Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 213
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:
"экономикалык-статистикалык байкоо - Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген жана үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши жөнүндө маалыматтарга статистикалык байкоо жана экономикалык талдоо жүргүзүү, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин абалын жана перспективаларын баалоо.";
2) 4-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Үстөмдүк абал
1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмдан тышкары) рыноктогу абалы төмөнкүдөй учурларда үстөмдүк болуп таанылат:
1) үлүшү тийиштүү рынокто 35 пайызды түзгөн же жогору болгон, эгерде монополияга каршы орган ушул Мыйзамдын бузулгандыгы тууралуу ишти кароодо же экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоодо көрсөтүлгөн чоңдуктан ашып кеткенине карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу абалы рыноктук күчкө ээ болбогондугу белгиленбесе;
2) үлүшү тийиштүү товардык рынокто 35 пайыздан кем болбогон, эгерде ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалы монополияга каршы орган тарабынан төмөнкүлөргө жараша белгиленсе:
- чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу үлүшү ошол рыноктогу анын атаандаштарынын үлүшүнүн өлчөмүнө карата өзгөрбөсө же бир аз гана өзгөрсө;
- ушул товардык рынокко жаңы атаандаштардын кирүүсү мүмкүн болбосо;
3) атаандаштыктын абалына жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча тийиштүү товардык рыноктогу үлүшү 35 пайыздан кем болгон жана тийиштүү товардык рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнөн ашкан, бирок товардык рынокто товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизе алса, мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар сакталат:
- чарба жүргүзүүчү субъекттин товардын баасынын деңгээлин бир тараптуу тартипте аныктоого жана тийиштүү товардык рынокто товарды сатуунун жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү болсо;
- тийиштүү товардык рынокко жаңы атаандаштардын кирүүсү, анын ичинде экономикалык, технологиялык, администрациялык же башка чектөөлөрдүн кесепетинен татаал болсо;
- чарба жүргүзүүчү субъект саткан же сатып алган товар керектөө учурунда (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылышы мүмкүн болбосо;
- товардын баасын өзгөртүү мындай өзгөртүүгө шайкеш болгон ошол товарга карата сурамдын төмөндөшү шартталбаса.
2. Бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин ичинен ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмдан тышкары) абалы, эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъектке карата жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса үстөмдүк деп таанылат:
1) үчтөн ашык чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 50 пайыздан ашса, мында ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көп болсо же бештен көп эмес чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 70 жана андан ашуун пайызды түзсө, мында алардын ар биринин үлүшү тийиштүү рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнөн көп болсо (ушул жобо аталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин биринин гана үлүшү 10 пайыздан кем болгон учурда колдонулбайт);
2) узак мезгилдин ичинде (бир жылдан кем эмес аралыкта же эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо, анда тиешелүү рынок иштеген мөөнөттүн ичинде) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырма өлчөмдөрү өзгөрбөсө же бир аз гана өзгөрсө;
3) тийиштүү товардык рынокко жаңы атаандаштардын кирүүсү, анын ичинде экономикалык, технологиялык, администрациялык же башка чектөөлөрдүн кесепетинен татаал болсо;
4) чарба жүргүзүүчү субъект саткан же сатып алган товар керектөө учурунда (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылышы мүмкүн болбосо;
5) товардык баасын өзгөртүү мындай өзгөртүүгө шайкеш болгон ошол товарга карата сурамдын төмөндөшү шартталбаса:
6) адамдардын аныкталбаган чөйрөсү үчүн тийиштүү рынокто товардын баасы, аны сатуунун же алуунун шарты тууралуу маалыматтарды пайдалануу чектелген болсо.
3. Табигый монополия абалында турган товардык рынокто табигый монополиянын субъекти болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк абал деп таанылат.
4. Финансылык уюмдун абалы төмөнкүдөй учурларда үстөмдүк деп таанылат, эгерде:
1) финансылык уюмдун тийиштүү финансылык рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзсө же андан ашык болсо;
2) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон эки финансылык уюмдун жыйынды үлүшү 50 пайызды түзсө жана андан ашык болсо;
3) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон үч финансылык уюмдун жыйынды үлүшү 70 пайызды түзсө жана андан ашык болсо.
5. Чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалы белгиленген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте атаандаштык чөйрөсүнүн абалына баалоо жүргүзүлөт.
Атаандаштык чөйрөсүнүн абалын баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри түзүлөт жана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте туруктуу экономикалык-статистикалык байкоо жана контролдоо зонасында турат.";
3) 7-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) эгерде вертикалдуу макулдашуунун предмети болуп саналган товардын товардык рыногундагы мындай макулдашуунун катышуучуларынын ар биринин үлүшү 20 пайыздан ашпаса;
4) 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) ушул Мыйзамдын 9-1-беренесинде белгиленген талаптарды бузуу менен мамлекеттик же муниципалдык преференцияларды берүүгө.";
5) 11-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо
1. Атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында монополияга каршы орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик контролдоо жүргүзүлөт:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттер (алардын бирикмелери) бириктирилгенде, кошулганда, кайра түзүлгөндө;
2) акциялардын беш пайыздан ашыгы мамлекетке таандык (уставдык капиталда катышуу үлүшү) чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүлгөндө;
3) ушул Мыйзамдын 3 жана 5-беренелерине ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүлгөндө;
4) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар түзүлгөндө, бириктирилгенде, кошулганда жана жоюлганда.
2. Түзүү, бириктирүү, кошуу, кайра түзүү, жоюу жөнүндө чечим кабыл алуучу чарба жүргүзүүчү субъекттер ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда монополияга каршы органдын макулдугун алуулары зарыл.
Монополияга каршы органдын макулдугун алууга документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык берилет.
Монополияга каршы орган бардык зарыл болгон документтерди алгандан күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен арыз ээсине өзүнүн чечими жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
3. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу тийиштүү уюмдун үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо же макулдашуу процессинде туура эмес маалыматтар берилсе, анда монополияга каршы орган өтүнүчтү четке кагууга укуктуу.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чарба жүргүзүүчү субъекттер бириктирилген, кошулган, кайра түзүлгөн жана жоюлган учурда, аларды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каттоо органы тарабынан монополияга каршы органдын алдын ала макулугу менен гана жүзөгө ашырылат.
Ушул беренени бузуу менен иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын бирикмелеринин мамлекеттик каттоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп таанылат.";
6) 14-беренеси "маалыматтарды'' деген сөздөн кийин ", анын ичинде коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка маалыматтарды" деген сөздөр менен толукталсын, "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 15-беренесиндеги "чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча да" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка маалыматты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 18-беренесинин 1-бөлүгү "өз демилгеси боюнча" деген сөздөрдөн кийин "жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын," деген сөздөр менен толукталсын;
9) 18-1-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "монополияга каршы орган" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин аракети жөнүндө ачык билдирүү жана/же мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын пландалган аракеттери жөнүндө маалыматтар эскертүүнү жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат, эгерде мындай аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келсе жана монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 324 жана 325-статьялары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"324-статья. Бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу
Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (социалдык маанилүү товарларга карата максималдык бааларды, табигый монополия субъекттеринин товарларына, жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө баалардын (тарифтердин) деңгээлин) кымбаттатуу, монополияга каршы мыйзамдарга жана ички соода жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген бааларга карата белгиленген үстөктөрдү, максималдык үстөктөрдү кымбаттатуу, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Товарлардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларын (тарифтерин) арзандатуу, ички соода жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган бааларга карата белгиленген минималдык үстөктү (минималдык бааны) арзандатуу, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
325-статья. Мыйзамсыз киреше алууга (каражат түшүрүүгө) багытталган аракеттер
Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) кымбаттатуунун жана табигый монополия субъекттеринин мамлекеттик реестрлерине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин, ошондой эле товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) баасы мамлекеттик жөнгө салынуучу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) өз убагында төмөндөтпөөнүн эсебинен алынган каражатты бюджетке чегербөө же өз убагында чегербөө, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|