Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 232
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету.
2. Аталган мыйзамдын долбоору жана отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору жана отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 48911956,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 46462637,7 миң сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 2449318,3 мин сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө ОТЧЕТУ
| Позициянын № | 2017-жылга бюджет (миң сом) | 2017-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы (миң сом) |
Бардык кирешелер | 1 | 48144991,4 | 48911956,0 |
ИДПга карата % менен | 2 | 9,7 | 9,4 |
анын ичинде: |
|
|
|
Пенсиялык фонд, жыл башына калдыкты эске алуу менен | 3 | 44524797,1 | 45113292,9 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду | 4 | 1359283,4 | 1481527,6 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 5 | 2016955,9 | 2064549,5 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 6 | 243955,0 | 252586,0 |
Бардык чыгашалар | 7 | 46488988,3 | 46462637,7 |
ИДПга карата % менен | 8 | 9,4 | 8,9 |
анын ичинде: |
|
|
|
Пенсиялык фонд | 9 | 42707015,4 | 42558420,6 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду | 10 | 1359283,4 | 1481527,6 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 11 | 2167451,6 | 2167451,6 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 12 | 255237,9 | 255237,9 |
Дефицит (-), профицит (+) | 13 | 1656003,1 | 2449318,3 |
ИДП | 14 | 494063100,0 | 520958600,0 |