Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры N 723
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бош кызмат орундары жөнүндө кулактандырууларды жарыялоонун расмий булагы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын "ММК мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" ведомстволук гезити эсептелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 240 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж. Сатыбалдиев |