Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-марты N 116

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги N 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги N 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышындагы "коргонууга" деген сөз "корголууга" деген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесинин 1-таблицасынын 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"

1.4. Банктар, күрөөканалар

Акча, баалуулуктар, баалуу буюмдар, баалуу кагаздар сакталуучу жай

 

+

 

 

 

Операциялык зал, офистер ж.б.у.с.

 

+

Администрациялык- тиричилик жайларында- жылуулукту, башкаларда- түтүндүү

 

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев