2. Бажы иши бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерди жана актыларды (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.
3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси (мындан ары - Кодекс) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынбаган бажы укуктук мамилелерди, ошондой эле Кодекске ылайык жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылган бажы укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуунун укуктук негизин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим), Кодекс, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар, ушул Мыйзам жана кабыл алынышы Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар түзөт.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, анда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери (ченемдери) колдонулат.
2-берене. Бажы аймагы
Бажы аймагын Кыргыз Республикасынын аймагы, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын аймактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан курулмалар, түзүлүштөр жана Кыргыз Республикасы өзгөчө юрисдикцияга ээ башка объекттер түзөт.
3-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуу мезгили
Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана эгерде Кодексте жана ушул Мыйзамдын 44-главасында башкача белгиленбесе кайтарым күчкө ээ эмес.
4-берене. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалымат берүү
Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалыматты Кодекстин 3-беренесине ылайык бажы органдары берет.
5-берене. Мөөнөттөрдү эсептөө
Убакыттын мезгили же жагдайдын келип чыгышы менен аныкталган Кодекс жана ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдүн башталышын жана аякташын аныктоо Кодекстин 4-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.
6-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) тыюу салуулар жана чектөөлөр - бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата колдонулуучу Бирлик жөнүндө келишимге ылайык бир тараптуу тартипте киргизилгенди кошо эсептегенде тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, техникалык жөнгө салуу чаралары, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар, эксперттик контролдоо чаралары, анын ичинде аскер жана (же) кош багыттагы продукцияга карата чаралар жана Бирлик жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген радиациялык талаптар;
2) почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигине мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык почта байланышынын кызматын көрсөтүүнү камсыздаган жак.
3) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн да, түзбөгөн да, Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке жак-резиденттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталган жеке жак-резиденттер;
4) бажы органдары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажылар жана бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук башка бөлүмдөрү;
5) бажы төлөмдөрү - бажы органдары тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, салык мыйзамында жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте алынуучу бажылык алым, салыктар, бажылык жыйымдар.
2. Ушул Мыйзамда колдонулуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка түшүнүктөр Бирлик жөнүндө келишимде, Кодексте жана ушул Мыйзамда аныкталган мааниде колдонулат.
3. Эгерде Кодексте башкача каралбаса, анда ушул Мыйзамда колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү тармактарында пайдаланган мааниде колдонулат.
7-берене. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын, Кыргыз Республикасынын бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана салык мыйзамдарын колдонуу
1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүдө, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача каралбаса, анда бажы декларациясы жана башка бажы документтери каттаган күнгө карата колдонулган бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулат.
2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн товарларга карата, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, анда товарлардын бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күнүнө карата колдонулган бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, Кыргыз Республикасынын бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар, салык мыйзамдары колдонулат.
Эгерде товарлардын бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күнү белгиленбесе, анда Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаган учурда бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, Кыргыз Республикасынын бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар, салык мыйзамдары колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган бажы декларациясынын өзгөчөлүгүн колдонуу менен эки же андан ашык товарларга декларация тапшырылган учурда бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, салык мыйзамдары товарларга биринчи декларация катталган күнгө карата колдонулат.
8-берене. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо
1. Товарлар Кодекстин 7-беренесинин жана ушул берененин жоболорун эске алып, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт жана (же) бажы жол-жоболоруна жайгаштырылат.
2. Тарифтик эмес жөнгө салуу, анын ичинде бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды жана Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) актылары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндөгү техникалык жөнгө салуу чараларын сактоону тастыктоо учурлары жана тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Экспорттук контролдоо чараларын, анын ичинде аскер жана кош багыттагы продукцияларга карата чаралар ушундай чаралар сакталгандыгын тастыктаган документтерди жана (же) маалыматтарды берүү жолу менен экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген учурларда жана тартипте тастыкталат.
3. Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик, фитосанитардык чаралардын жана радиациялык талаптардын сакталышы санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, радиациялык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы боюнча Бирлик жөнүндө келишим жана ага ылайык кабыл алынган Комиссиянын актылары менен белгиленген тартипте жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте тастыкталат.
9-берене. Бажы документтери
1. Бажы органына берилген бажы документтери мамлекеттик жана расмий тилде толтурулат.
Кыргыз Республикасынын аймагында толтурулган жана Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттердин (мындан ары - мүчө-мамлекет) бажы органдарына берилүүгө тийиш бажы документтери бажы операцияларын жүргүзүүдө расмий тилде толтурулат.
2. Бажы документтеринде код түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Комиссия тарабынан белгиленген классификаторлорду колдонуу менен көрсөтүлөт.
3. Электрондук түрдөгү бажы документтеринин түзүмү жана форматы, Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык электрондук түрдөгү бажы документтеринин түзүмү жана форматы Комиссия тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
4. Кодекстин 8-беренесинин 5-пунктунда белгиленген учурларда бажы документтеринин формаларын толтуруу тартиби жана (же) бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда каралбаган бажы документтери, мындай бажы документтеринин формалары, мындай формаларды толтуруу, мындай бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2-глава. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, аларга бажы аймагында же анын чегинен тышкары ээ болуу, пайдалануу жана (же) тескөө
10-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү
1. Бардык жактар бирдей негизде товарларды Кодексте белгиленген же Кодекске ылайык тартипте жана шарттарда бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө укуктуу.
2. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык бажылык контролдоого жатат.
11-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү жерлери
1. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнүн башка жерлерин белгилеши мүмкүн.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн башка жерлердеги бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерден башка жерлерде өткөрүлүүчү товарлардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Ушул берененин жоболору түтүк өткөрүүчү транспорт жана электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө колдонулбайт.
12-берене. Бажы органдарына алдын ала маалыматтарды берүү
1. Алдын ала маалыматтарды берүүнүн максаты товарлар бажы аймагына келгенге чейин бажы контролун жүргүзүүнү камсыздаган чараларды, бажы контролунун формалары, объекттерди тандоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу жана тобокелдиктерди баалоо үчүн бажы органдарынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүсү пландалган товарлар жөнүндө маалыматтарды алуусу эсептелет.
Алдын ала маалымат бажы операцияларын аткарууну тездетүү жана бажылык контролду оптималдаштыруу үчүн бажы органдары тарабынан колдонулат.
2. Алдын ала маалымат ушул берененин жоболорун эске алуу менен Кодекстин 11-беренесине ылайык бажы органдары тарабынан берилет.
3. Алдын ала маалымат бажы органына жактын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет.
4. Бажы органы алдын ала маалыматты каттайт же Комиссия тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөткө аны каттоодон баш тартат.
Бажы органы берилген алдын ала маалыматты ага каттоо номерин берүү жолу менен каттайт.
Эгерде берилген маалымат Комиссия тарабынан аныкталган курамга, түзүмгө жана форматка жана (же) ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбесе бажы органы алдын ала маалыматты каттоодон баш тартат.
Алдын ала маалыматтын каттоо номерин көрсөтүү менен алдын ала маалыматты каттоо жөнүндө, же болбосо себебин көрсөтүү менен аны каттоодон баш тартуу жөнүндө маалыматтар электрондук формада алдын ала маалыматты берген жакка жөнөтүлөт.
5. Алдын ала маалымат Кодекстин 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы органдарынын маалыматтык системасында сакталат.
6. Милдеттүү түрдө бериле турчу алдын ала маалымат берилбеген же аны берүү мөөнөтү бузулган учурда товарларды декларациялоо менен байланышкан бажы операциялары алдын ала маалымат берилгенге чейин аткарылбайт.
7. Алдын ала маалымат Кодекстин 11-беренесинин 15-пунктунун 1-7-пунктчаларында аныкталган товарларга карата, ошондой эле Комиссия тарабынан аныкталган учурларда башка товарларга карата берилбеши мүмкүн.
Алдын ала маалымат түтүк өткөрүүчү транспорт жана электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата берилбейт.
8. Бажы декларациясы Кодекстин 114-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөр менен толтурулган товарларга карата электрондук документ түрүндө берилген бажы декларациясында билдирилген маалыматтар, Комиссия тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте алдын ала маалымат катары колдонулушу мүмкүн.
13-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо
Товарлар Кодекстин 12-беренесине жана ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт.
14-берене. Товарларга бажы аймагында же анын чегинен тышкары ээ болуу, пайдалануу жана (же) тескөө
1. Бажы аймагына ташып киргизилген товарларга ээ болуу, пайдалануу жана (же) тескөө бажы чек арасын кесип өткөндөн кийин жана бажы органдары аларды чыгарганга чейин Кодекстин 14 жана 16-главаларында, ал эми өзүнчө категориядагы товарларга карата - Кодекстин 37-43-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.
2. Бажы органдары товарларды чыгаргандан кийин бажы аймагында же анын чегинен тышкары ага ээ болуу, пайдалануу жана (же) ээлик кылуу товарлар жайгаштырылган бажы жол-жобосуна ылайык же бажылык декларациялоого жана (же) бажы жол-жобосуна жайгаштырбастан чыгарууга тийиш болгон товарлардын айрым категориялары үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
3. Бажы чек арасынан өткөрүлгөнгө чейин товарлар чыккан жерге келгенден кийин бажы аймагынан ташып чыгарылган товарларга ээ болуу, пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 2 жана 15-главаларында, ал эми товарлардын өзүнчө категорияларына карата Кодекстин 37-43- главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.
15-берене. Товарлардын бажы контролунда туруусу
Товарлар Кодекстин 14-беренесинде белгиленген учурларда бажы контролунда турат деп эсептелинет.
16-берене. Жараксыз абалга келген жана бузулган товарлар
Бажы аймагына Кодекстин 15-беренесине ылайык ташып киргизилген товарлар бажы аймагына жараксыз жана бузулган абалда киргизилген катары каралат.
17-берене. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарлар
1. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырууга, ал эми жеке пайдалануу үчүн товарлар - эркин жүгүртүүгө чыгарууга жатпайт. Аталган товарлар ушундай чечим күчүнө кирген күндөн тартып Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарларынын статусуна ээ болот.
2. Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарлар акча каражаттары тиешелүү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине чегерилген учурдан тартып Бирликтин товарлары статусуна ээ болот, бажы жол-жобосуна жайгаштырууга жатпайт.
3. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн жана (же) соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, мындай товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды сатуудан түшкөн сумманы тескөө Кодекстин 383-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
18-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана кызыкдар жактары тарабынан товарлардын сынамын жана (же) үлгүлөрүн тандоо
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана кызыкдар жактары тарабынан товарлардын сынамын жана (же) үлгүлөрүн тандоо Кодекстин 17-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
19-берене. Бажы органына отчёт берүү
1. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана эркин бажы зонасы бажы жол-жобосуна жана эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга, ошондой эле Бирликтин товарларына ээ болгон жана (же) пайдаланган жактар сактоодо турган, ташылган, сатылган, кайра иштетилген жана (же) пайдаланылган товарлар, ошондой эле аткарылган бажы операциялары тууралуу отчётту бажы органынын талабы боюнча гана берүүгө милдеттүү.
2. Отчёт берүү ыкмасы, отчёттун формасы, аларды толтуруу тартиби, ошондой эле отчёт берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-глава. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы. Товарларды классификациялоо
20-берене. Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы
1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы (мындан ары - Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы) бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, ташып чыгуу бажы алымдарын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонуу, бажы статистикасын жүргүзүү максатында товарларды классификациялоо үчүн пайдаланылуучу товарларды сүрөттөө жана код берүү системасы болуп эсептелет.
2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизи болуп Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Товарларды сүрөттөөнүн жана код берүүнүн шайкеш келтирилген системасы жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы эсептелет.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизди иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышат;
2) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыздайт.
21-берене. Товарларды классификациялоо
1. Декларант жана башка жактар бажылык декларациялоодо жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен актыларга ылайык бажы органына Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын коду билдирилген башка учурларда Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялайт.
Эгерде Кодекске ылайык бажы декларациясында Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын коду жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү каралбаса, анда бажылык декларациялоодо товарлар классификацияланбайт.
2. Товарларды туура классификациялоону бажы органдары текшерет.
Бажы органдары товарларды классификациялоону жүзөгө ашырган учурлары Кодекстин 20-беренесинин 2-пунктунда белгиленген.
3. Бажы органдары туура эмес классификацияны товарларды чыгарганга чейин аныктаган учурда товарларды классификациялоо жөнүндө чечим ошол бажы органдары тарабынан он төрт жумуш күндүн ичинде кабыл алынат. Аталган учурда товарларды чыгаруу Кодекстин 121-беренесине ылайык ишке ашырылышы мүмкүн, же мындай товарлар убактылуу сактоого жайгаштырылат.
Эгерде товарларды чыгарууга чейин аларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн товарларды бажылык декларациялоо учурунда берилген документтер жана маалыматтар жетишээрлик болбосо, анда бажы органдары Кодекстин 325-беренесинин 4-пунктуна ылайык товарларды бир мүнөздө классификациялоого мүмкүндүк берген кошумча документтерди жана маалыматтарды суратууга укуктуу.
Документтер жана маалыматтар суралган жак Кодекстин 325-беренесинин 7-пунктунда белгиленген мөөнөттө ушундай документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Кодекстин 121-беренесине ылайык товарлар чыгарылганда, бажы органдары туура эмес классификациялоону аныктаган учурда товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бажы органдары сураткан кошумча документтер жана маалыматтар Кодекстин 325-беренесинин 14-пунктунда белгиленген мөөнөттө берилет.
Бажы органдары тарабынан товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча документтер жана маалыматтар суратылган учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт тиешелүү документтер жана маалыматтар берилгенге чейин токтотулат.
Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин формасы, ушундай чечимде көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Коммерциялык, транспорттук (ташуу) жана (же) башка документтерде, ошондой эле эксперттик мекемелер тарабынан берилүүчү корутундуларда, маалымдамаларда, экспертиза актыларында көрсөтүлгөн товарлардын коддору товарларды классификациялоо үчүн милдеттүү болуп эсептелинбейт.
22-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча Кодекстин 23-25-беренелеринде аныкталган тартипте Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алат.
23-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечим жана түшүндүрмө
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу үчүн бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууга жана түшүндүрмө берүү укуктуу.
Бажы аймагында бажы органдары тарабынан товарларды классификациялоодо ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн чечимдер жана түшүндүрмөлөр милдеттүү болуп эсептелет.
2. Ушул берененин жоболорун колдонуу максатында товарлардын айрым түрлөрү катары конкреттүү аталышы, конкреттүү маркасы, модели, артикулу, модификациясы жана башка ушуга окшош жеке мүнөздөмөсү бар товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бир кодго киргизүүгө мүмкүндүк берген жалпы классификациялык белгилери бар товарлардын жыйындысы түшүндүрүлөт.
24-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, мындай алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу же аны чакырып алуу
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кодекстин 26-беренесине ылайык өзү кабыл алган товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимди, ошондой эле товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу тууралуу же чакырып алуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
2. Товарларды классификациялоо тууралуу алдын ала чечимди чакырып алуу жөнүндө чечим Кодекстин 26-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган учурда Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун тиешелүү чечими расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат жана мындай чечимдер күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
25-берене. Бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды классификациялоо
1. Убакыттын кандайдыр бир мезгилинин ичинде өзүнчө компонент түрүндө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарлар (мындан ары - кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товар) товарлар Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын Интерпретациялоонун негизги эрежелерине ылайык төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда комплекттелген же бүтүрүлгөн товарлардын коду менен классификацияланышы мүмкүн:
1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим болгондо;
2) товарды бажылык декларациялоо бир бажы органына бир декларант тарабынан бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында ишке ашырылганда;
3) товардын компонентинин декларанты кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим берилген жак болуп эсептелсе;
4) декларант, товарды жеткирүү мөөнөттөрү, товар жайлаштырыла турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык санын жана кодун көрсөтүү менен товардын жана ага кирген компоненттердин сыпаттамасын камтыган пландалган жеткирүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама бажы органына берилсе.
2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык комплекттелген же бүтүрүлгөн товардын кодун көрсөтүү менен кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды бажылык декларациялоо ушул Мыйзамдын 101-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
3. Эгерде Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын бардык компоненттерин чыгаруу жүзөгө ашырылбаса, мындай компоненттер Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүлгөн компоненттерге карата колдонулуучу Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын Интерпретациялоонун негизги эрежелерине ылайык коддор боюнча классификацияланат.
26-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз
1. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн декларант товар чыгарыла турган бажы органына жазуу жүзүндө арыз берет.
Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын компоненттери, бажы транзитинин бажылык жол-жобосунан жана бажы кампасынын бажылык жол-жобосунан тышкары, бажылык жол-жобого жайгаштырууга чейин берилет.
2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жак жөнүндө маалымат;
2) товар жөнүндө маалымат (аталышы, товардын компоненттеринин тизмеси);
3) товарды жеткирүү мөөнөтү;
4) товар жайгаштырыла турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалымат;
5) товарды бажылык декларациялоо ишке ашырылуучу региондогу бажы органынын аталышы.
3. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
1) товарга карата тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн тастыктаган документтер;
2) товардын компоненттеринин кагаз жана электрондук түрдөгү тизмеcи (таблица түрүндө), анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн аталыштары;
б) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын компоненттеринин коддору;
в) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында колдонулуучу өлчөө бирдигиндеги саны жана/же салмагы;
3) багытын, аткаруучу функцияларын, аракеттенүү принцибин, жасалган материалын көрсөтүү менен товардын айрым компоненттеринин сыпатталышы;
4) куроо (монтаждоо) чиймеси (схемасы).
4. Эгерде тапшырылган документтер жана маалыматтар кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, анда бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде кошумча маалымат берүү зарылдыгы жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.
Кошумча маалымат арыз берүүчү кабарланган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилиши керек.
5. Бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат, эгерде:
1) арыз ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу жок жак тарабынан берилсе;
2) бажы органы сураган кошумча маалымат ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жак товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тартса;
3) арызда жана ага тиркелген документтерде карама-каршы маалыматтар камтылса;
4) бажы аймагына ташып киргизүүгө тийиш болгон компоненттер Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификациялануучу товарды түзбөсө;
5) бажы транзитинин бажылык жол-жобосунан жана бажы кампасынын бажылык жол-жобосунан тышкары, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин бөлүгү бажылык жол-жобого жайгаштырылса.
27-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү жана мындай чечимге коюлуучу талаптар
1. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кошумча маалымат берүү зарыл болгон учурда жакты жазуу жүзүндө кабарлоо катталган күндөн тартып мөөнөт токтотулат жана суратылган маалымат камтыган акыркы документти бажы органы алган күндөн баштап кайра улантылат.
2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган бажы органынын аталышын;
2) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;
3) мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жак жөнүндө маалыматты;
4) товардын толук аталышын;
5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын Интерпретациялоонун негизги эрежелерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечимдин жүйөлөрүн жана негиздерин;
6) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын он орундуу кодун;
7) товардын компоненттеринин тизмесин, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрдүн аталышын;
б) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын компоненттеринин кодун;
в) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзгөн бөлүктөрдүн Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында колдонулуучу өлчөө бирдигиндеги санын жана салмагын;
г) товардын компоненттери ташып киргизилген тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн тастыктоочу документтердин же бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка документтердин реквизиттерин;
8) товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалыматты;
9) кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби жөнүндө маалыматтарды.
3. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге бажы органынын начальниги же анын милдетин аткаруучу адам кол коёт жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
28-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотуу же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотуу же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим ошол товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жакка кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотуу же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.
2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат, эгерде:
1) бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн ошол товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жактын жасалма документтерди тапшыргандыгын же жалган маалымат бергендигин аныктаса;
2) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин акыркы партиясы боюнча бажылык декларация Кодекстин
117-беренесинин 8-пунктунда каралган мөөнөттө берилбесе;
3) ошол товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жак товарды жеткирүүдөн жазуу жүзүндө, анын ичинде товардын айрым компоненттери бажы аймагына ташып киргизилгенден кийин баш тартса.
3. Эгерде товардын чыгарылган компоненттери Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын Интерпретациялоонун негизги эрежелерине ылайык кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде көрсөтүлгөн бүтүрүлгөн же комплекттелген товардын коду менен классификацияланса, анда кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
4. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге төмөнкүдөй учурларда өзгөртүүлөр киргизилет:
1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы өзгөрүлгөндө;
2) Комиссия же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим кабыл алынганда же түшүндүрмө берилгенде;
3) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алууда же арыз берүүчү документтерди даярдаганда кетирилген каталар, жаңылыштыктар аныкталганда;
4) эгерде киргизилүүчү өзгөртүү товарга же анын айрым компоненттерине тиешелүү болсо, анда тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөндө.
6. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.
7. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун токтотууда же өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул беренеде көрсөтүлгөн товардын айрым компоненттери Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын Интерпретациялоонун негизги эрежелерине ылайык ошол компоненттерге колдонулуучу коддор боюнча Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификацияланат.
29-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдердин, товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдердин жана түшүндүрмөлөрдүн, кураштырылбаган жана ажыратылган түрдөгү бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин айкындуулугу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттик, коммерциялык, банктык же башка сырларды түзгөн маалыматтардан, же болбосо кызыкдар жакка тиешелүү купуя маалыматтардан тышкары, бажы органдары тарабынан кабыл алынган товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдердин, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдердин жана түшүндүрмөлөрдүн, кураштырылбаган жана ажыратылган түрдөгү бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин маалыматтары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
4-глава. Товарлардын келип чыгышы
30-берене. Товарлардын келип чыгышын аныктоо
1. Бажы аймагына ташылып киргизилген товарлардын келип чыгышын аныктоо Бирлик жөнүндө келишимде каралган товарлардын келип чыгышын аныктоо максатында жана эрежелери (мындан ары - ташылып киргизилүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери) боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Мүчө мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгон учурда, эгерде Комиссиянын актыларында башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.
3. Бажы аймагынан ташылып чыгарылган товарлардын келип чыгышы, эгерде Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Бирликтин үчүнчү тарап менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринде же Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, анда Комиссия тарабынан белгиленген эрежелер боюнча аныкталат.
31-берене. Товарлардын келип чыгышын аныктоонун өзгөчөлүктөрү
1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча бир партия менен жеткирүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлар бир нече партия менен жеткирилип жаткан учурда, ажыратылган (кураштырылбаган) түрдөгү товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоодо товарлар бирдиктүү товар катары каралат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору төмөнкүдөй шарттарда колдонулат:
1) ажыратылган (кураштырылбаган) түрүндө партиялар катары жеткирилген товарлар жөнүндө, мындай жеткирүүнүн себебин көрсөтүү менен, товарлардын тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча коддорун, ар бир партияга кирген товарлардын наркын жана чыгарылган өлкөсүн көрсөтүү менен бажы органдарын алдын ала кабардар кылуу же болбосо товарларды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгын документтик ырастоо;
2) товардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир жөнөтүүчү тарабынан берүү;
3) товарлардын бардык партияларын бир бажы органына декларациялоо;
4) товарлардын бардык партияларын бажы органы товарларга декларацияны каттаган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө же товарлардын биринчи партиясына карата аны берүүнүн мөөнөтү бүткөндө алып келүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт декларанттын жүйөлүү суроо-талабы боюнча бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын ташып киргизүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат жана Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш.
3. Товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн колдонулган энергиянын, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын келип чыгышы эсепке алынбайт.
4. Машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорттук каражаттар менен пайдаланууга арналган керек-жарак, запастык бөлүктөр жана шаймандар машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорттук каражаттар чыгарылган өлкөдөн келип чыккан деп эсептелет, мында бул керек-жарак, запастык бөлүктөр жана шаймандар аталган машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорттук каражаттар менен чогуу адатта ушул түзүлүштөр менен кошо жеткирилүүчү бир комплектацияда жана санда ташып киргизилет жана сатылат.
5. Бажы аймагына ташып киргизилген товардын таңгагы, товардан өзүнчө декларациялоого тийиш болгон учурлардан тышкары, товардын өзү чыгарылган өлкөдөн келип чыккан деп эсептелет. Бул учурларда таңгак чыгарылган өлкө товар чыгарылган өлкөдөн өзүнчө аныкталат.
Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүштүн эрежелерин колдонууда, бажы аймагына товар ташып киргизилген таңгак товардын өзү чыгарылган өлкөдөн келип чыккан деп эсептелген учурларда, товар чекене соодада адатта сатылган таңгак гана эсепке алынат.
32-берене. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктоо
1. Товарлардын келип чыгышы, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонуу товарлардын келип чыгышына байланыштуу болгон бардык учурларда тастыкталат.
2. Товарлардын келип чыгышын тастыктоо төмөнкү учурларда талап кылынбайт, эгерде:
1) бажы аймагына ташып киргизилген товарлар бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылса;
2) товарлар Кодекстин 37-главасына ылайык бажы чек арасы аркылуу өткөрүлсө;
3) ташып киргизилүүчү товарларды келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде каралган башка учурларда.
3. Эгерде төмөнкүлөргө тыюу салынган өлкөдөн (өлкөлөрдүн тобу, бажы бирлигинин өлкөсү, регион же өлкөнүн бөлүгү) чыгарылган товарлардын белгисин бажы органы аныктаса, анда ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан, товарлардын келип чыгышы тастыкталат:
1) Бирлик жөнүндө келишим боюнча белгиленген тыюуларга жана чектөөлөргө ылайык бажы аймагына же мүчө мамлекеттин аймагына ташып киргизүүгө;
2) Бирлик жөнүндө келишим боюнча белгиленген тыюуларга жана чектөөлөргө ылайык бажы аймагынан же мүчө мамлекеттин аймагынан ташып чыгарууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө
4) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык бажы аймагы боюнча транзитке;
5) эгерде бажы аймагына ташып киргизилген товарлар ушундай товарлар чыгарылган өлкө болуп эсептелбеген ташып чыгарылган өлкөнүн аймагында буга чейин эркин жүгүртүүгө чыгарылса;
4. Товардын келип чыгышы жөнүндө декларация же товардын келип чыгышы тууралуу сертификат товардын келип чыгышы жөнүндө документ болуп саналат. Товардын келип чыгышы ташып киргизилүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине же ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык товардын келип чыгышы жөнүндө декларация же товардын келип чыгышы тууралуу сертификат менен тастыкталат.
5. Эгерде товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты берүү талап кылынбаса, анда чыгарылган өлкө товарлардын келип чыгышы жөнүндө декларация менен тастыкталат.
33-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө декларация
1. Товардын келип чыгышы жөнүндө декларация - товарларга тиешеси бар жана товардын келип чыгышы жөнүндө, товардын даярдоочусу, сатуучусу же товар чыккан өлкөнүн (өлкөлөрдүн тобу, бажы бирлигинин өлкөлөрү, регион же өлкөнүн бөлүгү) же товарлар ташып чыгарылган өлкөнүн (өлкөлөрдүн тобу, бажы бирлигинин өлкөлөрү, регион же өлкөнүн бөлүгү) жөнөтүүчүсү билдирген маалыматтарды камтыган коммерциялык же каалагандай башка документ.
2. Эгерде товарлардын келип чыгышы жөнүндө декларацияда билдирилген товардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар ташып киргизилүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде колдонулушу белгиленген критерийлерден башка критерийлерге негизделсе, анда товарлардын келип чыгышы жөнүндө мындай декларация товарлардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.
34-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат
1. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификат - товар чыгарылган өлкө жөнүндө бир мүнөздүү күбөлөндүргөн жана ошол өлкөнүн же эгерде ташып чыгарылган өлкөдө сертификат товар чыгарылган өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, анда ташып чыгаруучу өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген документ.
Эгерде, товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатта товардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар ташып киргизилүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде колдонулушу белгиленген критерийлерден башка критерийлерге негизделсе, анда товарлардын келип чыгышы жөнүндө мындай сертификат товарлардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.
2. Товарларды бажы аймагынан ташып чыгарууда товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдар же уюмдар тарабынан, эгерде аталган сертификат контракттын шарты боюнча зарыл болсо же аталган сертификаттын болушу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралса, товарлар ташып киргизилген өлкөнүн эрежелери боюнча берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты берүүгө укугу бар органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана товардын келип чыгышын аныктоого негиз болгон башка документтерди товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берилген күндөн тартып үч жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
3. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат бажы аймагына ташып киргизилген товарларды бажылык декларациялоодо бажылык декларация жана башка документтер менен бирге берилет. Сертификат жоголуп кеткен учурда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн жупнускасы кабыл алынат.
4. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат талаптагыдай таризделбеген же анык маалыматтарды камтыбаган белгилер табылган учурда, товардын келип чыгышы жөнүндө мындай сертификат товардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.
Бажы органы ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурда товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү жөнүндө кайрылууга укуктуу.
5. Эгерде сертификатты берүү милдеттүү болсо, анда талаптагыдай таризделген товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат же суратылган кошумча документтер же болбосо тактоочу документтер берилгенге чейин товар ушул өлкөдөн чыккан деп эсептелбейт.
Бажы органдары кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен, ошондой эле тандап текшерүү жүргүзүү максатында товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажылык декларациялоодо билдирилген ошол товар чыккан өлкө жөнүндө маалыматтардын негизинде товарды чыгарууга тоскоолдук кылбайт.
35-берене. Тарифтик преференцияларды калыбына келтирүү
1. Эгерде товардын келип чыгышы ушул Мыйзамдын 32-34-беренелерине ылайык так тастыкталбаса, анда мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажылык тарифинде белгиленген ставкалар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата бажы органдары бажылык декларацияны каттаган күндөн тартып он эки ай өткөнгө чейин ушул товарлардын чыгарылган өлкөсү тастыкталган шартта тарифтик преференция калыбына келтирилет. Мындай учурда ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) тийиш.
36-берене. Бажы аймагына ташып киргизилүүчү товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим
1. Жактардын арыздары боюнча бажылык декларациялоодо бажылык операцияларды жүргүзүү убактысын кыскартуу максатында бажы органдары товарларды бажылык декларациялоого чейин бажы аймагына ташып киргизилген мындай товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдерди (мындан ары ушул главада - товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим) кабыл алат.
Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим бажы органы товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тууралуу арызды каттаган күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.
Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тартиби Кодекстин 33-35-беренелеринде аныкталган.
2. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим кабыл алынган товарларды бажылык декларациялоодо, алардын келип чыгышы жөнүндө маалымат ушундай алдын ала чечимге ылайык товарлардын декларациясында көрсөтүлөт.
37-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу же аны чакырып алуу
Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу же аны чакырып алуу тартиби Кодекстин 36-беренесинде белгиленген.
5-глава. Товарлардын бажылык наркы
38-берене. Товарлардын бажылык наркын аныктоо, декларациялоо жана контролдоо
1. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы аймагына ташып киргизүүдө алардын бажылык наркы Кодекстин 5-главасына ылайык аныкталат.
2. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын бажылык наркын декларациялоо жана контролдоо Кодекстин 105 жана 313-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын бажылык наркын аныктоо жана декларациялоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
4. Декларант тарабынан билдирилген товардын бажылык наркын аныктоонун тууралыгын тастыктоочу маалыматтар жок болгон учурда бажы органы ушул Мыйзамдын 65-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышы камсыздалган шарттарда Кодекстин 121-беренесине ылайык товарды чыгарууга укуктуу.
5. Декларант товардын бажылык наркын аныктоо боюнча бажы органынын чечимине макул болбогон учурда мындай чечимге ушул Мыйзамдын 29-главасында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген учурларда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлардын чет өлкөлүк өндүрүүчүсүнүн макулдугу менен товардын бажылык наркын аныктоо үчүн ушул чет өлкөлүк өндүрүүчү же анын атынан берилген документтер же маалыматтар товарлар өндүрүлгөн өлкөдө Кыргыз Республикасынын ушундай эл аралык келишимдерине ылайык текшерилиши мүмкүн.
39-берене. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча жабдуулар үчүн программалык камсыздоону алып жүрүүчүлөрдү баалоо
Программалык камсыздоону алып жүрүүчүнүн бажылык наркы - алып жүрүүчүдө камтылган маалыматтын (маалыматтар, нускамалар ж.б. - программалык камсыздоо) наркы, алып жүрүүчүнүн наркынан ажыратылган шартта, алып жүрүүчүдө камтылган маалыматтын баасынын бажылык наркын эсептебестен, программалык камсыздоону (дискеттер, компакт-дисктер) алып жүрүүчүнүн өзүнүн наркы гана болуп саналат.
Ушул беренени колдонуу максаттары үчүн:
1) алып жүрүүчүгө интегралдык схемалар, жарым өткөргүчтөр жана мындай микросхемалар менен каражаттарды бириктирген башка буюмдар кирбейт;
2) программалык камсыздоого үн, киноматографиялык же видео көрсөтүүчү жазуулар кирбейт.
II БӨЛҮМ. БАЖЫ ТӨЛӨМДӨРҮ, АТАЙЫН, ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ, КОМПЕНСАЦИЯЛЫК АЛЫМДАР
6-глава. Бажы төлөмдөрү жөнүндө жалпы жоболор
40-берене. Бажы төлөмдөрү
1. Бажы төлөмдөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) алып келүүдөгү бажы алымы;
2) алып кетүүдөгү бажы алымы;
3) кошумча нарк салыгы;
4)) акциздер (акциздик салыктар);
5) бажы жыйымдары.
2. Бажы аймагына ташылып келген жеке пайдалануу үчүн товарларга карата Кодекстин 37-беренесине ылайык бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.
41-берене. Бажы жыйымдары
1. Бажы жыйымдары болуп бажы органдары тарабынан товарларды чыгаруу, транспорттук каражаттарды бажылык коштоо, ошондой эле алдын ала чечимди кабыл алуу менен байланышкан бажы операцияларын аткаргандыгы үчүн алынуучу төлөмдөр саналат.
2. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдары бажылык нарктын 0,25 пайызы өлчөмүндө жана (же) эсептик көрсөткүчтөр менен өндүрүп алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бажы органдарынын товарды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарынын максималдуу жана (же) минималдуу өлчөмү аныкталат.
3. Бажы органдарынын товарды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдары төмөнкү учурларда төлөнбөйт:
1) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын бажы органдары жардам (көмөк) катары бекер көрсөткөндө;
2) товарларды ташууда колдонулуучу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык бажы органдары товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасаганда, буга мындай ташуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылгандар кирбейт:
- бажы органына келген жеринен бажы органынан кеткен жерине чейин;
- бажы органына келген жеринен ички бажы органына чейин;
- ички бажы органынан бажы органына келген жерине чейин;
3) нумизматикалык максатта колдонууну кошпогондо, акциздик маркаларды жана валюталарды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын бажы органдары жасаганда;
4) мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосу билдирилгенде;
5) мамлекеттик же муниципалдык музей, архив, китепкана, башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар тарабынан экспонаттоо максатындагы маданий баалуулуктар убактылуу ташып кирүү (уруксат) же убактылуу ташып чыгуу бажы жол-жобосунда жайгаштырылган маданий баалуулуктарга карата, ошондой эле товарларды тиешелүү түрдө кайра экспорттоо жана кайра импорттоо бажы жол-жобосунда жайгаштыруунун аталган жол-жоболорунун иш-аракети аяктаган учурда;
6) дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, чет мамлекеттердин башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын персоналы бажы аймагына ташып кирген жана бажы аймагынан ташып чыккан товарларга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыкка, өзгөчө укукка жана (же) иммунитетке ээ болгон чет өлкөлүк адамдардын айрым категорияларынын жеке колдонуусуна арналган товарларга карата;
7) товарларды ооз эки формада декларациялаган учурда;
8) товарларды декларациялаган учурда аларга өзүнчө бажы декларациясын бербестен;
9) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен белгиленген башка учурларда.
42-берене. Бажылык коштоо үчүн жыйым
1. Кодекстин 343-беренесинде белгиленген учурларда товарларга карата декларация берүүчүнүн же ыйгарым укукка ээ башка адамдардын арызы боюнча бажы органы бажылык коштоону, анын ичинде коштоонун электрондук каражатын пайдалануу менен колдонууга укуктуу.
2. Товар ташыган ар бир транспорт каражатын, ошондой эле товар болуп эсептелген транспорт каражатын бажылык коштоо үчүн жыйым ар бир километр аралык үчүн эсептик көрсөткүчтүн ондон бир өлчөмүндө бажылык коштоо үчүн алынат.
43-берене. Алдын ала чечим кабыл алуу үчүн жыйым
Ар бир кабыл алынган алдын ала чечим үчүн он эсептик көрсөткүч өлчөмүндө алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым алынат.
44-берене. Бажы жыйымдарын төлөөчүлөр, бажы жыйымдары салынуучу объекттер, бажы жыйымдарын эсептөө үчүн база, бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдеттердин пайда болуусу жана токтотулуусу, бажы жыйымдарын өндүрүү жана кайтарып берүү (эсепке алуу), аларды төлөө мөөнөтү жана тартиби
1. Бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдети бар жактар жана декларанттар бажы жыйымдарын төлөөчүлөр болуп эсептелет.
2. Бажы жыйымдары салынуучу объекттерге бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар кирет.
3. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды эсептөөгө база болуп товарлардын бажы наркы эсептелет. Бажы аймагына жеке жактар тарабынан ташылып келген транспорт каражаттарына карата бажы органдарынын товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдардын белгиленген өлчөмү аныкталат.
4. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдар бажы декларациясын бергенге чейин жана аны берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.
5. Бажылык коштоо үчүн жыйымдар бажылык коштоо иш жүзүндө жүзөгө ашырылганга чейин төлөнүүгө тийиш.
6. Алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым арызды берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.
7. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өткөн учурда бажы органдарынын товарды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөө мөөнөтү болуп бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөргөн күн, эгерде бул күндү аныктоо мүмкүн болбосо - товарларды мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталган күн эсептелет.
8. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөө боюнча милдети бажы жыйымдарын төлөөчүдө бажы декларациясын каттаган учурдан тартып пайда болот.
Бажылык коштоо үчүн жыйымды жана алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйымды төлөө боюнча милдет жак бажы органына аталган аракеттерди алар жасоосу үчүн кайрылган учурда пайда болот.
9. Бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдет төмөнкү учурларда токтотулат:
- бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдетти аткарууда;
- бажы органдары бажы жыйымдарын өндүргөндө;
- бажы декларациясын кайра сурап алганда же товарларды чыгарууну жокко чыгарганда.
10. Бажы жыйымдары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эсептелет жана ушул Мыйзамдын 52-беренесинде аталган эсепке төлөнүүгө тийиш.
11. Бажы жыйымдарын өндүрүү жана кайтарып берүү (эсепке алуу) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бажы алымдарын, салыктарды өндүрүүгө жана кайтарып берүүгө (эсепке алууга) жараша жүргүзүлөт.
12. Бажы жыйымдарын төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
45-берене. Аванстык төлөмдөр
1. Аванстык төлөмдөр деп алдыдагы алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын, бажы жыйымдарын төлөөнүн эсебине төгүлгөн жана төлөөчү конкреттүү товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарынын, салыктарынын, бажы жыйымдарынын конкреттүү түрлөрү жана суммалары боюнча идентификацияланбаган акчалай каражаттар таанылат.
2. Аванстык төлөмдөрдү киргизүү жана пайдалануу учурлары, тартиби, формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
46-берене. Аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү
Аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүүнүн (чегерүүнүн) тартиби жана учурлары, ошондой эле аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү жөнүндө арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
47-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер
1. Ташып кирүү бажы алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктерди (тарифтик жеңилдик) берүү учурлары жана шарттары, ошондой эле аларды колдонуу тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык аныкталат.
Ташып кирүү бажы алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү учурлары жана шарттары, ошондой эле аларды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленет.
48-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүлөр
Бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүлөр болуп декларант же бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдет пайда болгон башка жактар эсептелет.
49-берене. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объект жана бажы алымдарын, салыктарды эсептөө үчүн база
1. Бажы алымдары, салыктар салынуучу объекттер болуп бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарлар, ошондой эле Кодексте каралган учурлардагы башка товарлар саналат.
2. Товардын түрүнө жана ставкалардын колдонулуучу түрлөрүнө жараша бажы алымдарын эсептөө үчүн база болуп, эгерде Кодексте башкасы белгиленбесе, товарлардын бажы наркы жана (же) алардын натуралай түрдөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, массасы, анын ичинде товар чекене сатуу үчүн берилсе, товар колдонулганга чейин андан бөлүнбөгөн товарды алгачкы таңгактоону эске алуу менен жана (же) товардын көлөмү же башка мүнөздөмөсү) саналат.
3. Салыктарды эсептөө үчүн база Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталат.
50-берене. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө
1. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө Кодекстин 52-беренесинде белгиленген учурларда жүргүзүлөт.
2. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
3. Бажы органына жүктөлгөн башка төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө үчүн бажы кириштөө ордерин колдонуу мүмкүнчүлүгү, бажы кириштөө ордеринин формасын толтуруу тартиби, ага өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жана аны колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Салыктарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленет.
51-берене. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө үчүн колдонулуучу бажы алымдарынын, салыктардын ставкасы
1. Эсептөө үчүн колдонулуучу ташып кирүү бажы алымынын ставкасын аныктоо тартиби Кодекстин 53-беренесинде белгиленген.
2. Эсептөө үчүн колдонулуучу ташып чыгуу бажы алымынын ставкасын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Салыктарды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ставкалар колдонулат.
52-берене. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же болбосо жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, туумдарды, пайыздарды, айыптарды төлөөнүн формалары
1. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт.
2. Төлөөчүнүн каалоосу боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнүшү мүмкүн. Бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнгөн алып келүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын тескөө мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринин жоболорун эсепке алуу менен ушул Мыйзамдын 45-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.
3. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же болбосо жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, туумдарды, пайыздарды, айыптарды төлөө ушул Мыйзамга ылайык накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүнчүлүгүсүз электрондук төлөм каражаттарын (мындан ары - электрондук терминалдар) пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган түзүлүштөрдү колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган төлөм терминалдары же банкоматтар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
53-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу жана токтотулушу. Бажы алымдары, салыктар төлөнбөгөн учурлар
Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болуу жана токтотуу учурлары, ошондой эле бажы алымдары, салыктар төлөнбөгөн учурлар Кодекстин 54-беренесинде белгиленген.
54-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет бажы төлөмдөрүн төлөөчү жана Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жоопкерчиликти бажы төлөмдөрүн төлөөчү менен биргеликте тарткан жак тарабынан аткарылат.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдети, эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн акчалай каражаттардын өлчөмү бажы төлөмдөрүнүн төлөөгө жаткан суммаларына эквиваленттүү болсо аткарылды деп төмөнкүдөй учурларда эсептелет:
1) төлөөчүнүн банктагы эсебинин акчалай каражаттары эсептеп чыгарылган, анын ичинде бажы төлөмдөрү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу төлөнгөн учурдан тартып;
2) бажы органынын кассасына накталай акча каражаттары төгүлгөн учурдан тартып же болбосо бажы терминалдары, банкоматтар аркылуу накталай акча каражаттары төлөнгөн учурдан тартып;
3) бажы төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммасын бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө бажы органынын билдирүүсү алынган учурдан тартып;
4) бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү же акчалай күрөөнү бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө бажы органынын тескемеси алынган учурдан тартып;
5) банк, башка кредиттик уюмдар же болбосо банк кепилдигине ылайык камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык кепилдөөчү төлөгөн бажы төлөмдөрүн, акчалай каражаттарды бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып;
6) ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке акча каражаттары киргизилген учурдан тартып, бажы төлөмдөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен өндүрүлгөн учурда:
а) бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын;
б) бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн күрөөдөгү мүлкүнүн.
3. Накталай эмес тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөдө товарларды чыгаруу максаттары үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдеттеринин аткарылышын ырастоо болуп ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке бажы төлөмдөрүнүн суммасынын келип түшүүсү саналат, ал эми ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык электрондук терминалдарды, төлөм терминалдарын же банкоматтарды пайдалануу менен бажы төлөмдөрү төлөнгөндө ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттарды которууну ырастоочу документ болуп электрондук терминалдар, төлөм терминалдары же банкоматтар тарабынан түзүлгөн, анын ичинде электрондук түрдө түзүлгөн документ саналат. Аталган документ түзүлгөн учурдан тартып бажы төлөмдөрүн төлөө максатында жүргүзүлгөн акча каражаттарын которуу кайра алынгыс болуп калат.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 55-беренесинде аталган жактардын талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгүнүн ырастоосун жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү, бирок бул ырастоо мындай талапка чейинки үч календардык жылдан ашпайт. Бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгүнүн ырастоосунун формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
5. Башка жактар тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу мүмкүндүгү, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, ошондой эле уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу өзгөчөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти туура эмес аткарган жана аткарбаган учурда бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жоопкерчиликти төлөөчү менен бирге тарткан жактарга белгиленген мөөнөттө бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммасы жөнүндө билдирүү (мындан ары- Билдирүү) жиберет.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында аталган Билдирүүнүн формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
7. Билдирүүдө төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы (төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча), Билдирүү жиберилген учурга эсептелген туумдардын, пайыздардын өлчөмү, ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтү, кабарламаны аткаруунун мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүү жана төлөөчү Билдирүүдө аталган талаптарды аткарбаган учурда колдонула турган аларды өндүрүүнү камсыз кылуу чаралары жөнүндө жана Билдирүүнү жиберүүнүн негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Билдирүү тийиштүү түрдө таризделген жана ушул берененин 10-бөлүгүндө белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчкө ээ.
8. Билдирүү бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюунун же толук төлөбөй коюунун фактысы аныкталган күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирилбестен төлөөчүгө же болбосо Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти бирге тарткан жакка жиберилүүгө тийиш.
Бажы иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен байланышкан кылмыштардын (укук бузуулардын) белгилери боюнча жазык же административдик иш козголгон учурда Билдирүүнү жиберүү мөөнөтү жазык иши жана административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин токтотулат.
9. Билдирүүдө аталган талапты аткаруу мөөнөтү төлөөчү же Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти бирге тарткан жак мындай Билдирүүнү алган күндөн тартып отуз календарлык күндөн ашпайт.
Төлөөчү же Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти бирге тарткан жак Билдирүүдө аталган талап менен макул болгон учурда бажы органына төлөөчү же Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти бирге тарткан жак мындай Билдирүүнү алган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө Билдирүүдө көрсөтүлгөн талапты аткаруу мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн.
Билдирүүдө аталган талапты ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу мүмкүнчүлүгү Билдирүүдө аталган талапка макул болгон жак бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылган учурда, мындай жактын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бажы органы тарабынан берилет.
10. Билдирүү уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка жекече кол койдуруп же Билдирүүнү алган фактысын жана датасын тастыктаган башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Билдирүүнү жеке өзүнө берүү мүмкүн болбосо, же аталган адамдар Билдирүүнү алуудан баш тартса, ал заказ кат менен почта аркылуу жиберилет. Билдирүү жиберилген күндөн кийинки күндөн тартып он календарлык күн өткөндөн тартып Билдирүү алынды деп эсептелет.
11. Билдирүү ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган мөөнөттө аткарылбаса бажы органдары ушул Мыйзамдын 77 жана 78-беренелерине ылайык бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.
12. Билдирүү төлөөчүгө ал кылмыш-жаза же административдик жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан жиберилет.
13. Бажы органдары тарабынан Билдирүү жиберилбеген учурлар Кодекстин
55-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында аталганга караганда бажы органдары тарабынан Билдирүү жиберилбеген башка учурлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.
14. Билдирүү бажы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кайра сурап алынышы мүмкүн.
55-берене. Ички керектөө үчүн шарттуу түрдө чыгарылган, Кыргыз Республикасында чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби
1. Бажы аймагында шарттуу түрдө чыгарылган товарларды сатып алуу үчүн ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна, Бирликтин товарларынын статусуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу талап кылынган учурларда, мындай милдетти декларант (анын укук мураскери) же мындай товарларга ээлик кылуу укугуна ээ болгон башка жак аткарышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган жактардын товарларды шарттуу чыгарган бажы органына берген арыздарынын негизинде товарларды шарттуу түрдө чыгаруу жүзөгө ашырылган бажы декларациясынын номерин жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет аткарылган төлөм документинин реквизиттерин көрсөтүү менен ишке ашырылат.
3. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында аталган товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу товарларды шарттуу чыгаруу жүргүзүлгөн бажы декларациясында эсептелген жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын өлчөмүндө жүргүзүлөт.
4. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында аталган товарларга карата бажы алымдары Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкалары боюнча эсептелген алып кирүүдөгү алымдардын суммасынын жана товарларды чыгарууда төлөнгөн алып кирүүдөгү бажы алымдарынын суммасынын айырмасы өлчөмүндө төлөнөт.
5 . Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын 52-беренесинде аныкталган эсепке төлөнүүгө тийиш.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар эсептелбейт.
56-берене. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттин пайда болуусу жана токтотулуусу, аларды төлөөнүн мөөнөтү жана эсептөө өзгөчөлүктөрү
Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттин пайда болуу жана токтотулуу учурлары, аларды төлөөнүн мөөнөтү, эсептөө өзгөчөлүктөрү Кодекстин 56-беренесинде белгиленген.
57-берене. Бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө мөөнөтү жана тартиби
1. Бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө мөөнөтү Кодекстин 57-беренесине ылайык аныкталат.
2. Бажы алымдарын төлөө тартиби Кодекстин 61-беренесине ылайык белгиленген.
Салыктарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
58-берене. Туум
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти төлөөчү аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган учурда Кодексте белгиленген мөөнөттө туум төлөнөт.
Ушул берененин 2-4-бөлүгүндө, ушул Мыйзамдын 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү-бешинчи абзацтарында каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу мөөнөтү өткөндөн кийинки ар бир календардык күн үчүн, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер аткарылган күнгө дейре же болбосо мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө дейре, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.
2. Бажы органы кепилдик берүүчүгө же гарантка билдирүү жибергенде туум кепилдик берүү же банк гарантиясы менен камсыздалган милдеттенмелердин мөөнөтү өткөн күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет.
3. Төлөөчүгө билдирүү жиберилгенде туум билдирүү жиберилген күнгө дейре эсептелет. Бажы төлөмдөрү билдирүүдө аталган мөөнөттө төлөнбөгөн учурда туум ушул берененин 1-пунктуна ылайык эсептелет.
4. Товарлар убактылуу сактоодо турганда бажы декларациясын берүү мөөнөтү бузулганда убактылуу сактоо мезгили үчүн туум эсептелбейт жана төлөнбөйт.
5. Туум бажы төлөмдөрүнүн суммаларын төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин, бирок бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөгөн учурдан тартып бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт.
6. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет өз убагында аткарылбагандыгы үчүн эсептелген туумдун жалпы суммасы бажы төлөмдөрү боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 (жүз) пайызынан ашпашы керек.
7. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берүү салык калдыгынын суммасына туумду эсептөөнү токтотпойт.
8. Туумду төлөө, өндүрүү жана кайтарып берүү ушул Мыйзамда бажы төлөмдөрүн төлөөгө, өндүрүүгө жана кайтарууга каралган тартипте ишке ашырылат.
Туумду эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
7-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү
59-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары
1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү мөөнөттү кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө түрүндө ишке ашырылат.
2. Бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу же бөлүп төлөө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосунда жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүнүн арызы боюнча берилет.
Төлөөчүгө ал жеткис күчтүн натыйжасында Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан таанылган зыян келтирилген учурда, бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө салыкты төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга же узартууга мүмкүндүк берилет.
3. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө бажы алымдары же салыктар боюнча, ошондой эле төлөөгө тиешелүү бажы алымдарынын жана салыктардын бардык суммасына карата берилиши мүмкүн.
4. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган күндөн тартып он беш календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
60-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруунун жана бөлүп төлөөнүн мөөнөтү жана негизи
1. Ташып кирүү бажы алымын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруунун жана бөлүп төлөөнүн негизи, аларды берүүнүн мөөнөттөрү Кодекстин 59-беренесинде белгиленген.
2. Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартуу ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө пайыздарды төлөтпөстөн берилет.
Салыктарды төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну жана бөлүп төлөө үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-3-пунктчаларында аталган негиздер;
2) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товар эрте бузула турган болсо да;
3. Кодекстин 59-беренесинин 2 жана 3-пункттарында аталган негиздердин болуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан ырасталат.
61-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга же бөлүп төлөөгө жол бербөөчү жагдайлар
1. Төмөнкүдөй учурларда мөөнөттү кийинкиге жылдырууга же бөлүп төлөөгө талапкер болгон жакка карата бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдырууга же бөлүп төлөөгө жол берилбейт:
1) салык мыйзамдарын жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен байланышкан кылмыш белгилери боюнча кылмыш же административдик иш козголсо;
2) банкроттук жол-жобо козголсо.
3) бажы төлөмдөрү боюнча карыздары болсо.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жагдай болгон учурда мөөнөттү кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөө жөнүндө чечим чыгарылбайт, бул тууралуу мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берген жакка мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун же бөлүп жиберүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарланат.
62-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн пайыздар
1. Төлөөчүгө ал жеткис күчтүн натыйжасында Кодекстин 59-беренесинин
2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан таанылган зыян келтирилген учурдан тышкары, бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн пайыздар алынат.
2. Ташып кирүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, төлөө тартиби Кодекстин 60-беренесинде белгиленген.
3. Салыктарды төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, мындай пайыздарды төлөө тартиби пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, ташып кирүү бажы алымдарына карата мындай пайыздарды төлөө тартиби каралган ушул Мыйзамга ылайык колдонулат.
4. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
8-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу
63-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуунун жалпы шарттары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуунун жалпы шарттары Кодекстин 9-главасында аныкталган.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу төмөнкү учурларда камсыз кылынат:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтү кийинкиге жылдырылганда же өтүп кеткенде;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурлардан тышкары, товарлар шарттуу чыгарылганда;
3) Кодекстин 120-беренесине ылайык товарларга карата декларация тапшырылганга чейин товарлар чыгарылганда;
4) Кодекстин 121-беренесине ылайык бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарлар чыгарылганда;
5) Кодекстин 122-беренесине ылайык бажы экспертизасын дайындаган учурда товар чыгарылганда;
6) товарлар бажы транзити бажы жол-жобосунда жайгаштырылганда;
7) бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүлгөндө;
8) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу Кодекстин 120-122, 146, 304 жана 437-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле төлөөчүгө ал жеткис күчтүн натыйжасында Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан таанылган зыян келтирилген учурда камсыз кылынбайт.
Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу камсыз кылынбаган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
64-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуунун ыкмалары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу төмөнкү ыкмалар менен камсыз кылынат:
1) бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит);
2) банктык кепилдиктер;
3) кепилдик алуу;
4) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;
5) камсыздандыруу келишими.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган кайсы болбосун ыкма менен жүргүзүлөт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы бажы өкүлдөрү, бажы ташуучулары, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, эркин кампа ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдө гана колдонулат.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылууну колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылууну ырастаган документтерди кайтаруу учурлары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
65-берене. Бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит)
1. Бажы органын эсебине же кассасына бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу катары акча каражаттарын салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
Депозиттин суммасына пайыздар чегерилбейт.
2. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаганда, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозиттин суммасынан чегерилет.
3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда, төлөнгөн акча каражаттары ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык же төлөөчүнүн каалоосу боюнча кайра кайтарылууга, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине же бажы органдарынын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылууга берилүүгө жатат.
4. Депозиттин салынгандыгын ырастоо иретинде, бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салган жакка депозиттик сертификат берилет, анын формасы жана пайдалануу тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
66-берене. Банк кепилдиги
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар берген банк кепилдиктерин бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу катары кабыл алат.
2. Банктарды, башка кредиттик уюмдарды Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары башкача таризде бузулганда банктар жана башка кредиттик уюмдар Реестрден чыгарылышы мүмкүн.
3. Банк кепилдиктерин берүүгө, банк кепилдиги боюнча талаптарды коюуга, кепилдик берүүчүнүн өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана банктык кепилдиктерди токтотууга байланышкан укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
67-берене. Кепилдик алуу
1. Кепилдик алуу бажы органы менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн Кепилдик берүүчүнүн реестрине киргизилген кепилдик берүүчүнүн ортосунда келишим түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделет.
2. Юридикалык жактарды Кепилдик берүүчүнүн реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу ыкмасын кепилдик алуу катары тандаганда кепилдик берүүчү болууга ниети бар жак кепилдик алуу келишимин түзүү жөнүндө бажы органына сунуш жиберет.
4. Бажы органы кепилдик алуу келишимин түзүүгө байланышкан чыгымдарды тартпайт.
68-берене. Мүлктү күрөөгө коюу
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөөнүн предмети болуп мүлк эсептелет, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары турган мүлк;
2) үчүнчү жактын пайдасына мурдагы ушундай милдеттенмени же башка бир милдеттенмени камсыздоо үчүн коюлган мүлк;
3) бат бузулууга жаткан товарлар, жаныбарлар;
4) энергиянын электр, жылуулук жана башка түрлөрү;
5) ишкана;
6) мүлктүк укуктар;
7) жүгүртүүдөгү товарларга коюлган күрөө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин сатууга тыюу салынган өндүрүш продукциялары жана калдыктары;
9) өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүүчү мүлк.
2. Күрөө бажы органы жана күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен таризделет. Күрөө коюучу болуп бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууга жооптуу жак же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууга жооптуу жактын пайдасына күрөө койгон башка жак боло алат.
3. Бажы органынын алдында күрөө коюу менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбаганда, бажы төлөмдөрү боюнча карыздын суммасы бажы органы тарабынан коюлган күрөөнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.
4. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
69-берене. Камсыздандыруу келишими
1. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген камсыздандыруу уюмдары менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат.
Камсыздандыруу уюмдарын реестрге киргизүү тартиби жана шарттары, аларды Реестрден чыгаруу, ошондой эле аларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
70-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарууну генералдык камсыз кылуу
1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарууну генералдык камсыз кылууну колдонуунун жалпы шарттары, ошондой эле аны колдонуу учурлары Кодекстин 64-беренесинде белгиленген.
2. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетти аткаруу бажы алымдарын, салыктарды төлөөчү же болбосо башка жак тарабынан төлөөчүнүн пайдасына камсыз кылынат.
3. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарууну генералдык камсыз кылууну колдонуу тартиби, бажы операциялары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
71-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу өлчөмүн аныктоо
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу өлчөмү тарифтик преференцияларды жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди колдонбостон товарларды ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосунда же экспорттун бажы жол-жобосунда жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон товарларды чыгаруу менен байланышкан операцияларды бажы органы тарабынан жасоосу үчүн бажы алымдарынын, салыктардын, жыйымдардын суммаларына жараша аныкталат.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуунун белгиленген өлчөмү аныкталышы мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрү, ошондой эле ушундай камсыз кылуунун өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
9-глава. Бажы төлөмдөрүн жана башка акча каражаттарын кайтаруу (эсепке алуу)
72-берене. Бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайтаруу (эсепке алуу)
1. Бажы алымдарынын, салыктардын суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайтарылууга (эсепке алынууга) тийиш.
Кодекстин 67-беренесинин 1-пунктунун 4-5-пунктчаларында келтирилген учурларда бажы алымдарынын, салыктардын суммасын кайтаруу (эсепке алуу) бажы алымдарынын, салыктардын суммасы эсебине которулган бажы органына бажы алымдарынын, салыктардын суммаларын кайра кайтарууга (эсепке алууга) алып келген жагдайлар келип чыкканы ырасталган учурда жүргүзүлөт.
2. Ашыкча төлөнгөн бажы жыйымдарынын суммасы ушул Мыйзамдын
73-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайтарылууга (эсепке алууга) жатат.
73-берене. Ашыкча төлөнгөн жана (же) ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн кайтаруу (эсепке алуу)
1. Бажы төлөмдөрү катары иш жүзүндө төлөнгөн же өндүрүп алынган, өлчөмү Кодекске, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон суммадан ашкан акча каражаттарынын суммасы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болуп саналат.
2. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасын бажы органы төлөөчүнүн арызы боюнча жана Кодексте белгиленген учурларда Комиссия тарабынан аныкталган товарларга карата декларацияда, бажы кириштөө ордеринде же башка бажы документинде билдирилип, эсептелген бажы төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилген шартта кайра кайтарууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 74-беренесинде аталган учурларды кошпогондо, аталган арыз эсебине көрсөтүлгөн суммалар төлөнгөн бажы органына, алар төлөнгөн күндөн тартып үч жылдан кечиктирилбестен берилет.
3. Бажы төлөмдөрүн ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүп алуу фактысы билинген учурда, бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө төлөөчүгө ушундай факт билинген күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.
4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү бажы төлөмдөрүнүн суммасы келип түшкөн эсепке бажы органынын чечими боюнча кайра кайтарылат. Кайра кайтаруу жөнүндө арызды кароо, кайра кайтаруу тууралуу чечим кабыл алуу жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруу үчүн зарыл болгон жалпы мөөнөт кайра кайтаруу жөнүндө арыз жана бардык зарыл документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпайт. Аталган мөөнөт бузулган учурда белгиленген мөөнөттө кайтарып берилбеген ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасына кайтарып берүү мөөнөтүн бузуунун ар бир күнү үчүн пайыз эсептелет.
5. Кайра кайтарып берүү бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрү келип түшкөн шартта жүргүзүлөт.
6. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү, эгерде арызда башкача айтылбаса, төлөөчүнүн төлөнгөн же өндүрүп алынган эсебине кайра кайтарылат. Эгерде төлөөчүнүн пайдасына бажы төлөмдөрүн башка жак төлөсө, анда ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү ошол жакка кайра кайтарылат.
7. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке алуу) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган учурда кайра кайтарылып жаткан төлөмдөрдүн суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдун жана пайыздардын суммасы да кайра кайтарылат (эсепке алынат).
9. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төмөнкүдөй учурда жүргүзүлбөйт:
1) төлөөчүнүн кайтарууга тийиштүү суммасына барабар же андан ашык өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карызы болгондо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилгенде.
10. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төлөөчүнүн каалоосу боюнча башка бажы төлөмдөрүн, ошондой эле туумду, пайыздарды же айыптарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун эсебине алуу түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
11. Бажы төлөмдөрүн, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыздары болгон учурда бажы органы аны ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эсебинен өз алдынча төлөөгө укуктуу. Бажы органы жүргүзүлгөн эсепке алуу жөнүндө төлөөчүгө ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.
12. Бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган бардык учурларда бажы органдары кайра кайтаруу жүргүзүлгөн күндү, анын себебин жана суммасын ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде төлөөчү катталган жердеги салык органына маалымдайт.
74-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруунун башка учурлары
1. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төмөнкүдөй учурларда да жүргүзүлөт:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилген учурда;
2) тарифтик преференциялар калыбына келтирилгенде;
3) бажы жол-жобосунун шарттарында бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммаларын кайра кайтаруу каралганда;
4) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын суммасы убактылуу (шарттуу) баа коюу учурунда төлөнгөн суммадан аз болуп, бажылык нарк товарларды чыгаргандан кийин аныкталганда;
5) Бирликтин укугун түзгөн эл аралык келишимдеринде белгиленген учурларда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдары, салыктар бул жөнүндө бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууга алып келген жагдайлар келип чыккан күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен арыз бергенде кайра кайтарылат.
75-берене. Аванстык төлөмдөрдүн суммасын кайтаруу (эсепке алуу)
1. Аванстык төлөмдөрдүн талап кылынбаган суммалары аванстык төлөмдөрдү төлөгөн жактын арызы боюнча кайтарууга (эсепке алууга) жатат.
2. Аталган арыз эсебине аванстык төлөмдөр төлөнгөн бажы органына берилет.
3. Бажы органы тарабынан кайтаруу (эсепке алуу), аванстык төлөмдөрдүн талап кылынбаган суммаларын кайтаруу (эсепке алуу) жөнүндө чечимди кароонун, кабыл алуунун жалпы мөөнөтү бажы органы арызды каттаган учурдан тартып отуз календарлык күндөн ашпоого тийиш.
76-берене. Депозитти кайтаруу
1. Депозитти кайра кайтаруу, эгерде аны кайра кайтаруу жөнүндө арыз милдеттенмени аткарган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилсе, депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта ишке ашырылат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке которулат жана кайра кайтарылып берилбейт.
2. Депозитти эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же аткаруу боюнча милдеттенмелер депозит менен камсыз кылынган бажылык операция же бажылык жол-жобо аяктап жаткан бажы органы кайра кайтарып берет.
3. Депозит депозиттик сертификатты көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында кайра кайтарылат.
4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынса, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозит төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө кайтарылышы мүмкүн.
5. Депозитти кайра кайтаруу төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган милдеттер болгон учурда ушундай аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган милдеттин өлчөмүндө жүзөгө ашырылбайт.
77-берене. Бажы төлөмдөрүн өндүрүү
1. Билдирүүдө белгиленген талаптар ушундай Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөтүндө аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, ошондой эле ушундай Билдирүү Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктуна ылайык жиберилбесе, бажы органдары бажы төлөмдөрүн өндүрүү боюнча чараларды көрөт.
2. Бажы төлөмдөрүн өндүрүү боюнча чараларга, эгерде Кодексте жана (же) Бирлик жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, төлөөчүнүн акча каражатынын же (жана) башка мүлкүнүн эсебинен, анын ичинде кайтарууга (эсепке алууга) тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын, аванстык төлөмдөрдүн суммасынын, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуунун, генералдык камсыз кылууну кошо эсептегенде атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуунун, бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттерди аткарууну камсыз кылуусунун, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерди аткарууну камсыз кылуусунун эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүү кирет.
3. Бажы төлөмдөрүн өндүрүү боюнча чаралар көрүлбөй турган учурлар Кодекстин 68-беренесинде белгиленген.
Бажы төлөмдөрүн өндүрүү мөөнөтү товар чыгарылган учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.
4. Кодекстин 69-беренесинин 2 жана 3-пункттарында белгиленген учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрү товар чыгарууну жүзөгө ашырган бажы органы тарабынан өндүрүлөт.
78-берене. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу
1. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрү бюджеттин алдында карыз болуп саналат.
2. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууга жооптуу жак ушул Мыйзамдын 54-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө аларды аткарбаса же болбосо ушул Мыйзамдын 166-беренесине ылайык даттануу мөөнөтү өткөн учурда, бажы органы бажы төлөмдөрүн төлөөгө карата милдеттерди аткаруу боюнча карыздын суммасын мажбурлап өндүрүү жөнүндөгү ишти же болбосо "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкрот катары жооптуу жакты жоюу талабы менен банкроттук жөнүндөгү арызды сотко берет.
79-берене. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
1. Бажы органдары соттун чечими менен бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен, эгерде бул товарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ички керектөө үчүн чыгарылбаган болсо, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууга укуктуу.
2. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу, товарларды алып коюу же алар менен башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
80-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
1. Билдирүүдө белгиленген талаптар аткарылбаган учурларда, бажы органдары төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн депозитинин эсебинен же болбосо анын башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.
2. Депозиттин суммасынан өндүрүп алуу бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде, бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Депозиттин эсебинен бажы төлөмдөрүнүн суммаларын өндүрүп алуу жөнүндө бажы органы бул каражаттарды ушул органдын эсебине салган жакка, өндүрүп алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.
3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
81-берене. Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу
Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
82-берене. Бажы төлөмдөрүн которууга тапшырмаларды аткаруу боюнча банктардын милдеттери
1. Банктар бажы органдарынын эсептерине бажы төлөмдөрүн которууга төлөөчүнүн тапшырмасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которууга бажы органдарынын тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.
2. Төлөөчүнүн эсебинде акча каражаттары болгон учурда, банктар бажы төлөмдөрүн которуу тапшырмасын аткарууну создуктурууга укуксуз.
3. Бажы төлөмдөрүн которуу боюнча ушул беренеде каралган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
83-берене. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар боюнча өнбөс карыздарды эсептен чыгаруу
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыз, төмөндөгүдөй учурда өнбөс карыз болуп таанылат:
1) бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдет аларды төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн же жактардын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдети башталган күндөн тартып алты жылдын ичинде аткарылбаса;
2) жеке жак каза болгондо анын укук улантуучусу же мураскору жок болсо;
3) жеке жак дайынсыз жок болду же аракетке жөндөмсүз деп таанылса, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болсо;
4) төлөөчү банкрот деп таанылса;
5) өзүнчө мыйзам менен кабыл алынган бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдары, салыктар боюнча карыз эсептен чыгарылса.
Аталган учурларда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жоюлат.
10-глава. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдар
84-берене. Ички рынокту коргоо максатында атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуу
1. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуунун жалпы жоболору Кодекстин 12-главасында белгиленген.
2. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды эсептөө үчүн объект, салык салуу базасы ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.
3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөчү болуп декларант же атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, атайын квоталарды киргизүү менен ички рынокту коргоо чарасы колдонулган товарларга карата атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти тарткан башка жактар эсептелет.
4. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жана төлөө Бирлик жөнүндө Кодексте жана Келишимде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ташып кирүү бажы алымдарын эсептөө жана төлөө үчүн Кодексте белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Кодекстин 12-главасынын жоболору бажы аймагына ташып киргизилген жеке пайдалануу үчүн товарларга карата колдонулбайт.
85-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттин пайда болушу жана токтотулушу
Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү кошо эсептегенде, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттер пайда болуучу жана токтотулуучу, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар төлөнбөөчү учурлар Кодекстин 72-беренесинде белгиленген.
86-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчү, Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен биргеликтүү милдетти тарткан жак тарабынан аткарылат.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти башка жактын аткаруу мүмкүнчүлүгү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө милдетин аткаруунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда бажы органдары атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен биргелешип милдетти алган жакка ушул Мыйзамдын 54-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммасы жөнүндө кабарлама (мындан ары - Кабарлама) жөнөтөт.
4. Кабарламанын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Бажы органы тарабынан кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кодекстин 73-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн, бажы органы тарабынан Кабарлама жөнөтүлбөй турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.
87-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү, тартиби, аларды төлөө мөөнөтүн өзгөртүү, туумдарды эсептөө, төлөө, өндүрүү жана кайтаруу
1. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү кошо эсептегенде, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү, аларды төлөө тартиби Кодекстин 74-беренесинде белгиленген.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтүн узартуу же бөлүп төлөө түрүндө өзгөртүүгө болбойт.
3. Төлөөчү Кодексте белгиленген мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда туум төлөнөт.
4. Аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарга карата туумдарды эсептөө, төлөө жана кайтаруу Кодекс жана ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте, аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарга карата туумдарды эсептөөгө, төлөөгө жана кайтарууга жараша жүргүзүлөт.
88-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуунун жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу учурлары Кодекстин 75-беренесинде белгиленген.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу үчүн каралган тартипте жана ыкмада камсыз кылынат.
89-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары төлөнгөн акча каражаттарын кайтаруу (эсепке алуу)
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары төлөнгөн акча каражаттарын кайтаруунун (эсепке алуунун) жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары төлөнгөн акча каражаттары кайтарылуучу (эсепке алынуучу) учурлар Кодекстин 76-беренесинде белгиленген.
2. Кодекстин 76-беренесинин 3-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайтаруу (эсепке алуу) атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары эсебине төлөнгөн бажы органына атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайтаруучу (эсепке алуучу) алып келген жагдайлар келип чыккандыгын тастыктоону берген учурда жүргүзүлөт.
3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу катары төлөнгөн акча каражаттарын кайтаруу (эсепке алуу) ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жана мөөнөттө, Бирлик жөнүндө келишимдин жана Кодекстин жоболорун эске алуу менен бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайтарууга жараша жүргүзүлөт.
90-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүү
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүүнүн жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүү боюнча чаралар колдонулбаган учурлар Кодекстин 77-беренесинде белгиленген.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүү мөөнөтү товар чыгарылган учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.
III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ АТКАРУУЧУ ЖАКТАР
11-глава. Бажы операциялары жана аларды аткаруучу жактар жөнүндө жалпы жоболор
91-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү тартиби
1. Бажы операциялары Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленген тартипте, ал эми Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленбеген бөлүгүндө, же болбосо бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы органдары тарабынан бажы органдарынын кызматтык адамдарынын катышуусуз бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби Комиссия тарабынан, ал эми аны Комиссия аныктаганга чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
92-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар
1. Кодексте белгиленген жактар бажы операцияларын жүргүзүү үчүн Кодекске ылайык зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды бажы органына берүүгө милдеттүү.
Бажы органдары Кодексте аныкталган жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн алардын сакталышын контролдоо бажы органына жүктөлгөн жана аларды берүү Кодексте каралган зарыл документтерди жана маалыматтарды гана берүүсүн талап кылууга укуктуу.
2. Эгерде бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы органдарына зарыл документтер жөнүндө маалыматтарды жана (же) алардан маалыматтарды жана башка маалыматтарды бажы органдары бажы органдарынын маалыматтык системасынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) жана бажы органдарынын өз ара маалыматтык кызматташуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системасынан ала алса, анда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар аларды жүргүзүүдө бажы органына берилбесе болот.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) жана бажы органдарынын өз ара маалыматтык кызматташуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) жана бажы органдарынын маалыматтык системасынан алынышы мүмкүн болгон маалыматтардын курамы жана мындай маалыматтарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
93-берене. Товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн биринчи кезектеги тартиби
1. Кодекстин 81-беренесинде көрсөтүлгөн товарларга карата бажы операциялары биринчи кезекте жүргүзүлөт.
2. Бат бузулуучу товарлардын тизмеги Комиссия тарабынан, ал эми Комиссия аныктаганга чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
94-берене. Декларант
1. Бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарлардын декларанты катары Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактар чыга алат.
2. Декларанттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги Кодекстин 84-беренесинде белгиленген.
12-глава. Товарлардын бажы аймагына келиши. Товарлардын бажы аймагынан чыгышы. Ушундай келүүлөргө жана чыгууга байланышкан бажы операциялары
95-берене. Товарлардын бажы аймагына келишине, товарлардын бажы аймагынан чыгышына байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Жүк ташуучу товарларды ташыган транспорттун түрүнө жараша Кодекстин 89-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүү жолу менен, же электрондук документ түрүндө берилген баштапкы маалыматтын каттоо номери жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди берүү жолу менен төмөнкү мөөнөттө товарлардын бажы аймагына келгендиги жөнүндө бажы органдарына кабарлоого милдеттүү:
1) автомобиль транспорту менен ташылып келген товарларга карата - товарлар жеткирилүүчү жерге келген учурдан тартып 1 сааттын ичинде, ал эми товарлар бажы органынын иш убактысынан башка учурда - бажы органы ишин баштаган учурдан тартып 1 сааттын ичинде;
2) аба же темир жолу транспорту аркылуу ташылып келген товарларга карата - эл аралык ташууну жүзөгө ашырууда аэропорт же темир жол станциясынын технологиялык процесси менен белгиленген убакыттын, же болбосо ушундай аэропорттун же темир жол станциясынын ишинин аймагында жайгашкан бажы органы менен макулдашылган башка мөөнөттүн ичинде.
2. Товарлар бажы аймагына келгенде же бажы аймагынан чыкканда Кодекстин 89-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар бажы өкүлдөрү тарабынан же ташуучунун тапшырмасы боюнча иштеген башка жак тарабынан бажы органына ташуучунун атынан берилиши мүмкүн.
Товарлардын бажы аймагынан чыгуусуна байланышкан бажы операциялары Кодекстин 15-главасына ылайык ишке ашырылат.
3. Товарлардын бажы аймагына келүүсү жөнүндө кабарламанын датасын жана убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан аныкталуучу тартипте бажы органы белгилейт.
4. Ташуучу же Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн башка жактар келгени жөнүндө кабарлаган учурдан тартып бажы органынын иш убактысынын үч саатынын ичинде төмөнкүлөр менен байланышкан бажы операцияларынын бирин жүргүзүүгө милдеттүү:
1) товарларды убактылуу сактоого коюуга;
2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте товарларды келген жеринен убактылуу сактоочу жерге чейин жеткирүүгө (транспорттоого);
3) товарларды бажылык декларациялоого;
4) товарларды порттогу эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) же логистикалык ЭЭЗ аймагындагы эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна коюуга;
5) товарларды Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгууга.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболору Кодекстин 88-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата колдонулбайт.
6. Бажы органы ушул берененин 4-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө бажы декларациясын каттаганда ушул Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактар товарларды убактылуу сактоого коюу менен байланышкан бажы операцияларын бажы органынын иш убактысынын үч саатынын ичинде жүргүзүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү алган учурдан тартып аткарылат:
- Кодекстин 113-беренесине ылайык бажы декларациясын чакыртып алууга бажы органынын уруксатын;
- Кодекстин 119-беренесинин 4-8-пункттарына ылайык товарларды чыгаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө бажы органынын уруксатын;
- Кодекстин 124-беренесине ылайык бажы органынын товарларды чыгарууну токтотуп туруу жөнүндө уруксатын;
- Кодекстин 125-беренесине ылайык товарларды чыгаруудан баш тартуусун.
Аталган жагдайлар түзүлгөндөн кийин Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын жүйөлүү суроо-талабы боюнча бажы органы тарабынан товарларды убактылуу сактоого коюу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүгө бир жумуш күндөн ашпаган башка мөөнөт белгилениши мүмкүн жана (же) ушул беренеде көрсөтүлгөн жагдайлар түзүлгөндөн кийин башка бажы операцияларын жүргүзүү каралышы мүмкүн.
7. Келген жерде убактылуу сактоого коюлган товарлар ошол келген жердеги убактылуу сактоочу жайларда, же ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган учурларда - убактылуу сактоочу башка жерлерде сакталат.
Эгерде чет өлкөлүк товарлар келген жерден башка жактагы убактылуу сактоочу жайда сактала турган болсо, чет өлкөлүк товарларды келген жерден ушундай убактылуу сактоочу жайга чейин ташуу бажылык транзит бажы жол-жобосуна ылайык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу учурларда жана тартипте бажылык транзит бажы жол-жобосуна койбостон ишке ашырылат.
96-берене. Товарлардын бажы аймагына келиши жөнүндө бажы органына кабарлаган учурда берилүүчү документтер жана маалыматтар
Товарлардын бажы аймагына келгени жөнүндө бажы органына кабарлаган учурда ташуучу товарларды ташыган (транспорттогон) транспорттун түрүнө жараша Кодекстин 89-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берет.
13-глава. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого коюуга байланышкан бажы операциялары
97-берене. Товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жалпы жоболор
1. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого коюуга байланышкан бажы операциялары Кодекстин 16-главасына ылайык ишке ашырылат.
2. Товарларды убактылуу сактоочу жерлер ушул Мыйзамдын 125-беренесине ылайык түзүлгөн бажы контролунун туруктуу жана убактылуу зонасы болуп эсептелет.
3. Товарларды чыгарганга чейин аларды сактоочу жери өзгөргөн учурлар, товарларды башка жерде убактылуу сактоого уруксат берүүнүн шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдары, салыктар төлөнүшүн камсыздоо талаптары, ошондой эле товарларды убактылуу сактоочу кампаларга жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге жайгаштыруу үчүн бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби, товарларды убактылуу сактоочу кампаларга (кампаларынан) жана товарларды убактылуу сактоонун башка жерлерге жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14-глава. Бажылык декларациялоо жана бажы декларациясын тапшыруу, каттоо жана чакыртып алуу менен, бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү (толуктоо) менен байланышкан бажы операциялары
98-берене. Бажылык декларациялоо жөнүндө жалпы жоболор
1. Бажылык декларациялоо Кодекстин 17-главасына ылайык ишке ашырылат.
2. Бажылык декларациялоо электрондук жана жазуу жүзүндөгү формаларда ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кодекстин 104-беренесинин 4 жана 5-пункттарында каралгандай бажылык декларациялоо жазуу жүзүндө жүргүзүлгөндөн башка учурлар, ошондой эле бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү аныкталышы мүмкүн, алар:
1) эгерде декларантта бажылык декларациялоо үчүн зарыл так маалыматтар жок болсо;
2) эгерде ЭЭЗдин аймагына Бирликтин товарларын аймагында ЭЭЗ түзүлгөн мүчө мамлекеттердин калган бөлүгүнөн ташып кирүү, жана ЭЭЗдин аймагынан Бирликтин товарларын аймагында ЭЭЗ түзүлгөн мүчө мамлекеттин аймагынын калган бөлүгүнө ташып чыгуу ташуу мезгилинин ичинде окшош шарттарда эки же андан көп партиялар менен ишке ашырылса;
3) эгерде эркин кампанын аймагына Бирликтин товарларын аймагында эркин кампанын ээси эркин кампанын ээлеринин Реестрине киргизилген мүчө мамлекеттердин калган бөлүгүнөн ташып кирүү жана эркин кампанын аймагынан Бирликтин товарларын аймагында эркин кампанын ээси эркин кампанын ээлеринин Реестрине киргизилген мүчө мамлекеттердин калган бөлүгүнө ташып чыгуу ташуу мезгилинин ичинде окшош шарттарда эки же андан көп партиялар менен ишке ашырылса.
Өкмөт тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдөн айырмаланган бажылык декларациялоонун өзгөчөлүгү аныктаган учурда бажы төлөмдөрү, демпингге каршы, компенсациялык, атайын алымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.
4. Бажылык декларациялоодо бажылык декларациялоонун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
1) товарларга карата декларация;
2) транзиттик декларация;
3) жүргүнчүлүк бажы декларациясы;
4) транспорт каражатына декларация.
5. Товарларга карата декларацияда жана транзиттик декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Кодекстин 106-107-беренелеринде аныкталган.
6. Бажылык декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтер Кодекстин 108-беренесинде белгиленген.
99-берене. Бажы декларациясын берүү менен байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Товарларга бажы декларациясы бажы декларациясын кабыл алууга ыйгарым укуктуу бажы органына берилет. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышын контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болгон учурда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн өзүнчө бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын кызыкчылыктары эске алынууга тийиш.
2. Эгерде товарлардын декларациясын толтурууга негиз болгон айрым документтерди товарлардын декларациясы менен бир убакта берүүгө мүмкүн болбосо, декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди товарлар чыгаргандан кийин, ушул Мыйзамдын 109-беренесинде белгиленген мөөнөттө берүүгө жазуу жүзүндө уруксат беришет.
100-берене. Берилген бажы декларациясын каттоого, каттоодон баш тартууга же кайра алууга байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Бажы декларациясын каттоого же каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операциялары бажы органы тарабынан бажы декларациясы берилген учурдан тартып бажы органынын иш убактысындагы 1 сааттан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
2. Бажы органдары Кодекстин 111-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча бажы декларациясын каттоодон баш тартышат.
3. Техникалык үзгүлтүктөргө, байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык жана Интернет тармактардын) ишиндеги бузуктарга, электр энергиясы өчүп калууга байланыштуу бажы органы пайдаланган маалыматтык система иштебей калган учурда, каттоодон баш тартуу үчүн негиз жок болсо бажы органы берилген бажы декларациясын маалыматтык системаны пайдаланбастан кагаз жүзүндө каттайт.
Бажы органдары пайдаланган маалыматтык система бузулуп калган учурда бажы декларациясын каттоого же мындай каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
3. Өкмөт тарабынан ушул Мыйзамдын 98-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата берилген бажы декларациясын Кодекстин 113-беренесинде каралгандан башкача кайра алуунун шарттары белгилениши мүмкүн.
101-берене. Товарларды баштапкы, толук эмес, мезгилдүү бажылык декларациялоонун жана куралбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплектиленбеген же толук бүтпөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Баштапкы декларациялоо, толук эмес бажылык декларациялоо, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле ажыратылган же куралбаган түрдөгү, анын ичинде комплектиленбеген же толук бүтпөгөн түрдөгү товарларды декларациялоо Кодекстин 114, 115, 116, 117-беренелерине ылайык ишке ашырылат.
2. Баштапкы бажылык декларациялоо, толук эмес бажылык декларациялоо, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле куралбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплектиленген же толук бүтпөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун Кодекс менен жөнгө салынбаган өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул берененин жоболору колдонулбаган товарлардын категориялары аныкталышы мүмкүн.
15-глава. Товарларды чыгаруу жана товарларды чыгарууга байланышкан бажы операциялары
102-берене. Товарларды чыгаруу жөнүндө жана товарларды чыгарууга жана чыгарууну жоюуга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби тууралуу жалпы жоболор
1. Товарларды чыгаруу Кодекстин 18-главасына ылайык бажы органдары тарабынан ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарларды келген жеринен чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилеши мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссия тарабынан каралган учурларда, декларанттын жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан товарлардын чыгарылышын жоюунун шарттарын жана учурларын, ошондой эле товарлардын чыгарылышын жоюуга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
4. Декларанттын кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан коммерциялык, транспорттук (ташуу) документтерине товарларды чыгаруу жөнүндө же товарларды чыгаруу жөнүндө белги коюлган коммерциялык, транспорттук (ташуу) документтерге товарларды чыгарылышын жоюу жөнүндө белги коюлушу мүмкүн.
103-берене. Товарларды чыгаруу мөөнөтү
1. Бажы органы тарабынан товарларды чыгаруунун мөөнөтү Кодекстин 119-беренесине ылайык белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан товарларды чыгаруунун Кодекстин 119-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөн аз мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
2. Товарларды чыгаруу мөөнөтүн узартууда бажы органы Кодекстин 119-беренесинин 4-8-пункттарына ылайык декларантка же бажы өкүлүнө мындай узартуу жөнүндө кабарламаны товарларды чыгаруу мөөнөтүн узартуу себебин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен уруксат берген күндөн кийинки 1 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберет.
104-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүүнүн жана товарларды чыгаруунун өзгөчөлүгү
1. Ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарууга төмөнкү товарлар көрсөтүлүшү мүмкүн:
- Кодекстин 120-беренесинин 1-пунктунун жана 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөндөр;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келгендер.
2. Бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуу төмөнкүлөргө карата талап кылынбайт:
1) табигый кырсыктардын кесепеттерин, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн зарыл товарларга;
2) тынчтыкты сактоо жана машыгууларды жүргүзүү үчүн акцияларды аткарууга зарыл болгон аскердик багыттагы продукцияга;
3) гуманитардык жана техникалык жардамга;
4) мүчө мамлекеттердин валюталарына, мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктары жана алардын филиалдары тарабынан алынып келген чет өлкөлүк валютага, башка валюталык баалуулуктарга, асыл металлдарга, анын ичинде алтынга;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу учурларда башка товарларга.
105-берене. Бажы экспертизасы дайындалган учурда бажылык жана башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарларды чыгаруунун өзгөчөлүктөрү
Бажы экспертизасы дайындалган учурда бажылык жана башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарлар Кодекстин 121 жана 122-беренелерине ылайык чыгарылат.
106-берене. Административдик эреже бузуу же кылмыш аныкталган учурда товарларды чыгаруунун өзгөчөлүктөрү
Административдик эреже бузуу же кылмыш аныкталган учурда административдик эреже бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш (административдик процесс) аяктаганга чейин же кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш аяктаганга чейин товарларды чыгаруу токтотулуп турат жана мындай иштерди карап жаткан бажы органынын кызмат адамы же сот арест коюлган товарларга карата тийиштүү чечим бергенден кийин товарлар бажы органы тарабынан чыгарылат.
107-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгаруу мөөнөтүн токтотуп туруу жана мындай товарларды чыгаруу мөөнөтүн кайта баштоо
1. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгаруу мөөнөтүн токтотуп туруу жана мындай товарларды чыгаруу мөөнөтүн кайта баштоо ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 124-беренесине ылайык ишке ашырылат.
2. Эгерде мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрине же аймагында товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырыла турган бажы органы жүргүзүүчү интеллектуалдык менчик объекттеринин улуттук реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды бажы жол-жобосуна коюуга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик объектине укуктун ээсинин укуктарын бузуунун белгилери табылса, мындай товарларды чыгаруу мөөнөтү 10 (он) жумуш күнгө токтотулат.
3. Укук ээсинин же анын кызыкчылыгын же бир нече укук ээсинин кызыкчылыгын жактаган жактын суроо-талабы боюнча бул мөөнөт бажы органы тарабынан он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө төмөнкү учурларда узартылат:
- Кодекстин 124-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда;
- эгерде укук ээси же анын кызыкчылыгын же бир нече укук ээсинин кызыкчылыгын жактаган жак чыгаруу мөөнөтүн токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынамыктарды жана (же) үлгүлөрдү алса, анын ичинде изилдөө жүргүзүү үчүн алса.
4. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгаруу мөөнөтүн токтотуу убактысы аяктагандан кийин// бажы органына товарларды алып коюуну, аларга арест салынганын же конфискацияланганын ырастоочу документ берилгенден же укук ээси же анын кызыкчылыгын же бир нече укук ээсинин кызыкчылыгын жактаган жак тарабынан сот органында токтотулган товарлар боюнча мыйзамдуу укуктарды жана кызыкчылыктарды калыбына келтирүү үчүн тийиштүү чара көрүлүп жатканы тастыктоочу документ бажы органына берилгенден башка учурларда мындай товарларды чыгаруу мөөнөтү кайра калыбына келтирилет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер берилгенде, интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарууну токтотуу мөөнөтү соттун тийиштүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин узартылат.
5. Эгерде укук ээси сот процессинин козголгондугу жөнүндө бажы органына он күндүн ичинде кабарлабаса, ташып кирүүнүн калган бардык шарттары аткарылган учурда товарлар декларантка кайтарылып берилет.
6. Бажы органы укук ээсинин арызы жок эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестрине же интеллектуалдык менчик объектилердин улуттук бажы реестрине киргизилбеген интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларды чыгарууну токтотуп турууга укуктуу.
108-берене. Товарларды чыгаруудан баш тартуу жана товарларды чыгаруудан баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби
1. Бажы органы Кодекстин 125-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча товарларды чыгаруудан баш тартат.
2. Чыгаруудан баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби товарларды чыгаруу мөөнөтү аяктаганга чейин Комиссия тарабынан, ал эми Комиссия тарабынан жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
109-берене. Шарттуу чыгарылган товарлар
1. Шарттуу чыгарылган деп Кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн товарлар эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан шарттуу чыгарылган товарларга киргизүүнүн башка учурлары жана тартиби белгилениши мүмкүн.
2. Эгер товарларды чыгарууда бажы органына лицензиялар менен уруксаттарды кошпогондо, тастыктамалар же чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган башка документтер берилбесе декларанттын жазуу түрүндөгү же электрондук формадагы жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттүн ичинде тапшырууга жазуу жүзүндө же электрондук формада уруксат беришет, бирок эгерде аларды алуу үчүн зарыл болгон башка мөөнөт белгиленбесе товарлар чыгарылгандан кийин 45 (кырк беш) жумуш күндөн ашпоого тийиш. Товарлар декларант документтерди белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө жазуу же электрондук формада милдеттенме алган учурда чыгарылат.
Эгерде бажы декларациясын толтурулууга негиз болгон лицензияларды жана уруксаттарды бажы декларациясы менен кошо тапшырууга мүмкүн болбосо, бажы органы мындай документтерди товарлар чыгарылгандан кийин, ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген тартипте жана мөөнөттө тапшырууга уруксат берет.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкмаларда ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынат, ал эми мындай товарларды ташып кирүүгө чектөөлөр мындай товарлардын сапатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленген учурларда - аларды бардык формада пайдаланууга (эксплуатациялоого, керектөөгө) тыюу салынат.
4. Бажы органдары декларанттан ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү аткаруу жөнүндө милдеттенме берүүсүн талап кылууга, документтер алынганга чейин товарлардын упаковкасына, алар сакталуучу жайларга пломба жана мөөр коюуга, ошондой эле көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн аткарылышын камсыздоочу башка чараларды колдонууга укуктуу.
5. Эгер декларант бажы органына кайрылганга чейинки бир жылдын ичинде бажы ишинин чөйрөсүндөгү эрежени бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган болсо, бажы органдары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтерди товарлар чыгарылгандан кийин тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартышат.
6. Бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтерди товарлар чыгарылгандан кийин тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартылганы жөнүндө декларантка кайрылуу берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу түрүндө же электрондук формада маалымдайт.
IV БӨЛҮМ. БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
16-глава. Бажы жол-жоболору жөнүндө жалпы жоболор
110-берене. Бажы жол-жоболорун колдонуу
1. Товарлардын бажы аймагында болушунун жана аларды пайдалануунун, аларды бажы аймагынан ташып чыгуунун жана (же) бажы аймагынан тышкары болушунун жана пайдалануунун максаттарына жараша товарларга карата төмөнкүдөй бажы жол-жоболору колдонулат:
1) ички керектөө үчүн чыгаруу;
2) экспорт;
3) бажы транзити;
4) бажы кампасы;
5) бажы аймагында иштетүү;
6) бажы аймагынан сыртта иштетүү;
7) ички керектөө үчүн иштетүү;
8) эркин бажы зонасы;
9) эркин кампа;
10) убактылуу алып келүү (уруксат кылуу);
11) убактылуу алып кетүү;
12) реимпорт;
13) реэкспорт;
14) алымсыз соода-сатык;
15) жок кылуу;
16) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;
17) атайын бажылык жол-жобо.
2. Бажы жол-жобосуна коюлган товарлар башка бажы жол-жоболоруна же Кодекстин 127-беренесинде белгиленген максаттар үчүн ушундай эле бажы жол-жобосуна коюлушу мүмкүн.
3. Бажы жол-жоболорунун мазмуну жана бажы жол-жобосун колдонуу тартибин жөнгө салуучу жоболор, анын ичинде товарларды бажы жол-жобосуна коюу шарттары, товарларды бажы жол-жобосуна койгондон кийин мындай бажы жол-жобосуна ылайык аларды пайдалануу шарттары жана тартиби, бажы жол-жоболорун колдонууну аяктоо, токтотуу, токтото туруу жана кайра баштоо тартиби, ошондой эле бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болуусу жана токтотулушу, бажы жол-жобосуна коюлган товарларга карата же болбосо бажы жол-жобосун колдонуу алкагында алынган (даярдалган), жасалган (түзүлгөн) товарларга карата аларды эсептөө жана төлөө мөөнөтү жана (же) өзгөчөлүгү Кодекстин IV бөлүмү, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар, ал эми Кодексте каралган учурларда - Комиссия жана (же) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
V БӨЛҮМ. ТОВАРЛАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫН БИРЛИКТИН БАЖЫ ЧЕК АРАСЫ АРКЫЛУУ АЛЫП ӨТҮҮ ТАРТИБИНИН ЖАНА ШАРТТАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
17-глава. Жеке пайдалануу үчүн товарларды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу алып өтүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
111-берене. Товарларды жеке адамдардын жеке пайдалануусу үчүн алып өтүү
1. Жеке адамдардын жеке пайдалануусу үчүн товарларды бажы аймагына алып кирүү жана бажы аймагынан алып чыгуу ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодексинин 37-главасына, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жеке адамдар товарларды өздөрү жеке колдонуу үчүн бажы аймагына алып киришкенде кош коридор системасы колдонулат.
Товарларды жеке пайдалануу үчүн кош коридор системасын колдонуу менен бажылык контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кодекске жана Комиссиянын ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыларына ылайык бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн жеке адамдардын жеке пайдаланышы үчүн товарларды ташып кирүүсүнүн кыйла катуу нарктык, салмактык жана сандык ченемдерин белгилөөгө укуктуу.
4. Бажы органдары жеке адамдардын товарларды алып өтүүсүнүн эрежелери жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде транспорттук жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде жазылган информациялык маалыматтарды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке адамдар алып өтүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык стенддерди жабдуу жолу менен камсыздайт.
5. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө негиз болуучу бажылык кириштөө ордеринин бланкалары так отчёттогу бланктар болуп эсептелет.
112-берене. Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдетти аткаруу. Аларды өндүрүү тартиби
1. Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдетти аткаруунун жалпы жоболору Кодекстин 270-беренесинде белгиленген.
2. Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар мындай товарларды чыгаруучу бажы органы тарабынан бажылык декларациялоо учурунда декларант билдирген маалыматтардын негизинде, ошондой эле бажы контролунун жыйынтыгы боюнча эсептейт.
3. Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке төлөнөт.
4. Кодекстин 268-беренесинин 6, 7 жана 15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар бажы органы тарабынан жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды эсепке алуу менен эсептелет.
5. Аталган эсептөөнүн формасы, аны толтуруу жана өзгөртүү (толуктоо) тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6. Төлөөчү бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Мыйзамдын 58-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө үстөк төлөнөт.
7. Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган милдетке карата үстөк төлөнбөөчү учур Кодекстин 270-беренесинин 3-пунктунун үчүнчү абзацында аныкталган.
8. Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдет аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда бажы органдары мындай бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетти төлөөчү менен бирге тарткан жактарга, бажы алымдарынын, салыктарынын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы жөнүндө ушул Мыйзамдын 54-беренесинин 6-13-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттө Билдирүү жиберет.
9. Бажы органдары тарабынан мындай Билдирүү жиберилбечү учурлар Кодекстин 270-беренесинин 5-пунктунда белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы органдары тарабынан Билдирүү жиберилбеген башка учурларды аныкташы мүмкүн.
10. Билдирүүдө белгиленген талаптар мындай Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаган, ошондой эле Кодекстин 270-беренесинин 5-пунктуна ылайык мындай Билдирүү жөнөтүлбөгөн учурда бажы органдары бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды өндүрүү боюнча чара көрүшөт.
Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды өндүрүү мөөнөтү товарларды жеке пайдалануу үчүн чыгарган учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.
11. Бирдиктүү чен боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды өндүрүү боюнча чараларга ушул Мыйзамдын 77-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренеде көрсөтүлгөн чаралар кирет.
18-глава. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын жана камдыктарды бажы чек арасы аркылуу алып өтүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
113-берене. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн, жабдууларын жана камдыктарды бажы аймагына алып кирүү жана бажы аймагынан алып чыгуу
1. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн, жабдууларын жана камдыктарды бажы аймагына алып кирүү жана бажы аймагынан алып чыгуу ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 38 жана 39-главаларына ылайык ишке ашырылат.
2. Аба жана темир жол транспортуна карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы аймагына келүүчү жана бажы аймагынан кетүүчү жерлерде эл аралык ташуунун транспорт каражаттарынын токтоп туруу узактыгы, эгерде ташуучу тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылса, ушул түрдөгү аба кемесин тейлөөнүн технологиялык графигинде же темир жол бекетинин ишинин технологиялык процессинде белгиленген убакыттан ашпашы керек.
3. Эл аралык ташуунун убактылуу кирген темир жол транспорттук каражатынын жана (же) темир жол транспорттук каражаттарында ташылуучу, анын ичинде ички ташуулар үчүн пайдаланылуучу контейнерлердин турган орду жөнүндө маалыматтарды бажы органына берүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан темир жолдогу ташуучу менен биргеликте белгиленет.
4. Алмаштыруунун натыйжасында эл аралык ташуунун транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүктөр жана жабдуулар алар чыгарылган эл аралык ташуунун транспорт каражаттары менен кошо бажы аймагына ташылып келет жана бажы аймагынан ташылып кетет. Мындай запастык бөлүктөр жана жабдуулар жөнүндө, ошондой эле жасалган оңдоо жөнүндө маалыматтар эл аралык ташуунун транспорт каражатынын бажылык декларациясында көрсөтүлөт.
5. Транспорт каражатын оңдоо, техникалык тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн арналган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) жана алып чыгуунун бажылык жол-жоболору алмаштыруунун натыйжасында транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды, же мурда убактылуу (киргизүүнүн) жана алып чыгуунун бажылык жол-жобосуна коюлган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды бажы аймагына алып кирүү же бажы аймагынан алып чыгуу менен, же аталган товарларды бажы аймагынан ташып чыгарууну же бажы аймагына алып кирүүнү карабаган башка бажылык жол-жобого жайгаштыруу менен аяктайт.
19-глава. Эл аралык почталык жиберүүлөр союзунун бажы чек арасы аркылуу алып өтүү тартиби менен шарттарынын жана алардан жиберилүүчү товарлардын өзгөчөлүктөрү
114-берене. Эл аралык почталык жиберүүлөр
1. Эл аралык почталык жиберүүлөрдү бажы аймагына алып келүү жана бажы аймагынан алып кетүү Кодекстин 40-главасына, Комиссиянын актыларына жана ушул Мыйзамга ылайык ишке ашырылат.
2. Эл аралык почта менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операциялары эл аралык почтаны алмашуучу жерлерде же бажы органы тарабынан аныкталуучу башка жерлерде жүргүзүлөт. Почта байланышынын объекттери болуп саналган эл аралык почтаны алмашуучу жерлер почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
115-берене. Эл аралык почта аркылуу жиберилүүчү товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Эл аралык почта менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операциялары биринчи кезектеги тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажы операцияларын жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.
2. Бажылык декларация берилүүчү товарларды бажылык тариздөө товарды алуучу же жиберүүчү турган аймактагы бажы органы тарабынан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныктоочу тартипте ишке ашырылат.
3. Эл аралык почталык жиберүү менен бажы аймагынын чегинен сырткары чыгарылуучу, бажылык декларация бериле турган товарларды бажылык тариздөө жиберүүчүлөр же алардын атынан аракеттенген адамдар тарабынан товарларды жиберүү үчүн почта байланышынын уюмдарына бергенге чейин жүргүзүлөт.
4. Почта байланышынын дайындалган оператору бажы органынын талабы боюнча эл аралык почта аркылуу жөнөтүлүүчү товарларды алуучунун - жеке пайдалануучу жеке адамдын ким экенин тастыктоочу документтер жөнүндө маалыматты бажы органына берет.
5. Почта байланышынын дайындалган операторунда эл аралык почталык жиберүүлөрдү эл аралык почтаны алмашуучу жерде (мекемеде) бажылык контроль зонасына жайгаштырууда ташып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттин пайда болушу жана токтотулушу, аларды төлөө мөөнөтү жана эсептөө Кодекстин 288-беренесинде белгиленген.
116-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттениши
1. Эл аралык почталык жиберүүлөрдө салынган товарларды бажылык тариздөөнү тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктуу орган өз ара байланышта иштешүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзүшөт.
Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланышынын уюмдары бажы органдарынын айрым функцияларын бул органдардын контролунун астында аткаруучу учурлар каралышы мүмкүн.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды бажы аймагына алып келүүнүн жана аларды бул аймактан алып чыгуунун эл аралык почталык жиберүүлөрдү өткөрүүгө тиешелүү эрежелери жөнүндө почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктуу органга өз убагында билдирет.
20-глава. Товарларды түтүк өткөрүүчү транспорт менен жана электр өткөрүү линиялары боюнча алып өтүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
117-берене. Товарларды түтүк өткөрүүчү транспорт менен алып өтүүдө декларациялоонун жана бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Товарларды бажы аймагына түтүк өткөрүүчү транспорт менен алып кирүүдө жана алып чыгууда ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 116-беренесине ылайык аларды мезгил-мезгили менен убактылуу бажылык декларациялоого жол берилет.
2. Товарлардын декларациясында декларант көрсөткөн, тышкы соода келишиминин (контрактынын) жарактуулук мөөнөтүнөн ашпаган мезгилдин ичинде алып кирүүгө болжолдонгон товарлардын санына, бажы аймагына алып кирүү пландалган товарлардын санына, керектөөдөгү касиеттерине жана (же) товарга декларацияны берүү күнүнө карата аталган товарлардын баасын аныктоонун тышкы соода келишиминин (контрактынын) шарттарында каралган тартибине ылайык аныкталуучу шарттуу бажылык наркына жараша маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилет.
3. Бир нече тышкы соода келишимдери (контракттары) боюнча, анын ичинде жабдуу-берүүнүн, бааны түзүүнүн жана төлөөнүн ар кандай шарттары боюнча милдеттерди аткаруунун алкагында бир бажылык жол-жобонун шарттарына ылайык товарларды алып өтүүчү бир эле адам тарабынан алынып кирүүчү товарларга бир декларация берүүгө жол берилет.
4. Товарларга декларация бир кварталдан ашпаган мезгилге карата, ал эми табигый газга - бир календардык жылдан ашпаган мезгилге карата, ушул мезгилден мурдагы айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен декларант тарабынан берилет.
5. Эгерде товарлардын декларациясында көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде бажы органы кабыл алган товарлык декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын саны өзгөрсө, кошумча декларацияда декларациялануучу товарларды алып өтүү башталганга чейин кошумча декларация берүүгө жол берилет.
6. Декларант товарларды жабдуу-берүүнүн ар бир календардык айында ташылып кирген товарларга тийиштүү түрдө толтурулган бир же бир нече толук бажы декларацияларын берүүгө милдеттүү. Толук бажылык декларация товарлар берилүүчү календардык айдан кийинки айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен берилиши керек. Декларанттын жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органы толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартат, бирок ал токсон календардык күндөн ашпоого тийиш. Толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартуу бажы алымдарынын, салыктардын эсептелген суммаларын төлөө мөөнөтүн узартпайт.
7. Эгерде товарлардын декларациясында алып кирүүгө билдирилген товарлар календардык айдын ичинде алынып кирбесе, декларант бул жөнүндө бажы органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
8. Түтүк өткөрүүчү транспорт менен алып өтүлүүчү товарлардын бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча декларанттын милдети товарлардын декларациясы бажы органында катталган учурдан тартып пайда болот.
9. Түтүк өткөрүүчү транспорт менен алып өтүлүүчү товарлардын бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча декларанттын милдети төмөнкү учурларда токтотулат:
1) эсептелген жана төлөөгө тиешелүү өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет аткарылганда жана (же) алар өндүрүлгөндө;
2) товарларды тандалган бажы жол-жобосуна ылайык чыгаруудан баш тартылган учурда - товарлардын декларациясын каттоодо пайда болгон бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетке карата;
3) товарлардын декларациясы кайра алынса жана (же) товарларды чыгаруу жоюлса - товарлардын декларациясын каттоодо пайда болгон бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетке карата;
4) товарлар конфискацияланса жана мамлекеттин менчигине (кирешесине) алынса;
5) Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында, 68-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацында жана 4-пунктунун 4-пунктчасында белгиленген учурларда.
10. Түтүк өткөрүүчү транспорт менен ташылуучу товарларды алып келгенде алып кирүүдөгү бажы алымдары, салыктары жабдуу-берүүнүн ар бир календардык айынан мурунку айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен, товарлардын декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарга жараша төлөнөт. Бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн максаттары үчүн товар берилген-келген айдан мурунку айдын он бешинчи күнүнө карата колдонулган бажы алымдарынын жана салыктардын чени колдонулат.
11. Жабдуу-берүүнүн ар бир календардык айында ташылып келген товарлар жөнүндө такталган маалыматтар бажы органына жабдуу-берүүнүн ар бир календардык айынан кийинки айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен берилет. Эгерде төлөнүүчү бажы алымдарынын жана салыктарынын суммалары маалыматтарды тактоонун жыйынтыгында жогоруласа, суммалар такталган маалыматтарды берүү менен кошо төлөнүүгө тийиш. Мындай учурда үстөк эсептелбейт.
12. Ашыкча төлөнгөн суммалар ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык кайра берилет.
13. Товарларды түтүк өткөрүүчү транспорт менен өткөрүүдө чектөөлөр товарлардын декларациясын каттаган күнгө карата колдонулат.
14. Түтүк өткөрүүчү транспорт менен алып өтүлүүчү табигый газды бажылык декларациялоодо анын санын жана сапатын ырастоо үчүн, мындай алып өтүүгө негиз болгон тышкы соода келишимдеринин (контракттарынын) шарттарында аныкталган жерлерде жайгашкан эсепке алуучу приборлордун көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн, товарлардын иш жүзүндө берилгени жөнүндө актылар пайдаланылат.
118-берене. Электр өткөрүү линиялары аркылуу өтүүчү товарларды алып кирүүдө жана алып чыгууда декларациялоонун жана бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Электр энергиясынын алынып кирген, алынып чыккан иш жүзүндөгү саны жана (же) анын ар бир календардык айда мамлекеттер аралык электр өткөрүү линиялары боюнча электр энергиясынын аркы-терки багыттарда өтүшүнүн алгебралык суммасы катарындагы сальдо-агымы декларацияланууга тийиш. Бажылык декларацияда (бажылык декларацияларда) алынып кирген жана алынып чыккан электр энергиясынын саны ар бир календардык ай үчүн электр энергиясынын сальдо-агымы катары көрсөтүлөт (электр тармактарында электр энергиясынын жиберилүүсүндө болгон жоготуулардын чоңдугуна түзөтүлгөн чыңалуунун бардык класстарындагы электр берүүлөрдүн иштеп турган мамлекеттер аралык бардык линиялары боюнча аркы-терки багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы) же электр тармактарындагы жоготууларга электр энергиясын жиберүүдө болгон чоңдукка түзөтүлгөн, өзүнчө иш жүзүндө алынып кирген жана алынып чыккан электр энергиясынын саны көрсөтүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кодекстин 291-беренесинин 5-пунктуна ылайык энергетика системаларынын удаалаш иштөөсүнүн шарттарында бажы аймагы аркылуу электр берүү линиялары боюнча электр энергиясын алып өтүүдө бажы органдарына берилүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмегин белгилейт.
3. Электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү, бажы аймагына ташып кирүүчү жана бажы аймагынан ташып чыгуучу товарларга карата бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын II бөлүмүндө жана ушул Мыйзамдын 117-беренесинде белгиленген эрежелер боюнча төлөнөт.
21-глава. Бажы чек арасы аркылуу жактардын айрым категорияларынын товарларды, дипломатиялык почтаны жана консулдук вализди алып өтүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
119-берене. Жактардын айрым категорияларынын товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өтүүсүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Мүчө мамлекеттердин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине жана бажы аймагында жайгашкан башка уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктарды жана (же) иммунитеттерди пайдаланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер, эл аралык уюмдардын алдындагы мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү тарабынан расмий пайдаланууга арналган товарларды, ошондой эле мүчө мамлекеттердин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктарды жана (же) иммунитеттерди пайдаланган жеке жактардын айрым категориялары тарабынан жеке пайдалануу үчүн товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өтүү ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 42-главасында белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган чет өлкөлүк жактар үчүн бажы аймагына товарларды ташып кирүүнүн жана бажы аймагынан ташып чыгуунун Кодекстин 42-главасында белгиленгенден кыйла жеңилдетилген эрежелери каралса, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери колдонулат.
3. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жактар тарабынан алып өтүлүүчү товарлар өкүлчүлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана өкүлчүлүктүн башчысы же ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлган, эки нускада, эркин түрдө түзүлгөн жазуу жүзүндөгү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган арызды (мындан ары - арыз) бажы органына берүү аркылуу бажылык декларацияланат.
1) бажы органынын аталышы;
2) бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товардын транспорттук документинин номери жана датасы;
3) товар жөнүндө кыскача маалымат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган арыз менен бирге транспорттук (ташуу) документтер берилет.
5. Өкүлчүлүктүн расмий колдонуусуна арналган товарларды жөнөткөн (алган) жак ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти, ошондой эле жактын статусун ырастоочу документти же өкүлчүлүктүн мөөрү басылган жана өкүлчүлүктүн башчысынын же ушул кызматтык орунга ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктүн адамынын колу коюлган ишеним катты (жылдык же бир жолку) бажы органына берет.
22-глава. Бирликтин бажы аймагынын бир бөлүгүнөн Бирликтин бажы аймагынын башка бөлүгүнө Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташылуучу товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өтүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү
120-берене. Бирликтин бажы аймагынын бир бөлүгүнөн Бирликтин бажы аймагынын башка бөлүгүнө Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташылуучу товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өтүү
Бирликтин бажы аймагынын бир бөлүгүнөн Бирликтин бажы аймагынын башка бөлүгүнө Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташылуучу товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өтүү Кодекстин 43-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
VI БӨЛҮМ. БАЖЫ КОНТРОЛУН ЖҮРГҮЗҮҮ
23-глава. Бажы контролун жүргүзүү жөнүндө жалпы жоболор
121-берене. Бажы контролун жүргүзүү
1. Бажы контролу бажы органдары тарабынан Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы контролу Кодекстин 311-беренесинде аныкталган бажы контролунун объекттерине карата бажы контролунун формасын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылган чараларды колдонуу менен жүргүзүлөт.
3. Бажы контролунун формасын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылган чараларды колдонуу менен бажы контролун жүргүзүүнүн тартиби Кодексте, ал эми Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө же аларда каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы контролунун формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылган чараларды колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
4. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары ылгап текшерүү принциптерин колдонот жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоону камсыздоо үчүн жетиштүү болгон бажы контролунун формалары жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралары менен гана чектелет.
Бажы контролун жүргүзүү формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды тандоодо бажы органдары бажы контролунун техникалык каражаттарын, маалыматтарды алдын ала талдоону, эгерде алар бажы иши чөйрөсүндөгү аныкталган олуттуу эреже бузуулардын белгилерине байланышкан өзгөчө жагдайларга жана аталган эреже бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча акыркы чараларды кабыл алуу зарылчылыгына байланыштуу болбосо, декларанттарга, ташуучуларга жана башка жактарга товарларды сактоо, транспорт каражаттарынын туруп калуусу, товарларды чыгаруунун мөөнөтүн жогорулатуу менен байланышкан зыяндар келтирилбегендей таризде колдонушат.
5. Бажы контролунун объекттерин, бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды тандоодо тобокелдикти башкаруу системасы пайдаланылат.
6. Бажы контролу өзүнүн кызматтык (функциялык) милдеттерине ылайык бажы контролун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органдарынын кызмат адамдары катышпай, бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздаган чараларды колдонуу учурлары белгилениши мүмкүн.
7. Бажы контролу товарлар Кодекстин 14-беренесине ылайык аныкталган бажы контролунда турган мезгилде жүргүзүлөт.
Баштапкы бажылык декларациялоодо жана мезгилдүү бажылык декларациялоодо Кодекстин 311-беренесинин бешинчи абзацында аталган бажы контролунун объекттерине карата бажы контролу бажы декларациясын каттаган учурдан тартып жүргүзүлөт.
Кодекстин 14-беренесинин 7-15-беренелеринде аталган жагдайлар келип чыккандан кийин бажы контролу мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 5 жыл өткөнгө чейин жүргүзүлөт.
8. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине же ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген жактардын ишине бажы контролу мындай реестрден чыгарылган күндөн тартып 5 жыл өткөнгө чейин жүргүзүлөт.
9. Бажы контролун жүргүзүүдө башка мамлекеттик органдардын уруксаты, жазма буйругу же токтому бажы органдарына талап кылынбайт.
10. Бажы контролу бажы контролунун зонасында жана товарлар, анын ичинде эл аралык ташуунун транспорттук каражаттары жана бажы контролуна таандык жеке пайдалануу үчүн транспорттук каражаттар, мындай товарлар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер жана (же) маалыматтык системалар турган (турушу мүмкүн болгон) башка жактарда жүргүзүлөт.
122-берене. Бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын бажы наркын контролдоо
Бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын бажы наркын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте жүргүзүлөт.
123-берене. Шарттуу чыгарылган товарларга карата товарларды чыгаруудан кийин бажы контролунун өзгөчөлүктөрү
1. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунда аталган, шарттуу чыгарылган товарларга карата товарларды чыгаруудан кийин бажы контролу Кодекстин 316-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
2. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунда аталган шарттуу чыгарылган товарларга карата товарларды чыгаруудан кийин бажы контролу бажы органдары тарабынан жылына 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
124-берене. Бажы органдары менен бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү
1. Бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары башка контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенишет.
2. Бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү жана бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар контролдоого тийиш болгон товарларга карата жалпы координацияны бажы органдары жүргүзөт.
Бажы органдарынын бажы чек арасында мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
3. Бажы органдары жана бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары маалыматтык системаны пайдалануу менен бажы жана мамлекеттик контролдун башка түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтер жана (же) информациялар (маалыматтар) менен алмаша алышат.
4. Товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө мамлекеттик контролду тездетүү максатында бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзгөн мамлекеттик органдын катышуусу менен бажылык текшерип кароо жүргүзүлүшү мүмкүн.
125-берене. Бажы контролунун зоналары
1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүү менен байланышкан чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык бажы контролунун зоналары түзүлөт.
2. Бажы контролунун зоналары болуп товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өткөн жерлер, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын аймактары, алымсыз соода дүкөнүнүн аймактары жана бажы органдар аныктаган башка жерлер эсептелет.
3. Бажы контролунун зоналарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартибин, ошондой эле бажы контролунун зоналарынын укуктук режимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
126-берене. Бажы органдарын бажы контролунун айрым формаларын колдонуудан бошотуу
Бажы органдарын бажы контролунун айрым формаларын колдонуудан бошотуу Кодекстин 321-беренесинде белгиленген.
24-глава. Бажы контролунун формалары жана аларды колдонуу
127-берене. Бажы контролунун формалары
Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары бажы контролунун төмөнкүдөй формаларын колдонушат:
түшүндүрмө алуу;
бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү;
бажылык кароо;
бажылык тыкыр кароо;
жеке бажылык кароо;
жайларды жана аймактарды бажылык кароо;
бажылык текшерүү.
128-берене. Түшүндүрмө алуу
Түшүндүрмө алуу - бажы органдарынын кызмат адамдарынын ташуучудан, декларанттан жана мындай маалыматка ээ болгон башка адамдардан бажы контролун жүргүзүү үчүн маанилүү маалыматтарды алуусунан турган бажы контролунун формасы.
129-берене. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү
1. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү - Кодекстин 324-беренесинде аталган документтерди жана маалыматтарды текшерүүдөн турган бажы контролунун формасы.
2. Бажы декларациясына, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерге, бажы декларациясында билдирилген жана (же) бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарга карата бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү товарларды чыгарганга чейин жана чыгаргандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бажы декларациясында билдирилген жана бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарды ырастаган маалыматтардын жана (же) документтердин эреже бузуулары жана дал келбегендиги аныкталса, бажы органы бажы контролунун мындай формасын жүргүзүү жөнүндө жакка милдеттүү кабарлоо менен товарларды чыгаргандан кийин бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерет.
Кабарлама бажы органына берилген документтерде камтылган жана бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастаган маалыматтардын жана (же) документтердин дал келбегендиги жана эреже бузуулары аныкталган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу формасында жөнөтүлөт.
Кабарлама уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка жекече кол койдуруу же кабарламаны алган фактыны жана датаны ырастаган башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде аталган адамдар кабарламаны алуудан баш тартса, ал заказдык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.
3. Товарлар чыгарылганга чейин башталган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 325-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
4. Товарлар чыгарылгандан кийин башталган, же бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 324-беренесинин 10-пунктунда каралган учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү кошпогондо Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Товарлар чыгарылгандан кийин башталган, же бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүүдө бажы органы ушул Кодекстин 340-беренесине ылайык бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана (же) маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.
5. Товарлар чыгарылгандан кийин башталган, же башка учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте таризделет.
130-берене. Бажылык кароо
1. Бажылык кароо - транспорт каражаттарынын жүк салынуучу жайларын (бөлүктөрүн) жана товарлардын таңгактарын ачпастан, текшерилүүчү объекттерди (жеке жактардын жүгүн кошкондо) жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратпастан, демонтаж кылбастан же бүтүндүгүн бузбастан товарларды, анын ичинде транспорттук каражаттарды жана жеке жактардын жүгүн, жүк салынуучу сыйымдуулуктарды, бажы пломбаларын, мөөрлөрдү жана идентификациялоонун башка каражаттарын бажылык кароо формасында жайларды жана аймактарды бажылык контролдоонун жүрүшүндө мындай кароодон тышкары, сырттан көз жүгүртүп кароону камтыган бажы контролунун формасы.
2. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын бажылык кароосунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
131-берене. Бажылык текшерип кароо
1. Бажылык текшерип кароо - товарларга коюлган бажы пломбаларын, мөөрлөрдү жана идентификациялоонун башка каражаттарын бузуу жана (же) товарлар жайгашышы мүмкүн болгон товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин (бөлүктөрүн), идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен товарларга, анын ичинде транспорт каражаттарына жана жеке жактардын жүгүнө карата бажылык текшерип кароону жана башка аракеттерди камтыган бажы контролунун формасы.
2. Бажылык текшерип кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүчү жак тыюу салуулар жана чектөөлөр менен байланышкан товарларды бажы аймагына алып кирип жатат же бажы аймагынан алып кетип жатат же бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды жана ушул Мыйзамды бузуу менен товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүп жатат деп күмөн саноого негиздер болсо;
2) декларанттын же товарларга карата ыйгарым укукка ээ башка жактын арызынын негизинде;
3) товарларды бажылык декларациялоодо берилген бажылык декларацияда жана башка документтерде товарларды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга таасир этүүчү такталбаган маалыматтар болсо;
4) шарттуу чыгарылган товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөрдү сактоо максатында;
5) тобокелдиктерди башкаруу системасынын профилдеринин жыйынтыктары боюнча;
6) бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу менен бажылык контролдоонун жыйынтыгы боюнча;
7) бажылык текшерип кароонун жыйынтыгы боюнча.
3. Бажылык текшерип кароо болуп бажы органдарынын кызмат адамдарынын төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттери эсептелет:
1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган идентификациялоо каражаттарын бузуу менен товарлар жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жана товарларды жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын жүргүзүүдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштыруу менен;
3) товарлар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге туура келишин салыштыруу менен.
3. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажылык текшерип кароонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
132-берене. Жеке бажылык текшерип кароо
1. Жеке бажылык текшерип кароо - жеке жактарды текшерип кароону камтыган бажы контролунун формасы.
2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан товарларды өзүнүн жанына катып алды жана өз эрки менен чыгарбай жатат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгон, бажы чек арасы аркылуу өтүп бараткан жана бажы контролунун зонасында же эл аралык аэропорттун транзит зонасында турган жеке жактарга гана карата жеке бажылык текшерип кароо жүргүзүлөт.
3. Жеке бажылык текшерип кароо ушул берененин 2-пунктунда аталган жеке жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан, өзүнүн жанына катып алган товарларды табуу максатында жүргүзүлөт жана бажы контролунун өзгөчө формасы болуп саналат.
4. Жеке бажылык текшерип кароо бажы органынын жетекчисинин (начальнигинин), аларга ыйгарым укук берилген бажы органынын жетекчисинин орун басарынын (начальниктин орун басарынын) же аны алмаштырган адамдын чечими боюнча жүргүзүлөт.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген учурларда жеке бажылык текшерип кароо бажы контролун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органынын бөлүнүшүнүн жетекчисинин (начальнигинин), аларга ыйгарым укук берилген бажы органынын бөлүнүшүнүн жетекчисинин орун басарынын (начальниктин орун басарынын) же аны алмаштырган адамдын чечими боюнча жүргүзүлөт.
Аталган чечим жазуу жүзүндө таризделет.
5. Жеке бажылык текшерип кароо санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген өзүнчө бөлүнгөн жайда жеке бажылык текшерип кароо жүргүзүлүп жактан адам менен бир жыныстагы бажы органынын кызматкери тарабынан ушундай эле жыныстагы эки калыс күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Бул жайга ушул беренеде аталган жактардан тышкары башка жеке жактардын киришине жана жеке бажылык текшерип кароого башка жеке жактардын көз салуусуна жол берилбейт.
Жеке бажылык текшерип кароого алынган адамдын денесин зарылдыкка жараша атайын медициналык техниканы пайдалануу менен медициналык кызматкер гана текшерүүгө тийиш.
Жашы жете электи же жарамсыз жеке адамды жеке текшерип кароодо анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, асырап алгандар, камкорчулар же көзөмөлчүлөр) же алардын коштоочу адамдары катышууга укуктуу.
6. Жеке бажылык текшерип кароону баштаардын алдында бажы органынын кызмат адамы жеке жакты жеке бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим жана мындай жеке бажылык текшерип кароодо анын укуктары менен тааныштырууга, ошондой эле бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан катылган товарларды өз ыктыяры менен берүүнү сунуштоого милдеттүү.
Жеке жакты жеке бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим менен тааныштыруу фактысын бул жеке жак мындай жеке бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимге тиешелүү жазууну коюу аркылуу күбөлөндүрөт. Жеке жак мындай жазууну койгондон баш тартса, мындай жеке бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди жарыялаган бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жана жеке бажылык текшерип кароого катышкан күбөлөрдүн колу менен күбөлөндүрүлгөн жеке бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимине тиешелүү белги коюлат.
7. Жеке бажылык текшерип кароодо бажы органынын кызмат адамынын аракети жеке бажылык текшерип каралып жаткан жеке жактын кадырын жана ар-намысын басмырлабашы жана бул жактын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирбеши керек.
8. Жеке бажылык текшерип каралып жаткан жак төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке бажылык текшерип кароо башталганга чейин жеке бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим жана аны жүргүзүү тартиби менен таанышууга;
2) өзүнүн укуктары жана милдеттери менен таанышууга;
3) түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүчүн билдирүүгө;
4) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан, катылган товарларды өз ыктыяры менен берүүгө;
5) жеке бажылык текшерип кароо жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы тарабынан жеке бажылык текшерип кароонун актысына милдеттүү түрдө киргизүү менен билдирүү жасоого;
6) эне тилин жана котормочунун кызматын пайдаланууга;
7) жеке бажылык текшерип кароонун актысын түзүү аяктагандан кийин аны менен таанышууга жана анда жазуу жүзүндө билдирүү жасоого;
8) жеке бажылык текшерип кароо жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамдарынын аракеттерине ушул Мыйзамга ылайык даттанууга.
9. Жеке бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө жеке бажылык текшерип каралып жаткан жеке жак жана анын мыйзамдуу өкүлү жеке бажылык текшерип карап жаткан бажы органынын кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.
10. Жеке бажылык текшерип кароонун жыйынтыгы формасы Комиссия тарабынан аныкталган жеке бажылык текшерип кароо актысын түзүү жолу менен таризделет.
Аталган акт жеке бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө же ал аяктагандан кийин 1 сааттын ичинде түзүлүүгө тийиш.
11. Жеке бажылык текшерип кароо актысына жеке бажылык текшерип караган бажы органынын кызмат адамы, жеке бажылык текшерип кароодон өтүп жаткан адам же анын мыйзамдуу өкүлү же аны коштогон адам, күбөлөр, ал эми жеке бажылык текшерип кароого алынган адамдын денесин текшерүүдө - медицина кызматкери кол коёт.
12. Жеке бажылык текшерип кароо актысы 2 нускада түзүлөт, анын бирөө жеке бажылык текшерип каралган жеке жакка, анын мыйзамдуу өкүлүнө же аны коштогон адамга ал түзүлгөндөн кийин кечиктирбестен берилет.
133-берене. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо
1. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо - жайларды жана аймактарды, ошондой эле аталган жерлерде турган товарларды жана (же) документтерди сыртынан кароону камтыган бажы контролунун формасы.
2. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо Кодекстин 330-беренесинде белгиленген максатта жана тартипте бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Турак үйлөрдүн жайларын жана аймактарын бажылык кароого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук актынын негизинде гана жол берилет.
4. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо жайларды жана аймактарды бажылык кароону өткөрүүгө жазма эскертүүнү жана бажы органынын кызмат адамынын кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө өткөрүлөт.
Жайларды жана аймактарды бажылык кароону өткөрүүгө жазма эскертүүнүн формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
5. Жайларга жана аймактарга кирүүдө баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органдарынын кызмат адамдары жабык жайларды ачуу менен жана (же) каршылыкка бөгөт коюу менен жайларга жана аймакка кирүүгө укуктуу.
6. Айрым объекттерге кирүүнүн атайын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо аны өткөрүү үчүн зарыл болгон мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш жана 1 жумуш күндөн ашык созулбашы керек. Аталган мөөнөт жайларды жана аймактарды бажылык кароо аяктоо үчүн зарыл болгон мезгилге узартылышы мүмкүн, бирок 3 (үч) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
134-берене. Бажылык текшерүү
1. Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актыларда, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды жактардын сактоосун текшерүү максатында Кодекстин 331-беренесине ылайык бажы органдары тарабынан товарларды чыгаргандан кийин бажылык текшерүү жүргүзүлөт.
2. Бажылык текшерүүнү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн жана бажылык текшерүүлөрдү өткөрүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары жүргүзөт.
3. Бажы органдары Кодекстин 332 жана 333-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 135 жана 136-беренелерине ылайык камералдык жана көчмө бажылык текшерүүнү жүзөгө ашырышат.
4. Атайын билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылуучу маселелерди изилдөө жана бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан консультация алуу үчүн бажылык текшерүүгө Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары тартылат.
5. Бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө административдик укук бузуу же кылмыштын белгилери аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан чаралар көрүлөт.
6. Бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча бажы органдарынын чечим кабыл алуусунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
7. Бажылык текшерүү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
135-берене. Камералдык бажылык текшерүү
1. Камералдык бажылык текшерүүнү уюштуруунун, өткөрүүнүн жана тариздөөнүн тартибин, бажылык текшерүүнү өткөрүүгө тиешелүү документтердин формаларын жана аларды даярдоого карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Камералдык текшерүүнү өткөрүүнүн мөөнөтү чектелбейт.
3. Камералдык бажылык текшерүү Кодекстин 14-беренесинин 7-15-пункттарында аталган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 5 (беш) жылдын ичинде өткөрүлөт.
136-берене. Көчмө бажылык текшерүү
1. Көчмө бажылык текшерүү Кодекстин 14-беренесинин 7-15-пункттарында аталган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 5 жылдын ичинде өткөрүлөт.
Кодекстин 333-беренесинин 2-пунктунда белгиленгенден тышкары бажы органдары тарабынан төмөнкүдөй кошумча көчмө текшерүүлөр өткөрүлөт:
1) контролдук көчмө бажылык текшерүү - мурдагы бажылык текшерүүдө белгиленген эреже бузуулардын текшерилген адам тарабынан жоюлгандыгын текшерүү;
2) көчмө бажылык кайра текшерүү - көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө текшерилген адамдын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүү.
2. Мурдагы бажылык текшерүүдө аныкталган эреже бузуулардын текшерилген адам тарабынан жоюлгандыгын текшерүү максатында контролдук көчмө бажылык текшерүү жүргүзүлөт жана бул максаттын чегинен чыга албайт.
Контролдук көчмө бажылык текшерүү аталган эреже бузууларды жоюу үчүн текшерилген адамга берилген мөөнөт бүткөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Контролдук көчмө бажылык текшерүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Көчмө бажылык кайра текшерүү көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен текшерилген адам макул болбогон учурда гана, ошондой эле көчмө бажылык текшерүү менен байланышкан, актыда чагылдырылбаган же так эмес чагылдырылган айрым учурларды тактоо максатында көчмө бажылык текшерүү жүргүзүлөт.
Көчмө бажылык кайра текшерүү үчүн негиз болуп бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга текшерилген адамдын көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө кайрылуусу эсептелет.
Көчмө бажылык кайра текшерүүдө көчмө бажылык текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Көчмө бажылык текшерүүнүн даттанылган гана жыйынтыгы кайрадан текшерилүүгө тийиш.
Көчмө бажылык кайра текшерүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
4. Көчмө бажылык текшерүү көчмө бажылык текшерүү жөнүндө чечимди (жазма эскертүүнү берүү) кабыл алуу жолу менен бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан дайындалат.
5. Көчмө бажылык текшерүү жөнүндө чечимдин (жазма эскертменин) формасы, көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечимдеги (жазма эскертмедеги) көрсөтмөгө тийиштүү, Кодекстин 333-беренесинин 6-пунктунда аталган маалыматтардан тышкары, башка маалыматтар, ошондой эле Кодекстин 333-беренесинин 6-пунктундагы 5-9-пунктчаларда аталган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кодекстин 333-беренесинин 16-пунктундагы аталган негиздерге караганда, пландан тышкаркы көчмө бажылык текшерүүнү дайындоо үчүн башка негиздер аныкталат.
7. Көчмө бажылык текшерүүнү токтотуу мөөнөтү тогуз айдан ашпоосу керек. Эгерде пландан тышкары көчмө бажылык утурлай текшерүү, бажылык экспертизаны жүргүзүү, мүчө мамлекеттердин же Бирликтин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттердин компетенттүү органдарына суроо-талаптарды жөнөтүү, көчмө бажылык текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерип жаткан адам тарабынан калыбына келтирүү, көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тыянактарга таасир этүүчү текшерилип жаткан мезгилге тиешелүү кошумча документтерди берүү зарылдыгына байланыштуу текшерүү токтотулса, токтото туруу мөөнөтү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси же жетекчинин орун басарынын чечими боюнча 6 айга чейин узартылышы мүмкүн.
Көчмө бажылык текшерүүнү токтото туруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
8. Көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген форма боюнча бажылык документ (акт) түзүү менен таризделет.
9. Көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөөдө түзүлгөн бажылык документте көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктарына таасир этүүчү башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
10. Көчмө бажылык текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган өзүнчө ишкерлерди жана жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактарга карата жүргүзүлбөйт.
137-берене. Көчмө бажылык текшерүү үчүн текшерилүүчү жактын объектисине бажы жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кирүүсү
1. Текшерилүүчү жактын турак жайын бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган бажы органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кирүүсү Кодекстин 334-беренесине ылайык соттук актынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Текшерилүүчү жак түздөн-түз бажылык текшерүү жүргүзүүчү бажы органдарынын кызмат адамдарын текшерилүүчү объекттерге алар кызматтык күбөлүктөрүн жана көчмө бажылык текшерүү жөнүндө чечимди (жазма эскертмени) көрсөтүшкөндө киргизүүгө милдеттүү.
3. Текшерилүүчү жактын объектисине бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылуу бажылык укук бузуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.
4. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүп жаткан бажы органынын кызмат адамдарынын жана көчмө бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган мүчө мамлекеттердин башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектисине кирүүсүн камсыз кылуудан текшерилүүчү жак негизсиз баш тартса, эки калыс-күбөнүн катышуусунда акт түзүлөт.
Актынын формасын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилейт.
Актыга көчмө бажылык текшерген кызмат адамдары, текшерилүүчү жак же анын өкүлү, ошондой эле калыс-күбөлөр кол коюшат. Бул актынын көчүрмөсү текшерилүүчү жакка же анын өкүлүнө берилет.
Текшерилүүчү жак же анын өкүлү актыга кол коюудан баш тартса, көчмө бажылык текшерүүчү кызмат адамы аталган актыга бул жөнүндө тиешелүү жазууну жазат. Текшерилүүчү жак актыга кол коюудан баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүү берүүгө укуктуу.
5. Кодекстин 334-беренесинин 3-пунктунда каралбаган учурларда текшерилүүчү жактын объектисин көчмө бажылык текшерип жаткан бажы органынын кызмат адамдарынын жана көчмө бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүн камсыз кылуудан текшерилүүчү жак баш тартса, алар ушул объектке 2 (эки) калыс-күбөнүн катышуусунда жабык жайларды ачуу менен жана (же) каршылыкка бөгөт коюу менен кирүүгө укуктуу.
6. Текшерилүүчү жактын турак жайларына бажылык текшерүү зарыл болсо, анда мындай текшерүүгө соттук актынын негизинде гана жол берилет.
138-берене. Бажылык текшерүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын жана текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери
1. Бажы органынын кызмат адамдарынын бажылык текшерүүдөгү укуктары жана милдеттери Кодекстин 335-беренесинде белгиленген.
2. Бажы органынын кызмат адамдары бажылык текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда жана тартипте инвентаризация жүргүзө алышат же текшерилүүчү жактан товарларга инвентаризация жүргүзүүнү талап кыла алышат.
3. Бажылык текшерүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын Кодекстин 335-беренесинде каралгандан башка укуктарын жана милдеттерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
4. Бажылык текшерүүдө текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери Кодекстин 335-беренесинде белгиленген.
25-глава. Бажылык контролду камсыздоочу чаралар жана аларды колдонуу
139-берене. Бажылык контролду камсыздоочу чаралар
1. Бажы контролунун объекттерине карабастан бажылык контролдоодо Кодекстин 338-беренесинде аталган бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды бажы органдары колдонууга укуктуу.
Бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу башка чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
2. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды колдонуусунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна алынган товарларды ташыган транспорт каражаттары бажы органдары тарабынан электрондук пломбаларды коюу жолу менен идентификацияланууга тийиш.
Бажы органдарынын электрондук пломба түрүндө идентификациялоо каражаттарын колдонуусунун тартибин, электрондук пломбаларды коюу үчүн төлөмдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу идентификациялоо каражаттарын колдонуунун тартибин жана аларга коюлуучу талаптарды, ошондой эле эркин бажы зонасынын бажылык жол-жобосуна жана эркин кампа бажылык жол-жобосуна коюлган чет элдик товарларды идентификациялоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
4. Бажы контролун жүргүзүүнүн убактысын кыскартуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары маалыматтык системаларды, ошондой эле бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонушу мүмкүн, алардын тизмегин жана колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
5. Бажы органдары бажылык коштоону Кодекстин 343-беренесинде белгиленген тартипте жана шарттарда колдонууга укуктуу.
6. Бажылык коштоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган бажы органдарынын кызмат адамдары же уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кодекстин 146-беренесинде белгиленген шарттарды аткарууга карабастан бажы органдары бажылык коштоону төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:
- тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуунун жыйынтыктары боюнча;
- бажы контролу зонасынан тышкары товарларды убактылуу сактоого жеткирүүдө.
Бажылык коштоону уюштуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
7. Товарларды ташуунун каттамы Кодекстин 344-беренесине ылайык белгиленет.
Бажылык транзит бажы жол-жобосуна киргизүүсүз бажы аймагы боюнча ташылган жана бажы контролуна алынган товарларга карата товарларды ташуу каттамын белгилөө, өзгөртүү жана сактоо менен байланышкан бажылык операцияларды жасоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
8. Транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана товарларды ташуунун белгиленген каттамынын сакталышын аралыктан контролдоону камсыздоочу маалыматтык системаны жана бажы контролунун техникалык каражаттарын пайдалануу менен бажы органдары тарабынан бажы аймагы боюнча ташылуучу товарларга карата товарларды ташуунун каттамын белгилеген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө жана тартипте төлөм алынат.
9. Бажы органдары бажы контролуна алынган товарларга, анын ичинде бажы органдарынын маалыматтык системасын колдонуу менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте эсеп жүргүзүшөт.
10. Декларанттарды эсепке алуу, ошондой эле мындай эсепти жүргүзүүнүн учуру жана тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
11. Бажы органдарына бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдарына көмөк көрсөтүү үчүн зарыл болгон атайын билими жана көндүмү бар адистерди мындай иш-аракеттердин жыйынтыктарына кызыкдар эмес айрым иш-аракеттерди жасоо үчүн тартууга Кодекстин 346-беренесине ылайык жол берилет.
12. Белгиленген талаптарга ылайык жана бажы органдарынын маалыматтык системасы менен шайкеш келген товарларды эсепке алуу системасынын бар экендигин текшерүүнүн тартибин, ошондой эле товарларды эсепке алуунун тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ
26-глава. Бажы органдары жөнүндө жалпы жоболор
140-берене. Бажы органдарынын системасы. Бажы органдарынын кызмат адамдары
1. Бажы органдарынын системасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ага баш ийген бажы органдары, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда бажы органдарына көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалар түзүшөт.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ага баш ийген бажы органдары аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылуучу жана өзүнүн ыйгарым укуктарын түздөн-түз ага баш ийген бажы органдары, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда бажы органдарына көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалар аркылуу ишке ашыруучу орган эсептелет.
Кыргыз Республикасында бажы ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобону жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкаруу схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Бажы органдары жөнүндө жобону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
Бажы органдарын түзүү, жоюу жана кайра түзүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда бажы органдарына көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Уставдардын негизинде иштешет.
4. Өзүнүн ишкердик жана моралдык сапаттары, билиминин деңгээли жана ден соолугу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, чет элдик жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жарандары гана Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы боло алат.
5. Бажы органдарынын системасында кызмат өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
6. Бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын наам ыйгаруу менен форма кийимдерин кийүү каралган. Аталган кийимдин формасын, форма кийимин кийүүнүн эрежелерин, айырмалоочу белгилерин жана бажы органдарынын кызматкерлерин буюм-терим жагынан жабдуу ченемдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Форма кийими акысыз берилет.
141-берене. Бажы органдарынын функциялары жана милдеттери
1. Бажы органдары Кодексте жана ушул Мыйзамда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткарууну, ошондой эле укуктарды жана милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылат.
Өкмөттүн чечими менен бажы органдарына Кодексте жана ушул Мыйзамда аныкталбаган башка милдеттер жана функциялар, ошондой эле укуктар жана милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынан тышкары мамлекеттик органдар тарабынан бажы органдарына башка милдеттерди жана функцияларды жүктөөгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынан тышкары мамлекеттик органдардын бири да бажы органдарынын компетенциясын козгогон чечимдерди кабыл алууга, тийиштүү уруксатсыз алардын функцияларын аткарууга, же башка түрдө бажы органдарынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.
142-берене. Бажы органдарынын желеги жана эмблемасы
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желеги жана эмблемасы бар. Бажы органдарынын автотранспорт каражаттарына эмблемаларды чаптоого уруксат берилет.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын жана сүрөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
2. Бажы органдарынын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук башка бөлүнүштөрүнүн эмблемаларын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
143-берене. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
1. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамга каршы келген чечимдеринин, иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин) кесепетинен келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышат.
2. Бажы органдарынын же алардын кызмат адамдарынын мыйзамга каршы келген чечимдеринин, иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин) кесепетинен жактарга келтирилген чыгашанын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулууга тийиш.
3. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу чечимдери, иш-аракеттери менен жактарга келтирилген чыгашанын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан тышкары учурларда толтурулбайт.
4. Бажы органдарынын кызмат адамдары мыйзамга каршы келген чечимдери, иш-аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, административдик жана жазык жоопкерчилигин тартышат.
144-берене. Бажы органдарынын жумуш убактысы
1. Бажы органдарынын жумуш убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
2. Жайгашкан жери боюнча чектеш мамлекеттердин өткөрмө пункттары менен жанаша турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарындагы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жумуш убактысы ушул чектеш мамлекеттердин бажы органдарынын жумуш убактысына мүмкүнчүлүккө жараша туура келиши керек.
3. Кызыкдар жактын жүйөлөнгөн суроо-талабы боюнча жана зарыл шарттар болгондо өзүнчө бажы операциялары бажы органдарынын жумуш убактысынан сырткары аткарылышы мүмкүн.
145-берене. Бажы органдарынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
1. Бажы органдарынын ишин каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыздоо, ошондой эле бажы органдарынын кызмат адамдарына акчалай акы төлөп берүү республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын техникалык жардам түрүндөгү гранттарынын (акысыз жардамдын) эсебинен жүргүзүлөт.
2. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын акчалай акысы төмөнкүлөрдөн турат:
1) кызматтык маянадан;
2) ыйгарылган атайын наам боюнча маянадан;
3) иштеген жылдары, чет тилин билгендиги үчүн кошумча акыдан жана башка кошумча акылардан;
4) эгер накталай берилбесе, азык-түлүк паегунун наркынан турат.
3. Бажы органдарынын кызмат адамдарына жыл сайын акчалай түрдөгү айлык үч маянасы өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.
4. Бажы органдарынын кызмат адамдарына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте жана өлчөмдө сыйлык акы төлөнөт.
5. Бажы органдарынын кызмат адамдарына календарлык жылдын жыйынтыгы боюнча акчалай эки маянага чейинки өлчөмдө бир жолку акчалай сыйлык төлөнүп берилиши мүмкүн.
6. Бажы органдарынын кызмат адамдары азык-түлүк паегу менен камсыздалат. Азык-түлүк паегун берүүнүн ченеми же азык-түлүк паегун акчалай компенсациялоонун өлчөмү, эгерде ал накталай түрүндө берилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
146-берене. Бажы органдарынын маалыматтарды алуусу жана берүүсү
1. Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдерине, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан мамлекеттик органдардан жана (же) башка жактардан алынган маалымат бажы органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруусу үчүн гана пайдаланылат.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык маалымат алган башка жактар мамлекеттик, коммерциялык, салыктык, банктык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында корголуучу башка сырларды (жашыруун сырларды) түзүүчү маалыматты, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурлардан тышкары башка купуя маалыматты жана башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарууга жеке максаттарда пайдаланууга же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берүүгө укуксуз.
3. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик органдарына маалымат беришет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Кыргыз Республикасынын алардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген учурларда;
2) сотторго соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талап кылуусу боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына - бажы иши чөйрөсүндө кылмыш жасаган адамдарга карата козголгон кылмыш-жаза иштеринин фактылары гана боюнча;
4) банкроттуктагы иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга) - банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, банкроттук процесс козголгон субъекттер гана боюнча;
5) монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун алкагында;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында бажы жана салык саясатын жүргүзүү, бажы жана салык укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
7) салык кызматынын органдарына - алардын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган милдеттерин аткаруу максатында;
8) Кодекстин 49-главасындагы жоболорду эске алуу менен Бирликтин алкагында эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык Комиссияга жана мүчө мамлекеттердин бажы органдарына;
9) Бирликтин мүчөсү болбогон башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына - Кыргыз Республикасы катышкан, бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.
Бажы органдары ушул бөлүктүн 1-9-пункттарында аталган жактарга бул жактардын расмий суроо-талаптары боюнча гана маалымат беришет.
4. Коммерциялык сырды түзгөн же купуя болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органдары же алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга тийиш эмес.
147-берене. Бажы органдарынын жайгашкан жери
1. Бажы органдарынын жайгашкан жерин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товар агымдарынын көлөмүнө, айрым региондордун тышкы экономикалык байланыштарынын өнүгүшүнүн интенсивдүүлүгүнө, транспорт жана логистикалык уюмдардын талап кылынышына, тышкы экономикалык иштин катышуучуларына жараша аныктайт.
2. Бажы органдары түздөн-түз бажы органдарына таандык жайларда жайгашат.
Бажы органдары аэропорттордун, темир жол станцияларынын, эл аралык почта алмашуу жайларынын аймагында жана (же) жайларында, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүргүзгөн жактарга, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго жана тышкы экономикалык иштин субъекттерине таандык аймактарда жана (же) жайларда жайгашышы мүмкүн.
Аталган учурларда зарыл болгон аймактар жана (же) жайлар бажы органдарына бекер негизде берилет.
148-берене. Бажы инфраструктурасы
1. Бажы инфраструктурасына бажы контролунун техникалык каражаттары, инженердик, маалыматтык, телекоммуникациялык системалар жана аларды камсыздоочу каражаттар (мындан ары - бажы инфраструктурасынын элементтери) менен жабдылган имараттар, курулмалар, жайлар, ачык аянтчалар жана бажы органдарынын ишин камсыздоочу социалдык багыттагы объекттер таандык.
2. Бажы инфраструктурасынын элементтери Кодекстин 353-беренесинин 2-пунктунда аныкталган жерлерде жайгашуусу мүмкүн.
Товарларды бажы чек арасы аркылуу ташып өткөн жерлерде жайгашкан бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана техникалык жабдууга типтүү талаптар Кодекстин 353-беренесинин 3-пунктуна ылайык аныкталат.
3. Бажы органдарынын системасына кирген бажы органдары жана ишканалар (мекемелер) турган жерлерде, аймагында бажы операцияларын ишке ашырууга жана бажы контролун жүргүзүүгө мүмкүн болгон башка жерлерде жайгашкан бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштыруунун жана техникалык жактан жабдуунун талаптарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
4. Кодекстин 353-беренесинин 5-пунктунда белгиленген максатта бажы органдары бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик купуя сыр (мамлекеттик жашыруун сыр) деп эсептелген же таратылышына чек коюлган маалыматтарга таандык маалыматтарды кошпогондо Комиссияга белгилүү мезгил ичиндеги жалпыланган маалыматтарды беришет.
Аталган маалыматтардын курамын, алардын түзүмүн жана форматын, ошондой эле аларды берүүнүн мезгилдүүлүгүн жана тартибин Комиссия аныктайт.
5. Бажы инфраструктурасынын элементтерин өнүктүрүү максатында бажы инфраструктурасынын объекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте оперативдик башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.
149-берене. Документтер жана (же) маалыматтар менен алмашуу
1. Документтер жана (же) маалыматтар менен алмашуу бажы органдары жана декларанттар, ташуучу, бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана бажы операцияларын жасаган айрым жактардын ортосунда Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда, ушул Мыйзамда каралган учурларда электрондук формада же документтерди жана (же) маалыматтарды кагаз жүзүндө берүү (жөнөтүү) жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Электрондук документтер жана (же) маалыматтар менен электрондук формада алмашуу бажы органдарынын маалыматтык системалары жана ушул берененин 1-пунктунда аталган жактардын маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүүсү аркылуу же Интернет тарамынын ресурстарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Электрондук документтер жана (же) маалыматтар менен электрондук формада алмашууга техникалык мүмкүнчүлүк болбогон учурда, документтер жана (же) маалыматтар менен алмашуу кагаз жүзүндө документтерди жана (же) маалыматтарды берүү (жөнөтүү) жолу менен, ошондой эле Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым эл аралык келишимдерде каралган учурларда жүзөгө ашырылат.
150-берене. Бажы статистикасын жүргүзүү, бажы статистикасынын маалыматтарын колдонуу жана берүү
1. Бажы органдары бажы статистикасын жүргүзүшөт, ал Бирликтин мүчөсү болбогон мамлекеттер менен товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасын (мындан ары - товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасы) жана атайын бажы статистикасын камтыйт.
2. Бажы статистикасын жүргүзүү үчүн бажы органдарынын маалыматтык ресурстары колдонулат.
3. Товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасынын маалыматтары Бирликтин мүчөсү болбогон мамлекеттер менен товарлардын тышкы соодасын өнүгүү тенденциясын жана динамикасын, абалын талдоо максатында топтолот.
Товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасы Комиссия тарабынан бекитилген методологияга ылайык жүргүзүлөт.
4. Бажы органдары товарлардын тышкы соода бажы статистикасынын, анын ичинде ушул Мыйзамдын 146-беренесине ылайык ички рынокту коргоо чараларын колдонуу же кайра кароо жөнүндө арызды берүү үчүн маалыматтарды берет.
5. Атайын бажы статистикасынын маалыматтары бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында топтолот жана колдонулат.
Атайын бажы статистикасын жүргүзүүнүн тартибин бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
151-берене. Бажы органдары тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн жактар жөнүндө маалыматты чогултушу
1. Бажы органдары бажы чек арасы аркылуу ташып өткөн товарлар менен байланыштуу тышкы экономикалык ишти же бажы контролу алдындагы товарларга карата башка ишти жүргүзгөн жактар жөнүндө маалыматты, анын ичинде Кодекстин 361-беренесинин 1-пункту менен аныкталган маалыматтарды чогултууга укугу бар.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жактар жөнүндө маалымат чогултууну бажы органдары бажы операцияларын жасоодо жана башка мамлекеттик органдардан маалыматтарды алуу аркылуу жүзөгө ашырат.
3. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жактар бажы органдарында болгон өздөрү жөнүндөгү документтелген маалымат менен таанышууга, анын толуктугун жана тууралыгын камсыздоо максатында ушул маалыматты тактоого укугу бар.
152-берене. Бажы органдарынын тышкы экономикалык иштин катышуучулары, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы чөйрөсүндө ишти жүргүзгөн жактар, алардын ассоциациясы жана бирикмелери менен болгон өз ара мамилелери
1. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин жана актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону жана бажылык жөнгө салууну жакшыртуу максатында бажы органдары консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди колдошот жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы чөйрөсүндө ишти жүргүзгөн жактар, алардын ассоциациялары жана бирикмелери менен өз ара аракеттенишет.
2. Консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди түзүү жана аракеттенүүнү колдоо үчүн, бажы органдары жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы чөйрөсүндө ишти жүргүзгөн жактар, алардын ассоциациялары жана бирикмелеринин ортосундагы бажы контролунун натыйжалуулугун жакшыртуу максатында бажы органдарынын алдында консультациялык органдар түзүлүп, мындай өз ара аракеттенүүнүн тартибин жөнгө салган документтер кабыл алынуусу мүмкүн.
153-берене. Бажы органдары тарабынан бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташуу үчүн эл аралык ташуунун транспорт каражаттарына жол берүүсү
Эл аралык ташуунун транспорт каражаттарына бажы органдары тарабынан Кодекстин 364-беренесине ылайык бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташуу үчүн жол берилет.
27-глава. Бажы иши жаатындагы маалымдоо жана кеңеш берүү
154-берене. Бажы чөйрөсүндөгү укуктук актылар жөнүндө маалымат
1. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ага баш ийген бажы органдары бажы чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматка, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен бардык кызыкдар жактарга тоскоолсуз жетүүнү камсыз кылышат.
2. Бажы органдары бажы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын иштелип жаткан долбоорлору жана бажы чөйрөсүндөгү, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен, күчүнө кире элек ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат кызыкдар жактарга жетүүсүн камсыздашат, буга ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүлөрү жөнүндө алдын-ала билдирмеге жол берилбеген учурлар кирбейт.
155-берене. Бажы органдарынын консультация бериши
1. Бажы органдары бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды колдонуу маселелери, бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ооз эки жана жазуу жүзүндө акысыз негизде жактарга консультация беришет.
2. Консультация берүүдө бажы органдарынын кызмат адамдары Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык бажы органдарына берилүүгө тийиш бажы декларацияларын жана башка документтерди бажы органынын атынан текшербейт, ошондой эле мындай бажы декларацияларын жана документтерин түзүшпөйт.
Аталган документтерди толтуруу маселелери боюнча консультацияны мындай документтерди жана адамдар көрсөткөн маалыматты текшерүүсүз беришет.
3. Консультациянын жүрүшүндө адамдарга берилген маалымат товарларга карата бажы операцияларын жасоодо бажы органы же анын кызмат адамы чечим кабыл алуусу же аракет кылуусу (аракет кылбоосу) үчүн негиз боло албайт.
4. Бажы органдарынын консультация берүү тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
156-берене. Бажы органдарынын укук коргоо иши
1. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүшү бажы органдарына таандык кылмыштар жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүү органы болуп эсептелет.
2. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана (же) мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык кылмыш деп таанылган укукка каршы жосун даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган жактарды табуу максатында изин суутпай издөө ишин жүргүзөт, эл аралык уюмдардын, Бирликтин мүчөсү болбогон мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдарынын суроо-талаптарын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аткарышат.
3. Бажы органдары өздөрүнүн компетенциясынын чегинде административдик укук бузуу жөнүндө иштерди карайт жана адамдарды административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартышат.
4. Административдик укук бузуунун түрлөрү, ошондой эле адамдарды административдик жоопкерчиликке тартуу тартиби жана принциптери Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
5. Жазык иштери жана административдик укук бузуу жөнүндө иштер боюнча бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү жана укуктук жардамы Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерге жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
157-берене. Транспорт каражаттарын токтотуу боюнча жана товарларды чыгаргандан кийин бажылык контролдоо зонасынан кеткен транспорт каражаттарын кармоо (кайтаруу) боюнча бажы органдарынын укуктары
Бажы органдары транспорт каражаттарын токтотууга, ошондой эле бажы органынын уруксаты жок, анын ичинде тандаган бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруудан кийин бажылык контролдоо зонасынан кеткен транспорт каражаттарын мажбурлап кайтарууга укуктуу.
Бажы контролунан тышкары зоналарда транспорт каражаттарын токтоткон учурда бажы контролдоонун убактысы мындай токтоткон учурдан тартып 3 сааттан ашпоого тийиш, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган жана бажылык тыкыр кароону өткөрүү жайына товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирүү үчүн керектүү убакыт кирбейт.
28-глава. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралдарды колдонуусу
158-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кара күч, атайын каражаттарды жана куралдарды колдонуу шарттары
1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга укуктуу.
2. Бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдоодон өтүүгө, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонулушуна байланыштуу шартта аракет кылууга өзүнүн жарай тургандыгын мезгил-мезгили менен текшерүүгө милдеттүү.
3. Кара күч, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууда бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууну кечиктирүү анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн, башка оор кесепеттерге алып келген учурлардан, кокустан же куралдуу кол салууда, согуштук техниканы жана транспорт каражаттарын колдонуу менен кол салууда же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү орунсуз же мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү менен кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө;
2) денесинен жараат алган адамдарга дарыгерге чейинки жардам берүүнү камсыздоого жана болгон окуя жөнүндө бажы органынын башчысына же анын ордундагы адамга кабарлоого;
3) укук бузуунун жана аны жасаган адамдын мүнөзүнө жана коркунуч даражасына, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жок кылууда келтирилген кандай гана болбосун зыяндын азыраак болушуна умтулууга.
4. Бажы органынын начальниги же анын ордунда болгон жактар бардык өлүм же денеге оор зыян келтирүү учурлары жөнүндө прокурорго тезинен кабарлоого милдеттүү.
5. Ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланып кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
159-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык иттерди колдонуусу
1. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын айрым категориялары баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун жана аналогдорун жарылуучу заттардын, куралдардын, ок-дарыларынын жана жеке жыты бар башка товарлардын мыйзамсыз жүгүртүүсүн издөө, табуу жана аларга бөгөт коюу, анын ичинде тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана изин суутпай издөө үчүн кызматтык иттерди колдонууга укуктуу;
2. Кызматтык иттерди жеке жактардын жашоосуна, ден соолугуна, ар-намысына жана кадыр баркына коркунуч жараткан учурларда тиешесиз аракеттерди аткаруу үчүн, ошондой эле анын иш жөндөмдүүлүгүнө, жашоосуна же ден соолугуна зыян алып келе турган шартта колдонууга тыюу салынат.
3. Кызматтык иттерди пайдалануу укугуна ээ бажы органдарынын кызмат адамдарынын категорияларын, кызматтык иттерди пайдалануу, аларды үйрөтүү жана кармоо тартибин бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
160-берене. Кара күчтү колдонуу
Укук бузууларга жана (же) кылмыштарга жол бербөөнү, аларды жасаган адамдарды кармоону, каршылык көрсөтүүсүн басууну, мыйзамдуу талаптарга баш ийбешине бөгөт коюуну, бажы контролуна таандык жайларга, аймакка, товарларга жана транспорт каражаттарына мыйзамдуу жетүүгө тоскоолдук кылдырбоону, бажы органдарынын кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган башка иш-аракеттерди четтетүү үчүн, эгерде кара күч колдонбогон ыкмалар бул милдеттердин аткарылышын камсыздай албаса, бажы органдарынын кызмат адамдары кара күч колдонууга укуктуу.
Товарларды ташуучу жак бажы органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган учурларда, кызмат адамдары ушул Мыйзамдын 97-беренесинде аталган товарларды сактоо жайларына транспорт каражаттарын мажбурлап жеткирүүнү камсыздоо үчүн кара күчтү колдонууга укуктуу.
161-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
1. Бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерин, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттарды, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:
1) бажы органдарынын кызмат адамдарына же башка адамдарга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;
2) бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорт каражаттарына, бажы контролундагы товарларга жана транспорт каражаттарына кол салууга каршы аракет көрүү үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотуу үчүн;
3) эгерде укук бузган адамдар баш ийбесе, каршылык көрсөтсө, башкача айбат көрсөтсө, же айланадагыларга, өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо, аларды бажы органынын кызматтык жайына жеткирүү үчүн;
4) бажы органынын кызмат адамына кара күч менен каршылык көрсөтүүнү четтетүү үчүн;
5) транспорт каражатынын айдоочусу бажы органынын кызмат адамынын токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбаганда, аны токтотуу үчүн;
6) бажы органынын кызмат адамына жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.
2. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, бажы контролдугу алдында турган товарларга жана транспорт каражаттарына коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, топтошуп же башкача кол салуу учурларын кошпогондо, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги билинип турган адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
3. Бажы органдарында пайдаланылуучу атайын каражаттардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
162-берене. Ок атуучу куралды алып жүрүү, сактоо жана пайдалануу
Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу бажы органдарынын кызмат адамдарынын айрым категорияларына кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу куралды алып жүрүү, сактоо жана аны пайдалануу укугу берилет.
Бажы органдарында пайдаланылуучу ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
163-берене. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу
1. Бажы органдарынын кызмат адамдары акыркы чара катары ок атма куралды төмөнкү учурларда колдонууга укугу бар:
1) бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип кол салганда, ага каршы аракет көрүү үчүн;
2) бажы органдарынын кызмат адамдарынын ок атма куралын тартып алуу аракетине каршылык көрсөтүү үчүн. Бажы органынын кызмат адамы кармап жаткан адамдын ушул кызмат адамы көрсөткөн аралыкты кыскартуу аркылуу ок атуучу куралга жакындоого аракети же ушул куралга жетүүгө аракети куралды тартып алуу аракети катары каралат;
3) бажы органдарына таандык же алар пайдаланган имараттарга, орун-жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга топтошуп алып же куралдуу кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.
2. Бажы органдарынын кызмат адамдары мындан сырткары ок атма куралдарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:
1) эгерде транспорттук каражаттардын айдоочулары бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна чыныгы коркунуч келтирсе жана алардын бир нече жолку токтотуу жөнүндө талабына баш ийбесе, аларды жабыркатуу аркылуу токтотуу үчүн;
2) бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн;
3) ок атма куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүү берүү, атайылап белги берүү же жардамга чакыруу үчүн.
3. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, куралчан, топтошуп алып же башкача кол салуу учурларды кошпогондо, аялдарга, майып экени көрүнүп турган адамдарга жана жаш балдарга карата, ошондой эле адамдар көп топтошкон, башка адамдар жабыр тартышы мүмкүн жерлерде ок атма куралды колдонууга тыюу салынат.
4. Ок атма куралды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө бажы органынын кызмат адамы бажы органынын начальнигине же анын ордундагы адамга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет, алар курал колдонулган убакыттан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбей, бул тууралуу прокурорго билдирет.
29-глава. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануунун тартиби жана мөөнөтү
164-берене. Даттанууга карата укук
1. Ар бир адам бажы органынын (бажы органынын кызмат адамынын) чечимине, аракетине (аракетсиздигине), эгерде ушул адамдын пикири боюнча ушундай чечим, аракет (аракетсиздик) аркылуу анын укуктары жана эркиндиктери бузулса, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлсө же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлсө даттанууга укуктуу.
2. Адамдардын даттанууга укугу ушул главада белгиленген тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Сотторго жөнөтүлүүчү даттанууларды берүү, кароо жана чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен аныкталат.
165-берене. Даттанууну берүүнүн тартиби
1. Бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу, мындай чечимди кабыл алган же аракет (аракетсиздик) жасаган кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органына берилет.
2. Бажы органынын же анын начальнигинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
166-берене. Даттанууну берүүнүн мөөнөтү
1. Бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу үч айдын ичинде берилиши керек:
1) укуктары менен эркиндиктеринин бузулгандыгы, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөндүгү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз жүктөлгөндүгү адамга белгилүү болгон же белгилүү боло турган күндөн тартып;
2) бажы органы же анын кызмат адамы мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алышы үчүн же мыйзамдарда каралган аракеттерди жасоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып.
2. Бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн Билдирмеге даттануу ушундай Билдирмени адам алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
167-берене. Даттанууну берүү үчүн мөөнөттү калыбына келтирүү
1. Даттанууну берүү мөөнөтүн жүйөлүү себептерден улам өткөрүп жиберген учурда, бул мөөнөт даттануу менен кайрылган жактын арызы боюнча даттанууну кароого укуктуу бажы органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
2. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү даттанууну кароого иш жүзүндө кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө чечим жазуу жүзүндө таризделет, ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.
168-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну
1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанып жаткан бажы органынын аталышы же бажы органынын кызматтык адамынын кызматы, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);
2) даттанууну берген жактын аты-жөнү же аталышы, жашаган же жайгашкан жери;
3) даттанып жаткан чечимдин, аракеттин (аракетсиздиктин) маани-маңызы;
4) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечиминен, аракетинен (аракетсиздигинен) улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлдү деп жактын эсептешине негиз болгон жагдайлар.
3. Арыз ээси даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтерди жана маалыматтарды, эгерде мындай документтер жана маалыматтар бажы органында бар болсо, бербей коюшу мүмкүн.
Аталган даттанууну толук карап чыгуу үчүн зарыл документтер жана маалыматтар бажы органында жок болгон учурда, ушул даттанууну карап жаткан бажы органы аларды даттануу берген жактан, ошондой эле башка компетенттүү органдардан жана уюмдардан, анын ичинде чет мамлекеттик органдардан жана уюмдардан сурап алууга укугу бар.
Бул учурда бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну кароо мөөнөтү бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды алганга чейин, бирок ушул суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн баштап төрт айдан ашык эмес мөөнөткө токтотулат.
Бажы органы тарабынан чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана уюмдарына суроо-талап жөнөтүлгөн учурда, бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды алганга чейин, мындай суроо-талапты жөнөткөн учурдан тартып туум кошуп эсептелбейт.
Бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды албаган учурда, аталган даттануу боюнча чечим ырастоосуна документтер жана маалыматтар берилбеген далилдерди эсепке албастан, ошондой эле аталган мезгилге туум кошуп эсептелбей кабыл алынат.
169-берене. Даттануунун натыйжасы
Даттануу берүү, даттанууну караган орган даттанган чечим же аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келбейт деп эсептөөгө толук негиз болгон учурду кошпогондо, даттанган чечимдин же аракеттин аткарылышын убактылуу токтото албайт.
Жогоруда аталган учурда даттанган чечимдин же аракеттин аткарылышын толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турушу мүмкүн.
170-берене. Бажы органынын жана анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну кароодон баш тартуу үчүн негиздер
1. Бажы органы бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) тийиштүү даттанууларды карап чыгуудан төмөнкү учурларда баш тартат:
1) эгерде даттануунун белгиленген мөөнөттөрү сакталбаса жана өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен адам кайрылбаса, же өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү тууралуу арыз четке кагылган болсо;
2) эгерде ушул Мыйзамдын 168-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптар сакталбаса;
3) эгерде адам ушуга окшош мазмундагы даттануу менен сотко кайрылса жана ушундай даттануу сот тарабынан карап чыгууга кабыл алынса же ал боюнча чечим чыгарылса;
4) эгерде көрсөтүлгөн даттануунун предмети катары бажы органы болуп саналбаган органдын же Кыргыз Республикасынын бажы органы болуп саналбаган органдын кызмат адамынын чечими, аракети (аракетсиздиги) болсо;
5) эгерде даттануу ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталбаган жак тарабынан берилсе;
6) эгерде укугун, эркиндигин же мыйзамдуу кызыкчылыктарына даттанган чечим, аракет (аракетсиздик) козгобогон жак тарабынан даттануу берилсе;
7) эгерде даттануунун предмети бажы органынын же анын кызмат адамынын бажы чөйрөсүндөгү чечими болуп саналбаган акт (документ) болсо;
8) эгерде ушул эле бажы органы тарабынан ошол эле арыз берүүчүгө карата жана даттануунун ошол эле предмети тууралуу ушул Мыйзамдын 173-беренесине ылайык чечим кабыл алынса;
9) эгерде даттануунун предмети жок болсо, башкача айтканда бажы органы тарабынан чечим кабыл алуунун же аракеттерди (аракетсиздикти) жасоонун фактысы далилденбесе.
2. Бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечим, эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, аталган даттануу келип түшкөн күндөн баштап беш жумуш күндөн кечикпей кабыл алынууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 8, 9-пункттарында каралган учурларда бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечим ушуга окшогон даттанууну кароого алуу жөнүндө соттун аныктамаларын же даттанууну кароого тоскоол болгон негиздердин бар экендиги тууралуу кабарлаган соттун чечимин же башка документтерди ушул даттанууну карап жаткан бажы органы алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей кабыл алынууга тийиш.
4. Бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө бажы органынын чечимине бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же сотко даттанууга мүмкүн.
171-берене. Даттанууну кайра алуу
1. Даттануу менен кайрылган адам даттануу боюнча чечимди кабыл алууга чейин каалаган убакта аны кайра ала алат.
2. Даттанууну ошол эле себеп боюнча кайтадан берүү ушул главада белгиленген мөөнөттөрдүн чектеринде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
172-берене. Даттанууну кароонун мөөнөттөрү
Даттануу келип түшкөн күндөн тартып он төрт күндүн ичинде, ал эми ушул Мыйзамдын 168-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда - ушул даттанууну толук карап чыгуу үчүн зарыл документтердин жана маалыматтардын бажы органы тарабынан алынган күнүнөн тартып каралууга тийиш.
173-берене. Даттануу боюнча чечим
1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган орган:
1) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) укук ченемдүү деп тааныйт;
2) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) толугу менен же жарым-жартылай укук ченемсиз деп тааныйт.
2. Даттанып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) укук ченемсиз деп таанылган учурда аны карап жаткан орган:
1) бажы органы же анын кызмат адамы кабыл алган чечимди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарат;
2) бажы органы же анын кызмат адамы кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет же эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат;
3) бажы органынын же анын кызмат адамынын аракетин (аракетсиздигин) укук ченемсиз деп тааныйт жана кетирилген бузууларды жоюу максатында жасалууга тийиш болгон иш-аракеттерди аныктайт, же эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.
Эгерде бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн Кабарламага карата даттанууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөтүлгөн Кабарламанын укукка ылайык келбегендиги жөнүндө чечим кабыл алса, Кабарлама жөнөткөн бажы орган сот органдарынын чечимисиз, бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кабыл алган күндөн тартып он жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө Кабарламаны кайра чакыртып алат.
3. Даттанууну карап жаткан жак бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын белгилерин тапканда, бул кызматкерди тартип жоопкерчилигине мыйзамда белгиленген тартипте тартуу боюнча чараларды көрөт.
4. Даттанууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим кат түрүндө таризделет жана бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу менен кайрылган адамга, ага даттануунун тартибин түшүндүрүү менен ушул Мыйзамдын 172-беренесинде белгиленген мөөнөттө жөнөтүлөт.
5. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул беренеге ылайык кабыл алынган даттанууну карап чыгуусунун жыйынтыгы менен макул болбогон адам кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде сот органына даттанууга укуктуу.
30-глава. Бажы органдары тарабынан колдонулуучу маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар
174-берене. Бажы органдары тарабынан колдонулуучу маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар
1. Бажы операциялары бажы органдарынын, декларанттардын жана башка кызыкдар жактардын маалыматтык системаларын жана маалыматтык технологияларын, ошондой эле маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларын колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Бажы операцияларын жүргүзүүдө колдонулуучу маалыматтык системаларын, маалыматтык технологияларын жана маалыматты коргоо каражаттарын иштеп чыгуу, түзүү, киргизүү, пайдалануу, коштоо, модернизациялоо, ошондой эле маалыматтык системаларды жана технологияларды сатып алуу тиешелүү эл аралык стандарттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн, же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алган маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга байланышкан мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.
5. Бажы ишинде колдонулуучу, үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар жана алардын камсыздоо каражаттары бажы операцияларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары пайдалануучу ушундай продукцияларга шайкеш келиши керек.
175-берене. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары
1. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары деп документтелген маалыматтын жыйындысы түшүнүлөт, ал өзүнө бажы органдарынын маалыматтык системаларында түзүлүүчү, кайра иштетилүүчү жана топтолуучу маалымат базасын жана башка маалыматтын түрлөрүн камтыйт.
Бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын калыптандыруу максатында бажы органдары бажы чек арасы аркылуу өткөн товарлар, жана аларды өткөргөн жактар жөнүндө маалыматтарды чогултат жана иштеп чыгат.
2. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтердин жана маалыматтардын базасында түзүлөт жана аларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болот.
Бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын калыптандыруу жана аларга жетүү тартибин бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
3. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалыматты камтыган бажы органдарынын маалыматтык ресурстары ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелет.
Бажы органдарынын жалпыга жеткиликтүү маалыматтык ресурстары бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
176-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу
1. Бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматка жетүү чектелген учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
2. Бажы органдарынын карамагындагы жана жетүүгө чектелүү бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын камтыган маалыматтарды адамдар алуунун жана колдонуунун тартибин, ошондой эле мындай маалыматтарды берүүнүн курамын жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган жана бажы органдарынын карамагындагы маалымат базасына жетүү укугу бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы макулдашуунун негизинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
177-берене. Маалыматташтырууга жана маалыматтык процесстерге катышкан жактардын укуктарын жана маалыматын коргоо
1. Бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык системалардагы маалыматты коргоо, маалыматтарды коргоо каражаттарын колдонуу жана бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык ресурстардагы жана маалыматтык системалардагы маалыматтарды коргоонун деңгээлин баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык системаларына Кодекс жана ушул Мыйзамга ылайык маалыматтарды берүүчү жактардын укугун коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Маалыматты коргоо каражаты менен камсыздалган маалыматты коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына шайкеш келүүгө тийиш. Маалыматты коргоо деңгээлинин белгилүү бир категорияга шайкеш келишин карамагында маалыматтык ресурстар болгон бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыз кылат.
3. Маалыматты коргоого жана маалыматты коргоо каражаттарын иштетүүгө карата талаптардын сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдонот.
31-глава. Бажы органдарынын маалыматтык жана башка өз ара аракеттенүүсү
178-берене. Бирликтин алкагында бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү
1. Бажы органдары жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерге, Бирлик жөнүндө келишимге, Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары, уюмдары жана Комиссиянын ортосунда өз ара аракеттенишет.
2. Бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) Бирликтин жалпы процесстеринин алкагында Бирлик жөнүндө Келишимге ылайык ишке ашырылуучу маалымат алмашуу менен;
2) Кодекстин 370-беренесине ылайык, ошондой эле Кодексте жана (же) Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде белгиленген башка учурларда электрондук формада үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу;
3) маалыматтарды жана (же) документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу;
4) мүчө мамлекеттердин бажы органдарына маалымат жөнөтүү;
5) өз ара административдик жардамды жүзөгө ашыруу;
6) эсепке алуу приборлорун орнотуу жайларында өткөрмө түтүктөр жана электр берүү линиялары боюнча өткөргөн товарларга карата бажы контролунда катышуусу;
7) башка ыкмалар менен өз ара аракеттенүү.
179-берене. Бажы органдарынын Бирликке мүчө болуп эсептелбеген мамлекеттердин бажы жана башка органдары, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташтыгы
Бажы органдары Бирликтин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттердин бажы жана башка органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен Бирликтин үчүнчү жак менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринде жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте өз ара аракеттенишет жана кызматташат.
180-берене. Мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу
1. Мүчө мамлекеттердин бажы органдары үзгүлтүксүз негизде Кодекстин 277-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацында жана 52-беренесинин 4-пунктунда аталган бажы документтериндеги, товарларга декларациялардагы маалыматтар менен, товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды (мамлекеттик жашыруун сырды) түзгөн маалыматтарга тиешеси жок жана бажы органдарынын маалыматтык ресурстарында камтылган бажы документтериндеги маалыматтарды өзгөрткөн (толуктаган) маалыматтар менен үзгүлтүксүз негизде алмашып турушат.
Үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу үчүн маалыматтар Кодекстин № 2 тиркемесине ылайык тизмек боюнча аныкталат.
2. Үзгүлтүксүз негизде маалымат менен алмашуу электрондук формада техникалык шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат, аталган шарттар менен мындай маалымат алмашууну жүзөгө ашыруучу бажы органдары, алмашуу үчүн маалыматтын форматы жана түзүмү, мындай алмашуунун регламенти, мөөнөттөрү жана ыкмалары аныкталат.
Электрондук формада үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуунун техникалык шарттары мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан аныкталат.
181-берене. Бажы органдарында документтердин көчүрмөлөрүн жана (же) маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу жана жөнөтүү тартиби
Бажы органдары документтердин көчүрмөлөрүн жана (же) маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптарын Кодекстин 371-беренесине ылайык аткарат жана жөнөтөт.
182-берене. Бир мүчө мамлекеттин бажы органы тарабынан башка мүчө мамлекеттин бажы органына маалымат жөнөтүүсү
Бажы органдары тарабынан маалымат жөнөтүү Кодекстин 372-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
183-берене. Өз ара административдик жардам
1. Өз ара административдик жардам деп бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды бузууну болтурбоо жана ага бөгөт коюу, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды аткарууну камсыздоо максатында башка мүчө мамлекеттин бажы органынын тапшырмасы боюнча же аны менен биргеликте жүргүзүлгөн бир мүчө мамлекеттин бажы органынын иш-аракети аталат.
2. Бажы органдары өз ара административдик жардамды Кодекстин 373-беренесине ылайык жүзөгө ашырат.
184-берене. Бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында алынган маалыматты пайдалануу
1. Бажы органы тарабынан Кодекстин 49-главасына жана ушул главага ылайык башка мүчө мамлекеттин бажы органынан алынган маалымат бажы органдарына жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу үчүн гана колдонулат жана мындай маалыматты берген бажы органынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз башка жактарга берүүгө жана башка максаттарга колдонууга болбойт.
2. Бажы органдары ушул главага ылайык алынган маалыматтарды укуксуз жайылтуудан коргоо боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана алынган маалыматтарды колдонууга мүмкүнчүлүгү бар жактардын чөйрөсүн чектөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны коргоону камсыз кылат.
32-глава. Бажы органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдикти башкаруу системасы
185-берене. Бажы органдары тарабынан тобокелдикти башкаруу процессин уюштуруу
1. Бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди башкаруу процессин уюштуруу жана бажы органдары тарабынан тобокелдикти башкаруу системасын колдонуу ушул главада аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 50-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бажы органдары тарабынан тобокелдикти башкаруу процесстери бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте ишке ашырылат.
Жактарды төмөнкү, орто же жогорку тобокелдиктин деңгээлиндеги категорияларга таандык кылуунун тартиби жана критерийлери, ошондой эле тобокелдиктердин профилдери иштеп кеткенде бажы органдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин тартиби бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Төмөнкү тобокелдик деңгээлиндеги жактарга карата бажылык кароо ушул Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-7-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча дайындалышы мүмкүн.
Тобокелдиктин деңгээлине жараша Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажылык кароону толук жүргүзүү белгилениши мүмкүн.
3. Тобокелдиктин профилинде жана индикаторлорунда камтылган жетүүгө чектелген маалыматтарды, ошондой эле адамдарды тобокелдиктин деңгээлине киргизүү критерийлерин жарыялоого (жайылтууга) болбойт.
Тобокелдиктин белгиленген профилиндеги камтылган маалыматты бажы органдары тарабынан колдонуу тартиби бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
186-берене. Бажы органдары тарабынан тобокелдикти башкаруу системасын колдонуу
1. Бажы органдары бажы контролунун объектин жана тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды тандоо үчүн тобокелдикти башкаруу системасын колдонушат.
2. Тобокелдикти башкаруу системасын бажы органдары төмөнкү максаттар үчүн колдонот:
1) бажы органдарынын компетенциясынын чегинде улуттук (мамлекеттик) коопсуздукту, адамдын жашоосун жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралар менен камсыздоо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана (же) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды бузууну табуу, божомолдоо жана алдын алуу;
3. Тобокелдикти башкаруу системасын колдонуу стратегиясы жана тактикасы, маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу тартиби, тобокелдиктерди талдоону жана баалоону жүргүзүү, тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
33-глава. Бажы органдары тарабынан товарларды жана алардын документтерин кармоо
187-берене. Бажы органдары тарабынан товарларды жана алардын документтерин кармоо жана сактоо
1. Бажы органдары товарларды жана алардын документтерин Кодекстин 379-беренесинде аныкталган учурларда кармайт, аларга кийин Комиссия аныктаган форма боюнча товарларды жана алардын документтерин кармоо жөнүндө протокол түзүлөт.
2. Кармалган товарлар жана алардын документтери бажы органдары тарабынан алынат жана Кодекстин 380-беренесинде аныкталган мөөнөттүн ичинде сакталат.
3. Кармалган товарлар бажы органдары тарабынан аныкталган, мындай товарларды сактоо үчүн жабдылган убактылуу сактоочу кампаларга же башка жерлерге жайгаштырылат.
Аталган товарларды сактоого өткөрүп берүүдө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы үч нускада түзүлөт, бир нускасы бажы органында калат, экинчиси - товарларды сактоого алган уюмда (мекемеде), үчүнчү нускасы, эгерде бажы органы тарабынан кармоо учурунда бул жак аныкталса, товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугуна ээ жакка берилет.
4. Кармалган товарларды жана алардын документтерин сактоо мөөнөтү аларды кармаган күндөн тартып эсептелет.
5. Ушул беренени колдонуу максаты үчүн бат бузула турган товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
188-берене. Кармалган товарларды жана алардын документтерин кайтарып берүү
Кармалган товарлар жана алардын документтери Кодекстин 381-беренесинде белгиленген тартипте кайтарып берилет.
189-берене. Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларга карата аракеттер
1. Кодекстин 380-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган мөөнөттө Кодекстин 381-беренесинде аталган жактар тарабынан талап кылынбаган бажы органдары кармаган товарлар, эгерде Кодекстин 382-беренесинде башкача белгиленбесе, сатылууга тийиш.
2. Декларанттар же башка жактар талап кылбаган кармалган товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү) жана сактоо боюнча чыгымдарды, кармалган товарларды сатуу жана сатууга даярдоо менен байланыштуу башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Кармалган товарлар сатылгандан кийин же башкача колдонуу үчүн өткөрүп берилгенден кийин, ошондой эле мындай товарларды жок кылуунун натыйжасында пайда болгон калдыктар Бирликтин товарлары статусун алат.
190-берене. Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларды сатуудан түшкөн сумманы тескөө
Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларды сатуудан түшкөн сумманы тескөө Кодекстин 383-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
34-глава. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчиктин объекттеринин укуктарын коргоо боюнча көрүлүүчү чаралар
191-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчиктин объекттеринин укуктарын коргоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпы жоболор
1. Бажы органдары Кодекстин 52-главасына жана ушул главага ылайык, ушул Мыйзамдын 107-беренеси жана Кодекстин 124-беренеси менен каралган интеллектуалдык менчиктин объекттеринин укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүшөт.
2. Интеллектуалдык менчиктин объекттеринин укугун коргоо боюнча чаралар укук ээсинин арызы боюнча интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерин, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын камтыган (мындан ары - интеллектуалдык менчиктин объектиси) товарларга карата көрүлөт.
192-берене. Укук ээсинин арызды бериши жана аны кароонун тартиби
1. Укук ээси же анын кызыкчылыгын билдирүүчү жак (мындан ары - арыз ээси) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүдө же бажы контролунда турган товарлар менен дагы башка аракеттер жасалганда интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын укуктары бузулушу мүмкүн же бузулду деп эсептеген учурларда интеллектуалдык менчиктин объекттеринин бажы реестрине тиешелүү интеллектуалдык менчиктин объектисин киргизүү жөнүндө бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.
Арыз интеллектуалдык менчиктин объектисинин бирине карата берилет.
2. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) укук ээси тууралуу, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү тууралуу да;
2) интеллектуалдык менчиктин объектиси жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчиктин объектисинин укугун коргоо мөөнөтү жөнүндө;
4) бажы контролунда турган товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү же мындай товарлар менен башка иш-аракеттерди жүргүзүү укук ээсинин пикири боюнча анын укуктарынын бузулушуна алып келүүчү товарлар жөнүндө;
5) Бирликтин бирдиктүү Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык алгачкы төрт белгинин деңгээлинен кем эмес товарлардын коддору жөнүндө.
Арызга интеллектуалдык менчиктин укугунун бар жана ал кимге таандык экендигин ырастаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же интеллектуалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер), зарылчылык болгон учурда - анын кызыкчылыгын билдирүүчү адамга укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет.
Арыз ээси арызга анын пикири боюнча интеллектуалдык менчик объектине укук ээсинин укугун бузуу фактысын ырастай турган товарлардын үлгүлөрүн жана/же башка маалыматтарды тиркеши мүмкүн.
3. Арызга укук ээсинин товарларды чыгарууну токтотууга байланыштуу декларантка, менчик ээсине, товарларды алуучуларга же башка жактарга мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмеси (жазуу жүзүндө) тиркелет.
4. Арыз ээси берген маалыматтардын туура экенин текшерүү максатында бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан берилген маалыматты ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу. Сурап алган документтер суроо-талапты алган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
5. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келген күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө арызды карап чыгат жана бажы реестрине арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчиктин объектилерин киргизүү же бажы реестрине арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчиктин объектилерин киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине суроо-талапты жөнөткөн учурда, жоопту алууга чейин аталган бир айлык мөөнөт токтотулуп турат. Ушуну менен бирге, арызды кароонун жалпы мөөнөтү 3 айдан ашпоого тийиш.
Кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө аталган чечим кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде билдирилет.
Арыз ээсинен талап кылынган документтер берилбеген учурда арыз кайра алынган болуп эсептелет жана андан ары каралбайт, бул туурасында жазуу жүзүндө же электрондук формада арыз ээсине билдирилет.
6. Эгерде берилген документтер интеллектуалдык менчиктин объектисине карата укуктун арыз ээсине таандык экенин ырастабаса же арыз ээси анык эмес маалыматтарды берсе, интеллектуалдык менчиктин объектисин интеллектуалдык менчиктин объекттеринин бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
7. Арызда же ага тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, арыз ээси бул тууралуу бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
8. Товарларды чыгарууну токтотууга байланыштуу чыгымдарды камсыздоодо арыз ээси бажы реестрине интеллектуалдык менчиктин объектисин киргизүү тууралуу чечимди алган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде товарларды чыгарууну токтотууга байланыштуу мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин берүүгө милдеттүү. Мында камсыздандыруу суммасы жети миң эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш.
Мунун менен бирге, арыз ээси интеллектуалдык менчиктин объектилерин интеллектуалдык менчиктин объектисинин бажы реестрине киргизүү мөөнөтүнө камсыздандыруу келишимин берүү боюнча чараларды көрөт.
193-берене. Интеллектуалдык менчиктин объекттеринин бажы реестри
1. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды чыгарууну токтотууга байланыштуу чараларды көрүү үчүн интеллектуалдык менчиктин объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт.
2. Интеллектуалдык менчиктин объекттерин бажы реестрине киргизүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жыйым төлөөгө милдеттүү.
3. Бажы реестрине бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алган интеллектуалдык менчиктин объекттери киргизилет.
4. Интеллектуалдык менчиктин объектиси бажы реестринен төмөнкү учурларда алынып салынат:
1) арыз ээсинин жазуу жүзүндө кайрылуусунда;
2) интеллектуалдык менчиктин объектисин коргоо мөөнөтүн узартуу үчүн жыйымды төлөбөгөндө;
3) интеллектуалдык менчиктин объектисин укуктук коргоону токтотууда.
5. Интеллектуалдык менчиктин объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө маалыматтар төмөнкүлөрдөн түшкөндө жол берилет:
1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) - интеллектуалдык менчиктин объектисин бажы реестрине киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматты же аларга тиркелген документтерди өзгөртүү тууралуу;
2) кызыкдар жактардан - соттун чечими күчүнө киришинин негизинде интеллектуалдык менчиктин объектисинин бажы реестринде укук ээси катары аталган жактар интеллектуалдык менчиктин объектисине укугу чектелгендиги же укугунан ажыратылгандыгы тууралуу.
Интеллектуалдык менчиктин объектисинин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
194-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчиктин объекттерине укуктарды коргоо мөөнөтү
Бажы контролу жүргүзүлүп турган коргоо мөөнөтү интеллектуалдык менчиктин объектисин бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими чыккан күндөн тартып, арызга тиркелген документтерди колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле арызда укук ээси тарабынан аталган мөөнөттү эске алуу менен 2 (эки) жылдан ашпайт.
Укуктарын коргоо мөөнөтү арыз ээсинин арызынын негизинде ушул главанын талаптары аткарылган шартта ар жолу 2 (эки) жылга бир нече ирет чектелбей узартылышы мүмкүн. Коргоону колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн арыз ээси жыйырма беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйым төлөөгө милдеттүү.
Бажы органдары тарабынан укук ээсинин интеллектуалдык менчиктин объектисине укуктарын коргоо мөөнөтү тиешелүү интеллектуалдык менчиктин объектисине укук ээсинин өзгөчө укуктарын колдонуу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
35-глава. Бажы органдары дайындоочу бажы экспертизасы
195-берене. Бажы экспертизасын дайындоо жана өткөрүү
1. Бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүдө жана (же) бажы контролун өткөрүүдө келип чыккан маселелерди чечүү үчүн атайын жана (же) илимий билим талап кылынган учурларда бажы органдары бажы экспертизасын дайындайт.
2. Бажы экспертизасын ыйгарым укуктуу бажы органы же башка ыйгарым укуктуу эксперттик уюм өткөрөт.
3. Бажы экспертизасын дайындоо жана бажы экспертизасын өткөрүү, аны өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби ушул главанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кодекстин 53-главасына ылайык жүргүзүлөт.
4. Бажы экспертизасын дайындоо жөнүндө бажы органынын чечимин бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык таризделет.
5. Бажы экспертизасын өткөрүү үчүн зарыл болгон товарлардын сынамдары жана (же) үлгүлөрү аларды изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аз санда алынат.
6. Бажы экспертизасы аяктагандан кийин аны өткөрүүдө чыгымдалбаган товарлардын сынамдары жана (же) үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарлардын сынамдарын жана үлгүлөрүн көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө тийиш болгон учурлардан сырткары, бажы экспертизасын дайындаган бажы органдарына, декларантка же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жакка, ал эми эл аралык почта жөнөтмөлөрүндө ташылган товарлардын сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн тандоодо почталык байланыштын дайындалган операторуна кайтарылып берилет.
7. Бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтерге, идентификациялоо каражаттарына карата бажы экспертизасын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бажы органдары мындай документтерди жана идентификациялоо каражаттарын алып коюшат. Бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтерди, идентификациялоо каражаттарын алып коюуда документтерди, идентификациялоо каражаттарын алып коюу жөнүндө акт түзүлөт, анын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР
36-глава. Бажы чөйрөсүндөгү иш жөнүндө жалпы жоболор
196-берене. Бажы чөйрөсүндөгү иш
1. Бажы чөйрөсүндөгү иш болуп бажы өкүлү, бажы жүк ташуучу, убактылуу сактоочу кампанын ээси, бажы кампаларынын ээси, эркин кампалардын ээси жана алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээси катары кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан жактардын бажы органдары тарабынан контролдонгон жана Кодекс менен жөнгө салынган, ал эми Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынган иши эсептелет.
2. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы өкүлдөрүнүн реестрине, бажы жүк ташуучулардын реестрине, убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, эркин бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине (мындан ары - бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри) киргизилген юридикалык жактар укуктуу.
3. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жактарды бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү шарттары жана бул реестрден чыгаруу негиздери бажы чөйрөсүндөгү иштин ар бир түрлөрүнө карата ушул бөлүм менен аныкталат.
4. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жактарды бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тартиби, мындай реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, мындай реестрлерге киргизилген юридикалык жактарды андан чыгаруу тартиби, ошондой эле мындай жактардын ишин токтотуу жана кайра жандандыруу тартиби жана негизи ушул бөлүм менен аныкталат.
5. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүгө талапкер юридикалык жактарга карата аларды киргизүү шарттарынын сакталышын текшерүүдө, ошондой эле бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген юридикалык жактардын ишин контролдоодо, Кодекстин VI бөлүмүндө жана ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө каралган бажы контролун өткөрүүнү камсыз кылуучу бажы контролунун формалары жана чаралары колдонулушу мүмкүн.
197-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрге киргизүү жана бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрден чыгаруу тартиби
1. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар ушул Мыйзамдын 207, 212, 217, 222, 227, 232-беренелеринде белгиленген шарттар сакталган учурда бажы иши чөйрөсүндө ишти жүргүзүүгө талапкер болгон юридикалык жактын ушул Мыйзамдын 198-беренесинде каралган маалыматты камтыган жазуу жүзүндө арызынын негизинде бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан реестрге киргизилет.
2. Арызга анда көрсөтүлгөн маалыматтарды бышыктаган документтер тиркелет, алар белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн түп нускалар же көчүрмөлөр түрүндө берилет. Документтер мамлекеттик тилде же расмий тилде берилет.
Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардан арыз ээсинин көрсөткөн маалыматтарын ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу.
Арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин талабы менен бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтердин түп нускасын арыз ээсине кайтарып берүүгө милдеттүү.
3. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде (жазуу жүзүндө) реестрге киргизилет жана мындай реестрге киргизилгендиги жөнүндө акысыз негизде берилүүчү күбөлүк менен ырасталат.
Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрге киргизүү жөнүндө кабыл алган чечими тиешелүү арызды берген адамга гана жарактуу жана мөөнөтсүз болуп эсептелет.
4. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрден чыгаруу жөнүндө чечим ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча кабыл алынат.
198-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтар
1. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызда арыз ээсинин аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жалпы маалыматтардан сырткары арыз ээси төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды берет:
1) бажы өкүлү катары иш жүргүзүүдө:
а) ташып чыгаруу бажы алымдары салынбаган жана экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен өзүнүн иш чөйрөсүн чектөө ниети жөнүндө маалыматты (ташып чыгаруу бажы алымдары салынбаган жана экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен өзүнүн иш чөйрөсүн чектөө ниети болгон учурда);
б) бажы өкүлүнүн жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин болушу жөнүндө маалыматты, анын өкүлү болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же аталган жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына келишимдин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
в) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактардын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;
г) бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бажы жыйымдарын, туумдарды, пайыздарды төлөө милдеттенмелеринин белгиленген мөөнөттө аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты;
д) штатта экиден кем эмес кызматкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастоочу документинин болушу жөнүндө маалыматты;
е) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушу жөнүндө маалыматты;
ж) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугу жөнүндө маалыматты;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты;
и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештиги жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;
2) бажы жүк ташуучу катары иш жүргүзүүдө:
а) бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата жүктөрдү ташуу боюнча эки жылдан кем эмес мөөнөттөгү иши жөнүндө маалыматты;
б) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;
в) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүктөрдү ташуу ишине уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса, иштин бул түрүнө мындай документтин болушу жөнүндө маалыматты;
г) товарларды ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле Өкмөт аныктаган критерийлерге ылайык транспорт каражаттарын жайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарга жооп берген менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада турган транспорт каражаттары жөнүндө маалыматты;
д) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугу жөнүндө маалыматты;
е) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугу жөнүндө маалыматты;
ж) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушу жөнүндө маалыматты;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты;
и) ар бир транспорт каражатында бажы органына бул транспорт каражатынын турган жерин белги берүү жолу менен аныктоого мүмкүндүк берүүчү техникалык жабдуулардын болушу жөнүндө маалыматты (бажы органына транспорт каражатынын турган жерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү мындай жабдууну программалык камсыздоо жана ага жетүү мүмкүнчүлүгү менен).
к) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештиги жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;
3) убактылуу сактоочу кампанын ээси катары ишти жүргүзүүдө:
а) убактылуу сактоочу кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар убактылуу сактоочу кампалардын ээсинин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнү ижарада болсо, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими 1 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
б) убактылуу сактоочу кампанын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин болушу жөнүндө маалыматты, анын өкүлү болгон жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же аталган жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына келишимдин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
в) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугу жөнүндө маалыматты;
г) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;
д) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугу жөнүндө маалыматты;
е) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушу жөнүндө маалыматты;
ж) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты;
з) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештиги жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;
4) бажы кампасынын ээси катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүдө:
а) бажы кампасынын тиби жөнүндө маалыматты, ошондой эле жабык тибиндеги бажы кампасын уюштуруу учурундагы негиздеме;
б) бажы кампасы катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнү ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими 3 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
в) бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин болушу жөнүндө маалыматты, анын өкүлү болгон жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же аталган жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына келишимдин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн (ачык тибиндеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүгө талапкер юридикалык жактар үчүн);
г) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугу жөнүндө маалыматты;
д) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;
е) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушу жөнүндө маалыматты;
ж) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугу жөнүндө маалыматты;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты;
и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештиги жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;
5) эркин кампанын ээси катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүдө:
а) эркин кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнү ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими 3 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш (башка мөөнөттү белгилөө мүмкүнчүлүгү бар);
б) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугу жөнүндө маалыматты;
в) бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдарынын берген маалыматтарын бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгилеген талаптарына ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү товарларды эсепке алуу системасынын болушу жөнүндө маалыматты;
г) Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары катталгандыгы жана салыктар боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалыматты;
д) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугу жөнүндө маалыматты;
е) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;
ж) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты;
з) башка талаптарга шайкеш келүү жана башка шарттарды сактоо жөнүндө маалыматты, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн;
6) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары иш жүргүзүүдө:
а) алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнү ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими 3 айдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
б) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары берген каттоо же чекене соода жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин болушу жөнүндө маалыматты;
в) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары берген алымсыз соода дүкөнү катары иш жүргүзүү мүмкүндүгүн ырастаган документтердин болушу жөнүндө маалыматты;
г) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугу жөнүндө маалыматты;
д) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;
е) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушу жөнүндө маалыматты;
ж) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугу жөнүндө маалыматты;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты;
и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештиги жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты.
199-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
1. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
2) жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган жалпы документтерден сырткары арыз ээси төмөнкүдөй кошумча документтерди берет:
1) бажы өкүлү катары иш жүргүзүүдө:
а) бажы өкүлүнүн жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишимин, анын өкүлү болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же аталган жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына келишимдин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
б) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышына камсыздоонун киргизилгендигин ырастаган документтерди;
в) бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугун ырастаган документтерди;
г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастаган документи бар кызматкерлер менен эмгек укук мамилелерин жөнгө салуучу документтерди;
д) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жактын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастаган документтерди;
е) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушун ырастаган документтерди;
ж) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугун ырастаган документтерди;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенмени;
и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка шарттардын сакталышы жөнүндө документтерди;
2) бажы жүк ташуучу катары иш жүргүзүүдө:
а) бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата эки жылдан кем эмес жылдын ичинде жүктөрдү ташуу боюнча иш жүргүзгөндүгүн ырастаган документтерди;
б) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоону ырастаган документтерди;
в) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүктөрдү ташуу ишине уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса иштин бул түрүнө уруксат берүүчү документтерди;
г) товарларды ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле Өкмөт аныктаган критерийлерге ылайык транспорт каражаттарын жайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарга жооп берген менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастаган документтерди;
д) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугун ырастаган документтер;
е) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугун ырастаган документтерди;
ж) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушун ырастаган документтерди;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенмени;
и) бажы органына бул транспорт каражатынын турган жерин белги берүү жолу менен аныктоого мүмкүндүк берүүчү техникалык жабдуулардын ар бир транспорт каражатында бардыгын ырастаган документтерди (мындай жабдууга бажы органына транспорт каражаттарынын турган жерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону берүү менен);
к) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештигин жана башка шарттардын сакталышын ырастаган документтерди;
3) убактылуу сактоочу кампанын ээси катары иш жүргүзүүдө:
а) убактылуу сактоочу кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастаган документтерди. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар убактылуу сактоочу кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнү ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими 1 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
б) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укугун кыскартууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө документтерди, ошондой эле убактылуу сактоочу кампа катары колдонуу үчүн арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландарын жана чиймелерин;
в) убактылуу сактоочу кампанын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишимин, анын өкүлү болгон жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же аталган жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына келишимдин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
г) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугун ырастаган документтерди;
д) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышына камсыздоонун киргизилгендигин ырастаган документтерди;
е) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугун ырастаган документтерди;
ж) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушу жөнүндө документтерди;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенмени;
и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештигин жана башка шарттардын сакталышын ырастаган документтерди;
4) бажы кампасынын ээси катары иш жүргүзүүдө:
а) бажы кампасы катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастаган документтерди. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнү ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;
б) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укугун кыскартууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө документтерди, ошондой эле бажы кампасы катары колдонуу үчүн арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландарын жана чиймелерин;
в) бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишимин, анын өкүлү болгон жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же аталган жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына келишимдин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн (ачык тибиндеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүгө талапкер юридикалык жактар үчүн);
г) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугун ырастаган документтерди;
д) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышына камсыздоонун киргизилгендигин ырастаган документтерди;
е) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушун ырастаган документтерди;
ж) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугун ырастаган документтерди;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенмени;
и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештигин жана башка шарттардын сакталышын ырастаган документтерди;
5) эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүдө:
а) эркин кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастаган документтерди;
б) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугун ырастаган документтерди;
в) Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары катталгандыгы жана салыктар боюнча карыздарынын жоктугун ырастаган документтерди;
г) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугун ырастаган документтерди;
д) бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдарынын берген маалыматтарын бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгилеген талаптарына ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү товарларды эсепке алуу системасынын болушун ырастаган документтерди;
е) эркин кампаны түзүүнүн максаттарын жана өбөлгөлөрүн, эркин кампаны түзүү үчүн зарыл болгон ресурстарды, ошондой эле эркин кампаны түзүү жана иштетүү боюнча уюштуруучулук иш-чараларын өзүнө камтыган эркин кампаны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө техникалык-экономикалык негиздемени;
ж) эркин кампанын иштөө убактысы жөнүндө жана эркин кампада жайгашкан товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен юридикалык жак бекиткен эркин кампанын иштөө схемасын;
з) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышына камсыздоонун киргизилгендигин ырастаган документтерди;
и) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенмени;
к) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештигин жана башка шарттардын сакталышын ырастаган документтерди;
6) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары иш жүргүзүүдө:
а) алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастаган документтерди;
б) алымсыз соода дүкөнү катары колдонуу үчүн арналган жайлардын пландарын жана чиймелерин;
в) чекене соода жүргүзүүгө каттоо жана уруксат берүүчү документтерди, эгерде аларды алуу милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган болсо;
г) алымсыз соода дүкөнү катары иштөө мүмкүнчүлүгүн ырастаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документтерди;
д) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугун ырастаган документтерди;
е) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышына камсыздоонун киргизилгендигин ырастаган документтер;
ж) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушун ырастаган документтерди;
з) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенмени;
и) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугун ырастаган документтерди;
к) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкештигин жана башка шарттардын сакталышын ырастаган документтерди;
3. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүгө талапкер жактын жүйөлүү сурамы боюнча ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун "в)" пунктчасында каралган документтер алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргенден кийин берилиши мүмкүн.
Арыз ээси бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык өз ара аракеттенүү алкагында маалыматтык системаларды колдонуу аркылуу мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в)", "е)", "ж)" пунктчаларында, 2-пунктунун "д)", "е)" "ж)" пунктчаларында, 3-пунктунун "г)", "е)", "ж)" пунктчаларында, 4-пунктунун "г)", "е)", "ж)" пунктчаларында, 5-пунктунун "б)", "г)", "д)" пунктчаларында, 6-пунктунун "д)" "ж)", "и)" пунктчаларында каралган документтерди бербөөгө укугу бар.
200-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим
1. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароонун мөөнөтүн кошуп алганда, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбей кабыл алат.
Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн төмөнкү учурларда баш тартат:
1) эгерде ушул главада каралган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;
2) арыз ээси ушул Мыйзамдын 207, 212, 217, 222, 227 жана 232-беренелеринде каралган шарттарды сактабаса.
2. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусу ушул Мыйзамдын 29-главасы менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
201-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтото туруу. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринен чыгаруу
1. Чоң зыян келтирилбеген бир жолку укук бузгандыгы, бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын реестрине киргизүү шарттарын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын аткарбагандыгы үчүн ошол жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө эскертүү берилген жак ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын ишин үч айга чейинки мөөнөткө токтото турат.
Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтото турууга негиз болгон себептер четтетилген шарттарда кайра жандандырылат.
Чечимдин колдонулушу токтото турулган мезгил ичинде:
1) товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, эркин кампага, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга жол берилбейт;
2) бажы органынын уруксаты менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүүчү зарыл болгон операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;
3) бажы кампасында жана алымсыз соода дүкөнүндө товарларды сатууга тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кодекстин 397-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацына ылайык бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын ишин токтотуу үчүн кошумча негиздерди белгилеши мүмкүн.
4. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 208, 213, 218, 223, 228 жана 233-беренелеринде белгиленген негиздер боюнча бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринен чыгарылат.
5. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринен чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуусу реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакырып алууга алып келет.
Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринен бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды чыгаруу жөнүндө чечими мындай чечимди кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринен бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбей мындай чечимдин жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен ага карата мындай чечим кабыл алынган жакка жазуу жүзүндө жеткирет. Аталган чечим ошол жактын жетекчисине же башка өкүлүнө кол коюулуп же бул чечимдин алынган жана берилген фактысын ырастоочу башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жактар чечимди алуудан баш тартышса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө почта кызматынын кабарлаган күнү чакырып алуу жөнүндө кабыл алынган чечим жөнүндө жакты кабарлаган күн болуп эсептелет.
6. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө кайталап берилген арыз чакырып алууга негиз болгон себептер четтетилген шартта каралышы мүмкүн.
202-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра тариздөө
1. Жактын уюштуруучулук-укуктук формасы же жайгашкан жери өзгөрбөстөн, анын аталышы өзгөргөн учурда бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жак аталган маалыматтарды ырастоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арызды берүүгө тийиш.
Чечимди кайра тариздөө жөнүндө арызды арыз ээси кайра тариздөөгө негиз болуп эсептелген жагдайлар келип чыккан учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде берет.
2. Чечимди кайра тариздөөдө бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген чечим менен күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган күбөлүккө реестрдин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген датасы көрсөтүлөт.
Күбөлүктү алганга чейинки кайра тариздөө мезгилинде бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жак мурда кабыл алынган чечимдин жана күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде иштейт.
Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жак тийиштүү арызды жана документтерди берген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кайра таризделет.
3. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактан ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча чечимди кайра тариздөөнү талап кылууга тыюу салынат.
203-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри
1. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт жана алып барат жана аны бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына бир айда 1 жолудан кем эмес жайгаштырат.
2. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринде камтылган маалымат Комиссия тарабынан аныкталуучу бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринде камтылган маалыматты берүүнүн техникалык шарттарын эске алуу менен бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Реестрге өзгөртүү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып он беш күндөн ашпоого тийиш.
204-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо
1. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо жөнүндө жалпы жобо Кодекстин 399-беренесинде белгиленген.
2. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо ушул Мыйзамга ылайык бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрге киргизүү шартынан болуп эсептелген учурда мындай камсыздоо берилет.
3. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жак тарабынан берилет.
4. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышы ушул Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген ыкмалар менен камсыздалат.
5. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо үчүн мындай жак Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген ыкмалардын бирөөсүн тандоого укугу бар.
6. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышы мындай камсыздоону берген юридикалык жактын тандоосу боюнча бир канча ыкмалар менен камсыздалышы мүмкүн.
7. Эгерде алмашылып жаткан камсыздоо Кодекстин 11-главасына, 77 жана 270-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 77-беренесине ылайык өндүрүлбөсө, бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздаган юридикалык жак бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун бир ыкмасын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун башка ыкмасы менен алмаштырууга укугу бар.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо ыкмаларын колдонуу тартибин, камсыздоонун бир ыкмасын башкасы менен алмаштыруу тартибин, ошондой эле мындай камсыздоо жүргүзүлгөн валютаны белгилейт.
9. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын Кодекстин 399-беренесинин 13-пунктунда белгиленген учурларда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелери жок болгон учурда мындай жакка Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо кайра кайтарылат.
205-берене. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактардын жоопкерчилиги
1. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
37-глава. Бажы өкүлү
206-берене. Бажы өкүлүнүн иши
1. Бажы өкүлү бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларанттын же башка кызыкдар жактардын атынан жана тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында бажы операцияларын жүргүзөт.
2. Бажы өкүлүнүн декларанттар же башка кызыкдар жактар менен мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.
3. Түздөн-түз бажы операцияларын жүргүзгөн бажы өкүлүнүн кызматкерлерине квалификациялык талаптарды жана мындай квалификациялык талаптарга алардын шайкештигин ырастаган документти аталган кызматкерлерге берүү шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
207-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттары
Төмөнкүлөр бажы чөйрөсүндө бажы өкүлү катары иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жакты бажы өкүлүнүн реестрине киргизүү шарттарынан болуп эсептелет:
1) бажы өкүлүнүн жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин болушу, анын өкүлү болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же аталган жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына келишимдин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
2) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо Комиссия аныктаган өлчөмдө, ал эми бажы өкүлү катары иштеген чөйрөсү ташып чыгуу бажы алымдары салынбаган жана экспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен чектелген юридикалык жакка - беш жүз миң евро өлчөмүндө чектелет;
3) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы өкүлүнүн реестрине киргизүү жөнүндө кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугу;
4) аталган жактын штатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү квалификациялык талаптарга шайкештигин ырастаган документтерге ээ экиден кем эмес кызматкердин болушу;
5) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушу;
6) арыз берилген күнгө карата бир жылдын ичинде бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын жоктугу;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген форма менен бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенме;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген башка шарттар.
208-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиздер
1. Бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кодекстин 403-беренесинин 1-пунктунун 1-5-пунктчасында каралган негиздер;
2) белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде жазык жоопкерчилигинин болушу;
3) бажы өкүлүнүн бажы чөйрөсүндө эки же андан көп административдик укук бузууларды жасагандыгы;
4) анын өкүлү болгон жактарга мыйзам менен белгиленген тартипте тастыкталган зыян келтиргендиги, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында;
5) юридикалык жактын кудуретсиз (банкрот) деп таанылгандыгы же ал өзүн банкрот деп жарыялагандыгы;
6) контролдук текшерүүнү жүргүзүү учурунда белгиленген бажы текшерүүсүнүн жыйынтыктары боюнча мурда табылган бузуу фактыларынын четтетилбегендиги;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген башка негиздер.
2. Бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусу бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакырып алууга алып келет.
209-берене. Бажы өкүлүнүн укуктары
1. Бажы өкүлү бажы операцияларын жүргүзүүдө Кодекстин 404-беренесинин 1 жана 2-пункттарында аныкталган укуктарга ээ.
2. Бажы өкүлү айрым товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүү, айрым бажы операцияларын жүргүзүү же иштин өз алдынча регионунда бажы операцияларын жүргүзүү менен өзүнүн иш чөйрөсүн чектөөгө укуктуу.
3. Айрым бажы өкүлдөрүнө жеке мүнөздөгү өзгөчө (эксклюзивдик) укуктарды же башка артыкчылыктарды берүүгө тыюу салынат.
210-берене. Бажы өкүлүнүн милдеттенмелери
1. Бажы өкүлү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кодекстин 402-беренесинин 1 жана 2-пунктунда жана ушул Мыйзамдын 297-беренесинде белгиленген бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттарын сактоого;
2) бажы органдарынын талабы боюнча бажы органдарына отчет берүүгө;
3) анын өкүлү болгон жактардан алынган мамлекеттик, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзүүчү маалыматты, ошондой эле башка купуя маалыматтарды жеке максаттарда өзү жана (же) кызматкерлери тарабынан ачыкка чыгарбоого, пайдаланбоого, башка жактарга бербөөгө;
4) бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча Кодекстин 405-беренесинин 4-пунктунда каралган тилектештик милдеттенмени Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна, 73-беренесинин 3-пунктуна жана 270-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн билдирмеде ушул берененин 5-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбей аткарууга;
5) бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүүдө билдирилген маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу маалымдоого, жана алардын өзгөргөндүгү ага маалым болгон күндөн же мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде мындай өзгөрүүнү ырастаган документтерди берүүгө;
6) Кодексте жана бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттенмелерди сактоого;
2. Бажы жол-жоболоруна жана башка милдеттенмелерге ылайык товарларды колдонуу шарттарын сактоо бажы өкүлүнүн милдеттенмелерине кирбейт, алар бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык анын өкүлү болуп чыккан жактарга гана жүктөлөт.
3. Бажы өкүлү декларанттын атынан бажы операцияларын жасаган учурда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча аткарууга тийиштүү милдеттенмени бажы өкүлү мындай декларант менен бирге бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды толук өлчөмдө төлөө боюнча чогуу милдеттенмени тартат.
4. Мындай милдеттенменин аткарылышы төмөнкүлөргө байланыштуу болгон учурлардан тышкары, бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмени аткарууга тийиш болгон Кодексте каралган шарттар келип чыккан учурда мындай милдеттенмени бажы өкүлү анын өкүлү болуп чыккан жак менен бирге аткарат:
1) товарлар жайгаштырылган бажы жол-жобосуна ылайык товарларды колдонуу шарттары сакталбаганда;
2) Кодекстин 8-главасына ылайык бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтү өзгөрүлгөндө;
3) бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана (же) мындай жеңилдиктерди колдонууга байланыштуу товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөрдү берүүнүн шарттарын жана максаттарын бузуу аракеттери жасалганда;
4) товарларды бажылык декларациялоо максатында декларанттан же кызыктар жактан алынган жана анын негизинде бажы декларациясы берилген анык эмес (жасалма) маалыматтар же жасалма документтер колдонулганда
5. Бажы өкүлүнүн бажы органынын алдындагы милдеттенмеси анын өкүлү болгон жак менен түзүлгөн келишим менен чектелбеши керек.
6. Милдеттенмелер бардык бажы өкүлдөрү үчүн бирдей болуп эсептелет.
38-глава. Бажы жүк ташуучу
211-берене. Бажы жүк ташуучунун иши
1. Бажы жүк ташуучу бажы контролунда турган товарларды бажы аймагы боюнча ташыйт (транспорттойт).
2. Бажы жүк ташуучунун статусу Комиссия аныктаган формадагы документ менен ырасталат.
Аталган документти бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
Эгерде бажы органдары тарабынан мындай документ жөнүндө маалыматты Кодекстин 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык бажы органдарынын маалыматтык системасынан алууга мүмкүн болсо, товарларды бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырууда бажы жүк ташуучунун статусу ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн документти бербестен эле ырасталат.
212-берене. Бажы жүк ташуучулардын реестрине киргизүү шарттары
Төмөнкүлөр бажы жүк ташуучу катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер болгон юридикалык жактарды бажы жүк ташуучулардын реестрине киргизүү шарттарынан болуп эсептелет:
1) бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата эки жылдан кем эмес убакытта жүк ташуу;
2) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын 200 миң евро эквиваленти өлчөмүндө, ал эми Комиссия камсыздоонун башка өлчөмүн аныктаса - Комиссия тарабынан аныкталган өлчөмдө камсыздоо;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүк ташуу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса, иштин мындай түрүнө аталган документтин болушу;
4) товарларды ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттарынын, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган критерийлерге ылайык транспорт каражаттарын жайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарга жооп берген транспорт каражаттарынын менчикте, чарба карамагында, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы;
5) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелеринин жоктугу;
6) арыз берилген күнгө карата бажы чөйрөсүндөгү укук бузуу жана кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын бир жылдын ичинде жоктугу;
7) бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушу;
8) бажы органдарынын талабы боюнча отчет берүү жөнүндө милдеттенме;
9) ар бир транспорт каражатында бажы органына бул транспорт каражатынын турган жерин белги берүү жолу менен аныктоого мүмкүндүк берүүчү техникалык жабдуулардын болушу (бажы органына транспорт каражатынын турган жерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү мындай жабдууну программалык камсыздоо жана ага жетүү мүмкүнчүлүгү менен);
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга шайкештиги жана башка шарттардын сакталышы.
