Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилди |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 45, 2005-жылдын 3-февралындагы № 54, 2008-жылдын 27-октябрындагы № 596, 2012-жылдын 28-декабрындагы № 863, 2015-жылдын 26-мартындагы № 160, 2015-жылдын 27-октябры № 757, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, 2017-жылдын 16-февралындагы № 106, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 198 , 2019-жылдын 13-майындагы № 218, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 744
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине), муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрлерине (мындан ары - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери) жана уруксат берүүчү документтердин реестрине кирген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө (мындан ары - акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр) (иштер) тарифтерди (бааларды) түзүү боюнча бирдиктүү көрсөтмө болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Ушул Тартиптин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет.
- кызмат көрсөтүүчү (иштерге) тарифтерди (баа) негизсиз белгилөөдөн жана жогорулатуудан ишкерлер менен керектөөчүлөрдү коргоо;
- акы талөтүп кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук бөлүмчүлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин тарифтерди (баа) макулдашуу тууралу берилген материалдардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүчү иштер рыногунда монополизациялоону жана кыянаттык менен пайдаланууларды четтетүү жана ага жол бербөө;
- акы төлөтүп кызмат көрсөтүүгө тарифтерди (баа) түзүүнүн негиздерын өркүндөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2.1. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтер (баалар) акы төлөтүп кызмат көрсөтүүгө укуктуу органдын сарптоолорунан наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен гана аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 54, 2015-жылдын 26-марты № 160 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2.2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 757 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
2.3. Мамлекеттик органдардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (иштеринин) тарифтери (баалары) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет, эгерде мындай шарттар мыйзамдарда каралган болсо, ал эми калган учурларда - мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (иштерине) тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана бекитилет, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашуу талап кылынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (иштеринин) тарифтери (баалары) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүмчөлөрү менен макулдашуу боюнча жогору турган орган тарабынан бекитилет.
Муниципалдык мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери (баалары) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүмчөлөрү менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4-1. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) тарифтери электрондук форматта макулдашылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 863 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилген кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүктөрү, мекемелер акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) бааларынын прейскурантын түзүшөт жана алар милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 863, 2015-жылдын 27-октябры № 757 , 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3.1. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн (иштердин) (баа) макулдашууда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органына, анын аймактык бөлүктөрүнө төмөндөгүлөр берилет:
акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн (иштердин) тарифтеринин (баа) прейскурантынын долбоору;
прейскурантка киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) мүнөздөмөсү;
материалдык, эмгектик жана башка чыгымдарды расшифровкалоо менен кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү боюнча өздүк наркты чыгаруу;
суммардык жана сандык түрдө акы төлөнүүчү кызматтардын ар бир түрү боюнча пайдаланылып жаткан тарифтеринин (баа) колдонулушуна жүргүзүлгөн талдоо;
акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө (иштерге) тарифтердин (баа) деңгээлинин өзгөрүшүнүн себептеринин негиздемеси;
бюджеттик жана атайын эсептер боюнча чыгымдар менен кирешелердин сметасынын иш жүзүндө аткарылышы жөнүндөгү отчет;
колдонулуп жаткан тарифтердин (баалардын) салыштырмалуу таблицасы жана тарифтердин (баалардын) долбоору.
Эсеп-кысап материалына акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүчү орган жөнүндө кыскача мүнөздөмө камтылган түшүндүрмө кат, буга кызмат көрсөтүүнүн нормативдик-укуктук негиздемеси тиркелүүгө тийиш.
(10-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 757 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Эсеп-кысап материалдарын кароонун жүрүшүндө акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) өзгөчөлүгүнө жараша тарифтердин (баалардын) деңгээлин тактоо жана макулдашуу үчүн төмөнкүдөй керектүү маалыматтар талап кылынат:
- бюджеттик жана атайын эсептер боюнча бухгалтердик отчёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык штаттык санды камсыздоо боюнча чыгаша милдеттенмелерине багытталган атайын эсептин каражаттары боюнча маалымат;
- жогору турган тиешелүү органдар тарабынан бекитилген, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык позициялары боюнча убакыт ченемдери (хронометраж актылары жана протоколдор) жана салыштырма таблица (алар өзгөргөн учурларда);
- жогору турган тиешелүү органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык позициялары боюнча бекитилген сарптоо ченемдерине ылайык чыгымдалуучу материалдарга сарптоолорду эсептөө;
- эсепке киргизилген чыгымдалуучу материалдардын наркын негиздөө (прайс-баракчалар, эсеп-фактуралар);
- чыгымдалуучу материалдардын наркын (колдонуудагы тарифтерди жана тарифтердин долбоорун) көрсөтүү менен сарптоолордун салыштырма таблицасы;
- баланстык наркын жана эскилигин көрсөтүү менен атайын эсептен сатып алынган негизги каражаттардын тизмеси;
- кошумча чыгымдардын коэффициентин эсептөөгө же саат-ченемдеринин наркын эсептөөгө киргизилген сарптоо беренелери боюнча чыгымдарды чечмелөө;
- электрондук форматта жана/же кагаз түрүндө мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенти жана стандарты.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы N 45, 2015-жылдын 27-октябрындагы № 757, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 198 , 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.2. Кароого тарифтердин (баалардын) прейскурантынын долбоору үч нускада, ал эми алардын негиздемесинин материалдары бир нускада берилет.
Тарифтердин (баалардын) прейскурантынын түшүндүрмө катына жана долбооруна тийиштүү мамлекеттик органдардын, анын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин, мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин жетекчиси кол коёт. Эсептик материалдарга ушул органдын башкармалыгынын (бөлүмүнүн), ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө (иштерге) тарифтердин (баалардын) долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери кол коёт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябрындагы № 596, 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.3. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) макулдашуу үчүн берилүүчү материалдардын толуктугуна жана тууралыгына жоопкерчиликти акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн жана уруксат берүүчү документтердин реестрине киргизилген мамлекеттик органдардын жана анын ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн, мекемелердин жетекчилери тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябрындагы № 596, 2012-жылдын 28-декабрындагы № 863 , 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
4.1. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн (иштердин) тарифтеринин (бааларынын) экономикалык негиздемеси болуп органдын тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү (иштерди) аткарууга кеткен негизделген чыгымдарынын базасында аныктала турган өздүк нарк эсептелет.
Прейскуранттын ар бир позициясынын калькуляциясы чыгымдардын бардык статьясы боюнча толукталып түзүлөт.
Кызмат көрсөтүүнүн (иштердин) ушул түрүнө кеткен түз чыгымдарды аныктоо мүмкүн болбой калган учурда иш жүзүндөгү чыгымдарды жана жогору турган орган бекиткен же акыркы 2 жыл үчүн иш жүзүндө калыптанган убакытты аныктоочу норма-сааттын эсеп-кысаптык наркы колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилген кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүктөрү, мекемелер акы төлөнүүчү кызматтын ар бир түрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 863, 2015-жылдын 27-октябры № 757 , 2019-жылдын 13-майындагы № 218 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5.1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) өздүк наркы төмөндөгү статьялар боюнча түзүлөт:
- материалдык чыгымдар;
- уюмдар менен мекемелер үчүн эмгек акыга кеткен чыгымдар жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
- негизги каражаттардын отчеттук мезгилде амортизациясы жана материалдык эмес активдер;
- учурдагы ремонт алгачкы мезгилинин баланстык (калдык) наркынан 10% (пайыз);
- коммуналдык чыгымдар;
- транспорттук чыгымдар. Автомашиналарды оңдоого кеткен чыгымдар транспортко амортизациялык которуулардан орду толтурулат;
- кошумча чыгымдар;
- башка чыгымдар.
- интернет-эквайрингди кошпогондо, банктын накталай эмес эсептешүүлөрдө алынуучу комиссиясы.
