Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 701 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" жана "Мамлекеттик мүлктүн маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө
1-берене. Жөнгө салуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү процессинде пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын иш-аракети төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) менчик ээлеринин, алардын мураскорлорунун жана укугун мурастоочулардын мамлекетке алынган, конфискацияланган, же болбосо аталган адамдардын эркине каршы башка ыкма менен мамлекеттик же муниципалдык менчикке алынып коюлган мүлккө мүлктүк укуктарын калыбына келтирүүгө;
2) менчиктештирүү объекти болуп саналган имаратка же курулмага бекитилген жер участокторунан башка, жерлерди менчиктештирүүгө;
3) жаратылыш ресурстарын менчиктештирүүгө;
4) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондун менчиктештирүүгө;
5) мамлекеттик материалдык резервди менчиктештирүүгө;
6) жүгүртүүгө чек коюлган мүлктү менчиктештирүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мамлекеттик менчикти менчиктештирүүгө;
8) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу учурларында;
9) Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин аткаруу алкагында мамлекеттик мүлктү сатуу учурунда;
10) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу алкагында мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу учурунда.
Ушул беренеде аталган мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Мамлекеттик мүлк - мамлекеттин менчигинде турган буюмдардын жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы, анын ичинде чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы акциялар, үлүштөр, мүлктүк комплекстер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр;
кыймылдуу мүлк - алгачкы жана баалуу кагаздарды кошпогондо, кыймылдуу мүлккө кирбеген буюмдар;
чет өлкөлүк жак - чет өлкөлүк юридикалык жак, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк юридикалык жак - юридикалык жак, ал:
- чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
- толугу менен бир же андан көп чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга таандык;
- жазуу жүзүндө контракт, көпчүлүк добуш берүүчү акцияларды сатуу укугу, аткаруучу же байкоочу органдардын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу чет өлкөлүк бир же андан көп жеке же юридикалык жактар контролдоочу жана башкаруучу;
- мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;
- Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга же жогоруда айтылган юридикалык жакка таандык, уставдык капиталынын 20дан кем эмес пайызына ээ;
кыймылсыз мүлк - жер участоктору, жер казынасынын участоктору, обочолонгон суу объекттери жана жерге байланышкан, алардын багытталышына жараша зыян келтирмейинче жылыштырууга мүмкүн болбогон бардык нерселер, анын ичинде токойлор, көп жылдык бак-дарактар, имараттар, жайлар, курулмалар;
мамлекеттик өзгөчө менчик объекттери - мамлекеттик бюджеттин каражаттары, алтын запасы, жер, жер казынасы, суулар, аба мейкиндиги, токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жаратылыш ресурстары жана мамлекеттин менчигинде гана турган башка мүлк;
оффшордук зоналар - жеңилдетилген салыктык режим берилген жана (же) финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалымат берүүнү жана анын ачыктыгын карабаган, тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген аймактар;
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген менчиктештирилүүгө тийиш болгон мамлекеттик мүлктүн тизмеси;
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү - мамлекеттин менчигинде турган мүлктү жеке жана юридикалык жактардын менчигине кайтарымдуу негизде ээликтен ажыратуу;
рыноктук нарк - тиешелүү маркетингден кийин сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда коммерциялык бүтүмдү баалоо датасына карата мүлк алмашыла турган эсептешүүнүн акчалай суммасы, мында ар бир тарап компетенттүү, этияттык менен жана мажбурлоосуз аракет кылат;
тооруктар - аукцион, милдеттенмелери бар аукцион, кийин сатып алуу менен мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимин түзүү укугуна аукцион, фонддук биржада мамлекетке таандык акцияларды сатуу боюнча тооруктар;
чарбалык коом - акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом.
3-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
4-берене. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын системасы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты аныктайт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу концепциясын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
3) Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планынын долбоорун түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
4) Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт.
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мамлекеттик мүлккө менчик укугун ишке ашырат;
2) мамлекеттик мүлктү эсепке алууну жана инвентаризациялоо жүргүзүүнү уюштурат;
3) мамлекеттик мүлк объекттеринин реестрин жүргүзөт;
4) чарбалык коомдордун уюштуруучусунун жана кошо уюштуруучунун ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
5) чарбалык коомдордо акционердин же катышуучунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
6) мамлекеттик ишканалардын жана акциялардын контролдук мамлекеттик пакети (үлүштүк катышы) менен чарбалык коомдун финансылык-чарбалык ишине мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
7) мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик менчик формасындагы мекемелерге бекитилген мүлктүн максаттуу багыты боюнча колдонулушуна мониторинг жүргүзөт;
8) бекитилген Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планынын алкагында мамлекеттик мүлктү сатат;
9) мамлекеттик мүлктү сатып алуучулардын, ишенимдүү башкаруучунун, ижарага алуучунун жана пайдалануучунун келишимдик милдеттенмелерди аткаруусун контролдойт жана эсепке алат;
10) салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн жана башкаруудан түшкөн кирешелердин республикалык бюджетке чегерилишин камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
11) жеке менчик укугун жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырат;
12) мамлекеттик мүлктү башкаруунун уюштуруу-тескөө, ыкчам жана учурдагы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат.
4. Ушул беренеде аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзамда аныкталган өзүнүн ыйгарым укуктарын башка субъекттерге берүүгө укуктуу эмес.
5-берене. Менчиктин мамлекеттер аралык маселелери
1. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттин аймагында жайгашкан менчигин менчиктештирүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгары укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен, ошол мамлекеттин мыйзамдары боюнча ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттин аймагында жайгашкан мүлкүнө карата менчик укуктарын ишке ашыруу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына жайгашкан объекттерге карата чет мамлекеттердин менчик укуктарын ишке ашыруу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
6-берене. Менчиктештирүү объекттери
Менчиктештирүү объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы акциялар жана үлүшү;
2) мүлктүк комплекстер;
3) кыймылсыз мүлк;
4) ага карата мыйзамдар менен менчиктештирүүгө тыюу салуу белгиленбеген башка мамлекеттик мүлк.
7-берене. Менчиктештирүүгө тыюу салынган мамлекеттик мүлк
1. Төмөнкү мамлекеттик мүлктөр менчиктештирилүүгө жатпайт:
1) мамлекеттин гана менчигинде болгон объекттер;
2) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мүлктүк комплекстери, имараттары. курулмалары жана жер участоктору:
3) тарыхый жана маданий эстеликтер;
4) тарыхый-маданий баалуулуктарга кирген, Кыргыз Республикасынын аймагынан табылган кенчтер, археологиялык табылгалар;
5) жалпы улуттук маанидеги дене тарбия - ден соолукту чыңдоо, спорттук жана спорттук-техникалык курулмалар;
6) Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондунун документтери, ошондой эле мамлекеттик архив мекемелеринин имараттары жана жайлары;
7) жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтар;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картография-геодезикалык фондунун материалдары жатта маалыматтары;
9) илимий-техникалык маалыматтардын мамлекеттик ресурстары;
10) мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктардын запасы;
11) жарандык коргонуунун объекттери;
12) жалпы пайдаланылуудагы темир жана автомобиль жолдору жана аларга инженердик курулмалар, темир жол инфратүзүмү, ведомстволук автомобиль жолдору;
13) автовокзалдардын имараттары;
14) мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кыймылсыз мүлкү;
15) мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кыймылсыз мүлкү;
16) башталгыч кесиптик билим берүү мамлекеттик системасына бекитилген мүлк;
17) гидрометеорология жаатында пайдаланылып жаткан жана айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү технологиялык процессинин, ошондой эле байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана жайылтуунун бирдиктүүлүгүн камсыз кылган мүлк;
18) чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системасынын объекттери;
19) улуттук статуска ээ болгон саламаттык сактоо уюмдарынын имараттары жана курулмалары, медициналык-санитардык жардамдардын өзүнчө түрлөрүн көрсөткөн жатта ошол аймакта жалгыз болуп саналган саламаттык сактоо мекемелери;
20) донордук кандарды жана анын компоненттерин даярдаган, кайра иштеткен, сактаган саламаттык сактоо уюмуна бекитилген мүлк;
21) маданият жана искусство объекттери:
22) музейлердин мүлкү;
23) облустук, шаардык, райондук мамлекеттик китепканалардын кыймылсыз мүлкү;
24) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кыймылсыз мүлкү;
25) кинематографияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу учурларын кошпогондо, улуттук фильмдердин баштапкы материалдары, киносанжыранын баштапкы материалдары сакталып турган, киносанжыраны тартууга, балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдерди тартууга жана көрсөтүүгө адистешкен, фильмдерди көргөзүүнү ишке ашыруучу жана ошол калктуу конушта жалгыз кинематография уюмдары болуп саналган, тарых, маданият жана көркөм өнөр эстеликтеринин категориясына киргизилген кинематография уюмдарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын борбордук кинотеатрларынын кыймылсыз мүлкү;
26) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кыймылсыз мүлкү;
27) Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттери.
8-берене. Мамлекеттик мүлктү сатуучу
1. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен келишимдин негизинде электрондук соода аянтчасында оператордун функциясын аткаруучу адистештирилген уюмдун электрондук форматында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктардын уюштуруучусу кылып аныктоо жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Электрондук соода аянтчасынын операторунун укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги, ошондой эле мамлекеттик мүлктү электрондук форматта менчиктештирүү боюнча тооруктарды өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
9-берене. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар
1. Төмөнкүлөр мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар боло алышпайт:
1) мамлекеттик мекемелер жана ишканалар;
2) белгиленген тартипте аракетке жарамсыз деп таанылган жеке жактар;
3) банкрот процессинде турган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
4) оффшордук зоналардын субъекттери. ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектиси болуп саналган мүлккө карата - уюштуруучусу же катышуучусу оффшордук зоналардын субъекттери болуп саналган юридикалык жактар;
5) өзгөчө статуска ээ болгон, Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында жайгашкан кыймылсыз мүлккө карата - кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар.
2. Чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акцияларды жана үлүштөрдү, мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплексин менчиктештирүү боюнча тооруктардын шарттарында сатып алуучунун уюштуруу-укуктук формасына, анын бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматты ачууга, тиешелүү чөйрөдөгү иш тажрыйбасына жана ишкердик аброюна, капиталынын өлчөмүнө, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө карата талаптар болушу мүмкүн.
10-берене. Менчиктештирүү объекттеринин курамына кирген жер участокторуна чет өлкөлүк жактардын укугун тариздөө өзгөчөлүгү
1. Мүлктүк комплексти, имаратты же курулманы менчиктештирүүдө ушундай мүлктүк комплекстин курамына кирген же ушундай имаратка же курулмага жанаша жайгашкан жер участогу чет өлкөлүк жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
2. Мүлктүк комплексти, имаратты же курулманы менчиктештирүү боюнча тооруктарды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө алып жаткан мамлекеттик мүлккө карата чет өлкөлүк жактын укугун тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
11-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн максаттары
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү төмөнкүдөй максаттарда демилгеленет:
1) экономиканын мамлекеттик секторуна инвестицияларды тартуу;
2) айрым товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү;
3) мамлекеттик инфратүзүмдүк объекттерди реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана модернизациялоо;
4) мамлекеттик уюмдардын профилдик эмес объекттерин реконструкциялоо;
5) республикалык бюджеттин кирешесин толтуруу;
6) пайдаланылбай турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу тескөө;
7) чакан жана орто ишкердиктин субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
8) мамлекеттин катышуусундагы чарбалык коомдордо корпоративдүү башкаруу механизмдерин ишке киргизүү;
9) республиканын фондулук рыногуна дем берүү.
12-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алуу
1. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планына ылайык ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Менчиктештирүү планында менчиктештирүүнүн болжолдонгон мөөнөтү жана ыкмасы көрсөтүлүү менен мамлекеттик менчик объекттеринин тизмеси камтылат:
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын саны жана үлүштөрдүн өлчөмү;
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон мүлктүк комплекстер жана кыймылсыз мүлк.
3. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планы орто мөөнөттүк мезгилге кабыл алынат жана аны кийинки мөөнөткө карата бекиткенге чейин колдонулат. Менчиктештирүү планынын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аны аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчётту берет.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планын аткаруу жөнүндө отчётту кароонун жыйынтыгы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин баалоонун көрсөткүчү болот.
4. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын, үлүштөрдүн ири мамлекеттик пакеттерин менчиктештирүүнүн жеке программаларын беките алат.
Менчиктештирүүнүн жеке программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте консалтингдик компанияларды ишке тарта алат.
5. Мамлекеттик кыймылдуу мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте ишке ашырылат.
13-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планын түзүү тартиби
1. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планын түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик ишканаларды, чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын, үлүштөрдүн мамлекеттик пакеттерин төмөнкүдөй негиздер болсо Менчиктештирүү планынын долбооруна киргизүү маселесин демилгелейт:
1) мамлекеттик ишкана жана чарбалык коом стратегиялык объект болуп саналбаса жана атаандаштык жөнүндө мыйзамга ылайык үстөмдүк абалды ээлебесе;
2) мамлекеттик ишкана жана чарбалык коом өндүргөн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө мамлекеттик тапшырыктын үлүшү 50 пайыздан аз болсо;
3) мамлекеттик ишкана жана чарбалык коом өнүктүрүүнүн өлкөлүк жана тармактык программаларынын алкагында стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышпаса;
4) мамлекеттик ишканага жана чарбалык коомго республикалык бюджеттен субсидиялар, мамлекеттик инвестициялар жана кредиттер бөлүнбөсө.
3. Мамлекеттик ишканаларды, чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын, үлүштөрдүн мамлекеттик пакеттерин Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планынын долбооруна кошуу маселеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же тармактык мамлекеттик органдын негиздүү сунушу боюнча да демилгелениши мүмкүн.
14-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү ыкмалары
1. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү төмөнкүдөй ыкмалар менен ишке ашырылат:
1) аукциондо сатуу;
2) милдеттенмелери бар аукциондо сатуу;
3) кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү;
4) салым катары чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына кошуу;
5) акцияларды фондулук биржага жайгаштыруу жана сатуу;
6) түз сатуу.
2. Эгерде мамлекеттик мүлктү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү планында аныкталган ыкма менен менчиктештирүү ишке ашпай калса, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган башка ыкмалар менен ишке ашырууга укуктуу.
15-берене. Аукцион
1. Аукцион ачык тооруктарды өткөрүү аркылуу менчиктештирүү ыкмасы болуп саналат, анда тооруктун жүрүшүндө менчиктештирүү объекти үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу мамлекеттик мүлктү сатуу-сатып алуу келишимин түзүү укугуна ээ болот.
2. Аукционду өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
16-берене. Милдеттенмелери бар аукцион
1. Милдеттенмелери бар аукцион ачык тооруктарды өткөрүү аркылуу менчиктештирүү ыкмасы болуп саналат, анын шарттарында сатып алуучу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алдын ала белгиленген милдеттенмелерди кабыл алуусу каралат.
Тооруктун жүрүшүндө менчиктештирүү объекти үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу мамлекеттик мүлктү сатуу-сатып алуу келишимин түзүү укугуна ээ болот.
2. Милдеттенмелери бар аукциондун шарттарында сатып алуучу үчүн төмөнкүдөй милдеттенмелер камтылышы мүмкүн:
1) менчиктештирүү объектинде ишке алуунун деңгээли боюнча милдеттенмелер;
2) социалдык чөйрөдөгү объекттерди сактоо боюнча милдеттенмелер;
3) инвестициялардын көлөмү боюнча милдеттенмелер;
4) материалдык-техникалык базаны модернизациялоо боюнча милдеттенмелер;
5) карызын төлөө боюнча милдеттенмелер;
6) таза пайданы көбөйтүү боюнча милдеттенмелер;
7) уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелер;
8) айланы-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер;
9) мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплексинин тармактык профилин, чарбалык коомдун ишинин профилин, кыймылсыз мүлктүн максаттуу багытын аныкталган мөөнөттүн ичинде сактоо боюнча милдеттенмелер;
10) сатып алган мүлктү аныкталган мөөнөттүн ичинде түз же кыйыр ээликтен ажыратпоо боюнча милдеттенмелер;
11) менчиктештирүү объектине үчүнчү жактардын укуктарына, анын түйшүк салуусуна, объектке карата соттук жана соттук эмес талаптарга байланыштуу тобокелдиктерди кабыл алуу боюнча милдеттенмелер.
Сатып алуучуга ушул беренеде айтылгандардан башка милдеттенмелерди коюуга жол берилбейт. Бардык милдеттенмелердин сандык же салаттык өлчөмдөрү, ошондой эле алардын аткарылуучу мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.
3. Милдеттенмелери бар аукционду өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
17-берене. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү
1. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү менчиктештирүүнүн ыкмасы болуп саналат, ага ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кийин сатып алуу укугу менен мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугун алууга ачык аукцион өткөрөт.
2. Мамлекеттик мүлктү пайдалануунун келишимде белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин, ижарага алуучу көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ижара келишиминин шарттарын өз учурунда, толук көлөмдө жана тиешелүү деңгээлде аткарса, ал ижарага алган объектти сатып алуу укугуна ээ болот.
3. Ижарачыда ижарага алган объектти сатып алуу укугу пайда болушу үчүн мамлекеттик мүлктү пайдалануу мөөнөтү үч жылдан кем болбошу керек.
4. Кийин сатып алуу менен мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
18-берене. Чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу
Мамлекеттик мүлктү чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат:
1) чарбалык коомду уюштурууда уставдык капитал түзүү үчүн;
2) чарбалык коомдун уставдык капиталына кошумча салымдарды кошууда.
19-берене. Түз сатуу
1. Түз сатуу мамлекеттик мүлктү белгилүү бир жакка менчикке берүүнүн усулу болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик мүлктү түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) чарбалык коомдор жөнүндө мыйзамга ылайык, ошол коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акцияларды же үлүштөрдү сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ болгон жабык акционердик коомдордун акционерлерине же жоопкерчилиги чектелген коомдордун катышуучуларына уставдык капиталдагы акцияларды же катыштык үлүшүн сатууда;
2) объектти менчиктештирүү боюнча катары менен эки жолудан кем эмес өткөрүлгөн тооруктардын ар биринде жалгыз катышуучу болуп саналган жакка мамлекеттик мүлктү сатууда;
3) "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвесторлор менен түз сүйлөшүү аркылуу инвестициялык макулдашууларды түзгөндө.
3. Мамлекеттик мүлктү түз сатуу ыкмасын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
20-берене. Акцияларды фондулук биржага жайгаштыруу жана сатуу
1. Мамлекетке таандык акцияларды фондулук биржага жайгаштыруу жана сатуу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
2. Мамлекетке таандык акцияларды чет мамлекеттердин фондулук биржаларында жайгаштыруу жана сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча, биржа тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
3. Мамлекетке таандык акцияларды фондулук биржага жайгаштыруу ыкмасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Мамлекетке таандык акцияларды фондулук биржага жайгаштыруу баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучусу аркылуу жүргүзүлөт.
Баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучусу менен келишимде мамлекетке таандык акцияларды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилеген баадан төмөн сатпоо жөнүндө милдеттенме камтылышы керек.
21-берене. Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун кошумча чыгарылган акцияларын жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрү
Акционер - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан демилгеленген жана кошумча чыгарылган акцияларды сатып алуунун артыкчылык укугунан баш тартууга алып келген, акционердик коомдун акцияларынын кошумча эмиссиялары жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылууга тийиш.
22-берене. Мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүү
1. Мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүүнүн негизги формасы - акционерлештирүү болот. мында мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасы акционердик коомго өзгөртүп түзүлөт жана акцияларынын 100 пайызы мамлекеттин менчигине таандык болот. Эгерде мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн бааланган наркы чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамда каралган өлчөмдө акционердик коомдун уставдык капиталын түзүү үчүн жетишсиз болсо мамлекеттик ишкана жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүлөт.
2. Мамлекеттик ишкананы чарбалык коомго өзгөртүп уюштуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылат.
Мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп уюштуруу жана жоюу мыйзамдарда каралган тартипте монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
3. Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон чарбалык коом, анын бардык укуктарын жана милдеттенмелерин, анын ичинде эмгектик мамиле жагындагы укуктары менен милдеттенмелерин да улантуучу болуп саналат.
4. Мамлекеттик ишкананы чарбалык коомго өзгөртүп түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
23-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө маалымат
1. Менчиктештирүү боюнча боло турган тооруктар жөнүндө маалыматтык билдирүү ал өткөрүлгөнгө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен, ал эми стратегиялык объекттер үчүн - 90 календардык күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Маалыматтык билдирүүдө тоорукту өткөрүү убактысы, жери жана формасы, анын предмети жана өткөрүү тартиби, анын ичинде тоорукка катышууну тариздөө, тоорукту жеңип чыккан жакты аныктоо, баштапкы баасы, менчиктештирүү объектине карата оорчулуктар жана юридикалык талап коюулар тууралуу маалыматтар камтылышы керек.
Менчиктештирүү объекттерин сатууда маалыматтык билдирүү формасында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш болгон маалыматтардын толук тизмесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
Сатып алуучулар менчиктештирүү объекти жөнүндө башка маалыматтар менен маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн жерден тааныша алышат.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылууга тийиш:
1) Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн планын аткаруу жөнүндө;
2) тооруктар өткөрүлгөндөн жана аталган бүтүмдөр түзүлгөндөн кийин эки күндүк мөөнөттө - менчиктештирүү боюнча тооруктардын жыйынтыктары жана түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө, анын ичинде тооруктардын датасы, предмети жана тооруктун жеңүүчүсү, менчиктештирүү методу, тооруктун баштапкы баасы жана объект сатылган акыркы баа тууралуу.
24-берене. Менчиктештирүү объекттерин баалоо
1. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү үчүн рыноктук баасын аныктоо максатында ал бааланат.
2. Мамлекеттик мүлктү баалоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте баалоочу уюмдарды жана баалоочуларды тартат.
Баалоочу уюмдар жана баалоочулар мамлекеттик мүлктү баалоо жөнүндө отчёттун мазмуну үчүн жоопкерчилик тартышат.
3. Тоорукка коюлган менчиктештирүү объектинин баштапкы баасын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тооруктардын так шарттарын эске алуу менен менчиктештирүү объектинин рыноктук баасы жөнүндө отчёттун негизинде бекитет.
25-берене. Мамлекеттик мүлктүн наркын төлөө
1. Мамлекеттик мүлктүн наркын төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
2. Сатып алып жаткан мамлекеттик мүлккө сатып алуучу тарабынан сатуу-сатып алуу келишимине кол коюлгандан кийин бир айдын ичинде бир жолу акы төлөнөт.
Мамлекеттик мүлктү кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү методу боюнча менчиктештирүүдө сатып алуу наркын төлөө ижарага алуучу тарабынан кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү келишиминде каралган мөөнөттө жүргүзүлөт.
26-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарын чегерүү
1. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттары белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет.
2. Эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттары республикалык бюджетке өз учурунда чегерилбесе, салыктарды жыйноо боюнча иштерди координациялоо жана жөнгө салуу компетенциясына ээ болгон аткаруу бийлигинин органы, анын аймактык органдары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебинен аталган акча каражаттарын талашсыз тартипте алып коюу укугуна ээ.
27-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн тариздөө
1. Аукциондун, милдеттенмелери менен аукциондун, түз сатуунун, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучу тарабынан сатып алуунун жыйынтыгында менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү сатууда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен сатып алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатуу-сатып алуу келишими түзүлөт.
2. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү, чарбалык коомдук уставдык капиталына салык катары киргизүү, акцияларды фонддук биржага жайгаштыруу жана сатуу методдору боюнча менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү сатуу тууралуу бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет.
3. Мамлекеттик мүлктү сатуу-сатып алуу келишими милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматты;
2) келишимдин предметин аныктоо;
3) менчиктештирүү объекти жөнүндө маалыматты;
4) мамлекеттик мүлктүн сатылуучу баасын;
5) сатып алган мүлк үчүн төлөмдүн формасын жана мөөнөтүн;
6) эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү шарттарында сатып алуучунун төмөнкүдөй айрым милдеттенмелерди кабыл алуусу каралса:
- сандык жана сапаттык жагынан алганда, сатып алуучунун аткаруу мөөнөтү менен милдеттенмелери;
- сатып алуучунун келишимдик милдеттенмелерди аткаруусун ырастоо тартиби;
- сатып алуучунун келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын кесепеттери;
7) келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби.
4. Мамлекеттик мүлккө карача менчик укугу мамлекеттик мүлктү сатуу-сатып алуу келишиминде белгиленген тартипте мамлекеттен сатып алуучуга өтөт.
Тооруктун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн мамлекеттик мүлктү сатуу-сатып алуу келишиминде сатып алуучуга сатып алган мамлекеттик мүлккө карата менчик укугу анын наркы төлөнгөндөн же келишимдик милдеттенмелер аткарылгандан кийин өтөөрү жөнүндө шарттар каралышы мүмкүн.
28-берене. Мамлекеттик мүлктү менчиктеттирүү бүтүмдөрүнүн жараксыздыгы
1. Эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатуу-сатып алуу келишиминин шарттарын бузуу менен ишке ашырылса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мүлктү сатып алуучулар, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдүн эскириши боюнча мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн бузуу, жоопкерчилик чараларын көрүү, аталган бүтүмдөрдү жокко чыгаруу, жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттерин жоюу, Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушун жоюу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу сот тартибинде доо коюуга (иш козгоого) укуктуу.
2. Мамлекеттик мүлктү сатуу-сатып алуу келишимдеринде анын саны көрсөтүлбөсө, келишим түзүлгөндөн тартып жараксыз деп таанылат жана укуктук кесепеттерди алып келбейт.
3. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жараксыз деп таануу жөнүндө талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамында каралган тартипте жана мөөнөттө сотто каралат.
4. Мамлекеттик мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген методдордон айырмаланган методдор менен менчиктештирүүгө жол берилбейт, ал эми мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн тиешелүү бүтүмдөрү аларды түзгөн учурдан тартып жараксыз деп таанылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт.
5. Сатып алуучу тарабынан келишимде каралган милдеттенмелер толук аткарылган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө келишимге карата жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттери колдонулбайт жана мындай келишим ушул берененин жоболоруна ылайык жараксыз деп таанылбайт.
29-берене. Менчиктештирүүдөн баш тартуу
Объектти менчиктештирүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат:
эгерде жак ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык сатып алуучу боло албаса;
объектти менчиктештирүүгө чектөө коюлган же тыюу салынган болсо.
30-берене. Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды жана менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулууга тийиш.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
соттордо Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга;
кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына материалдарды жиберүүгө.
31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.);
2) 2008-жылдын 23-майындагы № 96 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 3-майы, № 38);
3) 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 6-ноябры, № 94);
4) 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 24-июну, № 49);
5) 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 13-ноябры, № 100);
6) 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 25-июлу, № 58).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик мүлк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьясынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдарынан башка, граждандар жана (же) юридикалык жактар жоопкерчилиги чектелген коомдун, кошумча жоопкерчилиги бар коомдун катышуучусу жана коммандиттик шериктиктин салым салуучулары боло алышат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан уюштурууга, кошо уюштурууга жана жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун укуктарын ишке ашырууга укуктуу.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу максатында жоопкерчилиги чектелген коом же кошумча жоопкерчилиги бар коом түрүндө түзүлүүчү долбоордук компаниянын уюштуруучусу болууга укуктуу.
Мамлекеттик ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен уюштурууга, кошо уюштурууга жана жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун укуктарын ишке ашырууга укуктуу.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
26-статьясынын 2 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
"Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 110-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статьясынын 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "акысыз же жеңилдиктүү негизде" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү "мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Программа жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен программа боюнча" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамга ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти