Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 218
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө
Ушул Мыйзам террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар системасын белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) обочо турган банк (банк-тосмо) - банк катары катталган жана банк ишин жүзөгө ашырууга лицензия алган мамлекетте (аймакта) жеке өзү катыша албаган же иш жүзүндө башкаруу органдары болбогон жана натыйжалуу бириктирилген көзөмөлдө турган кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топ менен аффилирленбеген резидент эмес банк;
2) бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардардын менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке жак;
3) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүмдөр) жана оффшордук зоналар;
5) ишкер мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен аныкталган категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
6) операцияны (бүтүмдү) токтотуу жана (же) каражаттарды тоңдуруу - каражаттар менен операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө же каалаган каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүүгө, ажыратууга жана которууга тыюу салуу;
7) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө жеке маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
8) чет өлкөлүк траст - чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк трасттын уюмдаштыруучусу тарабынан түзүлгөн укук мамилелеринин системасы, анда чет өлкөлүк трасттын уюмдаштыруучусуна таандык болгон мүлк, акчалай жана башка пайданы алууга укугу бар каалаган жеке же юридикалык жактын же чет өлкөлүк юридикалык уюмдун кызыкчылыгына (пайдасына) же аныкталган максат менен ишенимдүү башкаруучунун же камкорчунун башкаруусуна берилет;
9) кардар - финансылык мекеменин же аныкталган категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекемелер же аныкталган категориядагы жактар менен ишкер мамилени түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
10) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) - эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, жосун үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында мүлк чыккан кылмыштуу булакты жашырып-жабуу же айтпай коюу же кылмыш жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максаттарында мүлктү кайра түзүү (конверсиялоо) же которуу боюнча кандай болбосун аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерге ээлик кылууга, пайдаланууга же тескөөгө укуктук түр берүү; эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, булактын чыныгы мүнөзүн, мүлктүн турган жерин, аны тескөөнүн жана ордун которуунун ыкмасын, ошондой эле мүлккө укукту же анын таандыктыгын жашырып-жабуу же айтпай коюу; же болбосо эгерде адамга мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган адамдын мүлктү жаап-жашыруусу же үзгүлтүксүз кармап туруусу; же болбосо аны алган учурда адамга мүлк кылмыштардан алынган киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу;
11) жалпыланган материал - операциялар (бүтүмдөр) жана башка маалыматтар жөнүндө билдирүүлөрдү талдоонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан даярдалган террористтик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштар жасалгандыгына шек саналгандыгы тууралуу маалыматты камтыган документ;
12) көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттер - көрсөтүүчүгө карата формасында болгон жана чеги жок жүгүртүлүп турган акча инструментери же болбосо төлөө жүзөгө ашырылып жаткан жак көрсөтүлбөгөн же акча инструменттерин алуучунун идентификациялык маалыматтары толтурулбаган акча инструменттери (жол жана банк чектери, акча жана эсептешүү чектери, векселдер, баалуу кагаздар, акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү документтик формадагы милдеттенмелери жана акча тапшырмалары);
13) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен жарандык укуктарын жана милдеттерин белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн каражаттар менен жасалган каалагандай операциялар (бүтүмдөр);
14) предикаттык кылмыштар (негизги кылмыштар) - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган каалаган кылмыш, аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) объектиси (предмети) болуп саналган киреше (каражаттар) алынат;
15) кылмыштуу киреше - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чыгарылып алынган киреше (каражаттар);
16) өз ара пайдалуу принцип - эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби, ага ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара пайда келтирүүчү, тең укуктуулук негизде жана ар бир тараптын эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмесинин негизинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырышат;
17) коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарган же мурда аткарган адам (мамлекеттердин же өкмөттөрдүн башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасында саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкарма мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
18) тобокелдикке багытталган мамиле - тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдиктерди айкындоо, баалоо, мониторингдөө, контролдоо, азайтуу даражасы) ылайык тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү;
19) санкциялык тизме - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси;
20) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
а) акча каражаттары жана каалагандай финансылык активдер;
б) мунай жана башка жаратылыш ресурстарын кошкондо экономикалык ресурстар;
в) сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн каалаган түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
г) жогоруда аталган мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү каалаган формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же инструменттер;
д) банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынган/берилүүчү акча каражаттары жа (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же башка активдерден алынган же алар тарабынан өндүрүлүп чыгарылган каалаган пайыздар, дивиденддер жана киреше;
21) эсептер - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банк эсептери же финансылык мекемелер менен кардардын ортосундагы же аныкталган категориядагы жактар менен кардардын ортосундагы ушул сыяктуу ишкер мамилелер;
22) массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо - каражаттардын ядролук, химиялык жана биологиялык куралды таратууну жана (же) аны жеткирип берүүнү каржылоо үчүн арналгандыгын же болбосо толук же жарым-жартылай колдонулаарын аңдап билүү менен каражаттарды берүү же топтоо, же болбосо финансылык кызмат көрсөтүү;
23) террористтик ишти каржылоо - каражаттар террористти жана (же) террористтик уюмду толук же жарым-жартылай каржылоо үчүн же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террористтик ишти уюштурууну, даярдоону же жасоону каржылоо үчүн же болбосо террордук актыларды жасоо, пландаштыруу, даярдоо же жасоого катышуу же террористтерди даярдоо үчүн же мындай даярдыктан өтүү максаттары үчүн, алардын жашаган же жарандыгын алган мамлекети болуп саналбаган мамлекетке бара жаткан адамдардын барып келүүсүн каржылоо үчүн арналганына же пайдаланылаарына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды кандай болбосун метод же ыкма менен тикелей же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу;
24) экстремисттик ишти каржылоо - Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жасоону каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай арналганына же пайдаланылаарына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды кандай болбосун метод же ыкма менен тикелей же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) чогултууну жүзөгө ашыруу;
25) максаттуу финансылык санкциялар - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын каалагандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактардын, топтордун жана уюмдардын каалаган каражаттарга же финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүлөрүнө (түз же кыйыр) тыюу салуу;
26) электрондук акча которуу - төлөм системаларын колдонуу менен кардардын тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылуучу акча которуунун жөнөтүүчүсүнөн алуучусуна акча каражаттарын (накталай, накталай эмес, электрондук акчалар) которуу боюнча операция;
27) юридикалык түзүмдөр - чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ишеним фонддору жана башка ушул сыяктуу юридикалык мамилелер.
2. Ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер, эгер ушул Мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана финансы системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкү укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат:
1) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү үчүн алдын алуу чараларын колдонуу боюнча;
2) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды таап чыгуу, бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү боюнча, ошондой эле ушул жосундарды жасоого түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды жоюу боюнча;
3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекет ичиндеги өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча;
4) террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча.
3-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Мыйзамга карама каршы келбеген тартипте жана шарттарда колдонулат.
2-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн субъекттери
4-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн субъекттери
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар;
2) контролдоочу органдар;
3) финансылык чалгындоо органы;
4) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары, бажы органдары (мындан ары - укук коргоо органдары), улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары.
2. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык-кеңешме органды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөт.
5-берене. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар
1. Финансылык мекемелер болуп төмөнкү юридикалык жактар саналышат:
1) ипотекалык компаниялар (уюмдар);
2) коммерциялык банктар;
3) кредиттик бирликтер;
4) лизингдик компаниялар (уюмдар);
5) күрөөканалар;
6) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер);
7) топтолмо пенсиялык фонддор;
8) алмаштыруу бюролору;
9) электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору;
10) кайра камсыздандыруу уюмдары жана брокерлер;
11) төлөм уюмдары;
12) почта байланыш ишканасы;
13) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;
14) ссудалык-аманат туракжай-курулуш кассалары;
15) камсыздандыруу уюмдары (камсыздандыруучулар);
16) камсыздандыруу брокерлери;
17) товардык биржалар;
18) электрондук акчалардын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлор).
2. Аныкталган категориядагы жактар болуп төмөнкү жеке жана (же) юридикалык жактар саналышат:
1) мамлекеттик жана жеке нотариустар;
2) түзүлгөн контракттын негизинде өз кардарынын атынан же тапшырмасы боюнча операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө даярдоо же операцияны (бүтүмдү) жасоо боюнча кесиптик негизде кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер), юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсультанттар);
3) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү сатуунун уюштуруучулары, кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкаруучулары);
4) баалуу металлдар жана таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
5) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан финансылык мекемелердин жана аныкталган категориядагы жактардын тизмеси маалыматтардын электрондук базасы түрүндө түзүлөт жана жарыяланат.
6-берене. Контролдоочу органдар
1. Контролунда турган финансылык мекемелерди жана аныкталган категориядагы жактарды көрсөтүү менен контролдоочу органдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо маселелери боюнча контролдоочу органдардын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттенмелери) өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталат.
7-берене. Финансылык чалгындоо органы
1. Финансылык чалгындоо органы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулуучу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Финансылык чалгындоо органынын максаты, милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттенмелери), ошондой эле финансылык чалгындоо органынын отчеттуулук тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө жана финансылык чалгындоо органынын жетектөөчү курамын түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө мезгилинде финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларга, кыймылдарга жана коомдук бирикмелердеги мүчөлүгү токтотулат.
4. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, финансылык чалгындоо органынын ишине өз милдеттерин жана функцияларын аткарууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
8-берене. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары ушул Мыйзамга жана алардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүшөт.
9-берене. Маалыматтарды жана документтерди берүү жана коргоо
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, соттор, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына сураган маалыматты же документти финансылык чалгындоо органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талапта белгиленген мөөнөттө беришет.
Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар суроо-талапты алган датадан тартып он иш күндүн ичинде тиешелүү контролдоочу органга контролдоочу органдардын функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон суралган маалыматты же документти берүүгө милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик ишканалары финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана көлөмдө электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
4. Финансылык чалгындоо органынын маалыматтары жана документтери, ошондой эле маалыматтар базасы купуялуу болуп саналат жана белгиленген тартипте корголот.
Финансылык чалгындоо органында иштеп чыгууда, сактоодо жана өткөрүп берүүдө маалыматтарды жана документтерди коргоо үчүн маалыматтык коопсуздуктун ички системасы түзүлөт жана иштейт.
Финансылык чалгындоо органынын маалыматтарына, документтерине жана маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органынын чечиминин негизинде гана берилет.
5. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча жазык иштерин тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органы менен маалымат алмашат.
Эгер суралган маалыматтар террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы жок болсо, маалымат алмашуу жүзөгө ашырылбайт.
6. Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына жана прокуратура органдарына өткөрүп берилген маалыматы же жалпыланган материалдары купуялуу документтер болуп саналат жана террористтик, экстремисттик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга бөгөт коюуда жана бетин ачууда гана колдонулат.
Финансылык чалгындоо органынын маалыматын же жалпыланган материалдарын берүүнүн жана карап чыгуунун тартибин, ошондой эле аларды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
7. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары финансылык чалгындоо органынын маалыматынын жана жалпыланган материалдарынын купуялуулугун (үчүнчү жактарга бербейт жана ачыкка чыгарбайт) камсыздашат.
8. Төмөнкүлөр кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуу жөнүндө маалыматтар боюнча) же башка сырды бузуу же ачыкка чыгаруу деп саналбайт:
1) ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды же документтерди, анын ичинде электрондук форматта жана электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгүн финансылык чалгындоо органына берүү;
2) финансылык мекемелердин жана аныкталган категориядагы жактардын тиешелүү контролдоочу органга маалыматтарды жана документтерди берүүсү;
3) финансылык чалгындоо органы тарабынан маалыматты же жалпыланган материалды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, прокуратура органдарына жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына берүүсү.
3-глава. Алдын алуу чаралары
10-берене. Тыюу салынган иш-аракеттер
1. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого;
2) Санкциялык тизмеге киргизилген жактарга түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу), толук же жарым-жартылай каражаттарды берүүгө же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүүгө;
3) обочо турган банктарды түзүүгө же обочо турган банктардын ишин улантууга, же болбосо өзүнүн эсептерин обочо турган банктардын пайдалануусуна уруксат берүүчү обочо турган банктарга же банк-респонденттер менен түз корреспонденциялык мамилелерди түзүүгө же улантууга, ошондой эле банктык жана ушул сыяктуу эсептердин обочо турган банктар тарабынан пайдаланылуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралбаган чет өлкөлүк трасттарды жана юридикалык түзүмдөрдү түзүүгө же иштетүүгө;
5) каалаган операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү үчүн мыйзамсыз жана идентификацияланбаган (жашырын) алдын ала төлөнгөн картаны колдонууга, эгерде аларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен башка талаптар белгиленбесе;
6) жашырын эсептерди же атайылап ойдон чыгарылган аттарга эсептерди ачууга жана (же) жүргүзүүгө;
7) төлөм системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү лицензиясы жана (же) каттоосу жок акчаларды жана баалуулуктарды которуу кызматын көрсөтүүгө.
2. Финансылык мекемелердин жана аныкталган категориядагы жактардын жетекчилерине жана кызматчыларына шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнүн же финансылык чалгындоо органы сураган башка маалыматтын финансылык чалгындоо органына өткөрүлүп берилерин же өткөрүлүп берилген фактысын кардарга же үчүнчү жактарга айтууга же аларды эскертүүгө тыюу салынат. Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды өткөрүп берүү фактысы тууралуу үчүнчү жактарга кабарлоо Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүү талап кылынган учурларда гана мүмкүн болот.
3. Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлерине, анын ичинде жетекчилигине жана мурунку кызматкерлерине, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимин түзгөн адамдарга, кызматы же эмгек мамилелери токтотулгандан кийин, ушул Мыйзамда каралган учурларды жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүү керек болгон учурларды кошпогондо, аныкталган адамдардын пайдалануусу чектелген финансылык чалгындоо органынын иши тууралуу купуялуу маалыматтарды же болбосо кызматтык же эмгектик милдеттерди аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болуп калган башка кызматтык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, берүүгө жана кандайдыр бир жол менен колдонууга тыюу салынат.
11-берене. Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) Кыргыз Республикасында бар болгон террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо (мындан ары - тобокелдиктерди улуттук баалоо) боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартибин;
2) тобокелдиктерди улуттук баалоону жүргүзүү мөөнөттөрүн;
3) тобокелдиктерди улуттук баалоого катышуучу жактардын тизмесин;
4) тобокелдиктерди улуттук баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту түзүү, бекитүү жана жарыялоо тартибин.
2. Тобокелдиктерди улуттук баалоо жөнүндө отчеттун негизинде төмөнкү чаралар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-аракеттер планын (стратегия) иштеп чыгат жана бекитет;
2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте тобокелдикке багытталган мамилени колдонушат.
12-берене. Санкциялык тизме
1. Санкциялык тизме өз ичине камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмеси;
2) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин топтомо санкциялык тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмеси төмөнкү документтердин биринин негизинде түзүлөт:
1) террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же болбосо ушул ишти каржылагандыгы үчүн жеке жакты күнөөлүү деп табылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү;
2) топторду, уюмдарды жана юридикалык жактарды террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы же ушул ишти каржылагандыгы менен байланыштуу деп табылгандыгы жана алардын ишин жоюу же тыюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
3) террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же болбосо ушул ишти каржылагандыгы үчүн шек туудурган же айыпталган жеке жактарга карата Кыргыз Республикасында чыгарылган жазык ишин козгоо жөнүндө же айыпталуучу катары жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтом;
4) террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же болбосо ушул ишти каржылагандыгы үчүн шек туудурганды, айыпталганды же соттолгонду издөөнү (улуттук жана эл аралык) жарыялангандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын, ички иштер органынын же соттун чечими;
5) жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар төмөнкүлөрдү жасагандыгына негиздүү жана жетиштүү маалыматтар бар болгон учурда даярдалган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын, ички иштер органынын же финансылык чалгындоо органынын билдирүүсү:
- террористтик жана экстремисттик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, пландаштырууга, жардам берүүгө, даярдоого же жасоого түз же кыйыр катышышат;
- террористтик же экстремисттик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр контролунда болгон же болбосо ушул жосундарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенген;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара пайдалуу принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы же ушул ишти каржылагандыгы үчүн жактарды, топторду жана уюмдарды айыптагандыгы жөнүндө чет мамлекеттин сотунун өкүмү (чечими);
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар же алар ыйгарым укук берген органдар тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси;
8) террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга же ушул ишти каржылаганга катышкан жактарга, топторго жана уюмдарга карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын же эл аралык уюмдун эл аралык суроо-талабы.
Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- Санкциялык тизмеге киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын толук же биргелешкен менчигинде же түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) контролу астында болгон юридикалык жактар, уюмдар жана топтор;
- Санкциялык тизмеге киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын атынан же тапшырмасы боюнча аракеттенген жеке жактар, юридикалык жактар, уюмдар жана топтор.
3. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмесине киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмесин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерде көрсөтүлгөн айкындалган жана жетиштүү негиздер бар болгондо кабыл алынат.
Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар аларды Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмесине киргизүү жөнүндө чечимге административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо соттук тартипте даттана алышат.
4. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмесинен төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер жокко чыгарылганда (чакырып алынганда) же колдонуу (аткаруу) мөөнөтү бүткөндө;
2) Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун карап чыгуунун натыйжалары боюнча.
5. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмесине киргизүү жана андан чыгаруу тартиби, ошондой эле аны жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин топтомо санкциялык тизмеси БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт, жаңыланат жана жарыяланат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин топтомо санкциялык тизмесине террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалыматы бар жактарды, топторду жана уюмдарды киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
13-берене. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар:
1) Санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга түз же кыйыр, толук же жарым-жартылай кандай гана болбосун каражаттарды бербөөгө же финансылык кызматтарды көрсөтпөөгө тийиш;
2) Санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын ушул жактарга алдын ала билдирбестен, кечиктирбей тоңдурууга милдеттүү;
3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарынын талаптарын аткарган убактан тартып үч сааттын ичинде, анын ичинде Санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдиришет.
2. Төмөнкү каражаттар тоңдурулууга тийиш:
1) Санкциялык тизмеге киргизилген жактар, топтор, уюмдар ээлик кылган же контролдогон каалагандай каражаттар;
2) Санкциялык тизмеге киргизилген жактар, топтор, уюмдар толук же биргелешкен негизде, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же контролдогон каражаттар;
3) Санкциялык тизмеге киргизилген жактар, топтор, уюмдар толук же биргелешкен негизде, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же контролдогон каражаттарды пайдалануу жолу менен алынган же өндүрүлгөн каражаттар;
4) Санкциялык тизмеге киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын тапшырмасы же көрсөтмөсү боюнча аракеттенген жактардын, топтордун, уюмдардын каражаттары;
5) террористтик жана экстремисттик ишти, террористтерди же экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды же массалык кыргын салуучу куралды таратуучу жактарды каржылоо үчүн арналган каражаттар;
6) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен аныкталган каражаттар.
3. Санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операциялары (бүтүмдөрү) жана (же) каражаттары аныкталбаган мөөнөткө тоңдурулат жана жеке жактар, юридикалык жактар, топтор, уюмдар Санкциялык тизмеден чыгарылганда бошотулат.
4. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонууда чынчыл ниети менен аракеттенген ак ниеттүү үчүнчү жактардын укуктарын коргоо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздалат.
5. Санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго жана уюмдарга тоңдурулган акча каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгү берилет.
6. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартиби, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
14-берене. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу боюнча чаралар
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалымат бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесине киргизилген жеке же юридикалык жак, топ, уюм тарабынан жасалган операцияларды (бүтүмдөрдү) дароо токтото турууга жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтоткон убакыттан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.
2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бардыгы тууралуу маалымат болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесин түзүү үчүн төмөнкү документтердин бири негиз болот:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жасагандыгы үчүн шек туудурган же айыпталган жеке жактарга карата Кыргыз Республикасында чыгарылган жазык ишин козгоо жөнүндө же айыпталуучу катары ишке тартуу жөнүндө токтом;
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жасагандыгы үчүн шектүүгө, айыпталганга издөө (улуттук жана эл аралык) жарыялангандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын чечими;
3) жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар төмөнкүлөрдү жасагандыгына негиздүү жана жетиштүү маалыматтар бар болгондо даярдалган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын же финансылык чалгындоо органынын билдирүүсү:
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) пландаштырууга, көмөк көрсөтүүгө, даярдоого жана жасоого түз же кыйыр катышкан;
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр контролу астында болгон же ушул эле жосундарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенген;
4) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жасаганга катышкан жактарга, топторго жана уюмдарга карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабы.
3. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө чечими кабыл алынганга чейин операциялар (бүтүмдөр) токтотулуп турат.
Мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, токтотулган операция (бүтүм) тиешелүү тартипте ишке ашырылат.
4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бардыгы тууралуу маалыматы болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинен жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер жокко чыгарылганда (чакырып алынганда) же жарактуулук (аткарылуу) мөөнөтү бүткөндө;
2) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бардыгы тууралуу маалыматы болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесине киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү кайрылуусун карап чыгуунун натыйжасы боюнча.
5. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бардыгы тууралуу маалыматы болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесин түзүү тартиби жана андан чыгаруу тартиби, ошондой эле аны жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
15-берене. Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин ачыктыгын камсыздоо боюнча чаралар
1. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ушул юридикалык жактын менчик укугуна ээлик кылган же ушул юридикалык жакты контролдогон жеке жак (мындан ары - юридикалык жактын бенефициардык ээси) жөнүндө так жана жаңыланган маалыматы түзүүгө;
2) юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды түзүлгөн датадан баштап, ушул юридикалык жактын катталган (жайгашкан) жеринде беш жылдан кем эмес сактоого.
2. Акционерлердин реестрин кармоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) юридикалык жактын акционерлеринин реестрин (мындан ары - реестр) түзүүгө жана жаңылап турууга;
2) реестрди түзгөн датадан баштап беш жылдан кем эмес сактоого;
3) реестрдеги маалыматты финансылык чалгындоо органынын суроо-талабынын негизинде, анын ичинде байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук форматта берүүгө.
3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө түзүлгөн маалыматты финансылык чалгындоо органынын суроо-талабынын негизинде, анын ичинде байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук форматта берүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалыматтар базасы түзүлөт.
Аталган электрондук маалыматтар базасын түзүү, жаңылоо, сактоо тартиби жана ага жетүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары жана Кыргыз Республикасынын контролдоочу органдары кылмышкерлердин же алар менен байланышкан адамдардын Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын маанилүү жана контролдоочу үлүшүн ээлеп калуусун жана (же) контролдоосун, же юридикалык жактын бенефициардык ээси болуп калуусун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү чараларды көрүүгө тийиш.
16-берене. Коммерциялык эмес уюмдарды коргоо боюнча чаралар
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана коомдук максаттарда акча каражаттарды же башка мүлктү жыйнаган жана (же) бөлүштүрүүчү коммерциялык эмес уюмдарды аныктоочу жана ушул коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин (мындан ары - тобокелдиктер) баалоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт.
Тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгы боюнча террористтик ишти каржылоодо пайдаланылуунун жогорку тобокелдигине дуушар коммерциялык эмес уюмдардын (мындан ары - жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар) түрлөрү аныкталат.
Тобокелдиктерди баалоонун тартиби, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен анын жыйынтыктарын талкуулоо тартиби, ошондой эле ушул баалоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз иштеринде дайыма Санкциялык тизмени пайдаланууга;
2) өзүнүн билдирилген ишинин максаттары жана милдеттери жөнүндө, өзүнүн уюштуруучулары жөнүндө, коммерциялык эмес уюмду ээлеген, контролдогон же башкарган жактар жөнүндө, бул коммерциялык эмес уюмдан каражаттарды алган жактар жөнүндө маалыматты түзүүгө жана беш жылдан кем эмес мөөнөткө сактоого;
3) өзүнүн кирешелери жана чыгымдары, каражаттар менен жүргүзүлгөн операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө финансылык отчётторду түзүүгө, ошондой эле аларды беш жылдан кем эмес мөөнөткө сактоого;
4) коммерциялык эмес уюмдун билдирилген ишине ылайык бардык каражаттарын жана алардын чыгымдарын эсепке алууну камсыз кылуучу контролдоо чараларын көрүүгө.
Жогоруда аталган көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органына, ички иштер органдарына жана улуттук коопсуздук органына алардын жазуу түрүндөгү суроо-талабынын негизинде берилет.
3. Коммерциялык эмес уюмда аны террористтик ишти каржылоого пайдаланып жатат деген шектенүү болгон учурда, ушул коммерциялык эмес уюм финансылык чалгындоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү билдирүү жиберет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүлөрдү аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталат:
1) жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар арасында террористтик ишти каржылоо тобокелдигин азайтуу маселеси боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүчү;
2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди сактоо маселеси боюнча жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоочу;
3) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди бузгандыгы үчүн натыйжалуу, пропорциялуу жана токтотуу чараларын колдонуучу;
4) коммерциялык эмес уюмдарды террористтик ишти каржылоого пайдалануу фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана изилдөө үчүн маалыматтарды жыйначу;
5) террористтик ишти жасоого же террористтик ишти каржылоого катышкан коммерциялык эмес уюмдарга карата эл аралык суроо-талаптарга жооп берүүчү.
17-берене. Накталай акча каражаттарды же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо боюнча чаралар
1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылуучу накталай акча каражаттарды жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү, ошондой эле аларды алып өтүүнү контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү накталай акча каражаттарды жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалымат жалпыланат жана анын негизинде электрондук маалыматтар базасы түзүлөт, ал декларацияланган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сакталат.
Электрондук маалыматтар базасын түзүү тартиби жана ага жетүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттардын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз алынып өтүшүн айкындоо боюнча чаралар маалыматтын талаптагыдай пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган кепилдиктерди сактоо жана мыйзамдуу акча каражаттардын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратпоо шарты менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көрүлөт.
18-берене. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата колдонулуучу чаралар (санкциялар)
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн ар кандай жеке же юридикалык жактары менен иш мамилелерин түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын жана тобокелдиктерге жараша башка чараларды (санкцияларды) колдонууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын контролдоочу органдары жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонушат.
3. Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларынын жана башка чаралардын (санкциялардын) түрлөрү жана аларды колдонуу тартиби, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмесин түзүү тартиби жана жарыялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4-глава. Финансылык мекемелердин жана аныкталган категориядагы жактардын ички контролдоо системасы
19-берене. Ички контролдоо программасы
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берген ички контролдоо программасын, анын ичинде ички контролдоонун корпоративдик (топтук) программаларын колдонууга милдеттүү.
2. Ички контролдоо программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ички контролдоо программаларына коюлуучу жалпы талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
3. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар чет мамлекеттин аймагында иш жүргүзүүчү өз филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ички контролдоо программаларын колдонуусун камсыз кылышат.
20-берене. Тобокелдикке багытталган мамиле
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо тобокелдиктерин улуттук баалоонун (мындан ары - тобокелдиктер) жыйынтыктарын жана жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документ түрүндө жазууга жана дайыма жаңылоого;
2) тийиштүү контролдоочу органга жана финансылык чалгындоо органына аныкталган тобокелдиктер жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
3) тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле контролдоо чараларын, жол-жоболорун иштеп чыгууга жана колдонууга;
4) тобокелдиктерди баалоонун натыйжаларын эске алуу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонууга;
5) өздөрүнүн кардарларын тобокелдиктин критерийлерин эске алуу менен классификациялоого.
2. Тобокелдиктерди баалоо, классификациялоо, башкаруу жана азайтуу боюнча жалпы талаптар, ошондой эле жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
21-берене. Кардарды талаптагыдай текшерүү
1. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар өздөрүнүн бардык кардарларына карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй чараларын колдонууга милдеттүү:
1) кардарды идентификациялоого жана верификациялоого;
2) кардардын максаты жана ишкердик мамилесинин божомолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алууга;
3) бенефициардык ээсин идентификациялоого жана бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана ылайыктуу чараларды көрүүгө;
4) кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документтештирип жазууга;
5) кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга;
6) кардар менен ишкердик мамиледе болгон бардык мезгилинде кардарды дайыма талаптагыдай текшерип жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн), анын ишинин жөн-жайы, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдигинин мүнөзү жөнүндөгү болгон маалыматтын чын-бышыктыгын туруктуу негизде талдап турууга.
Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жогоруда аталган чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте колдонулат.
2. Эгерде кардардын атынан ишеним берилген адам чыкса, финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар аны идентификациялоого жана верификациялоого, мындай адамдын тийиштүү ыйгарым укуктарын текшерүүгө, ошондой эле алынган маалыматтарды документтештирип жазууга милдеттүү.
3. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар коомдук кызмат адамдарына, коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата, ошондой эле жогорку деңгээлдеги тобокелдиги бар башка кардарларга карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте колдонушат.
4. Кардарлар финансылык мекемелерге жана аныкталган категориядагы жактарга кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү үчүн суралган маалыматтарды жана (же) документтерди берүүгө милдеттүү.
5. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү үчүн суралган маалыматтарды жана (же) документтерди кардар бербеген учурда, финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алышат:
1) кардар менен иш мамиле түзбөйт (тейлөөгө кабыл алуудан жана эсеп ачуудан баш тартат);
2) кардар менен болгон иш мамилени токтото турат же токтотот (тейлөөдөн баш тартат) жана кардар менен түзүлгөн келишимди бузат;
3) операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырбайт.
Мындай учурда чечим кабыл алынганда финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар андай чечимди кабыл алган күндөн тартып бир иш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына тийиштүү билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
6. Чет өлкөлүк банктар жана финансылык мекемелер (респондент мекеме) менен эл аралык корреспонденттик банктык жана ушул сыяктуу мамилелерди түзүүдө, финансылык мекемелер (корреспондент мекеме) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген кошумча чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Эл аралык электрондук акча которууларды жана Кыргыз Республикасынын ичинде электрондук акча которууларды жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
22-берене. Маалыматтарды жана документтерди сактоо
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар төмөнкү маалыматтарды жана документтерди сактоого милдеттүү:
1) кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар, иш боюнча кат жазышуулар жана документтердин көчүрмөлөрү, анын ичинде кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталары - кардар менен ишкер мамиле токтогондон, эсеп жабылгандан же кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес;
2) жүргүзүлгөн бардык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар жана документтер - операция (бүтүм) бүткөндөн кийин беш жылдан кем эмес;
3) жүргүзүлгөн операцияларды (бүтүмдөрдү) талдоо боюнча корутундулар же маалымкаттар - операция (бүтүм) бүткөндөн кийин беш жылдан кем эмес;
4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтар жана документтер - кардар менен ишкер мамиле токтогондон, эсеп жабылгандан же кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес.
2. Электрондук которууну жөнөтүүчү же алуучу, же өзү аркылуу транзиттик электрондук которуу жүргүзүлгөн финансылык мекеме электрондук которууну жөнөтүүчү же алуучу тууралуу коштолгон бардык маалыматты операция (бүтүм) бүткөндөн же кардар менен ишкер мамиле токтогондон же эсеп жабылган мезгилден тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтар жана документтер, жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) мүнөзүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) бардык тизмектерин калыбына келтирүү жолу менен каражаттардын изине түшүүгө жана керектүү учурда Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык тергөөдө же соттук териштирүүдө далил катары колдонууга мүмкүнчүлүк берген жетишээрлик көлөмдө сакталышы керек.
4. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды жана документтерди төмөнкүлөргө беришет:
1) ушул Мыйзамга ылайык финансылык чалгындоо органына жана тиешелүү контролдоочу органга;
2) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, прокуратура органдарына.
5-глава. Контролдонууга жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр)
23-берене. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү төмөнкүдөй учурларда түзүшөт жана жиберишет:
1) эгер каражаттар кылмыш жолу менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
2) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти.
2. Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракети жөнүндө билдирүүнү кошкондо, шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жиберилүүгө тийиш.
3. Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жарыяланат.
4. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү операция белгиленген тартипте (бүтүм) шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
24-берене. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары (жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган же иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар) менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
2. Финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
3. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) жүргүзүлгөн күндөн тартып эки иш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
25-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү
1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак менен жүргүзүлгөн операцияларга (бүтүмдөргө) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти, ошондой эле ушул ишти каржылоону аныктоо жана алдын алуу үчүн милдеттүү мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак тарабынан жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү мындай операция (бүтүм) жүргүзүлгөн күндөн тартып эки иш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
3. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмесин түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
26-берене. Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү
1. Финансылык мекемелер жана аныкталган категориядагы жактар чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммада накталай акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү берүүгө милдеттүү.
2. Накталай акча каражаттар менен жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси жана алардын чектик суммасы террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Накталай акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) жүргүзүлгөн күндөн тартып үч иш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
4. Накталай эмес акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча суроо-талап алынган күндөн тартып он иш күндүн ичинде берилет.
27-берене. Операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү тартиби
Ушул Мыйзамдын 23-26-беренелеринде каралган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына берилет.
6-глава. Эл аралык кызматташтык
28-берене. Эл аралык кызматташтыктын жалпы жоболору
1. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен эл аралык келишими жок болгон учурда, эл аралык кызматташтык өз ара пайдалуу принцибинде жүзөгө ашырылат.
3. Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тизмеси, эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби, анын ичинде эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жиберүү, аткаруу жана каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
29-берене. Эл аралык кызматташтыктын негизги формалары
1. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтык төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча мыйзамдарына ылайык берилүүгө тийиш эмес маалыматтардан же документтерден тышкары, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын карамагында болгон же алар Кыргыз Республикасынын аймагында ала алышкан бардык маалыматтарды же документтерди алмашуу (алуу же жиберүү);
2) террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жасагандыгын күбөлөндүргөн жетиштүү негиздер (шектенүүлөр) болгон учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалыматты (өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча) жиберүү;
3) финансылык мекемелердин жана аныкталган категориядагы жактардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо (көзөмөлдөө) чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле эл аралык суроо-талаптын негизинде финансылык мекемелердин жана аныкталган категориядагы жактардын ишин текшерүү;
4) ушул Мыйзамга, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына жана эл аралык суроо-талаптарга ылайык максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;
5) террористтик ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды аныктоого жана териштирүүгө, ошондой эле ушул кылмыштуу жосундарга тиешеси бар жеке жана юридикалык жактарды аныктоого көмөк көрсөтүү;
6) террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана предикаттык кылмыштар менен байланышкан кылмыш иштери боюнча маалыматты топтоо, алдын ала териштирүү, соттук териштирүү жана соттук чечимдерди аткаруу баскычтарында өз ара укуктук жардам көрсөтүү, анын ичинде адамдарды өткөрүп берүү (экстрадиция);
7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эл аралык кызматташтыктын белгиленген формаларына катышуу.
2. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чегинде эл аралык суроо-талаптарга чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзүшөт.
30-берене. Кылмыштуу активдерди кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтык
1. Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен жана (же) Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде конфискацияланган каражаттар Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык толук же жарым-жартылай Кыргыз Республикасына кайтарылууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7-глава. Корутунду жоболор
31-берене. Аныкталган категориядагы жактар тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдеринин аткарылышынын өзгөчөлүктөрү
1. Аныкталган категориядагы жактар ушул Мыйзамдын айрым беренелеринин талаптарын төмөнкү учурларда аткарышат:
1) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруучулар, кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу) өзүнүн кардары (кыймылсыз мүлктү сатуучу же сатып алуучу) үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү учурунда ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарышат;
2) баалуу металлдар жана таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү чектик суммага барабар же андан ашкан суммада накталай акча каражаттары менен каалаган операцияларды (бүтүмдөрдү), анын ичинде өз ара бири-бири менен байланышкан бир нече операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен жүзөгө ашырган учурда ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарышат;
3) мамлекеттик жана жеке нотариустар, көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер), юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрист консультанттары) өз кардарынын атынан же анын тапшырмасы боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярданууга көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарышат:
а) кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу;
б) кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын же мүлкүн башкаруу;
в) банктык, аманат эсептерин же баалуу кагаздарды башкаруу;
г) юридикалык жакты түзүү, иштешин камсыздоо же башкаруу максатында каражаттарды чогултуу;
д) юридикалык жакты түзүү же иштешин камсыздоо же юридикалык жакты башкаруу жана коммерциялык ишканаларды сатып алуу-сатуу;
4) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар өз кардарынын атынан же анын тапшырмасы боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярданууга көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарышат:
а) юридикалык жакты түзүү жана каттоо боюнча агент катары иш алып баруу;
б) юридикалык жактын директорунун же катчысынын, шериктештиктеги өнөктүн милдеттерин аткаруу же юридикалык жакта ушул сыяктуу башкаруу кызматын ээлөө же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушул катары милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү;
в) юридикалык жак, шериктештик, чет өлкөлүк түзүлүш жана траст үчүн катталган кеңсени же юридикалык жана иш жүзүндөгү даректи берүү;
г) чет өлкөлүк трастта ишенимдүү адамдын милдеттерин аткаруу же чет өлкөлүк юридикалык түзүлүштө ушуга эквиваленттүү функцияны жүзөгө ашыруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушул катары милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү;
д) шарттуу акционердин милдеттерин аткаруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушул катары милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү.
2. Аныкталган категориядагы жактар ушул Мыйзамдын 9, 10, 11, 13, 14, 15, 19, 20, 25 жана 26-беренелеринде каралган ченемдерди аткарышат.
32-берене. Жоопкерчилик жана жоопкерчиликтен бошотуу
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушуна же талаптагыдай эмес аткарылышына күнөөлүү жеке же юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында каралган жазык, административдик жана башка жоопкерчиликке тартылышат.
2. Жеке жана юридикалык жактар кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жасагандыгы, террористтик жана экстремисттик ишти каржылагандыгы, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
3. Финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын, контролдоочу органдардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурда иштеп кеткендери, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимдерин түзгөн адамдар кызматтык, коммерциялык, банктык, салык сырын жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар жөнүндө маалымат бөлүгүндө) түзгөн маалыматтарды же документтерди мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы жана пайдалангандыгы, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
4. Контролдоочу органдар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча өз функцияларын талаптагыдай (шалаакы) аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
5. Финансылык мекемелер, аныкталган категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызмат адамдары (кызматкерлери) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди талаптагыдай аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
6. Каражаттарды жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) тоңдуруу, операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу, ишкер мамилелерди түзүүдөн же банктык эсепти (аманатты) ачуудан баш тартуу же болбосо операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ишкер мамилелерди токтото туруу же токтотуу, кардар менен келишимди бузуу жана банктык эсепти жабуу, эгерде аталган иш-аракеттер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган болсо жарандык-укуктук же башка жоопкерчиликке алып келбейт.
33-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жана аны ишке ашыруу механизми
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөттө:
1) өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алышсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 135 "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-августу, № 58);
2) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 2-июнундагы № 179 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 12-июну, № 45-46);
3) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 31-июлу, № 66);
4) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрындагы № 162 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 9-январы, № 1);
5) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 14-апрели, № 31);
6) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 7-августу, № 72-73);
7) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 10-майындагы № 79 "Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2017-жылдын 19-майы, № 62).
Кыргыз Республикасынын Президенти