ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 «И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 12-апрели № 203

"И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 9-мартындагы № 103 "Кыргыз авиациялык колледжин түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-июлундагы № 458 "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун башкармалыгынын структурасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 8-абзацы.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков