Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 токтомунун 2-п. ылайык берилген токтомдун колдонулуусу токтотулду
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-июну № 197 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ Кыймылдуу мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын 27-июнундагы №343, 2010-жылдын 5-февралындагы N 66токтомдорунун редакцияларына ылайык
Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн каттоонун автоматташтырылган
системасын өнүктүрүү жана күтүү, Кыргыз Республикасынын күрөөлүк
каттоо контораларынын тиешелүү материалдык-техникалык базасын
камсыздоо, алардын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү, республиканын
күрөөлүк контораларынын системасынын кызматкерлерин социалдык коргоо
жана гарантиялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
- күрөөнү каттоо үчүн - 200 сом;
- катталган күрөөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн - 100 сом;
- маалымат алуу үчүн - 100 сом.
2.Кыймылсыз мүлктүн күрөөсүн аттоо үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинде топтолуусу бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы N 66
токтомуна ылайык)
Премьер-министр К.Бакиев