Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 287
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 151 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобого:
- 12-пунктундагы "30 күндөн кийин" деген сөздөр "15 күн өткөндөн кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "30 күндөн ашпоого тийиш" деген сөздөр "15 күн өткөндөн кийин башталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. ММК Полисин сатуудан келип түшкөн каражаттар андан ары аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга пайдалануу үчүн бюджеттик ресурстардын администратору катары ММК Фондунун өздүк казыналык эсебине келип түшөт жана эске алынат.";
- Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн ММК Полисинин наркын эсептөөнүн методикасында:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ПН = 1 ЭК х 12,
мында:
ПН - ММК Полисинин наркы;
ЭК - Эсептик көрсөткүч, анын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктайт;
12 - календардык айлардын саны;";
4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
III бөлүмүнүн 1-главасынын 4-пунктундагы "2013-жылдын 28-июнундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" деген сөздөр "2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктундагы "30 күндөн ашпоого тийиш" деген сөздөр "15 күндөн ашпоого тийиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 287
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
III бөлүмүнүн 1-главасынын 4-пунктундагы "2013-жылдын 28-июнундагы № 388 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" деген сөздөр "2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктундагы "30 күндөн ашпоого тийиш" деген сөздөр "15 күндөн ашпоого тийиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |