Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 215
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жарандар, ошондой эле анын кызматкерлери кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн жазык-аткаруу тутумунун органдарынын аскердик-врачтык комиссияларынан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |