Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 260
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, А.К.Касымалиев, К.К.Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Э.Т.Токтошев, Ж.А.Бакчиев, Г.С.Молдобекова, К.Б.Орозова, А.Т.Алтыбаева, Ж.А.Мусабекова, А.Ш.Осмонова, А.Ш.Жээнбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-майындагы № 260 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, А.К.Касымалиев, К.К.Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Э.Т.Токтошев, Ж.А.Бакчиев, Г.С.Молдобекова, К.Б.Орозова, А.Т.Алтыбаева, Ж.А.Мусабекова, А.Ш.Осмонова, А.Ш.Жээнбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзамдын долбоорунда "Чыңгыз Айтматов" ордени - Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик сыйлыгын уюштуруу каралган.
Мында, негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматка ылайык Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Ошол эле учурда, Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджетке белгилүү чыгымдарды алып келет деп эсептейбиз, анткени "Чыңгыз Айтматов" орденин даярдоо жана чыгаруу финансылык каражаттарды талап кылат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Чыңгыз Айтматов" ордени төштүн сол жагына III даражадагы "Манас" орденинен кийин тагыла тургандыгы каралгандыгына көңүлүңөрдү бурабыз.
Ушуну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Курманжан Датка" ордени төштүн сол жагына "Манас" орденинен кийин тагыларын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүн эске алуу менен Мыйзамдын долбоору менен сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү кайрадан карап чыгуу сунушталат.
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун зор салымын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда камтылган сунуштарды эске алуу менен аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт.