Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну № 282
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 197 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |