Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 242
“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча калкты тейлөөнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттердин бланктарына гана жазылары белгиленсин.";
2) ЛС-1 формадагы рецепттик бланк ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) ЛС-2 формадагы рецепттин бланкы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:
- 5-пунктунун экинчи, төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктундагы "Жеңилдиктерге укугу бар бейтаптардын бардык категорияларына акысыз же жарым-жартылай төлөө менен" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктунун биринчи абзацындагы "дарыгердин фармацевттик кызматкерге кайрылуусу" деген сөздөр "рецепт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун "а)" пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жеңилдетилген жана акысыз рецепттер боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары," деген сөздөр алып салынсын;
- 20-пунктунун биринчи абзацындагы анын ичинде акысыз жана жеңилдетилген шартта аларды алууга" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-тиркемеде:
- мамлекеттик тилдеги бүткүл текст боюнча "Ичтен кабыл алуучу" жана "Ичтен кабыл алуу үчүн" деген сөздөр түрдүү жөндөмөдөгү "Ичүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Морфин сульфаты (таасири 12 сааттан кем эмес башка аналогдору) | Ичүүчү узак таасири бар таблеткалар |
|
10 мг | 160 таблетка | ||
30 мг | 60 таблетка | ||
60 мг | 20 таблетка | ||
100 мг | 20 таблетка | ||
200 мг | 20 таблетка | ||
Пероралдык кабыл алуу үчүн эритме, |
| ||
100 мл/бөт. | 2 бөтөлкө | ||
2 мг/мл |
| ||
20 мл бөт. | 2 бөтөлкө | ||
20 мг/мл |
| ||
6 | Морфин гидрохлориди | Саюу үчүн эритме, |
|
1 мл-ден 10 мг ампула | 40 ампула | ||
10 мг таблеткалар | 100 таблетка | ||
5 мг таблеткалар | 200 таблетка |
.";
12-пунктундагы "16" жана "8" деген цифралар тиешелүү түрдө "20" жана "10" деген цифралар менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фармацевттик уюмдардын дары-дармек каражаттарын берүү эрежелеринде:
- 3-пунктундагы "Ушул эрежелердин" деген сөздөр "Ушул токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пунктунда:
биринчи абзацындагы ", ошондой эле жеңилдиктүү шарттарда же акысыз берилген рецепттер да" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы ", ошондой эле акысыз жана жеңилдетилген негизде берилген дары-дармек каражаттарына рецепттер" деген сөздөр алып салынсын;
12-1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускамада:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саламаттык сактоо уюмдарын жана жеке практикадагы дарыгерлерди ушул токтом менен бекитилген ЛС-1 формадагы рецепттик бланк менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленген үлгү боюнча жүргүзүлөт.";
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| Медициналык документация |
|
| ЛС-1 формада |
Уюмдун аталышы жана коду (штамп) |
| өлчөмү 105x145 мм |
РЕЦЕПТ (чоңдордуку, балдардыкы - керектүүсүнүн астын сызгыла) 201___-ж. ___________________
Бейтаптын аты-жөнү: __________________________________________________________________
Курагы: ______________________________________________________________________________
Дарыгердин аты-жөнү: _________________________________________________________________
Rp: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Rp: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
|
Дарыгердин колу жана өздүк мөөрү | М.О. |
|
Рецепт 10 күнгө, 2 айга, 1 жылга жарактуу (кереги жогун чийип салгыла)
ДАРЫГЕРГЕ ЭСКЕРТМЕ ЛС-1 формадагы рецепттин арткы бетине
Саламаттык сактоо уюмунун коду басмаканалык ыкма менен басылат же штамп коюлат.
Жеке практикадагы дарыгерлердин рецепттик бланктарынын жогорку бурчунда басмаканалык ыкма менен алардын дареги, лицензиясынын номери, берилген датасы, жарактуулук мөөнөтү жана аны берген уюмдун аталышы көрсөтүлүшү керек.
Рецепт латын тилинде, даана, так, сыя же шариктүү калемсап менен жазылат. Оңдоп-түзөөгө тыюу салынат.
Бир рецепттик бланкта предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон бир аталыштагы дары-дармек каражатын жана 2 аталышка чейинки рецепт боюнча берилген дары-дармекти жазууга уруксат берилет.
Белгилөөлөрдүн кабыл алынган кыскартууларына гана уруксат берилет, катуу жана чубурма заттар грамм жана миллиграмм, суюктуктар - миллилитр, грамм же тамчы менен жазылат.
Колдонуу ыкмасы кыргыз же орус тилинде көрсөтүлөт. "Ичүүгө", "белгилүү" ж.б. сыяктуу жалпы көрсөтмөлөр менен чектелүүгө тыюу салынат.
Бейтаптын аты-жөнү, анын курагы, дарыгердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
Дарыгердин колу өзүнүн өздүк мөөрү, саламаттык сактоо уюмунун рецепт үчүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Дарыгер жазылган рецепттин жарактуулук мөөнөтү жөнүндө бейтапка эскертүүгө милдеттүү.".
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