Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 198
Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө системалуу коррупцияны жоюу боюнча иш-чараларды аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 3.1-пунктунда:
жетинчи абзацындагы "каражаттар" деген сөз "эсептер" деген сөз менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсеп-кысап материалдарын кароонун жүрүшүндө акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) өзгөчөлүгүнө жараша тарифтердин (баалардын) деңгээлин тактоо жана макулдашуу үчүн төмөнкүдөй керектүү маалыматтар талап кылынат:
- бюджеттик жана атайын эсептер боюнча бухгалтердик отчёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык штаттык санды камсыздоо боюнча чыгаша милдеттенмелерине багытталган атайын эсептин каражаттары боюнча маалымат;
- жогору турган тиешелүү органдар тарабынан бекитилген, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык позициялары боюнча убакыт ченемдери (хронометраж актылары жана протоколдор) жана салыштырма таблица (алар өзгөргөн учурларда);
- жогору турган тиешелүү органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык позициялары боюнча бекитилген сарптоо ченемдерине ылайык чыгымдалуучу материалдарга сарптоолорду эсептөө;
- эсепке киргизилген чыгымдалуучу материалдардын наркын негиздөө (прайс-баракчалар, эсеп-фактуралар);
- чыгымдалуучу материалдардын наркын (колдонуудагы тарифтерди жана тарифтердин долбоорун) көрсөтүү менен сарптоолордун салыштырма таблицасы;
- баланстык наркын жана эскилигин көрсөтүү менен атайын эсептен сатып алынган негизги каражаттардын тизмеси;
- кошумча чыгымдардын коэффициентин эсептөөгө же саат-ченемдеринин наркын эсептөөгө киргизилген сарптоо беренелери боюнча чыгымдарды чечмелөө;
- электрондук жана/же кагаз форматында мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенти.";
- 5.1-пунктунда:
он төртүнчү абзацындагы "атайын каражаттардын эсебинен" деген сөздөр "атайын эсептин каражаттарынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жыйырма төртүнчү абзацындагы "бюджеттик эмес (атайын) каражаттардын эсебинен" деген сөздөр "атайын эсептин каражаттарынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |