Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 142
"Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 "Эркин Тоо" газетасы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 158-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Убактылуу администратордун жана ишке тартылган, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администратор дайындалган банкта Убактылуу администратордун жана ал тарабынан ишке тартылган, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегин төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгымдар Улуттук банктын эсебинен төлөнөт жана алар кийин Убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна чегерилет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын эсебинен төлөнөт.
Ушул бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык Улуттук банктын жүргүзгөн чыгымдары Убактылуу администрациянын иши токтотулган учурда банк тарабынан, ал эми банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда - ушул Мыйзамдын 189-беренесинде белгиленген насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгүнө ылайык төлөнөт.";
2) 176-беренесинин:
- 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, бирок Убактылуу администрациялоо киргизилгенге же лицензия чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде жоюлуп жаткан банктын башкармасынын төрагасынын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүнөн же банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу күнүнө чейин өз ишин аткарып жаткан Убактылуу администратордун сый акысынан ашпаган өлчөмдө Улуттук банктын сунушу боюнча сот тарабынан белгиленет. Жоюучу ишке тартылган кызматкерге жоюучунун сый акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт.";
3) 177-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жоюу жол-жобосу жүрүп жаткан банктын кызыкчылыгында сотко доо берилген учурда жоюучу бардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары бардык соттордо мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулат.";
4) 183-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"183-берене. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары)
1. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жоюучунун билдирүүлөрдү жана кулактандырууларды жарыялоого чыгымдарын;
2) банктын активдерин издөө, өндүрүү, баалоо жана сатуу менен байланышкан чыгымдарын;
3) банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды;
4) жоюучуга акы төлөөнү жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын;
5) топтомо фондунун каражаттарын;
6) ишин улантуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөмдөрү жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр (электр энергиясы, суу менен камсыздоо, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөөлөр жана башкалар) менен байланышкан чыгымдарды.
2. Банкты жоюу жол-жобосун ишке ашырууда банкта административдик чыгымдардын ордун жабуу үчүн ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда банктын жоюучусунун жүйөлүү кайрылуусу боюнча ал чыгымдар Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен жабылышы мүмкүн.
3. Улуттук банк административдик чыгымдардын ордун жабууга акча каражаттарын банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде сунуштайт.
4. Каражаттарды берүү тартиби жана Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө турган административдик чыгымдар Улуттук банк тарабынан аныкталат.
5. Улуттук банк жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө акча каражаттарын ушул Мыйзамдын 182-беренесине ылайык жоюучу тарабынан ачылган атайын эсепке которот.
6. Административдик чыгымдар үчүн Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна берилген акча каражаттары жоюу массасына кирбейт жана ушул Мыйзамдын 188-беренесине ылайык жоюучунун административдик чыгымдарын түзөт жана жоюучу тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын ордун жабуу кезектүүлүгүнө карабастан төлөнүүгө тийиш.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 "Эркин Тоо" газетасы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп түзүлөт, ал эми атайын администратор жоюучу статусуна ээ болот, ошону менен бирге статустун мындай өзгөрүп түзүлүшу/өзгөрүшү жөнүндө соттук актылар, Улуттук банктын чечимдери талап кылынбайт.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
750-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын негизинде иштөөчү жана банктардагы салымдарды коргоо системасына катышуучу банктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен анын тиешелүү лицензиясын алган банктык эмес башка финансылык-кредиттик уюмдарга гана таандык болот.".
4-берене.
Ушул Мыйзам "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|