Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 275
"Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын айрым ченемдерин бюджеттик мекемелердин атайын эсептерин түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 99-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фонд токой чарба органдарынын ишинин, амортизациялык чегерүүлөрдүн, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен түзүлөт.";
2. 106-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"106-берене. Токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону финансылык камсыздоо
Токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жана кепилдиктерин камсыздоо боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 73-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "атайын" деген сөз "депозиттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 291-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "атайын" деген сөз "депозиттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 292-беренесинин бүткүл тексти боюнча "атайын" деген сөз "депозиттик" деген сөз менен алмаштырылсын:
4) 323-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "атайын каражаттары" деген сөз "атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 44-беренесинин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 50-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьясынын 9-бөлүгүндөгү "атайын каражаттардын" деген сөздөр "атайын казыналык эсептерде топтолуучу каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 54-статьясынын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттар";
3) 59-статьясынын аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59-статья. Атайын казыналык эсептердин каражаттарын түзүү
Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын атайын казыналык эсептери мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.".
5-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьясынын 4-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасына келүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна чет өлкөлүк жаранга виза берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын аймагында болуу укугуна визаны узартуу үчүн" деген сөздөр алып салынсын.
2) 7-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Мамлекеттик алымды бюджетке кириштөө
Жеке жана юридикалык жактардан алынуучу мамлекеттик алым республикалык бюджетке которулат.".
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
17-статьясында:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"УИАнын илимий мекемелеринин финансы каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардын чегерүүлөрүнүн;
- чыгарылган өздүк товарларды сатуудан түшкөн каражаттардын;
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган чет өлкөлүк жана башка булактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулуктарынын.";
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьясынын төртүнчү бөлүгүндөгү ", алардын ичинен 60 пайызы республикалык бюджетке, калгандары - байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулууга жатып, ылайыктуулук сертификаттарын берүүдөгү, стандарттарды иштеп чыгуудагы чыгымдарды компенсациялоо үчүн алынуучу бир жолку төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Радиомониторингдин мамлекеттик тутумун жана Байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун колдоого, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө акыны кошуп алганда, радиожыштык спектринин радиожыштыктарынын номиналдарын жана/же тилкелерин пайдалануу үчүн ар жылдык акысынан," деген сөздөр "каржыланат, ал төлөмдөр толук көлөмдө республикалык бюджетке киргизилүүгө тийиш жана алардын ичинен бюджеттин 40 пайызы байланыш тармагын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жумшалат, чыгымдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Монополияга каршы органдын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
Монополияга каршы органдын иши Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Монополияга каршы органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иштөө үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыздоо максатында республикалык бюджетке түшүүчү регулятивдүү талаптардан четтөө суммаларынан 25 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржылоонун эсебинен Монополияга каршы органды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду түзүлөт.
Бул фондду түзүү жана пайдалануу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
9-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
37-беренесинин 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-беренесинин 8-пунктундагы "атайын" деген сөз "депозиттик" деген сөз менен алмаштырылсын.
11-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мобилизациялык резервдин жыйындары республикалык бюджеттин кирешесине 500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү суммада жарандардын акчалай салымды төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт.
Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 32-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Альтернативдик кызматты өтөө диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары альтернативдик кызматтын кызматчыларынын республикалык бюджеттин кирешесине 180 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдү төгүүсүн карайт.
Диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан 180 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө келип түшкөн акчалай каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине төгүлөт.
Ар бир квартал ичинде акчалай төгүмдүн жалпы көлөмүнүн алтыдан биринен кем эмеси төлөнүүгө тийиш.".
3) 34-беренесинин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жыйырма беш жаш куракка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен берилген чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартса жана алар мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалабаса, республикалык бюджеттин кирешесине 250 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү сумманы төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.".
4) 38-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын каражаттарынын" деген сөздөр "республикалык бюджеттин каражаттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" (Эркин Too гезити, № 54, 2011-жылдын 5-июлу) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 53-беренесинин 4-бөлүгүндө:
- "атайын" деген сөз "депозиттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат." деген сөздөр "сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|