Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-майындагы № 230 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 292
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
99-статьясынын 1-пунктунун алтынчы абзацы "суммалары боюнча" деген сөздөрдөн кийин "экинчи," деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 37-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-1 жана 10-2-пункттар менен толукталсын:
"10-1) Социалдык фонддун каражаттарына сатып алынган же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды жоюу эсебине алынган мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер, толук көлөмдө;
10-2) маалыматты берүүдөн, жарнаманы жайгаштыруудан түшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кирешелер;
2) 38-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) Социалдык фонддун администрациялык чыгымдарына түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө;";
3) 47-беренесинин 11-пункту "кирешелер" деген сөздөн кийин ", Социалдык фонддун каражаттарына сатып алынган же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды жоюу эсебине алынган мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерден тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 83-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-статьясында:
а) 1-бөлүгүндөгү "ден соолук кассаларынын" деген сөздөр "милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен байланышкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту дел таанылсын;
2) 23-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Камсыздандыруу салымдарын эсептөө
1. Камсыздандыруу салымдары эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрүнө, андан тышкары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган сыйакыга, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөргө (анын ичинде бир жолку), ишкердиктен жана башка ишмердиктен, ошондой эле жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү, тапшырма жана аткарылган иш үчүн төлөнгөн автордук гонорарлар предмети болгон жарандык-укуктук келишимдер боюнча алынган кирешеге эсептелет.
2. Камсыздандыруу салымдарын эсептөө жана кармоо төлөмдүн булагынан жүргүзүлөт.
3. Камсыздандыруу салымдары эсептелбей турган төлөмдөрдүн түрлөрүнүн тизмеси "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.".
4-берене.
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьясынын 6-бөлүгүндөгү "жыл сайын" деген сөздөр "ай сайын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 17-статьясынын 6-бөлүгүндөгү "талашсыз" деген сөз "соттук" деген сөз менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) төмөндө көрсөтүлгөн жеке адамдарга төлөмдөрдү жана башка сыйакыларды берген камсыздандыруучулар:
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр);
- дыйкан (фермердик) чарбалар;
- жеке ишкерлер жана жеке жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар;
б) төмөндө көрсөтүлгөн жеке адамдарга төлөмдөрдү жана башка сыйакыларды бербеген камсыздандырылган адамдар:
- жеке адамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар;
- жеке ишкерлер;
- дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү.";
2) 6-статьясынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн, жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенгендер, анын ичинде рыноктордо иштегендер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөнөт.";
3) расмий тилдеги тексттин 7-статьясынын 2-пункту "но не являющихся членами крестьянского (фермерского) хозяйства" деген сөздөрдөн кийин "үтүр" тыныш белгиси менен толукталсын;
4) 10-статьясынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө жана камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү";
5) 14-2-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-2-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өзгөрүүлөрүнүн күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан сырткары, камсыздандыруу төгүмдөрүн белгилөө, ишке киргизүү боюнча укуктук мамилелерин жөнгө салган ченемдерди мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өлчөмүн көбөйтүүнү же азайтууну караган ушул Мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык киргизилүүчү өзгөртүүлөрдөн сырткары, расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьясында:
а) 1-бөлүгүндө:
- он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Социалдык фонддун каражаттарына сатып алынган же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды жоюу эсебине алынган мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер, толук көлөмдө;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- маалыматты берүүдөн, жарнаманы жайгаштыруудан түшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кирешелер;";
6) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Социалдык фонддун администрациялык чыгымдарына түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө;";
2) төмөнкүдөй редакциядагы 10-1-статья менен толукталсын:
"10-1-статья. Социалдык фонддун башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүсү
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр, финансы-кредиттик мекемелер, укук коргоо, салык органдары, статистика органдары, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдар жана башка мамлекеттик органдар Социалдык фонддун суроо-талабы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо үчүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү.".
7-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 79, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-статьясынын 3-бөлүгүнүн 5-пунктунун төртүнчү абзацы "үчүн сыйлыктар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын.
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|