Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну № 283
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Турускулов, И.Ш.Омуркулов, М.А.Аманкулов, И.З.Сарсейитов, У.Б.Примов, А.Э.Самигулина, Ж.К.Акаев, Е.Г.Строкова, А.С.Токторов, Н.В.Никитенко, А.Ж.Жамангулов, А.Ж.Исмаилова, А.С.Кодуранова, К.К.Керезбеков, А.Б.Баатырбеков, А.М.Нурбаев, А.К.Касымалиева, Н.Т.Каримов, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, А.Т.Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, Р.Ч.Момбеков тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы № 283 токтому менен жактырылды |
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Турускулов, И.Ш.Омуркулов, М.А.Аманкулов, И.З.Сарсейитов, У.Б.Примов, А.Э.Самигулина, Ж.К.Акаев, Е.Г.Строкова, А.С.Токторов, Н.В.Никитенко, А.Ж.Жамангулов, А.Ж.Исмаилова, А.С.Кодуранова, К.К.Керезбеков, А.Б.Баатырбеков, А.М.Нурбаев, А.К.Касымалиева, Н.Т.Каримов, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, А.Т.Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, Р.Ч.Момбеков демилгелешкен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, ага ылайык "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылат.
Ошол эле учурда, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары өздөрүнүн тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзө тургандыгын белгилейбиз.
Мында эске алынуучу нерсе, Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө, анын түзүмү жана курамы, алардын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдардын аталыштары өзгөрүшү мүмкүн, ал тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.
Ошого байланыштуу Мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдардын аталышын эмес, мамлекеттик саясатты тийиштүү тармакта ишке ашыруу боюнча алардын иш чөйрөсүн көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Ошол себептен Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Кыргыз Республикасынын коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын ички иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясат тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси (ректору) альтернативалык негизде мамлекеттик жогорку окуу жайынын жамаатынын жалпы жыйынында илимий даражасы жана наамы, ошондой эле тиешелүү квалификациясы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берип, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.".
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасында мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин шайлоого катышкандардын ичинен элүү пайыздан ашык добуш алган талапкер шайланган болуп саналат деп көрсөтүлгөн. Талапкерлердин бири дагы жетиштүү добуш албай калган учурда, көбүрөөк добуш алган эки талапкерге кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда, практикада мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчилерин шайлоого эки гана талапкер катышып, добуш берүү процессинде алардын бири да жетиштүү добуш албай калган учурлар болушу мүмкүн экендигин белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда айтылгандын негизинде, укук колдонуу практикасындагы айкын эмес жана талаш учурларды четтетүү максатында Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисине талапкерлердин ичинен элүү пайыздан ашык добуш алган талапкер шайланган болуп саналат. Эгерде мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчисинин кызмат ордуна экиден көп талапкер шайлоого катышса жана алардын бири да жетиштүү добуш албаса, анда көбүрөөк добуш алган эки талапкерге кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт. Кайрадан добуш берүүдө талапкерлердин ичинен элүү пайыздан ашык добуш алган талапкер шайланган болуп саналат. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна шайланган талапкер шайлоо жүргүзүлгөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка бекитилет.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин шайлоо төмөнкү учурларда өтпөй калды деп таанылат:
- эгерде шайлоого эки талапкер катышып, алардын бири да шайлоодо добуш бергендердин элүү пайызынан ашык добушун албаса;
- эгерде бардык талапкерлер кайра добуш берүүгө чейин чыгып кетсе;
- кайрадан добуш берүүдө талапкерлердин бири да добуш бергендердин элүү пайызынан ашык добуш албаса.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин шайлоо төмөнкү учурларда өткөрүлбөгөн болуп таанылат:
- шайлоо өткөрүү тартибин бузган учурларда;
- соттун чечими менен.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин шайлоону өткөрүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
Ошол себептен, аталган Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген талаптарды эске алуу менен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине шайкеш келтирүү, анын ичинде коомдук талкуулоо, мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар уюмдар менен макулдашуу үчүн убакыт талап кылынаарын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдөн кийин "алты айлык мөөнөттө" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда берилген сунуштарды эске алуу менен Мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейбиз.