Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 2-августу N 557
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "Финансы министрлиги" деген сөз айкашы "финансы" деген сөздүн алдында "Экономика жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча комитеттин курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары, комитеттин тең төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик департаментинин директору;
- жогоруда аталган комитеттин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, комитеттин тең төрагасы болуп;
комитеттин мүчөлөрү болуп:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин жардамдарды координациялоо башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ф. Кулов |