Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
"ж" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"с" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы (макулдашуу боюнча) |
";
- 27-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 29 жана 30-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 114-122-пункттар менен толукталсын:
"
114 | БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
115 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
116 | Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ) | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
117 | Энергетикалык хартия катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
118 | Жаңылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
119 | Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
120 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
121 | Аскердик спорттун эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) |
122 | Деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык борбор | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
";
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 48-51-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 60-67-пункттар менен толукталсын:
"
60 | БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
61 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
62 | Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ) | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
63 | Энергетикалык хартия катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
64 | Жаңылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
65 | Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
66 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
67 | Аскердик спорттун эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |