Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 259
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү - жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"аракты өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуунун кубаттуулугу (өндүрүштүк кубаттуулук) - негизги технологиялык жабдууда аракты өндүрүүнүн декалитр менен белгиленген максималдуу жылдык көлөмү. Аракты өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуунун кубаттуулугун эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануунун ченеми - аракты өндүрүүнүн рентабелдүүлүгүнүн минималдуу деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берген, негизги технологиялык жабдууда аракты өндүрүүнүн декалитр менен белгиленген минималдуу жылдык көлөмү. Аракты өндүрүүнүн рентабелдүүлүгүнүн минималдуу деңгээли жана негизги технологиялык жабдуулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
декалитр - алкоголдук тармактагы негизги көлөмдүк ченемдердин бири, аныктама боюнча он литрге барабар;";
2) 7-беренесинин 3-бөлүгүндө:
а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык акциздик салыкты төлөө менен лицензия алган күндөн тартып он эки айдын ичинде 25,0 миң далдан кем эмес санда алкоголдук продукцияны (арактан тышкары) өндүрүүнү камсыз кылуу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде мындай өндүрүштүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өндүрүштүк кубаттуулукту пайдалануунун минималдуу ченемине ылайык келбесе аракты өндүрүүгө жол берилбейт.
Аракты өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну пайдалануу токтото турулган учурда өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануунун ченеми уюм тарабынан сакталбаган фактыны аныктоодо эске алынбайт.".
3) 12-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти