Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 817
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 78, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212, 2019-жылдын 3-июлундагы № 337, 2020-жылдын 20-январындагы № 15, 2020-жылдын 24-августундагы № 439, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 20-майындагы № 271, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 699, 2024-жылдын 22-августундагы № 495 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине кызматташуу профилине ылайык эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар (мындан ары - эл аралык уюмдар) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 1-тиркемеде аталган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- эл аралык кызматташтыктын ар кандай маселелери боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу, анын ичинде мамлекеттик ички макулдашуу;
- эл аралык уюмдар тарабынан ар кандай деңгээлдерде өткөрүлүүчү иш-чараларга өкүлчүлүк кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын көмөгү менен Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын реестрин түзсүн;
- ведомстволор аралык комиссия түзсүн жана ага төмөнкү функцияларды жүктөсүн:
эл аралык уюмдар менен кызматташтык жөнүндө отчетторду жыл сайын текшерүү;
кызматташтыктын натыйжалуулугун баалоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишине андан ары катышуусунун максаттуулук маселелерин кароо;
бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегин алардын финансылык эрежелеринде каралган мөөнөттөрдө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2621 "Эл аралык уюмдарга төгүмдөр" чыгымдар беренеси боюнча каражаттардын эсебинен саясий, экономикалык маанилүүлүктү жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны андан ары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бекитүү үчүн жөнөтүү максатында түзүү;
бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине киргизилген эл аралык уюмдардын банктык реквизиттеринин тизмесин түзүү;
бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине киргизилген эл аралык уюмдардын финансылык эрежелери менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин камсыздоо;
эл аралык уюмдардын алдындагы карыздарды реструктуризациялоо же жоюу менен байланышкан маселелерди кароо;
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан башка маселелерди кароо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине киргизилген эл аралык уюмдардын каржылоосунун ар айлык планын алардын финансылык эрежелерин эске алуу менен иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын эл аралык-келишимдик милдеттеринин алкагында мүчөлүк төгүмдөрдүн, карыздардын төлөнүшүнө жана төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзсүн;
- биринчи кезекте жана эл аралык уюмдардын финансылык эрежелеринде белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2621 "Эл аралык уюмдарга төгүмдөр" чыгымдар беренеси боюнча каражаттардан бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине жана ушул токтомдун 3-пунктунда эскертилген эл аралык уюмдардын каржылоосунун ар айлык планына ылайык эл аралык уюмдарга кезектеги мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнү ишке ашырсын.
5. 1-тиркемеде аталган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жыл сайын, учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдүн төлөнүшү жана алардын алдындагы карыздар жөнүндө маалыматтарды беришсин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине эл аралык уюмдар менен кызматташуунун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды беришсин.
6. Министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер:
- тийиштүү жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде же атайын каражаттарынын эсебинен 2-тиркемеде аталган эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдү жана алардын алдындагы карыздарды төлөөнү ишке ашырышсын;
- бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине киргизилбеген эл аралык уюмдарга төгүмдөрдү төлөө боюнча мурдагы жылдарга карыздары барлар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге карыздарды реструктуризациялоо же жоюу боюнча иштерди жүргүзүшсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин тышкы саясат жана тышкы экономикалык иштер маселелериндеги ишинин чөйрөлөрү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 16-январындагы № 13-б буйругу.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
1-тиркеме
Эл аралык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык келишимдик органдардын жана аларга бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 78, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212, 2019-жылдын 3-июлундагы № 337, 2020-жылдын 20-январындагы № 15, 2020-жылдын 24-августундагы № 439, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 20-майындагы № 271, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 699, 2024-жылдын 22-августундагы № 495
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Эл аралык уюмдардын аталышы | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин аталышы |
|
1 | Бириккен Улуттар Уюму жана анын институттары | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
а. БУУнун Өнүктүрүү программасы | а. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
| |
б. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы | б. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
| |
в. Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы | в. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| |
г. БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду | г. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
| |
д. БУУнун Балдар фонду | д. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
| |
е. БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча региондук борбору | е. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
| |
ж. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы | ж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
| |
з. БУУ - Аялдар | з. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
| |
и. БУУнун Илим, маданият жана билим берүү маселелери боюнча уюму | и. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы (макулдашуу боюнча) |
| |
к. БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы | к. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
| |
л. БУУ - Хабитат | л. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
| |
м. БУУнун СПИД, кургак учук, малярия менен күрөшүү боюнча глобалдык фонду | м. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| |
н. БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы | н. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
| |
о. БУУнун тынчтыкты орнотуу фонду | о. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
| |
п. БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы | п. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
| |
р. БУУнун Эл аралык соту | р. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
| |
с. Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитет | с. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| |
2
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана анын институттары | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
а. КМШнын аткаруу комитети | а. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
| |
б. КМШга катышкан мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңеши | б. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек aрa кызматы |
| |
в. КМШга катышкан мамлекеттердин Статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши | в. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети (макулдашуу боюнча) |
| |
г. КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын башка кооптуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюро | г. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
| |
д. КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин катчылыгы | д. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
| |
е. КМШнын экономикалык соту | е. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
| |
ж. КМШга катышкан мамлекеттердин Терроризмге каршы борбору | ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
| |
з. КМШга катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңеши | з. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) |
| |
и. КМШга катышкан мамлекеттердин КМКнын алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитети | и. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
| |
к. КМШга катышкан мамлекеттердин Салыктык (финансылык) териштирүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | к. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
| |
л. КМШга катышкан мамлекеттердин Салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | л. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
| |
м. КМШнын Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | м. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
| |
н. КМШнын Гидрометереология боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | н. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
| |
о. КМШга катышкан мамлекеттердин Баалуу кагаздар рынокторун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кеңеши | о. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
| |
п. КМШга катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңеши | п. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
| |
р. КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясы | р. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | ||
3 |
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) |
|
4 | КМШга катышкан мамлекеттердин Курулуш ишинде кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
|
5 | КМШнын Аткаруу комитетинин алдындагы бухгалтердик эсеп боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
|
6 | КМШга катышкан мамлекеттердин Камсыздандыруу көзөмөл органдарынын жетекчилеринин мамлекеттер аралык координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
|
7 | КМШга катышкан мамлекеттердин Экономика чөйрөсүндө талаштар боюнча иштерди чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун төрагаларынын кеңеши | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) |
|
8 | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | |
а. Коргоо министрлеринин кеңеши | а. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети | ||
9 | Шанхай кызматташтык уюму | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
10 | Шанхай кызматташтык уюмунун региондук террорго каршы түзүмү | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
|
11 | Шанхай кызматташтык уюмуна катышкан мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) |
|
12 | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясы | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) |
|
13 | Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
14 | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) |
|
15 | Ислам кызматташтык уюму | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
16 | Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик союзу | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) |
|
17 | Парламенттер аралык союз | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) |
|
18 | Түрк маданиятынын эл аралык уюму | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
|
19 | Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюм | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
20 | БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму | Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги |
|
21 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
22 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясы | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) |
|
23 | Ага-Хан фонду | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
24 | Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
|
25 | Экономикалык кызматташтык уюму | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
26 | Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы (макулдашуу боюнча) |
|
27 | Дүйнөлүк почта союзу | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
|
28 | Электр байланышынын эл аралык союзу | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети - саясий маселелер; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги - радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку сапаттуу түзүлүштөрдүн жыштык ыйгарууларын эл аралык укуктук коргоо |
|
29 | КМШнын байланыш жаатындагы региондук кызматташтыгы | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
|
30 | КМШга катышкан мамлекеттердин Байланыш жаатындагы региондук коомдоштуктун алдындагы маалыматташтыруу боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
|
31 | Дүйнөлүк соода уюму | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
32 | Дүйнөлүк бажы уюму | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
|
33 | Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
34 | Жарандык авиациянын эл аралык уюму | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
35 | Кылмыштуулук полициясынын эл аралык уюму | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
|
36 | Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
37 | Дүйнөлүк метеорология уюму | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
38 | Эл аралык жарандык коргонуу уюму | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
39 | Транспорттук координациялык кеңешме | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
40 | Темир жолдордун кызматташтык уюму | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
41 | Мамлекеттер аралык авиация комитети | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
42 | Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча ислам уюму | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
|
43 | Кызыл Крест эл аралык комитети | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
|
44 | ТРАСЕКА программасы | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
45 | Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
46 | Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишим | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
47 | Дүйнөлүк туристтик уюм | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
|
48 | Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча Европа уюму | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
|
49 | Архивдердин эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
|
50 | Аралды сактоо боюнча эл аралык фонд | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
51 | КМШнын нанотехнологиялар боюнча эл аралык инновациялык борбору | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
|
52 | Мамлекеттик метрологиялык мекемелердин Евро-Азиялык кызматташтыгы | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
53 | Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Азиялык борбор | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
54 | Тамекиге каршы күрөшүү боюнча ДСУнун алкактык конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
|
55 | Азия өлкөлөрүнүн илимдер академияларынын ассоциациясы | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
|
56 | Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
57 | Курулушта стандартташтыруу, техникалык нормалоо жана шайкештикти баалоо боюнча мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссия | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
|
58 | Аккредитациялоо боюнча Тынч океандык кызматташтык | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
59 | Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык кызматташтык | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
60 | Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
|
61 | Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
62 | Метрология мыйзамдары боюнча эл аралык уюм | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
63 | Стандартташтыруу боюнча Европалык комитет | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
64 | Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
65 | (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 439 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| |
66 | БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
67 | БУУ ЭЕКнын "Туруктуу өнүгүү үчүн экологиялык билим" программасы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
68 | БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын катчылыгы/71.1. Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциянын Киот протоколунун катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
69 | БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын катчылыгы/ 72.1. Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата Биокоопсуздук боюнча Картахен протоколунун катчылыгы/ 72.2. Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколунун катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | |
70 | Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
71 | Кооптуу калдыктарды транс чек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциянын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
72 | Эл аралык соодада коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата макулдукту алдын ала негиздөөнүн жол-жобосу жөнүндө Роттердам конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
73 | БУУ ЕЭКнын Алыс аралыкка абанын трансчегаралык булганышы жөнүндө конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
74 | БУУ ЕЭКнын Экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүк жана чечимдерди кабыл алуу процессине коомчулуктун катышуусу жана айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы маселелер боюнча укук сотуна жеткиликтүүлүк жөнүндө Орхус конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
75 | Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенциянын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
76 | Негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суу-саз жерлер жөнүндө Рамсар конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
77 | БУУнун Жапайы жаныбарлардын миграциялануучу түрлөрү жөнүндө Бонн конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
78 | Биологиялык жана уулуу куралга тыюу салуу жөнүндө конвенциянын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
79 | БУУнун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
80 | Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
|
81 | (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| |
82 | Өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн коргоо боюнча эл аралык союз | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы | |
83 | Дүйнөлүк банктын тобу а. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы б. Эл аралык финансы корпорациясы в. Көп тараптуу инвестициялык кепилдик берүү агенттиги г. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
84 | Эл аралык валюта фонду | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
|
85 | Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (альтернат катары) |
|
86 | Ислам банкынын тобу а. Ислам өнүктүрүү банкы б. Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясы в. Эл аралык Ислам соода-финансы корпорациясы | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
|
87 | Азия өнүктүрүү банкы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
88 | Евразия өнүктүрүү банкы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
89 | Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
90 | Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык уюм | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
91 | Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюм | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
|
92 | Көргөзмөлөрдүн эл аралык бюросу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
93 | КМШга катышкам мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык фонду | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
|
94 | Генетикалык инжиниринг жана биотехнологиялар боюнча эл аралык борбор | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
|
95 | Финансылык отчеттуулук стандарттары боюнча комитеттин фондусу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
|
96 | Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
97 | Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
|
98 | Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
|
99 | Дүйнөлүк допингке каршы агенттик | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
|
100 | Европа инвестициялык банкы | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
101 | Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
|
102 | Эл аралык түрк академиясы | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
|
103 | Евразия экономикалык союзу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
104 | Евразиялык патенттик уюм | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
|
105 | Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
|
106 | Трансчекаралык контекстте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө конвенция (Эспо конвенциясы) | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
107 | Озон катмарын сактоо жөнүндө Вена конвенциясы - Монреаль протоколу | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
108 | Глобалдык экологиялык фонд | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
109 | Жашыл климаттык фонд | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
110 | Климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо фонду (Адаптациялык фонд) | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
111 | Климаттык өзгөрүүгө туруктуулук боюнча пилоттук программа | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
112 | Химиялык заттар боюнча эл аралык жөнгө салууга стратегиялык мамиле | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
113 | Өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар уюму (ЮНИДО) | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
|
114 | БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
|
115 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
|
116 | Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ) | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
|
117 | Энергетикалык хартия катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
|
118 | Жаңылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
|
119 | Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
|
120 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
121 | Аскердик спорттун эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) |
|
122 | Деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык борбор | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
|
123 | Энергетиканы жөнгө салуучу органдардын региондук ассоциациясы (ЭРЖА) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик |
|
124 | Климаттык технологиялар боюнча борбор жана тармак (CTCN) | Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору |
|
125 | Түрк маданияты жана мурасы фонду | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | |
2-тиркеме
Мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде же атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын жана эл аралык келишимдик уюмдардын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 78, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212 , 2019-жылдын 3-июлундагы № 337, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460 КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 20-майындагы № 271, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 699 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Эл аралык уюмдардын аталышы | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин аталышы |
|
1 | Дүйнөлүк бажы уюму | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
|
2 | Стандартташтыруу, метрология, сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
3 | Эл аралык жарандык коргонуу уюму | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
4 | КМШга катышкан мамлекеттердин Транспорттук координациялык кеңешмеси | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
5 | Темир жолдордун кызматташтык уюму | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
6 | Мамлекеттер аралык авиация комитети | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
7 | Билим берүү илим жана маданият боюнча ислам уюму | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
|
8 | ТРАСЕКА программасы | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
9 | Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
10 | КМШга катышкан мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
|
11 | Европалык жана жер ортолук деңиздик өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча уюм (ЕӨКУ) | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
12 | Архивдердин эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
|
13 | Аралды сактоо боюнча эл аралык фонд | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
14 | КМШнын нанотехнологиялар боюнча эл аралык инновациялык борбору | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
|
15 | Мамлекеттик метрологиялык мекемелердин Евро-Азиялык кызматташтыгы | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
16 | Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Азиялык борбор | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
17 | Тамекиге каршы күрөшүү боюнча ДСУнун алкактык конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
|
18 | Азия өлкөлөрүнүн илимдер академияларынын ассоциациясы | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
|
19 | КМШга катышкан мамлекеттердин Курулуш ишинде кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
|
20 | Курулушта стандартташтыруу, техникалык нормалоо жана шайкештикти баалоо боюнча мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссия | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
|
21 | Аккредитациялоо боюнча Тынч океандык кызматташтык | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
22 | Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык кызматташтык | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
23 | Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
|
24 | Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
25 | Метрология мыйзамдары боюнча эл аралык уюм | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
26 | Стандартташтыруу боюнча Европалык комитет | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
27 | Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|
28 | БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
29 | БУУ ЭЕКнын "Туруктуу өнүгүү үчүн экологиялык билим" программасы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
30 | БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын катчылыгы/ 32.1. Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциянын Киот протоколунун катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
31 | БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын катчылыгы/ 33.1. Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата Биокоопсуздук боюнча Картахен протоколунун катчылыгы/ 33.2. Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколунун катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
32 | Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
33 | Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
34 | Эл аралык соодада коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата макулдукту алдын ала негиздөөнүн жол-жобосу жөнүндө Роттердам конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
35 | БУУ ЕЭКнын Алыс аралыкка абанын трансчегаралык булганышы жөнүндө конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
36 | БУУ ЕЭКнын Экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүк жана чечимдерди кабыл алуу процессине коомчулуктун катышуусу жана айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы маселелер боюнча укук сотуна жеткиликтүүлүк жөнүндө Орхус конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
37 | Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенциянын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
38 | Негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суу-саз жерлер жөнүндө Рамсар конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
39 | БУУнун Жапайы жаныбарлардын миграциялануучу түрлөрү жөнүндө Бонн конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
40 | Биологиялык жана уулуу куралга тыюу салуу жөнүндө конвенциянын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
41 | БУУнун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциясынын катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
42 | Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюм | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
|
43 | Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык уюм | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
44 | Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
|
45 | Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
|
46 | (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| |
47 | Өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн коргоо боюнча эл аралык союз | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
|
48 | Дүйнөлүк почта союзу | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
|
49 | Электр байланышынын эл аралык союзу | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
|
50 | КМШнын Байланыш жаатындагы региондук кызматташтыгы | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
|
51 | КМШга катышкан мамлекеттердин Байланыш жаатындагы региондук коомдоштуктун алдындагы маалыматташтыруу боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
|
52 | Көргөзмөлөрдүн эл аралык бюросу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
|
53 | Генетикалык инжиниринг жана биотехнологиялар боюнча эл аралык борбор | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
|
54 | Финансылык отчеттуулук стандарттары боюнча комитеттин фондусу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
|
55 | Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
|
56 | Дүйнөлүк допингге каршы агенттик | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги |
|
57 | Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча Европалык уюм | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
|
58 | Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
59 | Өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар уюму (ЮНИДО) | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
|
60 | БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
|
61 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
|
62 | Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ) | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
|
63 | Энергетикалык хартия катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
|
64 | Жаңылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
|
65 | Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
|
66 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
67 | Аскердик спорттун эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) |
|
68 | Энергетиканы жөнгө салуучу органдардын региондук ассоциациясы (ЭРЖА) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик |
|
69 | Түрк маданияты жана мурасы фонду | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | |