Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 240
Жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдөгү бирдей конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн аларды маалымдоонун туруктуу системасын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы:
"мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
", Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктундагы "(башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге)" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |