Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 279
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмуна студенттерди кабыл алуунун тартибинде:
- 32-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункту "спорттук наамдары бар спортсмендер" деген сөздөн кийин "мөөнөттүү аскер кызматынан өткөн абитуриентке" деген сөздөр менен толукталсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |