Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-марты № 124
"Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө
Ушул Мыйзам органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн, аны сертификаттоонун мыйзамдык негиздерин аныктайт, сертификаттоочу органдардын, органикалык айыл чарба продуктуларын өндүрүүчүлөрдүн, жеке жана юридикалык жактардын, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда болуучу мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкынын органикалык айыл чарба продукциясына болгон керектөөсүн канааттандыруу жана анын экспортун көбөйтүү максатында органикалык айыл чарба продукциясынын ички рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) органикалык айыл чарба өндүрүшү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынуучу органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана кайра иштетүү боюнча иш;
2) органикалык айыл чарба продукциясы - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык агрохимикаттарды, пестициддерди, антибиотиктерди, гормондук препараттарды, гени модификацияланган (гендик - инженериялык, трансгендик) организмдерди пайдаланбастан өндүрүлгөн, иондоочу нурланууну пайдаланып иштетүүгө дуушар болбогон айыл чарба продукциясы.
3) органикалык тамак-аш продуктулары - ушул Мыйзамга ылайык өндүрүлгөн, курамында органикалык тамак-аш ингредиенттеринин саны бардык ингредиенттердин (аш туздан жана суудан башкаларынын) массасынын 95%нан кем эмес болгон тамак-аш продуктулар;
4) тоюттар (тоют продуктулар) - адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу таасири жок жана жаныбарларды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан, минералдык микробиологиялык заттардан алынуучу накта продуктулар;
5) тамак-аш ингредиенти - тамак-аш продукциясын жасоодо (өндүрүүдө) рецептке ылайык пайдаланылуучу жана анын курамдык бөлүгү болгон тамак-аш продукту же зат (анын ичинде тамак-аш кошумчалары жана жыт берүүчүлөр);
6) салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбаны жүргүзүүгө өтүү мезгили - органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүгө өтүү үчүн керектүү убакыттын белгилүү бир аралыгы;
7) гени өзгөртүлгөн (гендик-инженериялык, трансгендик) организмдер - гендик инженериянын ыкмаларын колдонуу менен алынган жана (же) гендик-инженерия материалдарын, анын ичинде гендерди, алардын фрагменттерин же гендердин комбинацияларын камтыган, табигый организмдерден айырмалуу тукумдук генетикалык материалды жаратууга же аны өткөрүп берүүгө жөндөмдүү организм же бир нече организмдер, ар кандай клеткасыз, бир клеткалуу же көп клеткалуу түзүлүштөр;
8) генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерден өндүрүлгөн продукт - толугу менен же жарым-жартылай генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерден өндүрүлгөн азык;
9) генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдердин жардамы менен өндүрүлгөн продукт - өндүрүү процессинде акыркы тирүү организм катары генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмди колдонуу жолу менен алынган, бирок генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди ичине камтыбаган жана аталган организмдерден турбаган продуктулар;
10) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жеке же юридикалык жак;
11) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнү мамлекеттик каттоо - аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнүн мамлекеттик каттоосу жөнүндө каттоо күбөлүгүн берүү боюнча иши;
12) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри - органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жана алар өндүрүүчү органикалык айыл чарба азыктарынын түрлөрүнүн тизмеси;
13) органикалык айыл чарба продукциясын каттоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте органикалык айыл чарба продукциясынын ар бир түрүнө каттоо күбөлүгүн берүү;
14) органикалык айыл чарба продукциясын маркалоо - упаковкадагы, транспорттук упаковкадагы, же упаковкага жана (же) транспорттук упаковкага тиркелген маалымат сактагычтын башка түрүнө жазылган же анын ичине жайгаштырылган жазуу, сүрөт, белги, символ, башка белгилер жана (же) алардын комбинациясы түрүндөгү органикалык продукция жөнүндө маалымат;
15) органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жана өз компетенциясынын чегинде органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн процесстерин жөнгө салуу боюнча иштеген мамлекеттик орган;
16) органикалык айыл чарба продукциясын сертификаттоочу орган - сертификаттоо иштерин жүргүзгөн юридикалык жак;
17) органикалык айыл чарба продукциясын сертификаттоо - органикалык айыл чарба продукциясына коюлуучу талаптарга продуктунун ылайыктуулугун тактоо жол-жобосу;
18) салттуу айыл чарба өндүрүшү - органикалык жана органикалык эмес айыл чарба продукциясына бөлбөстөн айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча иш.
2-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
Органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде:
1) органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгат жана алардын аткарылышын уюштурат;
2) органикалык айыл чарба продукциясын упаковкалоо, маркалоо, сертификаттоо, импорттоо, экспорттоо жана сатуу эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
3) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жана органикалык айыл чарба продукциясынын реестрин жүргүзөт;
4) өз компетенциясынын чегинде ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;
5) ушул Мыйзам менен каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4-берене. Органикалык айыл чарба продукциясынын түрлөрү
1. Ушул Мыйзам менен органикалык айыл чарба продукциясынын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталат:
1) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу айыл чарба продукциясы;
2) айыл чарба өсүмдүктөрүн алгачкы кайра иштетүүнүн, мал чарбанын, аквакультуранын тамак-аш азыктары же тоют катары керектөө үчүн арналган продуктулары;
3) тоюттар (тоют продуктулар);
4) өсүмдүктөрдүн тигилүүчү жана себилүүчү материалдары;
5) тамак-аш продуктусу же тоют катары пайдаланылуучу ачыткылар;
6) аквакультуранын объекттери
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган органикалык продукциянын түрлөрү ушул Мыйзамдын 6-беренесинде айтылган талаптарга жооп бериши керек.
5-берене. Айыл чарбаны органикалык жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары
1. Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбаны жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Айыл чарбаны органикалык жүргүзүүгө өтүүдө төмөндөгү шарттар сакталышы керек:
1) өткөөл мезгил учурунда органикалык айыл чарбаны жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасы катышуучу болуп жана мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, жалпы кабыл алынган принциптерде, эл аралык укуктун стандарттарында жана ченемдеринде, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген баардык эрежелер колдонулат;
2) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жарым-жартылай жүргүзгөн жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнө жарым-жартылай өтүү учурун органикалык өндүрүлгөн продукция жана өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукция бөлөк-бөлөк сакталууга, ошондой эле жаныбарлар бөлөк-бөлөк кармалууга тийиш;
3) өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукция тиешелүү сертификаты болгондо гана органикалык продукция катары сатылат жана маркаланат.
6-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүгө талаптар
1. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүдө өндүрүүчүлөр төмөндөгү шарттарды сакташы керек:
1) оорубаган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү гана пайдалануу
2) агрохимикаттарды, пестициддерди, антибиотиктерди, гормондук препараттарды колдонбой өндүрүштү иштетүү;
3) генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди жана генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерден же генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдердин жардамы менен өндүрүлгөн продукцияны колдонбоо;
4) гидропондук өндүрүштүн ыкмаларын колдонбоо;
5) органикалык тамак-аш азыктарында, тоюттарда же органикалык тамак-аш азыктарында же тоюттарда пайдаланылуучу чийки затты иштетүү үчүн иондоштуруучу нурланууну колдонууга тыюу салуу;
6) химиялык синтезделген кошулмаларды колдонууга тыюу салуу;
7) жердин күрдүүлүгүн сактоо жана кармоо;
8) орду толбоочу жаратылыш ресурстарын жана өндүрүш каражаттарын пайдаланууну минималдаштыруу;
9) органикалык өндүрүштүн шартында өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган калдыктарды жана коштонду продуктуларды дыйканчылыкта жана мал чарбачылыкта өндүрүш каражаты катары экинчи ирет пайдалануу;
10) органикалык айыл чарба өндүрүшүндө экологиялык балансты сактоо;
11) биотехнологияларды (өсүмдүктөрдүн зыянкечтерге жана ооруларга туруктуу сортторун пайдалануу менен), күрөшүүнүн биологиялык каражаттарын (энтомофагдарды, биопрепараттарды) пайдаланып, ошондой эле тиешелүү түрдө уюштурулган которуштуруп айдоону пайдалануу менен өсүмдүктөрдү коргоо;
12) өсүмдүктөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтеринен коргоонун механикалык жана физикалык ыкмаларын колдонуу;
13) жаныбарлардын организминин табигый иммундук чыңдалышына түрткү берүү, ошондой эле, тиешелүү тукумдарды жана жаныбарларды багуу ыкмаларын тандоо жолу аркылуу жаныбарлардын ден соолугун сактоо;
14) жаныбарлардын тукумун жергиликтүү шарттарга көнүү мүмкүндүгүн жана даражасын, бышыктыгын, ооруларга туруктуулугун эске алуу менен тандоо.
15) жаныбарлардан алынуучу органикалык продукцияны органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык келген шарттарда багылган жаныбарлардан өндүрүү;
16) мал чарбачылыгында органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүнүн натыйжасында алынган айыл чарбалык ингредиенттерден турган, ошондой эле айыл чарбалык эмес табигый заттардан турган тоюттарды колдонуу;
17) табигый суу экологиялык системаларынын биологиялык түрлөрүн сактоо, аквакультура продукциясын өндүрүүдө жаратылыштагы суу жана жер бетиндеги табигый экологиялык системалардын тиешелүү абалын камсыздоо.
2. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүдө чектелген көлөмдөгү кошулмаларды колдонууга болот, эгерде алар:
1) органикалык өндүрүштө алынган кошулмалар болсо;
2) табигый заттар же табигый жол менен алынган заттар болсо.
3. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү, ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарга ылайык органикалык айыл чарба продукциясына кирбеген продукцияны өндүрүүдөн бөлөк жүргүзүлүшү керек.
4. Органикалык продукцияны иштетүү учурунда өндүрүүчүлөр төмөнкү шарттарды сактоого милдеттүү:
1) тамактын, тоюттун кошулмаларын, органикалык эмес (технологиялык жана сенсордук функцияларды аткаруучу) түзүмдөрдү, ошондой эле технологиялык же зоотехникалык зарылдыкта, же диеталык максат үчүн пайдаланууга болуучу микроэлементтерди жана технологиялык кошулмаларды колдонууну чектөө;
2) бул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өндүрүштүн баардык талаптарын аткаруу, аларды аткарбоо (пайдалануу) керектөөчүлөрдү продукциянын чыныгы сапаты жөнүндө адаштырышы мүмкүн;
3) токой өсүмдүктөрүн химиялык иштетүүнү колдонбоо.
7-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо
1. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо ушул Мыйзам жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн талаптарына ылайык чарбалык иш жүргүзүлүп жаткандыгын айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөр тарабынан ыктыярдуу тастыктоо жол-жобосунан турат.
2. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
8-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри
1. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Реестр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
2. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрине маалыматтар органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр тарабынан ыктыярдуу берилген информациянын негизинде киргизилет.
9-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү токтото туруу
Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшү боюнча мыйзамы бузулуп жатканын аныктаган учурда, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнүн сертификаты алынат, ал эми аны жүгүртүп жаткандар өз продукциясын дароо кайра алып жана органикалык айыл чарба продукциясы деген маркасын алып салууга милдеттүү.
10-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын маркалоо
1. Органикалык айыл чарба продукциясы ушул Мыйзамдын 6-беренесинде айтылган талаптарды аткарган шартта маркаланат.
2. Органикалык айыл чарба продукциясынын маркасы белгиленген үлгүдөгү катталган белгиси бар жана "органикалык" деген термин, ошондой эле органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, органикалык продукциянын аталышы, сертификаттоочу органдын аталышы жазылган этикетка менен тастыкталат.
3. "Органикалык" деген марканы пайдалануу укугуна катталган, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүдө иштеген жана өзүнүн продукциясына тиешелүү сертификаты бар чарбакер субъекттер ээ болушат.
11-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо
Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) органикалык айыл чарба өндүрүшүн ишке ашырган чарбакер субъекттерди маалыматтык, консультациялык жана методикалык камсыздоо;
2) органикалык продукцияны айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыногуна чыгарууга көмөктөшүү;
3) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү тармагындагы илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнү колдоо;
4) айыл чарба өндүрүшүн мамлекеттик жеңилдетилген насыялоо программаларына мүмкүнчүлүк алууну камсыздоо;
5) айылдык товар өндүрүүчүлөрдү органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү иштерине окутууну уюштуруу;
6) органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн технологияларын илимий-методикалык иштеп чыгуу, эл аралык методикаларды, технологияларды Кыргыз Республикасынын шартында колдонууга ылайыкташтыруу;
7) топурактын күрдүүлүгүн жакшыртууга жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга шарттарды түзүү;
8) айыл чарба өндүрүшүн жана айылдык аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо.
12-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана өндүрүштү маалыматтык камсыздоо
1. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана өндүрүштү маалыматтык камсыздоону органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган уюштурат.
2. Органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылуучу информацияга төмөнкүдөй маалыматтар кирет:
1) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо иш-чаралары жөнүндө;
2) Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри жөнүндө;
3) айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн кошуундарынын, ассоциацияларынын органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө катышуусу жөнүндө.
3. Органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылышы мүмкүн:
1) продукция берүүчү жана органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү максатында кызматтарды көрсөтүүчү керек-жарак айыл чарба кооперативдери жөнүндө;
2) органикалык, анын ичинде тамак-аш продуктылары менен адистешкен соода жүргүзүүчү чарбакер субъекттер жөнүндө;
3) органикалык өндүрүштү уюштуруу үчүн жарактуу жер участоктору жөнүндө;
4) органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө башка маалыматтар.
13-берене. Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө мыйзамын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
14-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти