Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 281 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүүсүнө талаптарды белгилейт.
2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктарга жана башка финансылык-кредиттик уюмдарга карата колдонулбайт.
3. Накталай акчаларды кабыл алуу жана берүү, кассалык документтерди тариздөө боюнча кассалык операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилүүчү типтүү документтерди пайдалануу менен ишке ашырылат.
4. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- банкноталар, монеталар - өлкөнүн мыйзамдарына ылайык чыгарылган жана жүгүртүүдөгү ар кандай баадагы жана түрдөгү акча белгилери;
- бюджеттик мекеме - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же башкаруучу, социалдык-маданий, илимий-техникалык же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн, иши тийиштүү бюджеттин каражатынын эсебинен каржылануучу мекеме;
- бухгалтер - чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укук берген, бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн, уюштурулушун камсыздоочу жана бухгалтердик операциялар үчүн жоопкерчилик тартуучу адам;
- касса - акча жана башка баалуулуктарды сактоого, кабыл алууга жана берүүгө арналган жай;
- кассалык китеп - жазуу же электрондук формада түзүлгөн эсепке алуу ведомосттору, аларда баалуулуктар менен болгон операциялар чагылдырылат, алардын түшүүсү жана берилиши эсепке алынат;
- кассалык документ - баалуулуктарды берүү жана кабыл алуу боюнча кассалык операциялар ишке ашырылуучу жана таризделүүчү акча документи (операцияларды жүргүзүүгө негиз болуучу кассалык кириштөө ордери, кассалык чыгымдоо ордери, квитанция жана башка документтер);
- кассалык операциялар - баалуулуктарды кабыл алуу, берүү жана сактоо;
- кассир - чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укук берген, накталай акчаны кабыл алуучу, сактоочу, берүүчү жана эсебин жүргүзүүчү адам;
- накталай акчалар - жүгүртүүдөгү жана мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелген, ошондой эле жүгүртүүдөн алып салынган же алып коюлуучу, бирок алмаштырылууга тийиш болгон банкнота жана монета түрүндөгү акчалар;
- чарбакер субъекттер - аткарып жаткан иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик катталууга жана (же) лицензияланууга тийиш болгон, киреше алып келүүчү ишти жүргүзгөн коммерциялык уюм, коммерциялык эмес уюм, кесиптик иши киреше алып келүүчү жеке ишкер;
- баалуулуктар - валюталык баалуулуктар, банкноталар жана монеталар, баалуу кагаздар жана катуу отчеттуулуктагы бланктар.
2-глава. Накталай акчаларды кабыл алуу
5. Накталай акчаны чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин кассасына кабыл алуу ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык, бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол койгон (КО-1 формасындагы) кассалык кириштөө ордери боюнча жүргүзүлөт.
Накталай акчаны кабыл алууну ырастоочу документ болуп ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык бухгалтердин жана кассирдин (алар жок болсо - жетекчинин) колдору коюлуп берилүүчү, чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн (КО-1 формасындагы) квитанция эсептелет.
6. Кассалык кириштөө ордерин толтурууда кассир баардык реквизиттердин болушун жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Кассалык документтерди толтуруунун эрежелерине жараша туура толтурулушун текшериши керек.
Ушул Тартиптин 5-6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда документтер тиешелүү түрдө тариздөө үчүн бухгалтерияга кайра жиберилет.
7. Кассалык кириштөө ордерлерин жана алардын квитанцияларын бухгалтер кол жазма же электрондук формада так жана даана толтурушу керек. Бул документтерде кырып өчүрүүгө, чийип оңдоого же оңдоолорго жол берилбейт.
Кассалык кириштөө ордерлеринде аларды түзүү үчүн негиздер көрсөтүлөт жана аларга тиркелүүчү документтер саналат.
Акча төгүүчү адамга кассалык кириштөө ордерлерине бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол койгон, чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн айрыма квитанция берилет.
Кассалык кириштөө ордерлери боюнча акча кабыл алуу алар түзүлгөн күнү гана жүргүзүлөт.
8. Кассалык кириштөө ордерлерине же төлөм ведомостторуна ылайык акча алынгандан кийин дароо бухгалтер жана кассир (алар жок болсо -жетекчи) кол коюп, датасын (күнү, айы, жылы) көрсөтүү менен мөөр басат.
3-глава. Накталай акчаларды берүү
9. Чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин кассасынан накталай акча ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык (КО-2 формасы) кассалык чыгымдоо ордери же бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол койгон төлөм ведомосту боюнча берилет.
Кассалык чыгымдоо ордерлерине тиркелген документтерде чарбакер субъекттин жетекчисинин уруксат берген жазуусу болгон учурда анын кассалык чыгымдоо ордерлерине кол коюусу милдеттүү эмес.
10. Кассалык чыгымдоо ордерлерин толтурууда кассир баардык реквизиттердин болушун жана туура толтурулушун текшериши керек.
Ушул пунктта каралган талаптар аткарылбаган учурда документтер тиешелүү түрдө тариздөө үчүн бухгалтерияга кайра жиберилет.
11. Кассалык чыгымдоо ордерлерин жана төлөм ведомостторун бухгалтер так жана даана, кол жазма же электрондук формада түзөт. Бул документтерде кырып өчүрүүгө, чийип оңдоого же оңдоолорго жол берилбейт.
Кассалык чыгымдоо ордерлеринде аларды түзүү үчүн негиздер көрсөтүлөт жана ага тиркелген документтер саналат.
Акча алуучу адамдын колуна кассалык чыгымдоо ордерлерин же төлөм ведомостун берүүгө болбойт.
Кассалык чыгымдоо ордерлери боюнча акча алар түзүлгөн күнү гана берилет.
Кассалык чыгымдоо ордерлерине же төлөм ведомостторуна алар боюнча акча берилгенден кийин дароо бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол коюп, датасын (күнү, айы, жылы) көрсөтүү менен мөөр басылат.
12. Акча кассалык чыгымдоо ордери же төлөм ведомосту боюнча берилгенде акчаны алуучу төлөм документтерине алган сумманы: сомду - сөз менен, тыйынды - цифра менен көрсөтүп өз колу менен жазат. Акчаны ведомость менен алган учурда суммасы сөз менен жазып көрсөтүлбөйт.
Бир нече адамга акча берүү үчүн төлөм ведомосту түзүлсө, алуучулар өздөрүнүн ким экендигин ырастаган документтерин көрсөтүшөт жана төлөм документинин тиешелүү графасына кол коюшат.
Акча ким экенин билдирүүчү, фотосүрөтү бар жана ээсинин колу коюлган документти көрсөткөндө берилет.
13. Кассир накталай акчаны кассалык чыгымдоо ордеринде же төлөм ведомостунда көрсөтүлгөн адамга гана берет. Эгерде акча мыйзамда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат боюнча берилсе, ордердин текстинде акча алуучунун аты-жөнүнөн кийин акча алууга ишеним берилген адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт. Акча ведомость боюнча берилген учурда акча алуу үчүн кол коюлуучу жердин алдына кассир "Ишеним кат боюнча" деген жазуу жазат. Ишеним кат кассирде калат жана кассалык чыгымдоо ордерине же ведомостко тиркелет.
14. Эмгек акыны кассир ар бир алуучуга кассалык чыгымдоо ордерин түзбөстөн төлөм ведомосту (эсептешүү-төлөө ведомосту) боюнча берет.
Берилген эмгек акынын жалпы суммасына бир кассалык чыгымдоо ордери түзүлөт, анын датасы жана номери ар бир төлөм ведомостуна (эсептешүү-төлөө ведомостуна) коюлат.
Төлөм ведомостуна (эсептешүү-төлөө ведомостуна) акчаны берүүчү мөөнөт жана суммасы (сөз менен) жазылып, чарбакер субъекттин, бюджеттик мекеменин жетекчисинин жана бухгалтердин же алар ыйгарым укук берген адамдын колу коюлган, акчаны берүүгө уруксат жөнүндө жазуу жазылат.
Айрым адамдарга эмгек акысына бир жолку акча берүү кассалык чыгымдоо ордери менен жүргүзүлөт.
4-глава. Кассалык китепти жүргүзүү
15. Накталай акчанын түшүүсү жана берилиши ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык кассалык китепте эсепке алынат.
16. Ар бир чарбакер субъект же бюджеттик мекеме бир гана кассалык китеп жүргүзөт (валютанын ар бир түрү жана каржылоо булагы үчүн), ал номерленип, көктөлүп, сургуч же сыя мөөр басылышы керек. Кассалык китептин барактарынын саны ушул чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлөт.
Кассалык китептеги жазуулар көчүргүч кагаз аркылуу эки нускада кол менен жазылат. Барактардын биринчи нускалары кассалык китепте калат. Барактардын экинчи нускалары айрып алма болууга тийиш жана кассирдин отчёту болот. Барактардын биринчи жана экинчи нускалары бирдей номер менен номерленет.
Эгерде барактардын нускалары компьютердик техниканын жардамы менен басылса, анда бир нускасы кассирдин отчёту катары кызмат кылат.
Кырып оңдоолор жана түшүндүрмөсү көрсөтүлбөгөн оңдоолор кассирдин, ошондой эле чарбакер субъекттин, бюджеттик мекеменин бухгалтеринин же аны алмаштыруучу адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
17. Кассалык китепке жазууларды ар бир ордер боюнча же аны алмаштыруучу башка документ боюнча акча алынгандан же берилгенден кийин дароо кассир же аны алмаштыруучу адам жазат. Күн сайын иш аяктаганда кассир же аны алмаштыруучу адам ошол күндөгү операциялардын жыйынтыгын эсептейт, кассада кийинки күнгө калган акчанын калдыгын чыгарат жана экинчи айрып алма баракты (кассалык китептеги бир күндөгү жазуулардын көчүрмөсүн) кириштөө жана чыгымдоо документтери менен кошо бухгалтерияга кассирдин отчёту катары кассалык китепке кол койдуруп өткөрүп берет.
Эгерде иш күндүн ичинде кассалык операциялар жүргүзүлбөсө, кассалык китепке жазуу жазылбайт.
Чарбакер субъекттерде же бюджеттик мекемелерде бир күндөгү операциялардын саны 20дан ашпаса, кассалык отчётторду 3-5 иш күндө бир жолу түзсө болот.
18. Чарбакер субъекттерде жана бюджеттик мекемелерде уюмдун жетекчисинин жана кассирдин макулдугу менен жана кассалык документтердин толук сакталуусу камсыздалган шартта кассалык китеп электрондук формада жүргүзүлүшү мүмкүн. Кассалык китепти электрондук форматта жүргүзүү кассирдин материалдык жоопкерчилиги жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.
19. Кассалык китептин туура жүргүзүлүшүн контролдоо чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин бухгалтерине (ал жокто -жетекчисине) жүктөлөт.
20. Кассалык чыгымдоо ордеринде же аны алмаштыруучу башка документте алуучунун коюлган колу менен ырасталбастан кассадан акча берүү, кассадагы накталай акчанын калдыгынын далили катары кабыл алынбайт, бул сумма жетпей калган деп эсептелет жана кассирден же аны алмаштыруучу адамдан өндүрүлөт. Кассалык кириштөө ордери менен далилденбеген накталай акча кассадагы ашыкча акча деп эсептелет жана чарбакер субъекттин же тийиштүү бюджеттин кирешесине чегерилет.
5-глава. Акчаларды сактоо
21. Чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин бардык накталай акчалары жана баалуу кагаздары күйбөй турган металл шкафтарда сакталат, ал эми күзөт сигнализациясы болгон учурларда - комбинациялуу жана жөнөкөй металл шкафтарда сакталып, алар кассанын иши аяктаганда ачкыч менен бекитилет.
22. Металл шкафтардын ачкычтары кассирде же аны алмаштыруучу адамда сакталат. Ачкычтарды шартташкан жерде калтырууга, башка адамдарга берүүгө же эсепке алынбаган дубликатын жасоого тыюу салынат.
23. Ачкычтардын эсепке алынган дубликаттары кассир же аны алмаштыруучу адам мөөр басып бекиткен пакетке, сандыкчага салынып чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчисинде сакталат.
24. Металл шкафтын ачкычынын жоголгону белгилүү болгон учурда чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчиси укук коргоо органдарына болгон окуя тууралуу билдирет жана металл шкафтын кулпусун дароо алмаштырууга чара көрөт.
25. Кассада ушул чарбакер субъектке же бюджеттик мекемеге таандык эмес накталай акчаларды жана башка баалуулуктарды сактоого тыюу салынат.
6-глава. Кассаны инвентаризациялоо жана кассалык тартиптин сакталышын контролдоо
26. Ар бир чарбакер субъектте же бюджеттик мекемеде чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчиси белгилеген мөөнөттө кассада турган баардык акчаны бирден санап толук эсептөө жана башка баалуулуктарды текшерүү менен инвентаризация жасалат.
Кассаны инвентаризациялоо үчүн чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругу менен комиссия түзүлүп, алар текшерүүнүн актысын түзүшөт. Комиссия кассадагы баалуулуктар кем чыкканын же ашык экенин аныктаса, актыда кем чыккан же ашык сумма жана алардын пайда болгон шарттары көрсөтүлөт.
Инвентаризациянын жыйынтыгы ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык ИНВ-15 формасы боюнча акты менен таризделет.
27. Кассалык тартипти сактоо үчүн жоопкерчилик чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчисине жүктөлөт.
|
| Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине 1-тиркеме |
Бир түргө келтирилген № КО-1 формасы
| Код | к е с ү ү
с ы з ы г ы | ____________________________ бюджеттик мекеменин/субъекттин аталышы __-ж. "___" _________________ № __ кириштөө кассалык ордерге КВИТАНЦИЯ кимден кабыл алынды _______ ____________________________ Негизи: ____________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ Суммасы: _____ сом. __ тыйын цифра менен ____________________________ жазуу жүзүндө ____________ сом ____ тыйын Анын ичинде ______________ __-ж. "___" _________________
М.О. (штампы)
Башкы бухгалтер _______ ____________________ колу колунун чечмелөөсү
Кассир _______ ____________________ колу колунун чечмелөөсү | |||||||||
ОКУД боюнча форма ОКПО боюнча ______________________________________________________________________ бюджеттик мекеменин/субъекттин аталышы | 0310001 | |||||||||||
| ||||||||||||
_____________________________________________________________________ түзүмдүк бөлүнүш |
| |||||||||||
| ||||||||||||
| документтин номери | Толтурулган күнү | ||||||||||
КИРИШТӨӨ КАССАЛЫК ОРДЕРИ |
|
| ||||||||||
|
| |||||||||||
| Дебет | Кредит | сумма, сом., тыйын | Максаттуу арналышынын коду |
| |||||||
| түзүмдүк бөлүнүштүн коду | Корреспонденциялык эсеп | Талданган эсепке алуунун коду | |||||||||
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Кабыл алынды ______________________________________________________________________________ Негиз: ______________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________ Сумма: ____________________________________________________________________________________ жазуу жүзүндө ________________________________________________________ сом ________________________ тыйын Анын ичинде: _______________________________________________________________________________ Тиркеме: ___________________________________________________________________________________ Башкы бухгалтер: _____________________________ _____________________________________________ колу колунун чечмелөөсү Алган кассир: _________________________________ ____________________________________________ колу колунун чечмелөөсү | ||||||||||||
|
| Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине 2-тиркеме |
Бир түргө келтирилген № КО-2 формасы
| Код | |
ОКУД боюнча форма _____________________________________________________________________________ ОКПО боюнча бюджеттик мекеменин/субъекттин аталышы | 0310002 | |
| ||
_____________________________________________________________________________ түзүмдүк бөлүнүш |
| |
| ||
| документтин номери | толтурулган күнү |
ЧЫГЫМДОО КАССАЛЫК ОРДЕРИ |
|
|
Дебет | Кредит | Сумма, сом., тыйын | Максаттуу арналышынын коду |
| |||
| түзүмдүк бөлүнүштүн коду | корреспонденциялык эсеп | Талданган эсепке алуунун коду | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Берилсин __________________________________________________________________
аты-жөнү
Негизи: ____________________________________________________________________
Сумма _____________________________________________________________________
жазуу жүзүндө
______________________________________________ сом ___________________ тыйын
Тиркеме ____________________________________________________________________
Жетекчи: _________________________________ _____________ ____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Башкы бухгалтер __________________________ __________________________________
колу колунун чечмелениши
Алдым ______________________________________________________________________
суммасы жазуу жүзүндө
______________________________________________ сом ___________________ тыйын
20___-ж. "___" ___________ колу ________________________________________________
____________________________________________________________________________ боюнча
Алуучунун ким экендигин ырастоочу документтин аталышы, номери, датасы жана берилген жери
Берген кассир __________________________ __________________________________
колу колунун чечмелениши
|
| Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине 3-тиркеме |
Кассалык документтерди толтуруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Кириштөө кассалык ордерин (КО-1 формасын) толтуруу эрежелери
1. Ушул глава кириштөө кассалык ордеринин бир түргө келтирилген бланкын (КО-1 формасын) толтуруу тартибин аныктайт.
2. "Субъекттин/бюджеттик мекеменин аталышы" маалымдарегинде кассага накталай акча каражаттары кириштелип жаткан чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин толук же кыскартылган аталышы көрсөтүлөт.
3. "Документтин номери" реквизитинде кассалык документтин катар номери көрсөтүлөт. Чарбакер субъекттерде кассалык документтер календардык жылдын башынан тартып хронологиялык тартипте номерленет, бюджеттик мекемелерде календардык жылдын башынан тартып хронологиялык тартипте (каржылоо булагы аркылуу) номерленет.
4. "Түзүү датасы" реквизитинде маалыматтар араб цифралары менен төмөнкүдөй ыраатта толтурулат: күнү, айы, жылы. Күнү жана айы чекит менен бөлүнгөн эки жуп араб цифрасы менен таризделет; жыл - төрт араб цифрасы менен: КК.АА.ЖЖЖЖ. Эгерде күндөрдүн жана (же) айдын катар номери ондон кичине болсо, анда алдына 0 цифрасы коюлат. Кириштөө кассалык ордери (КО-1 формасы) кассага акча түшкөн күнү толтурулат. Бул андагы көрсөтүлгөн датанын акчаны кириштеген дата экенин түшүндүрөт.
5. "кимден кабыл алынды ______________________" маалымдарегинде - эгерде акча чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин штаттык кызматкеринен кабыл алынса, анда кириштөө кассалык ордеринин бул графасына ушул кызматкердин аты-жөнү көрсөтүлөт; эгерде акча башка чарбакер субъекттик кызматкеринен же жеке адамдан кабыл алынса, анда бул графада адегенде чарбакер субъекттин аталышы, андан кийин "аркылуу" деген сөз жана ушул адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт.
6. "Негизи" маалымдарегинде накталай акчанын түшүү булагы көрсөтүлөт, б.а. финансылык операциянын мазмуну чагылдырылат.
7. "Сумма" маалымдарегинде кассага түшкөн акча каражатынын суммасы көрсөтүлөт. Мында сом менен көрсөтүлгөн сумманы сап башына баш тамга менен жазуу жүзүндө, ал эми тыйынды цифра менен көрсөтүү керек.
8. Кириштөө кассалык ордерине квитанция кириштөө кассалык ордеринин үлгүсү сыяктуу эле толтурулат.
2. Чыгымдоо кассалык ордерин толтуруу тартиби
9. Ушул глава чыгымдоо кассалык ордеринин бир түргө келтирилген бланкын (КО-2 формасын) толтуруу тартибин аныктайт.
10. "Субъекттин же бюджеттик мекеменин аталышы" маалымдарегинде кассасынан накталай акча каражаттары берилип жаткан чарбакер субъекттин же бюджеттик мекеменин толук же кыскартылган аталышы көрсөтүлөт.
11. "Документтин номери" реквизитинде кассалык документтин катар номери көрсөтүлөт. Чарбакер субъекттерде кассалык документтер календардык жылдын башынан тартып хронологиялык тартипте номерленет, бюджеттик мекемелерде календардык жылдын башынан тартып хронологиялык тартипте (каржылоо булагы аркылуу) номерленет.
12. "Толтурулган күнү" маалымдарегинде кассадан накталай акча каражатын берүү датасы көрсөтүлөт. Күнү жана айы чекит менен бөлүнгөн эки жуп араб цифрасы менен таризделет; жыл - төрт араб цифрасы менен: КК.АА.ЖЖЖЖ. Эгерде күндүн жана (же) айдын катар номери ондон кичине болсо, анда алдына 0 цифрасы коюлат.
13. "Сумма, сом, тыйын" маалымдарегинде кассадан берилүүчү сумманын өлчөмү цифралык форматта үтүр (чекит, дефис) аркылуу көрсөтүлөт.
14. "Берилсин" маалымдарегинде акча берилүүчү жеке адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт. Чыгымдоо кассалык ордеринде каалаган жеке адамдын аты-жөнүн көрсөтүүгө жол берилбейт. Акча ортомчу аркылуу берилген айрым учурларда ишеним берилген адамдын, башкача айтканда иш жүзүндөгү алуучунун ысымы акча даректелген адамдын ысымынан кийин көрсөтүлөт.
15. Накталай акча каражаттары юридикалык жакка берилген учурда кассир чыгымдоо кассалык ордеринин баардык талап кылынган маалымдаректеринин толтурулушун текшерет, (акча бериле турган уюмдун толук аталышы; акча каражаттарын алууга ушул уюм тарабынан ишеним кат менен ыйгарым укук берилген адамдын аты-жөнү). Андан кийин ишеним катта көрсөтүлгөн жеке жакка акча каражаттарын берүүдө кассир паспортунун маалыматтарын жана бул адамдын койгон колун паспортунда жана ишеним каттагы коюлган колу менен сөзсүз түрдө салыштыруусу керек.
16. Накталай акча каражаттары жеке жакка берилген учурда кассир чыгымдоо кассалык ордеринин бардык талап кылынган маалымдаректеринин толтурулушун текшерет (жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын). Андан кийин, жеке жакка акча каражаттарын берүүдө кассир паспорттук маалыматтарын жана бул адамдын койгон колун паспортундагы коюлган колу менен сөзсүз түрдө салыштыруусу керек.
17. "Негизи" маалымдарегинде акча каражаттарын берүүнүн негизи (чыгымдын түрү) көрсөтүлөт. Мисалы, аванс, отчет берүү менен, эмгек акы, зайым ж.б.
18. "Сумма" деген маалымдарегинде берилүүгө тийиштүү акча каражатынын суммасы көрсөтүлөт. Мында сомдун өлчөмү жазуу жүзүндө берилет, ал эми тыйын цифра менен көрсөтүлөт.
19. "Тиркеме" деген маалымдарегинде - эгерде чыгымдоо кассалык ордерине кандайдыр бир документтер (арыз, жетекчинин буйругунун көчүрмөсү, квитанция, ишеним кат ж.б.) тиркелсе, анда чыгымдоо кассалык ордеринин бул графасы номерлерин жана датасын көрсөтүү менен тиркелген алгачкы документтердин тизмесин камтууга тийиш.
20. "Субъекттин же бюджеттик мекеменин жетекчиси" деген маалымдарегинде чарбакер субъекттин аткаруучу органынын жетекчиси же чарбакер субъекттин уюштуруучусу (уюштуруучулары) ыйгарым укук берген жана биринчи (тескөөчү) кол коюуга укугу бар адам же бюджеттик мекеменин жетекчиси кол коёт.
21. "Башкы бухгалтер" деген маалымдарегинде башкы бухгалтер же чарбакер субъекттин, бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укук берген адам кол коёт. Мындай адам болбогон учурда, бул графага "каралбаган" деген жазуу жазылат.
22. "Алдым" деген маалымдареги накталай акча каражатын түздөн-түз алуучу тарабынан толтурулат. Бул графадагы сумманы графанын башынан баш тамга менен жазуу керек, бул учурда сумма (сом менен) жазуу жүзүндө берилет, ал эми тыйын болсо цифра менен жазылууга тийиш. Алуучу сумманын астына каражатты алган күнүн көрсөтүп, кол коюшу керек.
23. "________________ боюнча" деген маалымдарегинде алуучунун ким экендигин ырастоочу документинин аталышы жана бул документтин маалымдаректери (номери, датасы жана берилген жери) көрсөтүлүшү керек. Бул сап кассир тарабынан толтурулууга тийиш.
24. "Берген кассир" деген маалымдарегинде кассир кол коюп, өзүнүн маалыматтарын: фамилиясын (толук), атын жана атасынын атын (аты-жөнүн) көрсөтөт. Графа накталай акча каражаттары берилгенден кийин толтурулат.
|
| Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине 4-тиркеме |
Бир түргө келтирилген № КО-4 формасы
Мукабанын үлгүсү
| Код |
ОКУД боюнча форма ОКПО боюнча _____________________________________________________________________________ бюджеттик мекеменин/субъекттин аталышы | 0310004 |
| |
_____________________________________________________________________________ түзүмдүк бөлүнүш |
|
КАССАЛЫК КИТЕП ________________________________ ________ -жылга
-----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Титулдун үлгүсү. 2-бети - таза
| Код |
ОКУД боюнча форма ОКПО боюнча _____________________________________________________________________________ бюджеттик мекеменин/субъекттин аталышы | 0310004 |
| |
_____________________________________________________________________________ түзүмдүк бөлүнүш |
|
КАССАЛЫК КИТЕП ________________________________ ________ -жылга
-----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Акыркы бетке басуу керек:
Бул китепте ________________________ барак номерленди жана боо өткөрүлдү.
М.О. (штампы)
Жетекчи: _________________________________ _____________ ____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Башкы бухгалтер __________________________ __________________________________
колу колунун чечмелениши
__________-ж. "____" __________________
|
| Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине 5-тиркеме |
Бир түргө келтирилген № ИНВ-15 формасы
| Код | |||
ОКУД боюнча форма ОКПО боюнча _____________________________________________________________________________ бюджеттик мекеменин/субъекттин аталышы | 0317013 | |||
| ||||
_____________________________________________________________________________ түзүмдүк бөлүнүш |
| |||
Иштин түрү |
| |||
буйрук, токтом, буйрутма | номер |
| ||
Инвентаризация жүргүзүү үчүн негиз: _________________________________________ кереги жогун сызып салгыла | дата |
| ||
Операциянын түрү |
| |||
| ||||
| Документтин номери | Түзүлгөн датасы |
| |
|
|
|
| |
Накталай акча каражатын инвентаризациялоо АКТЫСЫ
Тил кат
Инвентаризациялоо башталганга чейин менин жоопкерчилигимдеги акча каражатына бардык чыгымдоо жана кириштөө документтери бухгалтерияга тапшырылды жана бардык акча каражаты, түрдүү баалуулуктар жана документтер кириштелди, ал эми чыккандары эсептен чыгарылды.
Материалдык жоопкер адам: _________________________________ _____________ ____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Акт комиссия тарабынан түзүлдү, ал төмөнкүлөрдү белгиледи:
1) накталай акча ____________________________________ сом _________________________________ тыйын
2) АКШ доллары _______________________________________________________________________________
3) баалуу кагаз _____________________________________________ ___________________________________
4) евро ____________________________________________________ ___________________________________
5)
Иш жүзүндөгү бардык накталай акчанын суммасы ________________________ сом _______________ тыйын
цифра менен
_______________________________________________________________________________________________
жазуу жүзүндө
___________________________________ сом __________________________________________________ тыйын
Эсепке алынган маалымат боюнча суммасы ______________________________ сом _______________ тыйын
цифра менен
________________________________________________________________________________________________
жазуу жүзүндө
___________________________________ сом __________________________________________________ тыйын
Инвентаризациялоонун жыйынтыгы: ашыкчасы ____________________________ сом _______________ тыйын
жетпегени __________________________ сом __________________________________________________ тыйын
Кассалык ордерлердин акыркы номери: кириштөө № _______________________________________________,
чыгымдоо: № ___________________________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы ____________________________ ________________ ______________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Комиссиянын мүчөлөрү ____________________________ ________________ ______________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
____________________________ ________________ ______________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Актыда саналган акча каражаттары менин жоопкерчилигимде сакталууда тургандыгын ырастайм.
Материалдык жооптуу адам:
_______________________________________ ________________ _________________________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
________________-ж. "___" ______________________
ИНВ-15 формасынын арткы бети
Ашыкча же жетпей калуу себебин түшүндүрүү: _______________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
Материалдык жооптуу адам:
_______________________________________ ________________ _________________________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Жетекчинин чечими: _______________________________________________________________________________
_______________________________________ ________________ _________________________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
________________-ж. "___" ______________________