Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 291
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон айрым чечимдеринин ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 16-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 7-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк системасын өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-апрелиндеги № 465 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Жер жана агрардык реформанын жаңы багыттары жана чаралары жөнүндө" 2004-жылдын 17-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-февралындагы № 794 "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 637/37/7 "Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 557 "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы № 794 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу программасы жөнүндө" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы № 61 "Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата программа тууралуу" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 395 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жөнүндө" токтому.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 122 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 137 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 395 токтому менен бекитилген Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 737 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 229 "Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 330 "Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүк стратегиясы жөнүндө" токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 325 "2013-2016-жылдарга "Кургак учук-IV" программасын бекитүү жөнүндө" токтому.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 650 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө" токтому.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтому.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтому.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 600 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтому.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 796 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.