Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-декабры № 794
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго - кырк кадам» программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүне ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8 922-бер.) төмөнкудөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)153 -беренесинде:
а) 8-пунктунун «г» пунктчасында «товардык-сервистик» деген сөздөр алып салынсын;
б) 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19) «Айыл чарба өндүрүүчүлөрү» - айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын өндүруүчү уюмдар же жеке жак.»;
в) 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20) «Айыл чарба кооперативи»- мүчөлөрүнүн кеминде 75 пайызы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн турган жана иши кооперативдин мүчөлөрү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн товарларды сатууга, кызматтарды көрсөтүүгө, иштерди аткарууга, ошондой эле алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү продуктуларын сатууга багытталган кооператив.»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 52 жана 53-пункттар менен толукталсын:
«52) Машина-трактордук станция - айыл чарба техникасын колдонуу менен айыл чарба өндүрүүчү же айыл чарба кооперативи үчүн агротехникалык ишти аткарган, айьш чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн, ошондой эле аларга карата запастык бөлүктөрдү жеткирип берген уюм.
53) «Айыл чарба багытындагы соода-логистика борбору» - төмөнкүлөрдү ишке ашырган уюм:
а) ички рынокту айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын экспорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу;
б) айыл чарба продукциясын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын сорттоо, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоо, ташуу, кайра иштетүү үчүн арналган өндүрүштүк, администрациялык, кампалык жана башка имараттары бар жер участогунан (жер участокторунан) турган мүлктүк комплекс пайдалануу же менчик укугунда таандык болгон.»;
2) 158-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«158-берене. Өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежеси
1. Иштин түрлөрүн жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр үчүн ушул Кодексте салык салуунун ар кандай шарттары каралганда, алар салык салуу объектеринин өзүнчө эсепке алууга милдетгүү, анын ичинде:
1) жеке жана жөнөкөй шериктештиктин ишине карата жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык эсепке алуу милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;
2) жеке ишине жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун мүлкүн башкаруу боюнча ишке карата ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык эсепке алуу милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;
3) ар кандай салык режимдерин колдонуу менен иштеген салык төлөөчү:
4) салык салуунун ар кандай шарттарына на тийиштүү иштин түрлөрүн аткарган салык төлөөчү.
2. Өзүнчө эсепке, алуу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде салык төлөөчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.
Иштин түрлөрүнүн ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүүдө салык төлөөчү иштин ушул түрүнө тийиштүү көрсөткүчтөрдүн каалаганын тандап алууга укуктуу:
- сатуудан түшкөн акча;
- түз чыгымдар;
- жайлардын аянты.
Чыгымдар товардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир турүнө туура келген тандап алынган көрсөткүчүн үлүшүнө пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
Салык салуунун ар кандай шарттары каралган иштин түрлөрүн ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүү салык төлөөчүнүн салык саясатында белгилениши керек.
Эгерде, чыгымдарды бөлүштүрүү үчүн тандап алынган көрсөткүч салык төлөөчү тарабынан ушул беренеге ылайык белгиленбесе, салык органы ушул беренеде белгиленген каалаган көрсөткүчтү колдонуу менен салык төлөөчүнүн чыгымдарын өз алдынча бөлүштүрүү укугуна ээ болот.
Иштин белгилүү бир түрүнө таандык болгон кирешелер жана чыгымдар ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсепке алуу документтери менен ырасталышы керек.»;
3) 163-беренесинин 4-пунктунун 4-пунктчасында «айыл чарба товардык- сервистик» деген сөздөр алып салынсын.
4) 176-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору ушул Кодекстин 153-беренесинин 20 жана 53-пункттарында көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн жүргүзгөн шарттарда, салык агенттери сыяктуу эле ар бир жалданма жумушчуга карата ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын так белгиленген суммасын жалданма жумушчулардын айлык акысынан кармап калат жана төлөйт.»:
5) 212-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) «Төмөнкүлөрдүн» деген сөздөн кийин «ишинен түшкөн пайдалар» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-пунктундагы «товардык-сервистик» деген сөздөр алып салынсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 14 жана 15-пункттар менен толукталсын:
«14) машина-трактордук станциянын;
б) 221-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын.
7) 239-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү «өндүрүүчүлөргө өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын,» деген сөздөр «өндүрүүчүсүнүн, айыл чарба кооперативинин өздүк өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын.» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3 жана 4-бөлүгүндөгү «товардык-сервистик» деген сөздөр алып салынсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
«6. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору тарабынан айыл чарбалык өндүрүүчүлөрдөн жана айыл чарба кооперативдеринен алынган айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларынын жеткирип берүү КНСтен бошотулган болуп саналат.
7. Айыл чарба өндүрүүчүнүн жана айыл чарба кооперативинин дарегине машина трактордук станциянын жеткирип берүүлөрү КНСтен бошотулган болуп саналат:
1) айыл чарба техникасы пайдаланылган иштер;
2) айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтар;
3) айыл чарба техникасынын запастык бөлүктөрү.».
8) 259-беренесинде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Өздүк өндүрүштүк максаттары үчүн ишке ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттардын импорту чарбакер субъектти КНС төлөөчү катары каттоо фактысына карабастан, КНС төлөөдөн бошотулат:
1) айыл чарба өндүруүчүсү;
2) айыл чарба кооперативдери, анын ичинде кооперативдердин мүчөлөрүнүн өндүруштүк максаттары үчүн;
3) машина-трактор станциясы;
4) айыл чарба багытындагы соода-логистика борбору;
5) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча чарбакер субъекттер.
б) 6-бөлүгү «200000 сомдон кем эмести түзөт» деген сөздөрдөн кийин «,эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса» деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
«8. Өздүк өндүрүштүк максаттар, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн түздөн-түз айыл чарба кооперативи тарабынан ишке ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттын импорту ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган наркты чектөөнү эске албастан импортко КНС төлөөдөн бошотулат.»;
9) 315-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2, 6, 7-пункттар алып салынсын.
10) 327-беренесинин 9-бөлүгүндө:
а) «Кр мааниси» графасынын «Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү» деген позициясында «0,2» деген цифра «0,8» деген цифра менен алмаштырылсын;
б) төмонкүдой мазмундагы позиция менен толукталсын:
« | |
Профсоюздук ден соолукту чыңдоо санаторийлери | 0,2 |
жана эс алуу үйлөрү |
|
»;
11) 330-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын: «7. Айыл чарба кооперативинин жана айыл чарба багытындагы соода-логистика борборунун негизги ишинин максатында пайдаланылган, менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттардын, жайлардын жана курулуштардын салыгынын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө мүлккө салыкты төлөөдөн бошотулат.».
13) 339-беренесинин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:
«23) айыл чарба кооперативине жана айыл чарба багытындагы соода-логистика борборуна таандык жана алардын негизги ишинин максатында пайдаланылуучу имараттар жана курулуштар - 0,1.»;
14) 353-беренесинде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Салык төлөөчүлөр киреше салыгын эсептөөнүн жана жалданма жумушчулардын айлык акысынан төлөөнүн ордуна ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешесине жараша эсептелген салыкты төлөө менен ар бир жалданма жумушчуга ыктыярдуу патентти алууга миддеттүү.».
б) 4-бөлүгүнүн 1-пунктчасындагы «жылдын» деген сөз «катары менен кийинки 12 календардык айдын» деген сөздер менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) товарлардын импортун ишке ашыруучу жеке адамдар, тигүү жана текстиль тармагынын субъекттеринен тышкары»; .
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартын он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Презиленти