ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391»Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция05.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 5-апрели № 185

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежеде:

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Монополияга каршы органга жиберилген арыздар (кайрылуулар) чарбакер субъекттин монополияга каршы мыйзамды бузуу белгилерин тастыктоочу документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө берилет.";

- 9-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Эксперттик комиссия чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жол-жобосуна тартылган монополияга каршы органдын адистеринен жана монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароого байланыштуу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон кызыктар адамдардан түзүлөт. Эксперттик комиссия 5 адамдан турат. Эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча сунуштама мүнөздөгү корутунду түзүлөт, комиссиянын тыянагы чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу маселени кароодо сөзсүз керек.";

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы "30 күндүн" деген сөздөр "үч айдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков