Загрузка документа…
Мөөнөтү бүттү
КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык
2022-жылдын 14-январы № 9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 26-июлу N 458
"Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун башкармалыгынын структурасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 11-февралындагы N 80 токтому менен жактырылган Концепциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коому менен бирдикте белгиленген тартипте:
- "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомун өзгөртүп кайра түзүү, балансын жана мүлкүн бөлүү, Уставына өзгөртүү киргизүү маселелери боюнча акционерлердин жалпы чогулушун өткөрсүн;
- юридикалык жактын статусу менен өз алдынча чарбакер субъектерге төмөнкүлөрдү бөлүү менен 2000-жылдын 1-августунан тартып "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун башкармалыгынын структурасын өзгөртүп кайра түзүүнү жүргүзсүн:
а) Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча департаментке баш ийүүчү төмөнкүдөй ишканаларды анын структурасына киргизүү менен:
- "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасын",
- авиациялык персоналды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу борборун (УТЦ);
- медициналык-санитардык бөлүктү (ВЛЭК);
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
б) акцияларынын контролдук пакети мамлекетте сакталып турган төмөнкүдөй акционердик коомдорду:
- "Манас" аэропорту;
- "Ош" аэропорту;
- "Каракол" аэропорту;
в) "Манас" жана "Ош" аэропортторунда авиаташуучулардын функциясын аткаруучу өз алдынча чарбакер субъекттерди, алардын балансына аба кемелерин, авиациялык-техникалык базаларды, алдын ала же башка кызмат көрсөтүүчү агентстволорду, ошондой эле аба кемелерин учуу даярдыгында кармоо үчүн техникалык тейлөө жана эксплуатациялоо боюнча авиациялык персоналдын штаттык санын өткөрүп берүү менен.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Авиаташуучулардын функциясын аткаруучу, жаны түзүлгөн өз алдынча чарбакер субъекттерге өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда, Кыргыз Республикасынын коргонуу таламдарында авариялык-сактап калуу иштерин, учууларды ишке ашырганда жана мамлекеттик башка авиаташууларды жүргүзгөндө коюлган милдеттерди аткаруу үчүн улуттук авиаташуучулардын статусу берилсин.
3. Төмөнкү аэропорттор менен аянттар областтык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын балансына өткөрүлүп берилсин:
- Ош областында - Дараут Коргон, Кызыл-Жар;
- Жалал-Абад областында - Жалал-Абад, Караван, Каныш-Кыя, Токтогул, Чаткал, Жаңы-Базар;
- Ысык-Көл обласытнда - Чолпон-Ата, Акшыйрак, Ананьево, Ысык-Көл, Сары-Жаз, Тамга, Шилек,
- Нарын областында - Нарын, Баетов, Дүрбөлжүн;
- Баткен областында - Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя;
- Талас областында - Талас.
4. Областтык мамлекеттик администрация башчылары:
- областтардын аймактарындагы аэропорттор менен аянттарды баланстарына кабыл алышсын жана аларды жумушчу абалында кармоону камсыз кылышсын. Чек ара тилкесиндеги аэропортторду пайдалануу маселелерин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча департаменти менен макулдашсын;
- Перспективасыз аэропорттор менен аянттарды жабуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте сунуш киргизишсин. Кимге таандуулугуна карабастан аэропорттордун иштеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлө тургандыгы көңүлгө алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду, Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет жана "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коому менен бирдикте:
- "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун тышкы карыздары, ошондой эле аэробустардын лизинги боюнча мурда түзгөн келишим боюнча карызын кимге өткөрүү маселесин карасын;
- "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун башка акционердик коомдордо жана биргелешкен ишканаларда уюштуруучу акционер катарында катышкандыгына байланышкан маселелерди белгиленген тартипте жөнгө салсын.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду жана "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун Директорлор кеңеши менен бирдикте "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Концепциясына 2000-жылдын 1-сентябрына чейин ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин жана Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүнүн 3 жана 4-этаптарын кароо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизүү үчүн зарыл документтерди даярдасын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.К.Өмүралиевге, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы С.М.Жиенбековго тапшырылсын.
Премьер-министри |
| А. Муралиев |