Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 219
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
182-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 773-статьясынын 3-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 933-статьясынын биринчи абзацындагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 54-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 122-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр ", изин суутпай издөө иши, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-жыл, № 4, 128-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Финансылык чалгындоо органына коммерциялык сырды алуу мүмкүнчүлүгү террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.";
2) 12-статьясында:
а) 1-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "Эгерде макулдашууда башкача каралбаса" деген сөздөр "Эгерде макулдашууда же террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-жыл, № 9, 320-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьясынын 3-бөлүгү "талабы боюнча берилет" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына өткөрүлүп берилет." деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-жыл, № 12, 505-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
30-статьясындагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 4, 193-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-1-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 24-статьясынын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоочу орган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.".
8-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-жыл, № 6, 187-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-статьясынын 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Почта байланышынын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуулар жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.".
9-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-жыл, № 9, 412-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-статьясынын 2-пунктунун 6 жана 7-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) жогорку тобокелдиктеги мамлекеттерде катталган, же катышуучусу жана/же аффилирленген жагы жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин аймагында катталган жеке адамдар болгон юридикалык жактар. Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланат;
7) жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин резиденттери болуп саналган жана/же алардын аймагында жашаган жеке адамдар;";
2) 29-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрофинансылык уюмдардын иштерин инспекциялайт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.";
3) 35-статьясынын 9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин иштерин инспекциялайт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
10-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 7, 252-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын алдын алуу" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11-берене.
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 12, 555-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
28-статьясынын онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына сураган маалыматты берүүгө.".
12-берене.
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-жыл, № 10, 854-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьясынын 4-бөлүгүндөгү ", терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле финансылык чалгындоо органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 6-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын компетенциясы алардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
3) 23-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар
Террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүлөт.";
4) 25-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке же юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана бошотуу
1. Террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке же юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу же бошотуу тартиби, ошондой эле тоңдурулган каражаттарды алуу жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу мүмкүндүгүн берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Террористтик ишти каржылоону өз убагында аныктоо жана бөгөт коюу максатында алардын террористтик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана жарыяланат.".
13-берене.
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-жыл, № 3, 237-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-статьясынын 3-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14-берене.
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 5, 453-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо фактысы боюнча" деген сөздөр "Террористтик ишти каржылоо жана (же) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 38-беренесинин 7-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;".
2) 49-беренесинин 9-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;".
3) 66-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар
1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болжолдуу түрдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан ишти тапса, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына дароо билдирет.".
16-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 11, 1193-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүүгө.".
17-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-жыл, № 1, 21-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
32-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төлөм системаларынын катышуучулары өз ишин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырышат.".
18-берене.
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2016-жылдын 28-июнундагы № 57 "Эркин Тоо" гезити) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-беренесинин 10-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жаатындагы" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 "Эркин Тоо" гезити) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 119-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"119-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча банктардын милдеттери
Банктар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.";
3) 125-беренесинин 7-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "акча каражаттарын "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) финансылык чалгындоо органына - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;";
5) 136-беренесинин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 140-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 150-беренесинин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр менен толукталсын.
20-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2017-жылдын 19-майындагы № 62 "Эркин Тоо" гезити) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүндөгү лотереяны уюштуруучунун иштери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
21-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти