Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 353 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекетке келтирилген зыяндын ордун экономикалык жана кызматтык жазык иштер боюнча, прокурордун мыйзамдык актылары боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасы боюнча өндүрүүдөн түшкөн акчалай каражаттарды кириштөөнүн, эсепке алуунун, топтоонун (сактоонун) жана бөлүштүрүүнүн бирдей тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын (мындан ары - укук коргоо органдары) ишинин жыйынтыгы боюнча өндүрүлүүчү акчалай каражаттарга карата колдонулат.
II. Укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды кириштөө жана эсепке алуу
3. Жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жана прокурордун мыйзамдык актысы боюнча укук коргоо органдары тарабынан өндүрүлүүчү каражаттар Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында казыналык системасында ачылган укук коргоо органдарынын депозиттик эсептерине чегерилет.
4. Жазык иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө түшүүчү, укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнүн (прокурорлордун) токтомдорунун негизинде, прокурордун укуктук актысы боюнча, тийиштүү укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында, анын ичинде мамлекетке материалдык зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде өндүрүлгөн каражаттар укук коргоо органдарынын депозиттик эсебинен тийиштүү бюджетке (республикалык жана жергиликтүү бюджет) толук көлөмдө төмөнкү каражаттар боюнча которулат:
- бюджеттик ссудаларды өндүрүү, чет өлкөлүк кредиттер жана башка булактардан берилген кредиттер, социалдык чегерүүлөр, бюджеттик мекемелерде зыяндын ордун толтуруу жана 51 пайыздан ашык мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрү;
- тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген материалдардын негизинде өндүрүп алынган салыктык эмес төлөмдөр, төлөнбөй жаткан салыктык жана бажылык төлөмдөр (төлөнө элек калдык);
- укук бузууларга байланышкан, башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген материалдардын негизинде өндүрүлүп алынган төлөмдөр.
5. Жазык иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө түшкөн, тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан демилгеленген материалдардын негизинде өндүрүлгөн каражаттар укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнүн (прокурорлордун) токтомдорунун негизинде, прокурордун мыйзамдык актылары боюнча, тийиштүү укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасы боюнча, анын ичинде мамлекетке материалдык зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардан башкалары, укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринен Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында казыналык системасында ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке которулат жана тийиштүү бюджеттин кошумча булагы болуп саналат.
6. Салыктык, бажылык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө өндүрүлгөн каражаттар Бирдиктүү депозиттик эсептен толук көлөмдө тиешелүү бюджеттерге которулат.
7. Бирдиктүү депозиттик эсептин тескөөчүсү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болот.
8. Бирдиктүү депозиттик эсепке чегерилүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясындагы кирешелердин экономикалык классификациясынын коддору боюнча, анын ичинде "Коррупциялык мүнөздөгү жазык иштери боюнча зыяндын ордун толтуруу" элементине жараша эсепке алынат.
9. Укук коргоо органдары 4 жана 5-пункттарда көрсөтүлгөн каражаттар боюнча ушул Тартиптин 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формада ай сайын салыштыруу актыларын түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет.
10. Тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке чегерилген өндүрүлгөн каражаттар боюнча ай сайын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
III. Бирдиктүү депозиттик эсепте топтолуучу каражаттарды бөлүштүрүү
11. Бирдиктүү депозиттик эсепте топтолуучу каражаттар бюджеттик мыйзамда белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечиминин негизинде бөлүштүрүлөт, анын ичинде укук коргоо органдарынын ишине дем берүүгө төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине - анын ишинин натыйжасында өндүрүлгөн жана түшкөн каражаттын 25 пайызы өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына - анын ишинин натыйжасында өндүрүлгөн жана түшкөн каражаттын 30 пайызы өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - анын ишинин натыйжасында өндүрүлгөн жана түшкөн каражаттын 30 пайызы өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) - анын ишинин натыйжасында өндүрүлгөн жана түшкөн каражаттын 30 пайызы өлчөмүндө.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды андан ары пайдалануу тийиштүү укук коргоо органынын ведомстволук актысы менен аныкталат.
|
| Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин ишинин натыйжасында кылмыш фактылары боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине кайтарылып алынуучу каражаттардын түшүүсүн салыштырып текшерүү АКТЫСЫ _____________ 20__-жыл үчүн ____________________________ району боюнча
(сом)
№ | КР ФМнын аймактык башкармалыгынын аталышы | Укук коргоо органынын аталышы | МСКнын, МБКнын түзүмдүк/ аймактык же бюджеттик мекеменин аталышы | Төлөөчүнүн аталышы | Төлөөчүнүн ИСНи | Төлөө датасы | Төлөө документинин номери | Төлөө суммасы (сом) | Төлөө коду | Төлөмдүн багыты же салыктын түрү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баары |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
М.О. | Укук коргоо органынын жетекчисинин аты-жөнү |
| М.О. | Чарбакер субъекттин жетекчисинин аты-жөнү |
| Аткаруучунун аты-жөнү |
|
| Аткаруучунун аты-жөнү |
| Аткаруучунун байланыш тел. |
|
| Аткаруучунун байланыш тел. |
М.О. | МСК, МБК же бюджеттик мекеменин жетекчисинин аты-жөнү Аткаруучунун аты-жөнү Аткаруучунун байланыш тел. |
| М.О. | КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгынын башчысынын аты-жөнү Аткаруучунун аты-жөнү Аткаруучунун байланыш тел. |
|
| Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин ишинин натыйжасында кылмыш фактылары боюнча Бирдиктүү депозиттик эсепке кайтарылып алынуучу каражаттардын түшүүсүн салыштырып текшерүү АКТЫСЫ ___________ 20__-жыл үчүн _________________________ (укук коргоо органынын аталышы) боюнча
(сом)
№ | Укук коргоо органынын ведомстволук мекемелеринин аталышы | МСКнын, МБКнын түзүмдүк/ аймактык же бюджеттик мекеменин аталышы | Төлөөчүнүн аталышы | Төлөөчүнүн ИСНи | Төлөө датасы | Төлөө документинин номери | Төлөө суммасы (сом) | Төлөө коду | Төлөмдүн багыты же салыктын түрү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баары |
|
|
|
|
|
|
|
|
М.О. | Каражаттардын ордун толтуруучу укук коргоо органынын жетекчисинин аты-жөнү |
| М.О. | КР Финансы министрлигинин бөлүм башчысынын аты-жөнү |
| Аткаруучунун аты-жөнү |
|
| Аткаруучунун аты-жөнү |
| Аткаруучунун байланыш тел. |
|
| Аткаруучунун байланыш тел. |