Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июну № 33
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2024-жылдын 16-февралындагы № 59, 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2024-жылдын 16-февралындагы № 59, 2025-жылдын 10-мартындагы №124 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 75 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 778 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Келечек» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 26-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 462 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Келечек» мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 19-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө» токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Механизациялаштырылган көчмө колонна» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын15-октябрындагы № 471 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 534 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы» дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-январындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы «Механизациялаштырылган көчмө колонна» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
5.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка республикалык бюджеттен тиешелүү жылдарга каралган финансы каражаттарынын жана бекитилген штаттык санынын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.».
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |