ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы N 116 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги N 196»Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-марты N 116

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги N 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги N 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышындагы "коргонууга" деген сөз "корголууга" деген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесинин 1-таблицасынын 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"

1.4. Банктар, күрөөканалар

Акча, баалуулуктар, баалуу буюмдар, баалуу кагаздар сакталуучу жай

 

+

 

 

 

Операциялык зал, офистер ж.б.у.с.

 

+

Администрациялык- тиричилик жайларында- жылуулукту, башкаларда- түтүндүү

 

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев