Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 токтому менен бекитилген |
"И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайы (мындан ары - Авиаинститут) жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча, орто кесиптик жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү мекемеси болуп эсептелинет.
2. Авиаинститут өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларын жана ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Авиаинститут "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи" мамлекеттик билим берүү мекемесинин толук укуктук улантуучусу болуп эсептелинет.
4. Авиаинституттун уюштуруучусу болуп Министрлер Кабинети саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Авиаинституттун ишине жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) жүзөгө ашырат. Авиаинститут Мамлекеттик агенттиктин түзүмүнө кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Авиаинститут билим берүү процессин жүзөгө ашырууда, кадрларды тандап жайгаштырууда, илимий жана башка ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын алкагында өз алдынчалыкка ээ.
7. Авиаинститут өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик билим берүү мекемеси болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган логотиби менен мөөрү бар. Анын өз алдынча балансы, өздүк алыш-бериш эсеби бар.
8. Авиаинституттун расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту";
- орус тилинде: "Кыргызский авиационный институт имени И.Абдраимова".
9. Авиаинституттун кыскартылган аталышы:
- кыргыз тилинде: "Авиаинститут";
- орус тилинде: "Авиаинститут".
10. Авиаинституттун юридикалык дареги: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Академик Лущихин көчөсү, 60.
2. Авиаинституттун максаттары жана милдеттери
11. Авиаинституттун максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
- инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө болгон муктаждыктарын, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, орто жалпы билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү аркылуу канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы жана суу транспорту үчүн адистерди даярдоого болгон мамлекеттик буйрутманы аткаруу, коомчулуктун жогорку жана орто кесиптик авиациялык билими бар квалификациялуу адистерге болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
- жарандык авиация жана суу транспорту жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана изилдөөлөрдүн натыйжалуу жыйынтыктарын өндүрүштүк ишке киргизүү;
- жогорку кесиптик билими бар адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан кайрадан даярдоо;
- улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн, илимдин жана практиканын жетишкендиктеринин негизинде инсандын өнүгүшү жана профессионалдык калыптанышы.
12. Авиаинституттун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- заманбап өндүрүштүн, илимдин, техниканын, маданияттын жана аларды өнүктүрүүнүн келечегинин талаптарын эске алуу менен, жарандык авиация жана суу транспорту үчүн адистерди даярдоо жана кайра даярдоо;
- авиациялык билим берүүнү практикалык интеграциялоо, жарандык авиация жана суу транспорту үчүн адистерди даярдоонун сапатын жана илимий изилдөөнүн эффективдүүлүгүн ар тараптан жогорулатуу.
3. Авиаинституттун функциялары жана укуктары
13. Өзүнө жүктөлгөн милдеттердин негизинде Авиаинституттун функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча, орто кесиптик жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырат;
- адистерди даярдоону, кайра даярдоону, жогорку билими бар адистердин квалификациясын жогорулатууну жана ошондой эле, жарандык авиация жана суу транспорту үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдайт;
- адистерди даярдоонун профили боюнча фундаменталдык жана ошондой эле колдонмо мүнөздөгү илимий изилдөө иштерин аткарат.
14. Авиаинститут төмөнкүлөргө укуктуу:
- гранттарды, демөөрчүлүк жардамдарды, чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин жана башка юридикалык жеке жактардын каражаттарын тартууга;
- монографияларды, илимий эмгектердин жыйнактарын, окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорун жана башка материалдарды басып чыгарууга;
- билим берүү жана илим мекемелеринин ассоциацияларынын жана союздарынын мүчөлүгүнө кирүүгө;
- эл аралык кызматташтыктын алкагында студенттерди чет өлкөгө алмашып окууга жана стажировкага жиберүүгө;
- жарандык авиация тармагында эл аралык илимий кеңешмелердин, симпозиумдардын, съезддердин, конференциялардын иштерин уюштурууга жана катыштырууга;
- иштөө, стажировкадан өтүү, билим алуу үчүн чет өлкөлүк адистерди жана студенттерди кабыл алууга;
- Авиаинституттун каражаттарынын чегинде, кызматкерлерин чет өлкөлүк жана эл аралык окуу, илимий жана башка уюмдарга командировкага жиберүүгө;
- чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди белгиленген тартипте түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- өз компетенциясынын чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, ички актыларын чыгарууга;
- окутуучу курамдын окуу жүгүнүн көлөмүн жана чектеринин нормаларын бекитүүгө, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын билим жана илим тармагындагы укуктук ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, окуу-методикалык иштин жана илимий-изилдөөлөрдүн аткарылышынын көлөмүн, окуу жүгүнүн чектерин эске алуу менен бекитүүгө;
- кызматтык маяналарга өлчөмү жана тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка укуктук-ченемдик актыларында аныкталган үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окутуу үчүн акынын наркын, ошондой эле кошумча акы төлөөчү билим берүү ишин жүзөгө ашырууда илимий жана башка продукциялардын баалоо наркын белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүзөгө ашырууга.
4. Авиаинституттун билим берүү кызматтарынын тизмеси жана аларды берүү тартиби
15. Авиаинституттун көп деңгээлдүү билим берүү түзүмүндө, кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарына ылайык, адистерди даярдоо боюнча төмөнкү программалардын деңгээлдери белгиленет:
1) жалпы орто билим берүү;
2) жарандык авиация жана суу транспорту чөйрөсүндө кесиптик орто билим берүү;
3) жарандык авиация чөйрөсүндө жогорку кесиптик билим берүү;
4) жарандык авиация жана суу транспорту чөйрөсүндө жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү.
Авиаинститутта окутуу күндүзгү, сырттан окуу, дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен билим берүү, кечки жана экстернат тартибинде жүзөгө ашырылат.
Билим берүү программаларынын мазмуну, даярдоо багыттары же адистиктери мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат.
Ар кандай формалар менен айкалышкан билим алууга жол берилет.
Негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, Авиаинститутта, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, тиешелүү билим берүү ишин жүргүзүү укугу тууралуу лицензиясынын негизинде белгиленет.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тиешелүү профилдеги орто же жогорку кесиптик билими бар адамдар, Авиаинститутта тездетилген программалар боюнча кесиптик жогорку билим алыша алат.
5. Студенттерди кабыл алуу, которуу жана окуудан чыгаруунун тартиби
16. Авиаинститутка кабыл алуу тартиби, студенттерди которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген студенттерди окуудан чыгаруу жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Авиаинституттун күндүзгү, кечки жана сырттан окуу формаларына, гранттык (бюджеттик) жана акы төлөнүүчү окутуунун түрлөрүнө тапшыруунун негизги критерийи болуп абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмү саналат. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жалпы орто билим берүү базасында жогорку кесиптик билим берүү программаларына окутуу үчүн абитуриенттерди кабыл алууда, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы, сөзсүз түрдө эске алынат.
18. Авиаинститутта чет мамлекеттердин жарандарын окутуу, белгиленген тартипте мыйзам менен күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде, ошондой эле билим берүүчү уюмдардын ортосундагы же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүзөгө ашырылат.
19. Авиаинститут, кабыл алууда тапшыруучуларды жана (же) алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ушул Устав менен, билим берүү ишин жүргүзүү жөнүндөгү лицензиясы, мамлекеттик аттестациялоо (аккредитациялоо) күбөлүгү жана Авиаинституттун билим берүү процессин уюштурууну жөнгө салуучу башка документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
20. Авиаинститутка кабыл алуу, конкурстук негизде, тапшыруучулардан келип түшкөн арыздар боюнча жүргүзүлөт. Конкурстун шарттары жарандардын билим алууга болгон укугун сактоого кепилдик берүүсү жана белгиленген деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүүгө алда канча даярдалган, жөндөмдүү жарандарды кабыл алууну камсыз кылуусу керек.
21. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шартта жеңилдиктерден пайдаланган жарандар конкурстан тышкары кабыл алынат.
22. Студенттерди которуу эреже катары каникул мезгилдеринде, окуу планынын сабактарын бир жылдан кем эмес аралыкта окуп, ийгиликтүү өздөштүргөн шартта, бош орундар бар болгон учурда академиялык айырманы жоюу менен жүзөгө ашырылат.
23. Студент Авиаинституттан өз демилгеси боюнча төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- жеке арызы боюнча (конкреттүү себептерин көрсөтпөстөн);
- башка окуу жайга которулгандыгына байланыштуу;
- ден соолугунун абалы боюнча (мамлекеттик медициналык мекемесинин корутундусунун негизинде);
- үй-бүлөлүк шартка байланыштуу.
24. Студентти, администрациясынын демилгеси боюнча окуудан чыгаруу Авиаинституттун директорунун буйругу менен, тиешелүү окуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин рапортунун негизинде төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- академиялык карыздары үчүн;
- окуу тартибин бузгандыгы үчүн (окуу процессинин графигин аткарбагандыгы, Авиаинститут менен байланышты жоготкондугу, академиялык өргүүдөн кайтпагандыгы, анын мөөнөтү аяктагандан кийин);
- ички тартип эрежелерин, жатаканада жашоо эрежелерин бузгандыгы үчүн;
- соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсүнүн негизинде, окуусун улантууга мүмкүндүгү жок болгондо;
- келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн, окутууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу менен.
25. Окуудан чыгарууда студентке билими тууралуу документинин түп нускасы жана белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат берилет.
6. Авиаинститутту башкаруу органдары жана анын түзүмү
26. Авиаинститутту башкаруу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Башкаруу демократиялаштыруу, борбордоштуруу, өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптерде курулат.
27. Авиаинституттун тең башкаруу формалары болуп жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогикалык жана башка кеңештер, комитеттер эсептелинет. Тең башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциясы, жетекчиси менен кеңештин ортосундагы ыйгарым укуктарын чектөө Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамдары менен аныкталат.
28. Авиаинститутту түздөн-түз жетектөө, Авиаинституттун жамаатынын жалпы чогулушунда, альтернативдик негизде, илимий даражасы жана наамы, ошондой эле, авиация тармагында тиешелүү кесиптик квалификациясы бар адистердин арасынан, көпчүлүктүн жашыруун добушу менен шайланган, директор тарабынан беш жылдык мөөнөткө ишке ашырылат.
29. Авиаинституттун директорун шайлоо тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
30. Авиаинституттун директору, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын негизинде, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат, атап айтканда:
- Авиаинституттун Илимий кеңешинин ишин жетектейт;
- билим берүүнүн сапатына жеке жоопкерчилик тартат;
- Авиаинституттун жана башка башкаруу органдарынын, көмөкчү бөлүмдөрүнүн ишин, илимий Кеңештин башкаруу жана ушул максатка бөлүнгөн каржылоо маселелери боюнча чечимдерин эске алуу менен уюштурат;
- директордун окуу иштери боюнча орун басарын кандидатурасын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунушу менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кайрылат.
- Мамлекеттик агенттикке Авиаинституттун директорунун илим жана тышкы байланыш, мамлекеттик тил жана тарбиялык иштери, административдик-чарбалык иштер боюнча орун басарларын дайындоо боюнча сунушу менен кайрылат;
- Авиаинституттун атынан, Авиаинститутту бардык мекемелерде, уюмдарда, жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда, ишеним каты жок эле, көрсөтө алат;
- Авиаинституттун мүлкүн жана каражаттарын тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет жана өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерге, кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коёт;
- Авиаинституттун бардык кызматкерлери жана студенттери, угуучулары аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
- Авиаинституттун профессордук, окутуучулук курамынын жана кызматкерлеринин штатын бекитет;
- Авиаинституттун чыгымдарынын сметасын бекитет;
- Авиаинституттун кызматтык нускамаларын бекитет;
- директордун орун басарларынын, декандардын жана башка бөлүмдөрүнүн кызматтык милдеттерин бекитет;
- Авиаинституттун кызматкерлерин (контракттарды түзүү менен) ишке кабыл алат жана иштен бошотот, ошондой эле киргизилген эксперименталдык жана башка бөлүмдөрүнүн изилдөө жана өнүктүрүү, долбоорлоо жана технологияларды өнүктүрүү жетекчилеринин пикири боюнча, окутуучулары жана илимий өткөрүлүү белгиленген тартипте сактоону камсыз кылуу алардын компетенттүүлүгүн аныктайт;
- Авиаинституттун кызматкерлерин, анын ичинде директордун орун басарларын, башкы бухгалтерин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана башка кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечет;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан бекитилген тартиптер бузулган учурда, Илимий кеңештин, факультеттер, кафедралар жана башка бөлүмдөрдүн кеңешинин чечимдерин жокко чыгарат;
- Авиаинституттун Илимий кеңешине жамааттын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунушунун негизинде жана өз демилгеси боюнча ардак наамдарды жана даражаларды ыйгарууга сунуш берет;
- колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Авиаинституттун директорунун жетекчилиги астында иштеген администрациясынын курамына директордун орун басарлары, илимий кеңештин катчысы жана кафедра, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирет.
32. Авиаинституттун окуу - илимий ишиндеги негизги маселелерди кароо үчүн Илимий кеңеш түзүлөт.
Авиаинституттун Илимий кеңеши Авиаинституттун башкармалыгынын коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Илимий кеңешинин кадрларды тандоо, жайгаштыруу, бошотуу, финансылык-чарбалык иштер боюнча чечимдери сунуштама мүнөзүнө ээ болот.
33. Авиаинституттун Илимий кеңешин түзүү тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Илимий кеңештерди түзүү жөнүндө чечими менен регламенттештирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Авиаинституттун Илимий кеңеши:
- Авиаинституттун Уставына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту талкуулайт, факультеттердин, кафедралардын, илимий окуу жана башка бөлүмдөрдүн аталыштарын түзүү жана жоюу, реформалоо, ийрилештирүү жана бөлүү маселелерин карайт;
- Авиаинституттун жылдык жана келечекке коюлган иш пландарын карайт;
- адистерди даярдоо боюнча жумушчу окуу пландарын бекитет, колдонуудагы мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, жогорку орто кесиптик билим берүү тармагындагы башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде, дисциплиналардын программасын бекитет;
- Авиаинституттун жетекчилиги тарабынан сунушталган илимий изилдөө, окуу-усулдук иштеринин багытын, өнүгүүнүн келечектик жана жылдык пландарын карап бекитет;
- кадрларды даярдоону келечектүү пландаштыруу, кызмат орундарын ээлөөгө кадрларды конкурстук негизде тандап алуу, илимий жана ардактуу наамдарды берүү маселелерин чечет. Кабыл алуу жана мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын курамын бекитет;
- энчилүү жана мамлекеттик стипендияларды берүү маселелерин талкуулайт, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу боюнча планын бекитет;
- Авиаинституттун окуу, окуу-методикалык, илимий изилдөө, финансы-чарбалык, маданий-тарбиялык иштер боюнча директордун отчетун жыл сайын карайт;
- директордун орун басарларынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
35. Авиаинституттун Илимий кеңешинин иш регламенти, графиги, анын иш планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Илимий кеңеш жөнүндө жобо менен регламенттештирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Авиаинституттун түзүмү:
- Авиаинституттун түзүмүнө окуу, илимий изилдөө, өндүрүштүк бөлүмдөрү, китепкана, жатакана жана башкалар кирет. Структуралык бөлүмдөрү өз ишин, Илимий кеңештин тиешелүү чечиминин негизинде, Авиаинституттун директору тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүргүзөт;
- Авиаинституттун бөлүмдөрүнүн жетекчилери укуктарын жана милдеттерин аныктаган кызматтык нускаманын чегинде жетекчилик кылышат;
- Авиаинституттун түзүмдүк бөлүмдөрү белгиленген тартипте, жалпы орто, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын, ошондой эле кошумча жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларын ишке ашыра алышат;
- Авиаинститутта бир багыт же адистик боюнча студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо, кайра даярдоо үчүн бири-бирин кайталаган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.
37. Факультет Авиаинституттун окуу-илимий жана административдик бөлүмү болуп эсептелинет. Факультеттин түзүмүнө, факультеттин профилине кирген адистиктерге тиешелүү кафедралар жана лабораториялар кирет. Ошондой эле өзүнүн ишинин мазмуну менен факультетке жакын болгон жалпы билим берүүчү жана жалпы илимий багыттагы кафедралар кирет.
38. Факультеттер Авиаинституттун Илимий кеңешинин чечиминин негизинде директордун буйругу менен түзүлөт жана жоюлат. Факультеттин иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультеттери жөнүндөгү жобонун негизинде жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Кафедра Авиаинституттун, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө ишин жүзөгө ашыруучу, студенттердин арасында окуудан тышкаркы ишти жүргүзүүнү, жогорку билимдүү адистерди, ошондой эле илимий-педагогикалык кадрларды бир же бир нече тектеш багыттар жана адистиктер боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруучу окуу-методикалык жана илимий бөлүмү болуп саналат. Кафедранын максаттары, милдеттери жана функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын кафедрасы жөнүндө Жобого ылайык ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Авиаинститутта мыйзамда белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары менен жөнгө салынган, диссертацияларды коргоо боюнча, илимий даражаларды изденип алуу үчүн адистештирилген кеңештер түзүлүшү мүмкүн.
7. Көзөмөлчүлүк кеңеш
41. "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Көзөмөлчүлүк кеңеш түзүлөт.
Көзөмөлчүлүк кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, ал бекигенден тартып үч жылды түзөт.
42. Көзөмөлчүлүк кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, ишкер жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, билим берүүчү уюмдардын, коомдук өкмөттүк эмес, эл аралык уюмдардын студенттик же ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Бир эле убакта Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсү башка жогорку окуу жайдын Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү боло албайт. Бир эле адам бир нече жолу Авиаинституттун Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү болууга укуктуу.
44. Авиаинституттун Көзөмөлчүлүк кеңеши:
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары Авиаинституттун кызыкчылыгын көрсөтө алат;
- Авиаинституттун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт;
- Авиаинститут иштеп тапкан бюджеттен сырткаркы каражаттарын сарптоонун аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жыл сайын, отчеттук жылдын биринчи кварталынын аягында, Көзөмөлчүлүк кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген булактардан алынган финансылык каражаттарды чыгымдоо маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрөт.
45. Көзөмөлчүлүк кеңештин отуруму кварталына бир жолудан кем эмес, ачык түрдө өткөрүлөт. Көзөмөлчүлүк кеңештин отурумдарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү, Көзөмөлчүлүк кеңештин бир жылдык иш планында аныкталат.
46. Көзөмөлчүлүк кеңештин отурумдары Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурларда укуктуу болот.
Чечимдери ачык, катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынат. "Макул" жана "каршы" добушу тең болгон учурда, Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Көзөмөлчүлүк кеңештин өзгөчө компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
- ачык добуш менен бир жылдык мөөнөткө Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасын шайлоо;
- Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маселени кароо;
- Көзөмөлчүлүк кеңештин ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Көзөмөлчүлүк кеңештин иши жөнүндөгү отчетторду бекитүү.
47. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин, коомдук негизде, акысыз аткарат.
48. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- берген арызына ылайык, жеке өтүнүчү боюнча;
- Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой, ооруп калган учурда;
- Көзөмөлчүлүк кеңештин ишинин принциптери бузулган учурда;
- ооруп калганда же каза болгон учурда.
8. Окуу процессин уюштуруу
49. Авиаинститутта жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү, кошумча, орто кесиптик жана жалпы орто билим берүү программалары ишке ашырылат.
50. Тийиштүү багыттар (адистиктер) боюнча, окуу жылынын башталышы жана аякташы Илимий кеңеш тарабынан бекитилген окуу процессинин графиги менен аныкталат. Авиаинституттун окутуу тили болуп, мамлекеттик жана расмий тили эсептелинет.
51. Авиаинститутта окуу сабактарынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: лекциялар, семинардык, практикалык, лабораториялык сабактар, окуу өндүрүштүк, технологиялык жана диплом алдындагы практикалар, жеке жана топтук консультациялар, курстук иш, квалификациялык (дипломдук) иш (долбоор). Аудиториялык сабактардын бардык түрлөрү үчүн узактыгы кырк мүнөттөн болгон академиялык саат белгиленет.
52. Окуу жылы, зачеттук экзамендик сессиялар же, даярдоо программасына ылайык, жыйынтыктоочу аттестациянын башка формалары менен аяктаган семестрлерге бөлүнөт.
53. Күндүзгү окуу формасындагы студенттер үчүн окуу жылында эки жолудан кем эмес жалпы узактыгы 7 (жетиден) кем эмес жана 10 (он) жумадан ашпаган эс алуу күндөрү белгиленет, эс алуу күндөрүнүн узактыгы окуу пландарынын негизинде жөнгө салынат.
54. Студенттин окуу жүгү милдеттүү түрдөгү сабактарды жана өз алдынча иштерин кошкондо, жумасына 45 сааттан ашпайт. Окуу, аудиториялык жүктөмөлөрдүн көлөмү жумасына 30 сааттын чегинде белгиленет.
55. Авиаинститутта студенттерди окутуу, билим берүү ишине алынган лицензияларга ылайык, күндүзгү, сырттан окуу жана окутуунун аралык технологияларын колдонуу менен жүргүзүлөт.
56. Авиаинституттун тарбиялоо милдеттери, гумандуу мүнөздөгү билим берүү жана адамзаттык баалуулуктарынын артыкчылыгынан келип чыккан, окуу-илимий, маданий-агартуу жана окутуучулар менен студенттердин коомдук иш-аракеттери менен биргеликте ишке ашырылат.
57. Студенттердин билимдери, билгичтиктери, жөндөмдүүлүгү билим берүүдө "эң жакшы", "жакшы", "канааттандыраарлык", "өттү" деген баалар менен аныкталат. Илимий кеңеш белгилеген тартипте экзамендерди жана зачетторду кайрадан тапшырса болот.
58. Окуу пландарынын бардык талаптарын аткарган студент жыйынтыктоочу аттестацияга киргизилет, анын жыйынтыгы менен тиешелүү билими жана квалификациясы тууралуу документти ага тапшыруу жагы каралат. Илимий кеңеш Авиаинститутта, мамлекеттик аттестациялоо менен катар, ар кандай деңгээлдеги даярдоодо, жогорку окуу жайлардын ички аттестацияларынын түрлөрүн киргизе алат.
59. Авиаинститут бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү документин берет.
60. Авиаинститутта медициналык көрсөткүчтөр боюнча жана башка өзгөчө учурларда, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакыруудан алып калуу укугу менен студентке академиялык өргүү берилет.
61. Авиаинститутта саясий партиялардын ишине, диний пропагандалоо иштерине жана ошондой эле гумандуу эмес же адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген окуу методдоруна тыюу салынат.
9. Авиаинституттун студенттеринин, угуучуларынын, окутуучуларынын жана кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери
62. Авиаинституттун студенти болуп Авиаинституттун директорунун буйругу менен окууга кабыл алынгандар эсептелинет. Студентке белгиленген үлгүдөгү студенттик билет жана зачеттук китепче берилет.
63. Авиаинституттун студенттери жана угуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарынын деңгээлинде, илимдин техниканын, маданияттын заманбап өнүгүүсүнө туура келген билим алууга;
- институттагы сабактардын бардык түрлөрүнө катышууга, жетекчилердин макулдашуусу менен башка жогорку окуу жайлардын сабактарына да катышууга;
- Авиаинституттун администрациясынын чечими менен жүйөлүү себептерге байланыштуу, сабактарга эркин кирүү укугун пайдаланууга. Сабактарга эркин кирүүгө укук берүү тартиби жана шарттары Авиаинституттун Окумуштуулар кеңеши жактырган жана Авиаинституттун директору бекиткен Авиаинституттун тийиштүү чечими менен жөнгө салынат;
- Авиаинституттун ишинин маанилүү маселелерин талкуулап, чечүүгө катышууга;
- окуу-процессинде каралган иш-чараларды жүргүзүүдө авиаинституттун китепканасы, маалыматтык фондусу, окуу, илимий жана башка бөлүмдөрүнүн кызматтарын акысыз пайдаланууга;
- илимий изилдөө иштеринин бардык түрлөрүнө, конференцияларга, симпозиумдарга активдүү катышып, өзүнүн иштерин жарыялоого, анын ичинде Авиаинституттун басылмаларында;
- ички тартиптин эрежелерин бузбаган чыгармачылыктын ар кандай түрлөрүн уюштурууга;
- Авиаинституттун жетекчилеринин буйруктары жана тескемелерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
- башка кесиптик билим берүүчү программа боюнча окууга же башка жогорку окуу жайга, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларында аныкталган тартипте эркин өтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарына чакырылуусунун мөөнөтүн (окутуунун күндүзгү формасы) кийинкиге калтырууга;
- өзүнүн адамдык кадыр-баркын коргоого, өзүнүн жеке көз караштарын эркин билдирүүгө, окуу жайынын администрациясынын чечимдерине мамлекеттик билим берүү органдарына жана администрациялык органдарга даттанууга;
- саясий жана диний максаттарды көздөбөгөн коомдук бирикмелерди (студенттик кеңеш, профсоюз ж.б.) түзүүгө;
- Авиаинституттун ишинин маанилүү маселелерин чечүү үчүн коомдук уюмдар, жана башкаруу органдары менен талкуулоого катышууга;
- белгиленген тартипке ылайык акы төлөп, жатакананы пайдаланууга.
64. Авиаинституттун студенттери жана угуучулары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Уставдын талаптарын аткарууга, Авиаинституттун ички эрежелерин сактоого;
- тандап алган багыты жана адистиги боюнча билим берүү программасынын, мамлекеттик стандарттын жана башка Кыргыз Республикасынын укук-ченемдик актыларынын талаптарынын деңгээлинде үйрөнүүгө;
- белгиленген мөөнөттөрдө, тиешелүү окуу пландарында жана окуу программасында каралган бардык тапшырмаларды аткарууга;
- жалпы маданиятты көтөрүүгө, адеп-ахлактык жана жеке өнүгүүгө умтулууга;
- кыргыз элинин жана башка элдердин маданиятынын өз ара байышына жана калыптанышына багытталган, маданий иш-чараларга активдүү катышууга;
- Авиаинституттун мүлкүнүн сакталышына аяр мамиле кылууга.
65. Окуудагы ийгиликтери, илимий изилдөө жана маданий агартуу ишине активдүү катышуусу үчүн студенттерге ар кандай формадагы моралдык жана материалдык сыйлыктар берилет:
- окуу үчүн акы төлөөгө болгон жеңилдиктер;
- жеке жумушчу планга өткөрүү;
- окууну улантуу үчүн чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жиберүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун башка түрлөрү колдонулат.
66. Окуу пландарын аткарбагандыгы, ушул Уставда каралган милдеттерин бузгандыгы үчүн, студенттерге жана окуучуларга тартиптик чаралар Авиаинституттан чыгарууга чейин, колдонулушу мүмкүн.
67. Авиаинституттун угуучулары болуп авиаинституттун курамына кирген, кошумча билим берүү кызматтык бөлүмүндө окуган угуучулар эсептелинет. Угуучулар кошумча билим берүү кызматынын программасына ылайык билим алууга, китепкана жана окуу имараттарын колдонууга укуктуу. Угуучулар, студенттер жана окуучуларга коюлуучу бардык талаптарды аткарууга, авиаинституттун ички тартип эрежелерин сактоого милдеттүү.
68. Авиаинститутта профессордук-окутуучулук, инженердик-техникалык, администрациялык-чарбалык, өндүрүштүк, окутуу-жардамчы жана башка персоналдык кызмат орундары каралат.
69. Авиаинституттун инженердик-техникалык, администрациялык чарбалык өндүрүштүк, окуу-көмөкчү, тейлөөчү жана башка персоналдардын кызмат орундары келишимдик (контракттык) негизде ээленет. Профессордук-окутуучу жана илимий курамынын кызмат ордун ээлөө контракттык-конкурстук негизде жүргүзүлөт. Профессордук-окутуучу курамынын кызмат орундарын ээлеп туруу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат.
70. Авиаинституттун окутуучуларын жана башка кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын негизинде, эмгек келишиминде (контрактта) каралган шартта жүргүзүлөт. Штаттагы окутуучулар менен контракт беш жылга чейинки мөөнөткө, айкалыштырып иштеген окутуучулар менен контракт өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык бир жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
71. Авиаинституттун окутуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 6 саат менен чектелген жумуш күнү, 36 сааттык жумуш жумасы, 48 күндүк акы төлөнүүчү өргүү менен пайдалануу укугуна ээ.
72. Авиаинституттун профессордук-окутуучулук курамы төмөнкүлөргө укуктуу:
- педагогикалык ишти уюштуруунун каражаттарын жана ыкмаларын эркин тандоого (окуу планынын жана программаларынын алкагында);
- негизги кызмат орду менен башка кошумча милдеттерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык айкалыштыруу шартында, бир эле убакта авиаинститтутун ичинде же башка жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү өргүүгө чыгууга;
- квалификациясын жогорулатуу, окуу китептерин жана окуу куралдарын жазуу үчүн үч айдан бир жылга чейин чыгармачылык өргүү алууга. Чыгармачылык өргүүнүн узактыгын жана мезгилдүүлүгүн Илимий кеңеш аныктайт, же отпусканын максатына ылайык, финансылык камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, контракттын шарттарында аныкталат;
- өзүнүн кесиптик ишин тиешелүү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;
- Авиаинституттун окуу-илимий жана башка иштерине тиешелүү маселелерин талкуулоого катышууга;
- Авиаинституттун жетекчилеринин буйруктарына жана тескемелерине белгиленген тартипте даттанууга.
Окутуучулар бир эле мезгилде, негизги кызмат орду менен кызматтарды айкалыштыруу шартында кошумча милдеттерди аткарышы мүмкүн: кафедра башчысынын, декандын (анын орун басарынын) бөлүм башчысынын практика-методикалык бөлүмүнүн ж.б.
73. Авиаинституттун кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык, алар окутуп жаткан окуу сабактарынын мазмунун аныктоого;
- окуу жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуучу каражаттарды жана окутуу ыкмаларын эркин тандоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү өргүүгө чыгууга;
- квалификациясын жогорулатуу, окуу китептерин жана окуу куралдарын жазуу үчүн үч айдан бир жылга чейин чыгармачылык өргүү алууга. Чыгармачылык өргүүнүн узактыгын жана мезгилдүүлүгүн Илимий кеңеш аныктайт, же отпусканын максатына ылайык, финансылык камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, контракттын шарттарында аныкталат;
- өзүнүн кесиптик ишин тиешелүү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;
- Авиаинституттун Илимий кеңешинин шайлоолоруна катышууга жана белгиленген тартипте шайланууга;
- жогорку окуу жайынын окуу-илимий жана башка иштерине тиешелүү маселелерди талкуулоого катышууга;
- Уставда белгиленген тартипте окуу бөлмөлөрүн жана маалыматтык фонддордон, лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн, кабинеттерден, китепканалардан, компьютердик класстарынан, окуу жана илимий мекемелердин социалдык-тиричилик, маданий жана башка бөлүмдөрдөн пайдаланууга;
- администрациянын буйруктарына жана тескемелерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга.
74. Авиаинституттун окутуучулук, илимий жана окуу-көмөкчү персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- студенттердин жана угуучулардын билим берүү программаларын, талаптарда белгиленген деңгээлде өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
- студенттер жана угуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, аларга адеп-ахлак сапаттарын үйрөтүүгө;
- кесиптик билим деңгээлин жана квалификациясын дайыма жогорулатууга, Авиаинституттун Уставын жана ички тартип эрежелерин сактоого.
75. Административдик-чарбалык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери Авиаинституттун директору тарабынан бекитилген кызматтык нускамаларда жана Авиаинституттун ички тартип эрежелеринде аныкталган.
10. Авиаинституттун илимий иши
76. Авиаинститутта жогорку кесиптик билимдүү, жогорку сапаттагы адистерди даярдоонун негизи болгон фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөр милдеттүү түрдө өткөрүлөт.
77. Фундаменталдык, издөө жана илимий-методикалык изилдөөлөр адистерди даярдоодо негизги курамдык бөлүгү болуп саналат. Илимий-изилдөө иштери чарбалык келишимдик жана мамлекеттик бюджеттик тематикалардын алкагында транспорт, табигый-илимий, гуманитардык, экономикалык, технологиялык жана башка илимий багыттары боюнча жүргүзүлөт.
78. Авиаинститутта илимий-изилдөөчүлүк иштери кафедралар жана аспирантура бөлүмүнүн уюштуруусунун негизинде камсыз кылынат. Илимий-изилдөө ишин координациялоо жана уюштуруу ушул Уставга ылайык, илим, тышкы байланыштар боюнча директордун орун басарынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырылат. Аспирантура бөлүмү Авиаинституттун башкармалыгынын курамындагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо (аспиранттар) боюнча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана өзүнүн Жобосуна ылайык иш жүргүзөт. Илимий бөлүмдөрүнүн түзүмү жана штаттары директор тарабынан, аткарылуучу иштердин көлөмүнө жана мазмунуна, бюджеттик жана өздүк каражаттардын болушуна жараша белгиленет.
79. Профессордук-окутуучулук курамы адистерди окутуунун сапатын жогорулатууга окуу процессинде илимий-изилдөөлөрдүн натыйжаларын активдүү колдонуу жана ИИИне студенттерди кеңири тартуу, кадрларды даярдоонун жаңы багыттарын түзүү иштери аркылуу катышат. Студенттер, аспиранттар жана докторанттар демилгелүү, мамлекеттик бюджеттик жана чарба келишимдик илимий изилдөө ишин аткарууга, олимпиадаларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө, конкурстарга, рационализатордук жана ойлоп табуу ишине, илимий-өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иштерине жана илимий иштердин башка түрлөрүнө катышат.
80. Авиаинститутта илимий изилдөө төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
- фундаменталдык, издөө боюнча изилдөөлөргө каралган бюджеттик каржылоодон;
- чарбалык келишимдерди аткаруудан түшкөн каражаттардан;
- мамлекеттик бюджеттик келишимдерди аткаруудан түшкөн каражаттардан;
- илимий жана товардык продукцияларды таркатуудан;
- башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына терс келбеген булактардан.
11. Авиаинституттун мүлкү жана каржылык-чарбалык иши
81. Авиаинститутка уставдык билим берүү ишин камсыз кылуу максатында менчик укугундагы объектилер бекитилип берилет (жер, имараттар, курулмалар, мүлк комплекстери, жабдуулар, ошондой эле башка керектелүүчү социалдык, маданий жана башка багыттагы мүлктөр).
82. Авиаинститутка бекитилип берилген менчик объектилери анын оперативдүү башкаруусунда турат. Бюджеттик каражаттардын эсебинен жаңыдан сатылып алынган мүлкү оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген мүлктүн курамына киргизилет. Авиаинститут ишенип берилген мүлктүн сакталышы жана пайдалануунун натыйжалуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
83. Авиаинститутка жеке жана юридикалык жактар тарабынан белек түрүндө өткөрүп берилген акча каражаттарына, кайрымдуулук же керээз катары берилген мүлкүнө жана менчиктин башка объектилерине, эмгектин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык продукттарга, ошондой эле Авиаинституттун жекече жүргүзгөн ишинен түшкөн кирешеге жана ал кирешеге сатылып алынган менчик объектилерине менчик укугу таандык.
84. Авиаинститутка мөөнөтсүз акысыз пайдалануу үчүн белгиленген тартипте бөлүнгөн жер тилкелери бекитилет. Авиаинститут өзүнө бекитилип берилген жер тилкелерин сатып алууга укуксуз убактылуу пайдаланууга ижарага бере алат.
85. Авиаинститут оперативдүү башкарууга берилген бардык мүлктү өз алдынча пайдаланат, анын ичинде чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн укуктуу мамлекеттик органдардын макулдугу менен сатып алууга укуксуз же убактылуу пайдаланууга, эгерде бул анын негизги ишин ишке ашырууда зыян келтирбесе, ижарага бере алат.
86. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мекемелердин, ишканалардын жана менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдардын катышуусу менен ассоциацияларды, комплекстерди, союздарды жана башка бирикмелерди түзүүгө укуктуу.
87. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо боюнча нормалардын жана талаптардын аткарылышына жоопкерчилик тартат, ошондой эле өзүнүн ишинин натыйжасында келип чыккан зыяндын ордун толтурат.
88. Авиаинституттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
- акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен келип түшкөн каражаттар, анын ичинде контракт боюнча окуу, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштери үчүн, басма, өндүрүштүк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштердин түрлөрү үчүн;
- ишканалар, уюмдар, коомдук фонддор, юридикалык жана жеке жактар, ыктыярдуу төлөмдөр, кайрымдуулук жардамдар жана атайын фонддор тарабынан акысыз берилген каражаттар.
89. Бардык келип түшкөн каражаттар Авиаинституттун кирешеси болуп эсептелинет жана материалдык, техникалык жана окуу-методикалык базасын өнүктүрүүгө, ошондой эле, окуу процессин жана илимий изилдөөлөрдү камсыздоого жумшалат.
90. Авиаинститут келишимдердин негизинде ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга билим берүү кызматын көрсөтөт.
91. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрымдуулук иш-чараларын, аукциондорду жана башка ушул сыяктуу формадагы иштерди жүргүзө алат.
92. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген, келишимдерди түзүү, милдеттенмелерди аныктоо менен байланышкан маселелерди жана башка шарттарды өз алдынча чечет.
93. Окуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү ар бир окуу жылына, мыйзамда белгиленген тартипте Авиаинституттун директору тарабынан ар бир жылга бекитилген чыгымдар сметасы менен аныкталат. Окуу үчүн сметалык наркы окуу, тарбиялоо жана илимий процесстердин өткөрүлүшүн жана маалыматтык жактан камсыз кылынышын, окуу жайынын учурдагы каралышын, эмгек акы төлөө каражаттарын түзүлүшүн, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүнү жана кызматкерлерди материалдык колдоо, студенттерди социалдык колдоо жагын камтууга тийиш. Авиаинститут окуу үчүн акы төлөөнүн наркы жана тартиби менен окууга тапшырып жаткандарды тааныштырууга (окуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү, аны төгүүнүн тартиби жана мөөнөтү, төлөө мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн бузгандыгы үчүн өз ара жоопкерчилик) жана аны окуучулар (заказчылар) менен түзүлгөн келишимдерде чагылдырууга милдеттүү.
94. Эмгек акы төлөө өлчөмдөрү жана формалары, материалдык кызыктыруулар жана материалдык жардамдар, кызматкерлердин бардык категорияларына, мыйзамда белгиленген тартипте жана болгон каражаттардын чектеринде белгиленет.
95. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Уставда белгиленген тартипте, өз каражаттарын, анын ичинде тышкы экономикалык ишинен келип түшкөн валюталык каражаттарын өз алдынча тескейт. Авиаинституттун финансылык жана материалдык каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, алынууга тийиш эмес.
12. Авиаинституттун эл аралык иши
96. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү тармагында эл аралык кызматташтыкка катыша алат, чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен түз байланыштарды түзө алат, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүү, илимий жана илим-изилдөө программаларды жүзөгө ашыра алат. Атап айтканда:
- эл аралык коомдук (бейөкмөт) билим берүүчү бирикмелерине жана уюмдарына кирүү;
- биргелешкен кызматташтык тууралуу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен келишимдерди түзүү.
97. Авиаинститутта чет өлкөлүк жарандарды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген квоталардан тышкары, мамлекеттер аралык тиешелүү макулдашууларга ылайык, Авиаинститут тарабынан чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзүлгөн түздөн-түз келишимдер аркылуу жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Авиаинституттагы эсеп жана отчеттуулук
98. Авиаинститут оперативдүү жана өз ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин ишке ашырат, статистикалык жана бухгалтердик отчет берүүнү белгиленген форма боюнча жүргүзөт, Мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бухгалтердик, статистикалык жана отчеттун башка түрлөрүн тапшырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
99. Авиаинституттун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бухгалтердик балансы жана финансылык иши жөнүндө отчеттор директор тарабынан бекитилет жана мамлекеттик башкаруу органдарына берилет.
100. Бухгалтердик эсептин башкы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Институтту ыкчам жетектөө жана башкаруу үчүн зарыл болгон чарбалык процесстер жана иштин жыйынтыгы жөнүндө толук так маалыматтарды түзүү;
- мүлктүн кыймылын, материалдык, эмгек жана финансы ресурстарынын ченемдерге, нормативге жана сметаларга ылайык пайдаланышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
- финансы-чарбалык ишиндеги терс көрүнүштөрдү өз убагында алдын алуу, ички чарбалык ресурстарды табуу жана мобилизациялоо.
101. Кызмат орундарын ээлеген жооптуу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өздөрүнө бекитилип берилген менчиктин сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы, ошондой эле мамлекеттик отчеттун бурмаланышы үчүн тартиптик, материалдык, административдик, жазык жоопкерчилигине тартылышат.
14. Авиаинститутту кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби
102. Авиаинститутту жоюу жана кайра өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
103. Кайра уюштурууда Авиаинституттун бардык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары жаңыдан түзүлүп жаткан юридикалык жакка (укук мураскерине) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте өтөт.
104. Авиаинститут ишин токтогондо өздүк курам боюнча документтердин эсебин жана сакталышын камсыз кылат жана аларды "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өз убагында сактоого өткөрүп берет.