Бул статьяда бөлөк жерден алынган материалдардан алынуучу нарк чагылдырылат, кызмат көрсөтүү (иш) негизги тутумдардан болуп эсептелинет. КНСти эске албастан, эгер ишкана КНС төлөөчү болбосо, анда нарк кошумча наркка салыкты эске алуу менен аныкталат.
Эмгек акыга кеткен чыгымдар.
Бул статьяда төмөндөгү чыгымдар чагылдырылат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чегерилген иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгекке акы төлөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелген, иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акыны төлөө. Кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) өздүк наркына өзүн-өзү каржылаган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, алардын ведомстволук бөлүктөрүнүн, кызматкерлерине эмгек акы атайын эсептин каражаттарынан штаттык ырааттама менен каралган түзүмдөрдүн гана эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар кирет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлык, тарифтик ставкага карата үстөк, отпуска үчүн төлөө жана компенсация;
- ишкананын, уюмдун штатына кирбеген жумушчулар эгерде жумушчулар аткарган иш үчүн эсеп-кысапты ишкана, уюм жүргүзсө келишим боюнча иш аткаргандыгы үчүн акы төлөө;
- эмгекке акы төлөө фондусуна белгиленген тартипке ылайык киргизилген төлөөлөрдүн башка түрлөрү.
Социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр.
Социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы.
Бул статьяда кызматтарды көрсөтүүдө (жумуштарды аткарууда) түздөн-түз пайдаланылчу негизги каражаттардан жана материалдык эмес активдерден амортизациялык которуулардын суммасы нормативдерге ылайык же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша чагылдырылат.
Учурдагы ремонт.
Учурдагы ремонт акы төлөтүп кызмат көрсөтүү наркына атайын эсептин каражаттарынан алынган баланстык баасынын 10 проценти өлчөм киргизилет.
Коммуналдык чыгымдар.
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркына атайын эсептин каражаттарынан алынган акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз тиешеси бар электр жана жылуулук энергиясына, суу менен жабдууга, байланыш кызматына төлөөлөргө кеткен чыгымдар кирет. Бюджеттин эсебинен жабылчу чыгымдардын суммасы кызмат көрсөтүүнүн баасын аныктоого киргизилбейт.
Транспорттук чыгымдар.
Бул статьяда автомашиналарга күйүүчү-майлоочу материалдардын сарпталуу нормалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чагылдырылат.
Кошумча чыгымдар:
Кошумча чыгымдар негизги эмгек акыга иштин жыйынтыктары боюнча эсептелет
Башка чыгымдар.
- уруксат берүүчү документтерге кеткен чыгымдар;
- белгиленген тартипте аныкталган өлчөмдөрдүн чектеринде банк кредити боюнча төлөөлөр;
- нормативдик актыларга ылайык командировкалык чыгымдар;
- өрт өчүрүүгө жана күзөт күзөтүүгө төлөөлөр;
- ижарага тапшыруу;
- мезгилдүү, илимий-техникалык жана нормативдик методикалык адабиятка жазылуу;
- канцелярдык чыгымдар;
- баалуу змес бат жыртылуучу жана бат эскирүүчү буюмдар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык жана башка милдеттүү чегерүүлөр.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 45, 2005-жылдын 3-февралындагы № 54, 2008-жылдын 27-октябрындагы № 596, 2012-жылдын 28-декабрындагы № 863, 2015-жылдын 27-октябры № 757, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 198 , 2019-жылдын 13-майындагы № 218, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 744 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.2. Кызмат көрсөтүүчү (иштердин) өздүк наркына төмөндөгүлөр кошулбайт.
- материалдык жардам, турак-жайды жакшыртууга процентсиз ссуда жана башка социалдык төлөөлөр;
- дарыланууга жана эс алууга, экскурсияга, саякатка жана башкаларга берилүүчү путевкаларга төлөөлөр;
- эмгекке акы төлөөгө түздөн-түз байланышпаган төлөөлөрдүн башка түрлөрү;
- сот ишине кеткен сарптоолор;
- финансылык-чарбалык иштерди текшерүүгө кеткен чыгымдар;
- чарбалык иштердин эрежесин бузгандыгы үчүн айыптар, пенялар жана санкциялардын башка түрлөрү;
- уурдап-тоноодон тарткан зыян;
- өкүлчүлүккө кеткен чыгымдар;
- социалдык инфраструктуралын объектилерин күтүүгө кеткен чаралар;
- маданий агартуу, ден соолукту чыңдоо иш чараларына, конференцияларды өткөрүүгө кеткен чыгымдар;
- келишим боюнча медициналык жана башка мекемелердин көрсөткөн кызматына төлөөгө кеткен чыгымдар;
- бардык түрдөгү демөөрчүлүк жардам көрсөтүү;
- турак-жайга, жатаканага төлөөлөр;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен алынчу негизги каражаттарга эсептелүүчү амортизациянын суммасы;
- кызмат көрсөтүүлөрдү (иштерди) аткарууга түздөн-түз тиешелүү эмес башка чыгымдар;
- бюджеттик каражаттардан каржылануучу негизги персоналдын эмгек акысы.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 54, 2012-жылдын 28-декабрындагы № 863, 2015-жылдын 27-октябры № 757 токтомдорунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 28-декабрындагы № 863 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
7.1. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы, анын аймактык бөлүктөрү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтердин (баалардын) берилген долбоорлорун карашат жана ушул Тартипте каралган бардык эсеп-кысап жана маалымат материалдар толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып 20 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө макулдашат.
Тарифтердин (баалардын) прейскурантынын долбоору боюнча позициялардын саны 20 ашса, макулдашуу мөөнөтү бардык эсеп-кысап жана маалымат материалдары толук көлөмүндө алынган кγндѳн тартып 30 жумушчу күнүнө чейин белгиленет.
Берилген документтер толук көлөмүндө болбосо же ушул Тартипнун койгон талаптары аткарылбаса ал алынган кγндѳн тартып беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен толуктап иштеп чыгууга кайтарып берилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябры № 757 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүүгө (жумуштарга) тарифтер (баалар) Тартипнун экинчи бөлүмүндөгү тартипке ылайык бекитилген учурдан тартып колдонулат.
8.1. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө (иштерге) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн тууралыгына жана ушул токтомдун талаптарынын бузулбай сакталышына мамлекеттик көзөмөлдүк жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы, анын аймактык бѳлγктѳрγ жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябры № 757 токтомунун редакциясына ылайык)
9.1. Ушул Тартипну бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык айып салынат.
9.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын, анын аймактык бѳлγктѳрγ токтомунун негизинде ушул Тартипнун эрежелерин бузуунун натыйжасында алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын, анын аймактык бѳлγктѳрγнγн айып санкцияларын төлөөгө көз карандысыз өндүрүү жөнүндөгү чечими тапшырылган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө республикалык бюджетке тапшырылууга тийиш.
Өз убагында чегерилбеген учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн 0,5 процент өлчөмүндө пени кармалат. Муну төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы, анын аймактык бѳлγктѳрγ мыйзамсыз түрдө алынган кирешени жана төлөнө турган айыпты мажбурлап алуу жөнүндө сот органдарына доо менен кайрылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 45, 2015-жылдын 27-октябры № 757 токтомунун редакциясына ылайык)
9.3. Мыйзамсыз түрдө алынган ккрешенин суммасын аныктоо мүмкүн болбой калган учурда аткарылган кызматтын (жумуштун) орточо айлык көлөмүнүн 25 процент өлчөмүндө айып салынат.
9.4. Акы төлөнчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) белгилөөнүн ушул тартиби бузулган учурда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
9.5. Материалдарды макулдашууга бербегендик үчүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы тийиштүү көрсөтмө берет. Көрсөтмөнүн талаптары аткарылбаган учурда, так маалымат бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы N 45, 2005-жылдын 3-февралындагы N 54, 2017-жылдын 16-февралындагы № 106 токтомдорунун редакцияларына ылайык)