213-берене. Бажы жүк ташуучулардын реестринен чыгаруу үчүн негиздер
Бажы жүк ташуучуну бажы жүк ташуучулардын реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кодекстин 403-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздер;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка негиздер.
214-берене. Бажы жүк ташуучунун милдеттенмелери
Бажы жүк ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кодекстин 407-беренесинин 1-пунктунун 2-4-пунктчаларында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 212-беренеси менен белгиленген бажы жүк ташуучулардын реестрине киргизүү шарттарын сактоого;
товарларды ташуу убагында бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар жана бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген шарттарды сактоого жана талаптарды аткарууга;
бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык ташылуучу (транспорттолучу) товарларга эсеп жүргүзүү жана бажы органдарынын талабы боюнча мындай товарларды, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен ташуу (транспорттоо) жөнүндө отчет берүү;
ушул Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, товарларды жөнөтүүчүдөн, аларды алуучудан же экспедитордон алынган мамлекеттик, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды (купуя) түзгөн маалыматтарды, ошондой эле башка жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоого, өз максатында пайдаланбоого жана башка жактарга бербөөгө;
Кодекстин 153 жана 309-беренелерине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна, 73-беренесинин 3-пунктуна жана
270-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Билдирмеде аталган мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүүдө ал тарабынан берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же алардын өзгөргөндүгү жөнүндө ага белгилүү болгон күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө.
39-глава. Убактылуу сактоо кампасынын ээси
215-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин иши
1. Убактылуу сактоо кампасынын ээси Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана шарттарда бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо кампаларында сактайт.
2. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин декларанттар жана башка кызыкдар жактар менен болгон мамилеси келишим негизинде түзүлөт.
216-берене. Убактылуу сактоо кампасы
1. Убактылуу сактоо кампалары болуп товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган атайын аныкталган жана жабдылган курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттар эсептелет.
2. Убактылуу сактоо кампасы убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине жак киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.
3. Убактылуу сактоо кампасынын иштеши убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен убактылуу сактоо кампасынын ээси чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.
4. Убактылуу сактоо кампасы катары пайдалануу үчүн арналган же пайдаланылган курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, курулушуна жана жабдылышына карата талаптар, ошондой эле аларды уюштуруу жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
217-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары
Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жакты убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине убактылуу сактоо кампасынын ээси катары киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
убактылуу сактоо кампасы катары пайдалануу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык жүргүзүүдө, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүгүнө), жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;
убактылуу сактоо кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин болушу, ал башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына башка жактар менен сактоо келишиминин башка шарттарын бузуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок болушу;
бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын эсептик көрсөткүчтүн 10 000 (он миң) өлчөмүнө эквиваленттүү өлчөмдө милдеттерди аткарууну камсыздоосу;
арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө укук бузуу жана (же) кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын жок болушу;
бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген маалыматтык системалардын болушу;
бажы органдарынын талаптары боюнча отчетторду берүү жөнүндө милдеттенме;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга шайкеш келүү жана башка шарттарды сактоо.
218-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
1. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен убактылуу сактоо кампасынын ээсин чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кодекстин 413-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пункттарында каралган негиздер;
2) убактылуу сактоо кампасынын ээсинин бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп административдик укуктарды бузуусу;
3) соттун чечими боюнча;
4) убактылуу сактоо кампасынын ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүнүн банкроттугун жарыялоо;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка негиздер.
219-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин милдеттери
Убактылуу сактоо кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кодекстин 412-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтары жана ушул Мыйзамдын 217-беренеси менен белгиленген Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттарын сактоого;
убактылуу сактоо кампасында товарларды сактоого жана операцияларды жүргүзүүгө карата Кодексте белгиленген шарттарды сактоого жана талаптарды аткарууга;
убактылуу сактоо кампасындагы товарлардын сакталышын камсыздоого;
бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
убактылуу сактоо кампасындагы товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчет берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен;
бажы органдарынын уруксаты жок убактылуу сактоо кампасынын жумушчулары болбогон же убактылуу сактоо кампасындагы товарларга карата ыйгарым укукка ээ болбогон башка адамдарды убактылуу сактоо кампасына киргизбөөгө;
убактылуу сактоо кампасындагы товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;
убактылуу сактоо кампасынын иштеши токтотулган учурда бул кампанын иштешин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мындай чечим тууралуу убактылуу сактоо кампасына товарларын койгон жактарга кабарлоого;
Кодекстин 103-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна, 73-беренесинин 3-пунктуна жана 270-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүдө алар тарабынан берилген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же ага алардын өзгөргөндүгү жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;
Кодекс жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
40-глава. Бажы кампасынын ээси
220-берене. Бажы кампасынын ээсинин иши
1. Бажы кампасынын ээси Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана шарттарда бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды же башка товарларды бажы кампасында сактайт.
2. Бажы кампасынын ээсинин декларанттар жана башка кызыкдар жактар менен болгон мамилеси келишимдик негизде түзүлөт.
221-берене. Бажы кампалары жана алардын типтери
1. Бажы кампасынын, экспорттун бажы жол-жобосунун жайгаштырылган товарларды же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте башка товарларды сактоо үчүн арналган атайын аныкталган жана курулган курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттар бажы кампалары болуп саналат.
2. Бажы кампасы Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине жактар киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.
3. Бажы кампасынын иштеши Бажы кампаларынын ээлеринин реестринен бажы кампасынын ээси чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.
4. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болот.
Бажы кампалары эгерде алар каалаган товарларды сактоо жана товарларга карата ыйгарым укугу бар каалаган жактын пайдалануусу үчүн жеткиликтүү болсо ачык типтеги кампалар болуп эсептелет.
Бажы кампалары эгерде алар ошол бажы кампасынын ээсинин товарларын сактоо же жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу товарлардын айрым категорияларын сактоо үчүн арналса жабык типтеги кампалар болуп эсептелет.
Жабык типтеги бажы кампаларында сактоого жол берилген товарлардын айрым категориялары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5. Бажы кампасы катары пайдалануу үчүн арналган же пайдаланылган курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, курулушуна жана жабдылышына карата талаптар, ошондой эле аларды уюштуруу тартиби жана иштеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
222-берене. Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары
Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жакты бажы кампасынын ээси катары киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
Бажы кампасы катары пайдалануу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык жүргүзүүдө, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүгүнө), жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;
ачык типтеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүгө талапкер юридикалык жактар үчүн - бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин болушу, ал башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына башка жактар менен сактоо келишиминин башка шарттарын бузуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;
бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок болушу;
бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын эсептик көрсөткүчтүн 10000 (он миң) өлчөмүнө эквиваленттүү өлчөмдө милдеттерди аткарууну камсыздоосу;
бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген бажы контролундагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушу;
арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө укук бузуу жана (же) кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын жок болушу;
бажы органдарынын талаптары боюнча отчетторду берүү жөнүндө милдеттенме;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга шайкеш келүү жана башка шарттарды сактоо.
223-берене. Бажы кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
Бажы кампаларынын ээлеринин реестринен бажы кампасынын ээсин чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кодекстин 418-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;
2) бажы кампасынын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп административдик укуктун бузулушу;
3) соттун чечими боюнча;
4) кампанын ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүнүн банкроттугун жарыяласа;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка негиздер.
224-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери
Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кодекстин 417-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында белгиленген Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттарын сактоого;
товарлардын бажы кампасында турушу жана бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар менен операцияларды жүргүзүү бөлүгүндө Кодекстин 156-беренесинин 2-пунктунда белгиленген бажы кампасынын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шарттарын сактоого;
бажы кампасындагы товарлардын сакталышын камсыздоого;
бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
бажы кампасында сакталган товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчет берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен;
бажы органдарынын уруксаты жок бажы кампасынын жумушчулары болбогон же бажы кампасында сакталган товарларга карата ыйгарым укукка ээ болбогон башка адамдарды бажы кампасына киргизбөөгө;
бажы кампасында сакталган товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;
бажы кампасынын иштеши токтотулган учурда бул кампанын иштешин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мындай чечим тууралуу бажы кампасына товарларын койгон жактарга кабарлоого;
Кодекстин 162-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүдө алар тарабынан берилген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же ага алардын өзгөргөндүгү жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;
Кодекс жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
41-глава. Эркин кампанын ээси
225-берене. Эркин кампанын ээсинин иши
1. Кодекске жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эркин кампанын ээси эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды эркин кампага жайгаштырууну жана пайдаланууну ишке ашырат.
2. Эркин кампанын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик жана өндүрүштүк иштер жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эркин кампалардын аймагында ишке ашырууга тыюу салынган иштин айрым түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
226-берене. Эркин кампалар
1. Эркин кампалар болуп имараттар (имараттардын бөлүгү), имараттардын комплекси, жайгаштырылган жана жабдылган аймактар жана (же) ачык аянттар эсептелет, алар кайтарууга алынат же жеке жактардын кирүүсүн контролдоо режими болот жана алардын чегинде Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар, ошондой эле Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык башка товарлар (мындан ары ушул главада - курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттар) жайгаштырылышы жана пайдаланышы мүмкүн.
2. Эркин кампа Эркин кампалардын ээлеринин реестрине жак киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.
3. Эркин кампанын иштеши Эркин кампалардын ээлеринин реестринен эркин кампанын ээси чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.
4. Эркин кампа катары пайдалануу үчүн арналган же пайдаланылган курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгү), жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, курулушуна жана жабдылышына карата талаптар, анын ичинде эркин кампанын аймагынын периметрин тосууга жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптар, ошондой эле эркин кампаны уюштуруу жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Эркин кампанын аймагында контролдоо-өткөрмө режимин камсыздоо боюнча талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдардын кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
227-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары
Эркин кампалардын ээлеринин реестрине эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жакты эркин кампанын ээси катары киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
эркин кампа катары пайдалануу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык жүргүзүүдө, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттар Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүгүнө), жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок болушу;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарымдуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар менен бажы операцияларын аткаруудагы бажы органдары тарабынан берилген маалыматтарды салыштырууга мүмкүндүк берген товарларды эсепке алуу системасынын болушу;
эркин кампаны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө экономикалык негиздеме;
Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары каттоосунун болушу жана салыктар боюнча карыздарынын болбошу;
арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө укук бузуу жана (же) кылмыш үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын жок болушу;
бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын эсептик көрсөткүчтүн 10 000 (он миң) өлчөмүнө эквиваленттүү өлчөмдө милдеттерди аткарууну камсыздоосу;
бажы органдарынын талаптары боюнча отчетторду берүү жөнүндө милдеттенме;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга шайкеш келүү жана башка шарттарды сактоо.
228-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
Эркин кампалардын ээлеринин реестринен эркин кампанын ээсин чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кодекстин 424-беренесинин экинчи-тогузунчу абзацтарында каралган милдеттердин эркин кампанын ээси тарабынан сакталбашы;
2) эркин кампанын ээсинин Эркин кампалардын ээлеринин реестринен аны чыгаруу жөнүндө арызы;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын жоюлушу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын кайра уюштурулушу;
5) эркин кампанын ээси катары анын ишин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болгон себептер мындай токтотуп туруу мөөнөтү аяктоочу датага карата четтетилбеши;
6) бул ишти токтотуп туруу мезгилинде эркин кампанын ээси катары ишкердик жүргүзүү;
7) белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечими;
8) эркин кампанын ээси тарабынан Кодекстин 424-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 229-беренесинде каралган милдеттердин сакталбашы;
9) эркин кампанын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп административдик укуктун бузулушу.
229-берене. Эркин кампанын ээсинин милдеттери
Эркин кампанын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кодекстин 422-беренесинин экинчи жана төртүнчү абзацтарында, ушул Мыйзамдын 227-беренесинде белгиленген Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттарын сактоого;
эркин кампанын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн камсыздоого;
эркин кампанын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануунун шартын сактоого;
бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен мындай товарлар жана алар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле эркин кампанын бажы жол-жобосунда жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарлар жөнүндө отчет берүүгө;
бажы органдарынын уруксаты жок эркин кампанын жумушчулары болбогон же эркин кампадагы товарларга карата ыйгарым укуктары жок башка адамдарды эркин кампага киргизбөөгө;
эркин кампадагы товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;
Кодекстин 216-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-берененин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;
аны Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизген бажы органына Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүдө алар тарабынан берилген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же ага алардын өзгөргөндүгү жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;
Кодекс жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
42-глава. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси
230-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин иши
Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси алымсыз соода бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды алымсыз соода дүкөнүндө сактайт жана Кодекстин 243-беренесинин 2-пунктунда аталган жактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жактарга сатат.
231-берене. Алымсыз соода дүкөндөрү
1. Алымсыз соода дүкөндөрү болуп соода залдарынан жана кампаларынан, ошондой эле кошумча жайлардан (болсо) турган, атайын аныкталган жана курулган курулмалар жана (же) жайлар (жайлардын бөлүгү) саналат.
2. Алымсыз соода дүкөнү Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине жак киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.
3. Алымсыз соода дүкөнүнүн иштеши Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен алымсыз соода дүкөнүнүн ээси чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.
4. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайгашышына, курулушуна жана жабдылышына, анын ичинен видео байкоо системасы менен жабдылышына карата талаптар, аларды уюштуруу жана иштөө тартиби, ошондой эле алымсыз соода дүкөндөрүнөн товарларды сатуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
232-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары
Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө талапкер юридикалык жакты Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын жана (же) жайлардын (жайлардын бөлүгү) менчикте, чарбалык жүргүзүүдө, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар жана (же) жайлар (жайлардын бөлүгү) Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга жана (же) жайларга (жайлардын бөлүгүнө) карата ижара келишими алты айдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;
эгерде аларды алуу милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса чекене соодага уруксаттын же каттоо документтеринин болушу;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген алымсыз соода дүкөнү катары иш жүргүзүү мүмкүндүгү жөнүндө документтердин болушу;
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттердин жок болушу;
бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын эсептик көрсөткүчтүн 10 000 (он миң) өлчөмүнө эквиваленттүү өлчөмдө милдеттерди аткарууну камсыздоосу;
бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык шайкеш келген бажы контролундагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушу;
арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндө укук бузуу үчүн административдик жана (же) жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын жок болушу;
бажы органдарынын талаптары боюнча отчетторду берүү жөнүндө милдеттенме;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга шайкеш келүү жана башка шарттарды сактоо.
233-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
1. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсин Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кодекстин 428-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;
2) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп административдик укуктун бузулушу;
3) соттун чечими боюнча;
4) алымсыз соода дүкөнүнүн ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүн банкрот деп жарыяласа.
234-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери
Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кодекстин 427-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтары, ушул Мыйзамдын 232-беренеси менен белгиленген Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;
Кодекстин 244-беренесинин 3-пункту менен белгиленген алымсыз соода бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шарттарын сактоого;
алымсыз соода бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана алымсыз соода дүкөнүндө сатылбаган товарлардын сакталышын камсыздоого;
бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
алымсыз соода дүкөнүнө товарлардын түшүүсүн эсепке алууга жана бул дүкөндө аларды сатууга, ошондой эле бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчет берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен;
Кодекстин 247-беренесине каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-берененин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;
бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүүдө алар тарабынан берилген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же ага алардын өзгөргөндүгү жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;
Кодекс жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
43-глава. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор
235-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кодекстин 61-главасы, ушул глава жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен белгиленген тартипте жана шарттарды сактоодо Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген юридикалык жак эсептелет.
2. Юридикалык жакты Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдө Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк берилет.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу экономикалык оператор төмөн деңгээлдеги тобокелдик категориясына кирет.
4. Юридикалык жакты Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жана аны мындай Реестрден чыгаруу тартиби, Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү берүү, анын жарактуулугун токтото туруу жана калыбына келтирүү тартиби Кодексте белгиленет, ал эми Кодексте жөнгө салынбаган бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Юридикалык жакты Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү, аны мындай Реестрден чыгаруу, ошондой эле Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун токтотуп туруу жана калыбына келтирүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талапкер юридикалык жак тарабынан мындай Реестрге киргизүү шарттарынын сакталышын текшерүүдө, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан аны мындай Реестрге киргизүү шарттарынын сакталышын контролдоодо Кодекстин VI бөлүмүндө жана ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө каралган бажы контролунун формалары жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылган чаралар колдонулушу мүмкүн.
7. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кодекстин 437-беренесинде каралган бажы аймагындагы атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү Кодекстин жана ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен колдонууга укуктуу.
8. Бирликтин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, Кодекстин 437-беренесинде каралган айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөр өз ара түшүнүшүү негизинде Бирликтин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттердин ыйгарым укуктуу экономикалык операторлоруна берилиши мүмкүн.
Мында мындай атайын жөнөкөйлөтүүлөр мындай эл аралык келишимдердин тараптары болуп эсептелген мамлекеттердин аймагында гана колдонулушу мүмкүн.
236-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Комиссия тарабынан аныкталган форма боюнча Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрин жүргүзөт жана аны бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырат жана айына бирден кем эмес жолу анын жаңылануусун камсыз кылат.
237-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк жана анын типтери
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк (мындан ары ушул главада - күбөлүк) үч типте болушу мүмкүн.
2. Биринчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Кодекстин 437-беренесинин 2-пунктунда каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу укугун берет.
3. Экинчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго төмөнкү атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу укугун берет:
- Кодекстин 437-беренесинин 3-пунктунун 1, 3-4, 6-10-пунктчаларында каралган атайын жөнөкөйлүктөрдү;
- ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, жайларында (жайлардын бөлүгүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттардын бөлүгүндө) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор болуп саналбаган жактардын товарларын убактылуу сактоо.
4. Үчүнчү типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу укугун берет.
5. Күбөлүктүн формасы жана аны толтуруу тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.
6. Күбөлүк юридикалык жак Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген күндөн тартып он календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана чектелбеген жарактуулук мөөнөтүнө ээ.
7. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор күбөлүк күчүнө кирген күндөн тартып ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү күбөлүктүн тибине жараша колдонууга укуктуу.
8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жак Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген күндөн тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен мындай жакка жана баш ийген бажы органдарына, ошондой эле башка мүчө мамлекеттердин бажы органдарына Кодекстин 368-беренесине ылайык юридикалык жак Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген дата жана күбөлүк күчүнө кирген дата жөнүндө маалыматты жеткирет.
238-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн шарттары
1. Юридикалык жакты биринчи типтеги күбөлүктү берүү менен Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ошол юридикалык жак бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө арыз (мындан ары ушул главада - арыз) катталган күнгө чейин үч жылдан кем эмес тышкы экономикалык ишти, бажы өкүлү, убактылуу сактоо кампасынын, бажы кампасынын ээси катары бажы чөйрөсүндө ишти же эки жылдан кем эмес бажы жүк ташуучу катары иш жүргүзсө жана бул мөөнөттүн ичинде:
товарларды ташууга карата кызматтарды көрсөтүү боюнча иштен тышкары, тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга товарларга карата ондон кем эмес декларация берилсе же бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн товарлардын суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча беш миң евродон кем эмести түзсө;
товарларды ташууга карата кызматтарды көрсөтүү боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга эки жүз элүүдөн кем эмес транзиттик декларация берилсе;
бажы өкүлү катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга эки жүздөн кем эмес бажы декларациясы берилсе же алар тарабынан берилген бажы декларацияларында көрсөтүлгөн товарлардын суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча беш жүз миң евродон кем эмести түзсө;
убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын ээлери катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар тарабынан суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча беш жүз миң евродон кем эмести түзгөн товарлар сакталса;
бажы жүк ташуучу катары бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга 250дөн кем эмес транзиттик декларация берилсе;
2) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун Кодекстин 436-беренесине ылайык берилген милдеттеринин аткарылышын камсыздоо;
3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата бардык мүчө мамлекеттерде бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок болушу;
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына салыктарды төлөө боюнча карыздардын (өнбөгөн калдык) жок болушу;
5) бардык мүчө мамлекеттерде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө чейин 1 жылдын ичинде ошол юридикалык жак бажы иши чөйрөсүндө административдик укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган фактылардын жок болушу;
6) бардык мүчө мамлекеттерде ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүгө талапкер юридикалык жактын акцияларынын 10 же андан көп пайызына ээ ошол юридикалык жактын акционерлери, анын уюштуруучулары (катышуучулары), жетекчилери, башкы бухгалтерлери болуп эсептелген жеке жактардын бажы иши чөйрөсүндө кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган фактылардын жок болушу;
7) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген, чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар менен бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органы тарабынан берилген маалыматтарды салыштырууга мүмкүндүк берген жана мындай маалыматтарды бажы органдарынын алуусун (анын ичинде алыстан) камсыздаган товарларды эсепке алуу системасынын болушу;
2. Экинчи типтеги күбөлүктү берүү менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине юридикалык жакты киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1,3 - 7-пункттарында аталган шарттар;
2) ошол юридикалык жактын финансылык туруктуулугунун Комиссия же Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталган мааниге шайкеш келиши;
3) товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттардын (ачык аянттардын бөлүгү) менчикте, чарбалык жүргүзүүдө, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянттар (ачык аянттардын бөлүгү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүгүнө) жана (же) ачык аянттарга (ачык аянттардын бөлүгүнө) карата ижара келишими 1 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;
4) аймагында товарлар убактылуу сакталуучу, бажы транзитинин бажы жол-жобосунун иш-аракеттери бүткөрүлүүчү жана (же) транспорт каражаттарына жана Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүгө талапкер юридикалык жактын жумушчуларына карата бажы контролу жүргүзүлүүчү курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүгүнө) жана (же) ачык аянттарга (ачык аянттардын бөлүгүнө) карата Комиссия тарабынан аныкталуучу талаптарды сактоо;
5) эгерде товарларды өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн жана (же) товарларды экспорттоочу юридикалык жактын финансылык туруктуулугу ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык аныкталган мааниге шайкеш келбеген учурда арыз катталган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 150 миң евродон кем эмес эквиваленттик өлчөмдө ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоо.
3. Үчүнчү типтеги күбөлүктү берүү менен Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине юридикалык жакты киргизүүнүн шарттары Кодекстин 433-беренесинин 5-пунктунда жана ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине юридикалык жакты киргизүүнүн кошумча шарттары белгилениши мүмкүн.
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүгө талапкер юридикалык жактын финансылык туруктуулугун жана финансылык туруктуулугун мүнөздөгөн жана бул Реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон маанилерди аныктоо тартибин Комиссия жана Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
239-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн тартиби
1. Юридикалык жактарды Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү Кодекстин 434-беренесинде белгиленген тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү үчүн юридикалык жак (мындан ары ушул беренеде - арыз ээси) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет.
Аталган арыздын формасы, аны толтуруу тартиби жана анда келтирилген маалыматтарды ырастаган документтердин тизмеси Комиссия тарабынан аныкталат.
2. Арызды кароо мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 30 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
240-берене. Күбөлүктүн жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгаруу үчүн негиздер
1. Күбөлүктүн жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгаруу ушул берененин жоболорун эске алуу менен Кодекстин 435-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан күбөлүктүн жарактуулугун токтото туруу үчүн кошумча негиздер жана Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен ыйгарым укуктуу операторлорду чыгаруу үчүн кошумча негиздер белгилениши мүмкүн.
241-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоо
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоо, мындай камсыздоо Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарты болуп эсептелген учурларда Кодекстин 436-беренесине ылайык аныкталган өлчөмдө берилет.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткаруу ушул Мыйзамдын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында аталган ыкмалар менен камсыздалат.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоо ыкмаларын колдонуу тартиби, Кодекстин 436-беренесинин 9-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоо өлчөмүн төмөндөтүү тартиби, ошондой эле мындай камсыздоо берилүүчү валюта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоону кайра кайтаруу мындай юридикалык жакта Кодекстин 436-беренесинин 12-пунктунда каралган учурларда бажы төлөмдөрүн, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок болушу.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоону кайра кайтаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыз кылууну ырастаган документтерди кайра кайтаруунун тартиби жана учуру Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
242-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр
1. Атайын жөнөкөйлөтүүлөр деп ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун күбөлүгүнүн тибине жараша колдонулуучу, айрым бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, Кодекстин жана ушул Мыйзамдын жоболорун колдонуунун башка өзгөчөлүктөрү түшүнүлөт.
2. Биринчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Кодекстин 437-беренесинин 2-пунктунда каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууга укук берет.
3. Экинчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго төмөнкү атайын жөнөкөйлүктөрдү колдонууга укук берет:
1) Кодекстин 437-беренесинин 3-пунктунун 1, 3-4, 6-10-пунктчаларында каралган атайын жөнөкөйлүктөрдү;
2) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, жайларында (жайларынын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор болуп эсептелбеген жактардын товарларын убактылуу сактоо;
4. Үчүнчү типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө аталган атайын жөнөкөйлүктөрдү колдонууга укук берет.
243-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан айрым бажы операцияларын жүргүзүү, товарларды убактылуу сактоо өзгөчөлүктөрү жана бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо өзгөчөлүктөрү
1. Бажы аймагына товарлардын келиши же бажы аймагынан товарлардын алып кетилиши менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, жайларында (жайларынын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) товарларды убактылуу сактоо, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, жайларында (жайларынын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) түзүлгөн бажы контролу зонасына товарларды жеткирүүдө бажы транзитинин бажы жол-жобосунун иш-аракетин аяктоо, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларант болгон товарларга карата декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүү жана товарларды чыгаруу Кодекстин 438-441-беренелеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
244-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттери
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кодекстин 433-беренесинин 1-пунктунун 7-пункчтасында каралган Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттарын сактоого;
2) Кодекстин 436-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттерин аткарууну камсыздоого;
3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдө алар тарабынан берилген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же ага мындай өзгөрүүлөр жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып он төрт календарлык күндүн ичинде бул өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;
4) Кодекске ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;
5) Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
2. Биринчи же үчүнчү типтеги күбөлүктөрдү берүү менен Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор ушул берененин 1-пунктундагы каралган милдеттерди сактоодон тышкары, Кодекстин 437-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Комиссия тарабынан аныкталган пломбаларга карата талаптарды да сактоого милдеттүү.
3. Экинчи же үчүнчү типтеги күбөлүктөрдү берүү менен Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор ушул берененин 1-пунктунда каралган милдеттерди сактоодон тышкары, Кодекстин 442-беренесинин 3-пунктунда каралган милдеттерди да сактоого милдеттүү.
4. Бажы органына Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдө алар тарабынан берилген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө маалымат мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же ага мындай өзгөрүүлөр жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып он төрт календарлык күндүн ичинде берилбеген учурда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат;
5. Юридикалык жакка берилген күбөлүктүн жарактуулугу токтото турулган же юридикалык жак Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгарылган учурда бул жак бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда (транспорттоодо), товарларды убактылуу сактоодо жана башка учурларда бажы операцияларын же аларды жүргүзүү боюнча милдет күбөлүктүн жарактуулугун токто турганга же юридикалык жак Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгарылганга чейин пайда болгон башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү.
245-берене. Бажы органдарынын жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун өз ара аракеттенүүсү
Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ортосунда өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында макулдашуу (меморандум же башка документ) түзүлүшү мүмкүн.
IX БӨЛҮМ. ӨТКӨӨЛ ЖОБОЛОР. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
44-глава. Өткөөл жоболор.
246-берене. Жалпы өткөөл жоболор
1. Ушул Мыйзам Кодекс, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынуучу жана ал күчүнө кирген күндөн тартып пайда болгон мамилелерге карата колдонулат.
2. Өткөөл жоболорду колдонуу ушул бөлүмдө белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин IX бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Эгерде Кодекске ылайык кабыл алынуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар ал күчүнө кирген учурга карата күчүнө кире элек болсо, анда алар күчүнө киргенге чейин, эгерде Кодекстин 444-беренесинде башкача белгиленбесе Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары колдонулат,
247-берене. Кодекстин 59-беренесине карата өткөөл жоболор
1. Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасында аталган товарлардын тизмеси Комиссия тарабынан аныкталганга чейин, төмөнкүлөргө карата ташып кирүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартуу берилиши мүмкүн:
1) Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасын колдонуу максатында айыл чарба техникасына Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 8424 81, 8433 51 жана 8433 59 субпозицияларында классификациялануучу айыл чарба техникасы кирет;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык ташып кирүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге мөөнөтү кийинкиге жылдырылышы же узартылышы мүмкүн болгон башка товарлардын тизмеси аныкталат.
2. Кодекстин 59-беренесинин 3-пунктунда аталган ташып кирүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтү кийинкиге жылдырылышы же узартылышы мүмкүн болгон башка товарлардын тизмеси Комиссия тарабынан аныкталганга чейин Кодекстин 60-беренесине ылайык ташып кирүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартуу үчүн пайыздарды төлөө менен ташып кирүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартуу 2010-жылдын 21-майындагы Бажы алымдарын төлөөнүн негиздери, шарттары жана мөөнөтүн өзгөртүү тартиби жөнүндө макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктунун биринчи бөлүгүнүн 7-пунктчасында каралган негиздер болгондо жана аталган пункттун 2 жана 3-бөлүктөрүн эске алуу менен, ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан ашпаган мөөнөткө берилет.
Аталган негиз боюнча ташып кирүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартуу Кодекстин 8-главасына ылайык берилет.
248-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө өткөөл жоболор
1. Бажы аймагындагы каалаган бажы органына товарларга карата декларация берүүгө мүмкүндүк берген Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдер күчүнө киргенге чейин, товарларга карата декларация Кодекстин 449-беренесине ылайык берилет.
2. Кодекс күчүнө кирген күнгө карата убактылуу сактоодогу товарлардын убактылуу сактоо мөөнөтү Кодекстин 101-беренесине ылайык эсептелет.
3. Кодекс жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин бажы органы тарабынан бажы декларациясы катталган товарлар, бул бажы декларациясын бажы органы каттаган күнгө карата Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда билдирилген бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш.
4. Кодекс күчүнө киргенге чейин бажылык декларациялоо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 194-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 224-228-беренелеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылган товарларга карата аларды чыгаруу, бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жана (же) бажы жол-жоболорунун колдонулушун аяктоо менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү Кодекс жана ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
249-берене. Эркин бажы зонасынын, айрым ЭЭЗ эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажы жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө өткөөл жоболор
Кодекстин 454, 455 жана 456-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленүүчү эркин бажы зонасынын, анын ичинен айрым ЭЭЗ эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажы жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
45-глава. Корутунду жоболор
250-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 13-январын, № 2);
2) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 19-июну, № 56);
3) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 31-июну, № 71).
251-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти