Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 98
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары, 2013-жылдын 8-июлу, № 28) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренесинде:
биринчи абзацындагы "жана администрациялык иштер" деген сөздөр ", администрациялык иштер жана аткаруу өндүрүшү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацы "жүргүзүүгө" деген сөздөн кийин "укук берүүчү жана" деген сөздөр менен толукталсын;
он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттук эксперттин адистиги - белгилүү бир жааттагы, түрдөгү жана түркүмдөгү экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон белгилүү бир билим, атайын даярдык жана иш тажрыйба алуу аркылуу ээ болгон билимдердин, ыктардын жана көндүмдөрдүн комплекси.";
төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Атайын эксперттик даярдык (кесиптик даярдык) - белгилүү бир билимге ээ адамдын белгилүү бир жааттагы, түрдөгү жана түркүмдөгү экспертиза жүргүзүүдө өзүндөгү билимдерди колдонуу көндүмдөрүн алуунун процесси жана натыйжасы б.а. анын эксперт кесибин (квалификациясын) алуу процесси.";
он алтынчы абзацындагы "жазыктык, жарандык же администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик соттук-эксперттик уюм - соттук-эксперттик иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.".
2. 11-беренесинде:
1-пунктундагы "жазык, жарандык жана администрациялык иштер боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктундагы "соттук эксперттин ведомстволук караштуулугуна карабастан" деген сөздөр алып салынсын.
3. 12-беренесинде:
2-бөлүгү "органдын (жактын)" деген сөздөрдөн кийин "жазуу жүзүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
4. 13-беренесинде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттук-эксперттик иш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бул уюмдар соттук-эксперттик ишке катышуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүнө аккредитацияланууга жатат.";
2 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар" деген сөздөр "мамлекеттик соттук-эксперттик уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын 8-пунктундагы "стационардык" деген сөз алып салынсын;
3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы 14-20-пункттар менен толукталсын:
"14) дин таануу экспертизасын;
15) соттук-наркологиялык экспертизасын;
16) адамдын биологиялык бөлүп чыгарууларынын жана алардын издеринин экспертизасы;
17) жазык иштери боюнча видео жана үн жазмалардын экспертизасын;
18) жазык иштери боюнча - ДНК экспертизасын;
19) жазык иштери боюнча - экономикалык экспертизасын;
20) жазык иштери боюнча - товар таануу экспертизасын.";
4-бөлүгүндөгү "Бир жана ошол эле профилдеги" деген сөздөр алып салынсын;
6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттук эксперттин адистигинин чөйрөсүнө кирбеген жана соттук-эксперттик уюмдар тарабынан өткөрүлбөгөн экспертизалардын айрым түрлөрүн өткөрүү үчүн сот экспертизасын дайындаган жактын же органдын чечими боюнча тиешелүү билимге ээ болгон башка адистер мыйзамдарда белгиленген тартипте тартылышы мүмкүн.".
5. 14-беренесинде:
1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Бул учурда экспертизаны дайындоо жөнүндөгү токтом чыгарылганга чейин, аны дайындаган орган (адам) экспертизаны өткөрүүнү тапшырууга ниеттенген экспертиза ким экендигин жана анын компетенттүүлүгүн тастыктоого, анын айыпталуучу, шектүү, жабырлануучу жана экспертизадан өтө турган адам менен анын мамилесин аныктоого жана экспертти четтетүүгө негиздердин бар же жоктугун аныктоого тийиш.
Зарыл болгон маалыматтарды аныктагандан кийин тергөөчү, прокурор, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын ыйгарым укуктуу адамы, сот, сот аткаруучу экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) чыгарат, аны экспертке тапшырат, ага Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган укуктарды жана милдеттерди түшүндүрөт жана билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эскертет. Бул иш-аракеттердин аткарылгандыгы жөнүндө тергөөчү, прокурор, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын ыйгарым укуктуу адамы, сот, сот аткаруучу эксперттин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомго (аныктамага) белги коёт.";
4-бөлүгүнүн экинчи абзацы "сот" деген сөздөн кийин ", сот аткаруучулар" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 15-беренесинде:
1-бөлүгү "атайын" деген сөздөн кийин "илимий" деген сөз менен толукталсын;
2-бөлүгүндөгү "эксперттик-квалификациялык комиссиялар" деген сөздөр "Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "боюнча" деген сөздөн кийин "атайын" деген сөз менен толукталсын;
2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "комиссиялар" деген сөз "комиссия" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эксперттик-квалификациялык комиссия" деген сөздөр "Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 17-беренесинде:
беренесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия";
1-бөлүгү "Эксперттик-квалификациялык" деген сөздөрдүн алдына "Мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия соттук-эксперттик уюмдардын өкүлдөрүнөн, 10 жылдан кем эмес эксперттик иштеги стажы бар соттук эксперттерден, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.";
4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүгү "Эксперттик-квалификациялык" деген сөздөрдүн алдына "Мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын.
9. 18-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "сот" деген сөздөн кийин ", сот аткаруучу" деген сөздөр менен толукталсын, "б" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын.
10. 19-беренесинде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) соттук-экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө, аны дайындаган органдан (адамдан) тышкары эч кимге билдирбөөгө.".
11. 20-беренесинин 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
12. 21-беренесинде:
1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "же сот" деген сөздөр ", сот же сот аткаруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-бөлүгүнүн 15-пунктунун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "жазык, жарандык жана администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүнүн 6-пунктундагы ", түшүндүрмөлөрдү, сунуштарды" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси же аны дайындаган орган (адам) тарабынан ага тапшырылган соттук экспертизаны жүргүзүүгө кабыл алууга;".
13. 24-беренесинде:
берененин аталышындагы "Соттук-эксперттик уюмда" деген сөздөр алып салынсын;
1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "сот" деген сөздөн кийин ", сот аткаруучу" деген сөздөр менен толукталсын.
14. 25-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "же сотту" деген сөздөр ", сотту же сот аткаруучуну" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 27-беренесинин 5-бөлүгүндөгү төртүнчү сүйлөмү алып салынсын.
16. 31-беренесинде:
1-бөлүгү "боюнча" деген сөздөн кийин "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр менен толукталсын;
1-бөлүгүнүн экинчи пунктундагы ", бул тууралуу соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) дароо кабарландырылат" деген сөздөр алып салынсын;
1-бөлүгүнүн 3-пункту "алгачкы териштирүүнү жүргүзгөн органдын" деген сөздөрдөн кийин ", соттун, сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын.
17. 32-беренесинин 6-пунктундагы "жана соттун" деген сөздөр ", соттун жана сот аткаруучунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 33-беренесинде:
1 жана 2-бөлүгүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "уюмдар" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "уюм" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-бөлүгүндөгү "Башка" деген сөз "Мамлекеттик эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. 34-беренесинде:
беренесинин аталышындагы "уюштуруучулук жана" деген сөздөр алып салынсын;
1-бөлүгү алып салынсын;
2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарга" деген сөздөр "соттук-эксперттик иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 35-беренесинде:
беренесинин аталышындагы жана 1-бөлүгүнүн бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "уюмдар" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "уюм" деген сөз менен алмаштырылсын;
1-бөлүгүндөгү "жетекчилеринин", "камсыз кылышат" деген сөздөр тиешелүү түрдө "жетекчисинин", "камсыз кылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти