Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы № 223
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-майындагы № 223 токтому менен жактырылган |
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин 8-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ташып киргизүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү күчкө ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө-мамлекеттердин бюджеттерине киреше кылып которуу тартиби жөнүндө протоколдун (Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 5 тиркемеси) 12-пунктунда көрсөтүлгөн ташып киргизүүгө бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилген:
- Армения Республикасы - 1,11 пайыз;
- Беларусь Республикасы - 4,56 пайыз;
- Казакстан Республикасы - 7,11 пайыз;
- Кыргыз Республикасы - 1,9 пайыз;
- Россия Федерациясы - 85,32 пайыз.
Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) ченемдик укуктук базасына ылайык Кыргыз Республикасы жогоруда аталган чегерүү ченемин жана ташып киргизүү бажы алымдарын бөлүштүрүүнү 2015-жылдын 1-октябрынан тартып колдонуп баштаган.
2016-жылы Армения Республикасы анын бөлүштүрүү үлүшүн көбөйтүү тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына кайрылган, себеби Армения Республикасы үчүн белгиленген ченем Бирликтин бардык мүчө-мамлекеттеринин ичинен эң төмөн болуп саналат. Бул маселе Бирликтин мүчө-мамлекеттери жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Бирликтин алкагында чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде каралган.
2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө протоколго Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин башчылары кол койгон.
Бул Протокол менен Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин 8-беренесинин 1-пунктуна Ташып киргизүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү күчкө ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө-мамлекеттердин бюджеттерине киреше кылып которуу тартиби жөнүндө протоколдун (Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 5 тиркемеси) 12-пункту боюнча өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн жаңы ченемдери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:
- Армения Республикасы - 1,220 пайыз;
- Беларусь Республикасы - 4,560 пайыз;
- Казакстан Республикасы - 7,055 пайыз;
- Кыргыз Республикасы - 1,900 пайыз;
- Россия Федерациясы - 85,265 пайыз;
Казакстан Республикасынын үлүшүн - 0,055 пайызга жана Россия Федерациясынын үлүшүн - 0,055 пайызга азайтуунун эсебинен Армения Республикасынын ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн ченемдери 0,11 пайызга көбөйүп, 1,22 пайызды түзгөн.
Кыргыз Республикасы жана Беларусь Республикасы үчүн ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдери өзгөргөн жок.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгон учурдан тартып Кыргыз Республикасынын бюджетине ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларынын түшүүлөрү (ченем боюнча 1,9 пайыз) төмөнкүдөй болгон:
- 2015-жылы (октябрь-декабрь) - 3522,0 млн. сом;
- 2016-жылы - 13094,7 млн. сом;
- 2017-жылы- 15358,5 млн. сом;
- 2018-жылы (январь-февраль) - 2991,2 млн. сом.
Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдеринин өзгөрүүсү Кыргыз Республикасынын бюджетине ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларынын түшүүлөрүнө таасирин тийгизбейт.
Ушуга байланыштуу Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин башчылары кол койгон протокол ратификациялоо киргизилет.
Ошондой эле, жогоруда аталган Протоколдун 2-беренесине ылайык, ал 2017-жылдын 1-январынан баштап убактылуу колдонууда киргизилгендигин жана депозитарий дипломатиялык каналдар боюнча ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо алынган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кире тургандыгын белгилөө зарыл.
Ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине каршы келбейт.
Протоколду ратификациялоо финансылык чыгымдарды, ошондой эле терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.